МАШАКБАЙ РАХМАНКУЛОВ

БАЙ БОЛГУҢ КЕЛЕБИ?
(Интернет булактардан, басылма адабияттардан
топтолгон практикалык кеңештер)
Бай болууга 4-кадам:
АТАЙЫН БИЛИМДЕР
Билим өзүнөн өзү эле акчаны таба албайт. Баланча сандагы акчалуу болом деп терең ойлонуштурулган план түзүп аракеттенмейинче он жолу билимдүү болсоң да андан "толк" чыкпайт. Аябай бай болгуң келсе, ал аябагандай энергияны талап кылат. Ал эми ошончо энергия, күч-аракет жумшап көп байлыкка ээ болуш үчүн эң жакшы уюштурулуп, бардыгы өз-өз орду менен керекке жарай турган атайын билимдердин системасы сөзсүз керек. Азыркынын тили менен айтканда башкаруу илими, рынокту, сатып алууну, сатууну иликтеп туруучу илим (менеджмент дейсиңерби). Бирок бай болууну каалаган адам андай билимдерге сөзсүз ээ болсун деген да эч ким жок. Ал адам өзү билимдүү болбогону менен башы иштеген балдардын командасын түзүп иштетсе да болот.
Арабызда бир эмес, 2 дипломдуу болуп деле тишинин кирин соруп жүргөн жакыр кыргыздар толтура. Демек билим өзүнөн өзү эч кандай байлык апкелбейт, бирок ал көзгө көрүнбөгөн кубаттуу күч. Ошондуктан башыңдагы билимди системалаштырып, ал конкреттүү бир максатка жеткидей, кандайдыр бир пайда апкелгидей кылып пайдаланыш керек. Демек практикалык иш аракеттердин планын түзүү сөзсүз зарыл.
(Эгерде сен сүт сата албасаң, кой саталбасаң, гезит же арак саталбасаң, анда башыңдагы идеяларды сат, акылыңды сат. Тигиге да, буга да шыгың жок болсо Сагынбек Момбеков ырдагандай, колтугуңдагы жүнүңдү сат. Аны да саталбасаң анда сен - кулсуң. Бирөөнүн айткан иштерин аткарып, эшегинин богун чыгарып, бир короо коюн кайтарып, картөшкөсүн казып, берген жылытмасын ичип жүрө бер. Бир күнү кожоюн сенден арзанга, бирок жакшы иштеген башка бирөөнү тапканда, сени көчүккө бир тээп кууп жибергенде базардын оозуна келип гезит саткандарга, сигарет саткандарга, айран, сүт саткандарга колуңду созуп же жыртык шапкеңди алдыңа коюп кайыр сурап отуруп каласың.)
Илим, билим бай болууга жол көрсөтөт. Бирок сен кайсы жол менен барышты туура тандашың керек, досум?

Бай болууга 5-кадам:
КЫЯЛДАНУУ
Кыялдануу-бул адам өзүнүн жашоо пландарын жана каалоолорун иштеп чыга турган, ашык -кемин жоно турган мастерскою десе болот. Себеби адам оюна, кыялына төп келген нерселерди жасай алат, ишке ашыра алат. Кыялданууну "синтетикалык" жана "техникалык" деп шарттуу бөлсө болот. Синтетикалык кыялдануу аркылуу адам белгилүү болгон концепцияларды, идеяларды жана ойлорду жуурулуштуруп жаңы комбинацияларды түзөт. Ал эми чыгармачыл кыялдануу аркылуу адамдын акылы бардык негизги же жаңы идеяларды кабыл алып жана кайра түзүп чыгат. Адам чыгармачыл кыялга батыш үчүн аң-сезим белгилүү бир ритмге түшүш керек, мындайча айтканда ойгонуш керек, жок дегенде бир нерсени катуу эңсеш керек.
Бизнестин, өнөр жайдын жана финансынын улуу ишмерлери, сүрөтчүлөр, музыканттар, акындар менен жазуучулар кыялданууларынын эң сонун өнүккөндүгүнөн улам ошондой деңгээлге жетише алышкан да.
Идея-бул ойдун жарк этип күйгөн учкуну. Анан ошол учкун, идея адамды кыймыл-аракетке келтирип, кыялга батырып жетелеп жөнөйт. Карнеги деген адам өз тегерегине ал өзүнүн колунан келбей турган ишти жасай ала турган адамдарды топтоптур. Ал адамдар көрсө идея айтуучу жана аларды ишке ашыруучу адамдар экен. Ошентип Карнеги да, анын тегерегиндеги адамдар да акчага көмүлүшкөн.
Төмөнкү эрежелерди маал-маал эстей жүргүлө:
1. Тынчып калбай иштеш керек-ошондо гана синтетикалык жана чыгармачыл кыялдануу эки колго окшоп, эки канатка окшоп сага жардам берет.
2. Кыялдана албасаң ишиң көп жагынан аксайт. Кыялданган, жакшы бир нерсени эңсеген адамга ийгилик ээрчийт.
3. Байлыкка жол эң жөнөкөй эле идеядан башталат. Кээде пландаштырган нерсе эмес, жаңы бир комбинацияны, идеяны ишке ашыруу чөңтөгүңдү кампайтып коюшу мүмкүн. Ишти андан ары улантып кетпей жаның жокпу.
(Уландысы кийинки санда)