Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_3.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_3.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_3.htm on line 2
Баш прокурордун портфели Аида Саляновага тийди
"Бирөө өлбөй, бирөө күн көрбөйт" демекчи, Баш прокурордун портфели эми Аида Саляновага тийди. Азыр ал президенттин буйругу менен Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Дегинкиси, "Салянова Президенттин көздөй кадры" дешет. Демек, ажонун ай-күнү тийип турганда Салянованын да кел-кели келип, иши жүрүшүп тураары анык. Эми Аида айым эл ишенимин актайбы же адаттагы чиновниктердин изине салабы, аны убакыт гана көрсөтөөр…


Кулов Көлбаевди колдойбу же...
Акыркы колониялардагы ачарчылык акциялары боюнча "ар-намысчы" Феликс Кулов "Вести kg" жана "Булак kg" агенттиктерине интервью бериптир. Мунусу эмне, ал Көлбаевди колдойбу деген ой пайда болуп жатат? Анда интервьюга көңүл буралы: "Во все времена заключенные занимались этими самыми поделками, сувенирами. Вырученные средства шли на элементарные бытовые нужды, потому что обеспечение людей, находящихся в "зонах" - мизерное. И разговоры о том, что это "общак Камчы Кольбаева" - бред, - утверждает Кулов.
В любом случае, нельзя подменять борьбу с организованной преступностью популистскими действиями и заявлениями", - заявил политик", дейт "Вести kg".
"Булак kg" агенттигине берген интервьюсунда ФШК андан ары кетиптир:
"Если же ГСИН считает, что это они выступают против преследования Колбаева, пусть они тогда скажут, за что его обвиняют. А говорить, что там все хорошо, это не правильно.
Также говоря, что они против борьбы с ОПГ, нужно сначала дать понятие ОПГ. Предположим 2-3 человека отобрали телефон, ограбили ларек, и то, что они сделали в сговоре ведь они тоже тогда считаются преступной группировкой. И скотокрады тоже так, и те кто выращивает и продает наркотики тоже ведь действуют в групповую. Так кого они защищают? А заявлять голословно, что борются с ОПГ - это абсурдно. Возьму собственный пример. Когда я находился в колонии, там один из заключенных решил жениться. Ну, зарегистрировались, накрыли стол, налили соку, там спиртное не разрешается, и пригласили меня, как одного из старшего, чтобы я дал благословения. Мы там с молодежью сфотографировались, ну, а потом сказали же ведь, что я, мол, являюсь членом ОПГ и имею связи с ними, это же абсурд(Батукаевчылар менен түшкөн сүрөт жөнүндө).
Сейчас же люди требуют конкретики. Если те заключенные поддерживают кого-то на воле, требуют ясного обвинения, пусть же власти скажут, в чем конкретно обвиняют этого Көлбаева, за какое преступление. В колонии много тех, кто считает себя не виновными, и у них сыграло чувство несправедливости, что кого-то тоже голословно обвиняю".
Айтпасаң кое кал. Эмне Кулов ОПГны колдойбу?..


Теңирден тескери ой
Бу Текебаевдин бир билгени бар же чарчаганбы, айтор, ойлонбой сүйлөгөнүнө жол болсун. Ал фракциянын жыйынында "Шайлоо органдарынын шайлоосу тууралуу" мыйзам долбоорун талкуулоо маалында ага карата бир катар толуктоолорду киргизе тургандыгын сунуштап жаткандыгын айткан. Ал го ал, анан да: "Бармакка белги коюуну (маркировкалоо) айымдарга өзүнчө кылып, "модный" кылып иштеп чыкса болот" тамаша-чыны аралаш оюн билдирген Өмүрбек мырза. Эми бизге ушул гана жетишпей жатты эле. Муну уккан айрым эжекелер: "Ой! Бул эмне, шылдыңбы?! Кымбатчылыктын кесепетинен баш көтөрбөй иштеп, айлабыз куруп турганда "модный" белгини бармакка коюп алып, шайлоого барбай эле койдук! Алдамчы бийлик бизге окшогон карапайым элди шакаба чеккенин качан токтотоор экен деги! Ар нерсе чеги менен. Андай эле кааласа, жарашыктуу, өзгөчөлөнгөн белгини Текебаев өзүнүн аялынын бармагына койдуртуп алсын" деп ачуу бүркүп алышканына да күбө болдук. Ораторлугу ченде жок Текебаев "Сүйлөйт деген ушул экен" деп эле оолуга бербей, кичине ойлонуп сүйлөсө… Болбосо, "Ойлонбой сүйлөгөн, онтобой ооруга чалдыгат" эмеспи.


Унааларына убайым жеген төбөлдөр
30-марттагы Ош базарынын сатуучулары тарабынан уюштурулган нааразычылык акциясы Парламент жана Президенттин Аппаратынын кызматкерлеринин унаага түшүп кетишине "тоскоол" болгон. Чиновниктер өздөрүнүн унааларын алысыраак жакка айдап кетүүгө мажбур болушкан. Кеп болбосоң, кое кал. Нааразы болгон элдин алдына чыккандан коркуп, "Дагы алда кандай болуп кетет?" деп чоочулаган эл өкүлдөр унааларына түшө качкандай таасир калтырат. Жан деген таттуу да. Агрессивдүү митингчилердин анча-мынча ырытып жиберген таштары биздин коен жүрөк жүүнү бош атка минерлерибизди дүрбөлөңгө түшүрүп жиберген окшобойбу. Жанталашып качкандай эле калк үчүн аянбай жанталаша иштеп коюшса эмне?! Анда элдик толкундоолор да болбойт эле го.




Саясий клоундар
"Акипресс" маалымат борборунда "Жаш саясатчылар мектеби", "Жалындуу жаштар", "Элдик Кеңеш" жаштар бирикмесинин өкүлдөрү пресс конференция өткөрүштү. "Элдик Кеңеш" жаштар бирикмесинин өкүлү Алмазбек Жазыбаев "өлкөдө татыктуу оппозиционерлер чыга элек. Парламенттеги өздөрүн оппозиция атап жүргөн депутаттардын көпчүлүгү коррупционерлер болгондуктан, азыр элдин сөзүн сүйлөй турган таза оппозициялык топ чыга элек" десе, "Жаш саясатчылар мектебинин" өкүлү Элдар Аттокуров "Убактылуу өкмөт тушунда "Манас" май куюучу комплексинин коррупциялык схемасын иштетип келген "Ата-Мекен" партиясын жана анын лидери Ө.Текебаевдин канча жыл оппозиция болуп элдин үмүтүн тебелеп кеткендиги үчүн анын саясий карьерасы бүтүп бара жаткандыгын, "Ата-Мекен" партиясынын экс мүчөсү К.Байболовдун "Мегакомдон" бултуйуп чыккан куйругу партиянын саясий аренадан түшүп баратканын, өлкөнүн көп каражаттуу тармактарын "Ата-Мекен" партиясы "крышовать" этип тургандыгын жана ачыкка алып чыккан өкмөттүк финансы органдарына бурчка такап жаткандарын адилеттүүлүккө жатпасын айтып, аталган партия дайым нааразы болгон эл жакка өтүмүш болуп, саясатты кылдат жана сасык жүргүзөөрүн баса белгиледи. 7-апрелде балдар атылып жатканда АКШда шапар тээп жүргөн "приватизациянын" атасы б.а. экс- министр Р.Жээнбековдун кечээ Ош базардан нааразы болуп келген эл тарабына өтө калганы учурдагы саясий упай топтоп жүргөн "саясий клоундордун" тобуна кошсо болоорун, азыр элдин сөзүн сүйлөй турган таза оппозициялык топ чыга электигинен улам жаштарды "саясий клоундарга" алданып калбай, ар кандай митинг, пикет, провокациялардан алыс болуусу өлкө келечеги үчүн маанилүү экендигин айтып өттү.





А. Арапбаев айтат...
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Ө.Текебаев менен "Республика" фракциясынын мүчөсү И.Пирматовдун ортосундагы кайым айтышууга Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү, "Отун -энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин" төрагасы А.Арапбаев төмөнкүдөй билдирүү жасады: "Урматтуу депутаттар, урматтуу Төрага. Азыркы эки депутат Ө.Текебаев менен И.Пирматовдун ортосундагы сөздөрдүн баардыгы кайсы жерден келип олтурат. Бул сөздөр "Кыргызнефтегаздын" жетекчилиги туура эмес маалымат бергендиктен чыгып жатат. Мен расмий түрдө айтам. Азыркы "Кыргызнефтегаздын" жетекчиси кылмышкер. Мен буга чейин айтып жаттым эле, мазутту коңшу Кытай мамлекетине арзан баада берип, өзүбүздүн кыргызстандык мекемелерге кымбат баада сатып жатат. Кечээ жакында эле дизелдик күйүүчү майын Ооганстанга 27сомдон сатып, биздин Кыргызстандын жарандарына 38 сом деген бааны койду. Азыркы биздин Премьер-министр ушул кылмышкерди кантип кармап олтурат.
Баарыңыздар билесиздер, Премьер-министр кечээ Россияга барып, суранып жатып күйүүчү майга болгон экспорттук пошлиналарды жойдуруп салды. Эмнеге? Дыйкандарга, элге арзанчылык, кененчилик болсун деп жатса, бизде душман чыгып жатат. "Кыргызнефтегаздын" жетекчиси башкача иш-чара колдонуп жатат. Бул биздин Өкмөттүн жүргүзгөн саясатына каршы чыгып жаткан киши. Мен ушул учурдан пайдаланып, коопсуздук кызматынын жетекчисине кайрылып кетет элем. Мен колумдагы материалдарды азыр сиздин колуңузга берейин, ушуларды тактап, изилдеп чыгыңыз, урматтуу Кеңешбек Дүйшөбаев".


"АС-пресс"




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_3.htm on line 52

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_3.htm on line 52

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_3.htm on line 52


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_3.htm on line 52

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_3.htm on line 52

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_3.htm on line 52


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_3.htm on line 52

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_3.htm on line 52

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_3.htm on line 52