Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Эл эмнеге нааразы болду?
Турмуштун тамашасын кара, кечээ эле Президентибиз Р.Отунбаева баш болуп, А.Атамбаев, И.Өмүркулов, Ө.Текебаев, Б.Шерниязовдар калайман калкты жыйнап алып, ат тезегин кургатпай митинг-пикет кылып жүрүшчү эмес беле, тимеле тамактары айрылгыча кыйкырышып. Эми минтип ооматы келип, көөдөндөрүн көккө көтөрүп калгандарын кара, түгөткүрдүкү. 7-апрелден берки жаңы бийликтин жаңыча кадамдары анчейин суктанаарлык кылбай, аларды кай тарабынан сындасаң да өзүнөн-өзү жараша берчүдөй абал түзүлдү да, элдин нааразычылык талаптары күн сайын өсүп келатат. "7-апрель кыймылы", "Ош шейиттери", "Альфачылардын" туугандары, ОПГ, террорист делинип камалган балдардын ата-энеси, абактагы соттолгон адамдардын ачкачылык жарыялашы, Ош базарынын карапайым соодагерлеринин бийликке болгон нааразы талаптары жөндөн-жөн болуп жатпаганын сокур менен дудук деле жокко чыгара албаса керек. Ушунун баарына бийлик мунарасы күнөөлүү десек жарашып эле калат.

30-мартта "7-апрель кыймылы", "Ош шейиттери", "Альфачылардын" туугандары, ОПГ, террорист делинип камалган балдардын ата-энеси, абактагы соттолгон адамдардын жакындары, Ош базарынын карапайым соодагерлери биригип, Ак үйдүн алдында нааразычылык акцияларын өткөрүштү. Элдин маанайы өтө жаман экенин көрүп, мунун аягы жакшылык менен бүтпөсүнө көзүбүз жетип турат. Аз жерден Ак үйдү курчаган темир тосмолорду да талкалап кое жаздашты. Арадан бир саат өтпөй, Р.Жээнбеков элдин алдына чыгып, эптеп-септеп алардын талабын угумуш болду да, кайран ата-мекенчи кызыл тилин кайрап, калайман алдында артисттик чеберчилигин бир көрсөттү да, Ак үйдү көздөй сапар алды. Курулай дымак менен саясаттан упай топтогонго адистешип калган "Ата-Мекен" партиясы мындай учурда эл тарапта боло калгандыгы жаңылык деле эмес. "Р.Отунбаева, А.Атамбаев тышка чык! Эл менен жолугуп, талаптарыбызды УК!" дешип кыйкырып, ышкырып атышты. Мындайда "ит эле болду Сарбагыш" дечү беле(?) Өткөнүн бат эле унутуп калган, жылкы кыял чиновниктерибиз 5 миңге чукул элди чымын чакканча көргөн жок. Айласы кеткен эл "Иса Өмүркулов кетсин! Ош базарды ордуна койсун! Карапайым элге тийишпесин!" деп кайрадан кыйкырып, ышкыра баштады. Арадан бир топ убакыт өткөн соң, депутат Жылдыз Жолдошева билек түрүнө шерденип чыкты эле, эл аны кабыл албай койду көрүнөт. Айымдарды алдыга чыгарып, өзүлөрү Ак үйдө жашынып отурган биздин мырза чиновниктерибизге жол болсун!
Ошентип кечке маал Ак үйгө кирип кеткен нааразы элдин айрымдары А.Келдибеков менен жолугуп чыгышты. Аларга А.Келдибеков: "эртең 31-мартта архитектураларды, долбоор жетекчилерин, Ленин районунун акимин чогултуп, Ош базарын ирээтке келтирүү долбоору менен таанышып, калыс чечим чыгарып беребиз" деп айтып, чогулган элди үй-үйлөрүнө тараткан. Эртеси 31-мартта депутаттар Ош базарын бир аз убакытка чейин жылдырбай тургандай чечим кабыл алышты эле, элдин кубанычы көккө жеткендей эле болду.

Зиядин:
- Бийлик өзүнө-өзү кылып атат. Бизди бирөө сүйрөп келген жок. Биз жашообуздун кыйындыгынан чогулуп атабыз. Эптеп күнүмдүк оокатыбызды таап, жан багып жүргөн жерибизден айдап, Ош базарынан кубалап чыгышты. Бизди өкмөт багып аткансып, сүйлөсө асмандын башын сүйлөшөт. Иса Өмүркулов кетмейинче биз эч жерге жылбайбыз. Күн болсо күн, түн болсо түн тура беребиз.

Мирбек:
- Эл өзүн-өзү багып атат. Бийликтен эч кандай жардам жок. Тескерисинче элдин көйгөйүн дал ушул чиновниктер курчутуп атат. Биз буларды ишенип шайлаганбыз. "Ишенген кожобуз сууга акса, алды артыңан тал карма" дейт. Булар теңирден тетири кетти. Ош базарда татынакай иш кылып жүрсөк, келип алып жумуш ордубуздан кубалап чыгышканы бул туура эмес. Биз Иса Өмүркуловго нааразыбыз!

Дүйшеев Кубанычбек, соодагер:
- Иса Өмүркулов бизге туура эмес мамиле кылды. Ал бизге бир жума, жок дегенде бир күн мурун эскертүү бербей, кечинде "кран, камаздар" менен барып соода кылып аткан жерлерибизди тазалап кетишүүдө. Алдын ала эскертүү берсе, биз камынып турат элек да. Бүтүндөй оокаттарыбызды талкалап, "кой, ай" дегенибизге көнүшкөн жок. Иса Өмүркулов кетсин!

Умсунай, соодагер:
- Эл кыйналганынан митингге чыгат экен. Мына биз өз оокатыбызды тарттырып ийип, талаада калгандыгыбыздан чыгып атабыз. Азыр ыйлагандай абалда турабыз. Жети миң адамдын нааразычылык талабы бирдей. Биздин талап Иса Өмүркулов ээлеген ордунан кетсин! Бийлик биз тарапка калыс чечим чыгарып берсин!

Фарида:
- Биз бул жерге жыргаганыбыздан эмес, күйгөнүбүздөн келдик. Биздин абалыбызды ушул Ак үйдө отурган чиновниктер түшүнбөйт. Бизге тийишпесин. Элдин көйгөйүн курчутуп атышат. Керек болсо ушулар элдин арты менен бийликке келишкен. Өткөнүн унутпасын. Кимде ким өткөнүн тапанча менен атса, келечек аларды замбирек менен атат!

Бактияр, соодагер:
- Жаш болсок да, өз оокатыбызды өзүбүз таап, иштеп жүрөбүз. Окуган окууларыбыз да пайдасыз болуп калды. Акча таппасаң болбойт, анда бизди ким багат. Баш-аягын жыялбаган өкмөтпү? Жоок. Эл өзүн-өзү багып атат, бизге тийишпесин!

Даярдаган
Элдияр ЭЛЧИБЕК




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




Яндекс.Метрика