Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_6.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_6.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_6.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_6.htm on line 2
Азимбек БЕКНАЗАРОВ:
Март жана апрель революциялары:
Окшоштуктар
жана өзгөчөлүктөр, ийгиликтер жана кемчиликтер
Беш жылдын ичинде Кыргызстанда болгон эки элдик революция (24-март 2005-ж., 7-апрель 2010-ж.) кыргыз элин дүйнө жүзүнө таанымал кылды. Бул эки революция менен кыргыздар эч кимге баш ийбеген, кулчулукка каршы күрөшө билген, эркин, баатыр эл экенин билдире алды. Дүйнөлүк коомчулук кыргыздардын эрдиги, революциясы жөнүндө ар кандай деңгээлде сөз кылып, изилдөө жүргүзө баштады. Кыргыз революциялары дүйнөнүн башка элдерине да үй-бүлөлүк башкарууга, авторитардык-диктатуралык режимдерге каршы күрөш жүргүзүүгө түрткү, үлгү боло алды. Бүгүн март революциясынын алты, апрель революциясынын бир жылдыгынын күндөрүндө дүйнөлүк коомчулукта, кыргыз коомчулугунда да бул тарыхый даталар жөнүндө ар кандай илимий, социалдык, саясий изилдөөлөр жүрүп, ар кандай кайчы пикирлер айтылып жатат, дагы айтылат, акыры тарых, мезгил өзү баа берет, тарыхтан өз ордун табат. Мен ага ишенем. Бирок, бул тарыхый окуяларды билген да, билбеген да, көргөн да, көрбөгөн да жаза берери бышык. Канчалаган ачуу чындыктар бурмаланып, нечендеген адамдар ак жеринен караланып, ал эми эч бир тиешеси жок адамдар баатыр болуп калышы мүмкүн. Анткени, жеңиштин ээси көп. Азыр Кыргызстанда калптын, жалаанын казаны кайнап турган мезгил. Бүгүнкү айрым кыргыз гезиттери сөз эркиндигин ашкере пайдаланып, кожоюндарынын ою менен болуп, же тыйын бергендердин ырын ырдап турган мезгилде эки революция жөнүндө субъективдүү ойлор жаралып, эртең тарыхчылар ушул бүгүнкү гезиттердеги материалдарга таянып тарых жаратпайт деп эч ким кепил боло албайт. Ошондуктан эки революциянын тең башында жүргөндөрдүн, ал окуяларда жөн эле катышуучу же сыртынан байкоочу эмес, ичинде кайнап, аралашып жүргөндөрдүн бири катары ушул макаланы жазууну учурдун талабы, атуулдук парзым деп, кээ бир ачуу чындыкты коомчулук билсин, тарыхчылар пайдалансын деп жаздым. Революция бир күндө жаралып, же 24-мартта, 2010-жылдын 7-апрелинде миңдеген эл көчөгө чыгып, Ак үйдү курчап алып Президенттерди кууп чыккандай эмес, анын тамыры, себептери терең.

Эки революциянын түрткү болчу себептеринин окшоштугу
Эң башкы окшоштуктар, революцияга алып келген түпкү себептер менен шарттардын бирдейлиги.
Аларга:
- Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийинки Кыргызстандын бийлиги демократия жолунан тайып, алгач де-факто, тар чөйрөнүн кызыкчылыгы үчүн бийлик жүргүзүп, анан де-юре аны мыйзамсыз өткөрүлгөн референдумдар аркылуу Баш мыйзамга киргизип бекемделиши. Ага далил Акаевдин мезгилинде өткөрүлгөн беш референдумда Баш мыйзам өзгөртүлүп, мамлекеттик бийлик бир адамга, Президентке өткөнү, ал тургай экс-Президенттин өзү эле эмес, үй-бүлөсү да өмүр бою кол тийбестикке ээ болуп, элдин эсебинен жашаары да Баш мыйзамга кирип кеткени (февраль 2003-ж.) акылга сыйбаган иш болгон. Ал эми Бакиевдин мезгилинде баш мыйзам үч жолу өзгөртүлүп, төртүнчүсүндө башкаруунун монархиялык түрүү, же болбосо президенттик орун Президент Бакиевдин уулу Максимге түздөн-түз өтөөрү долбоордо көрсөтүлүп, Баш мыйзам өзгөртүлө электе эле де-факто Максим үчүн мамлекеттик институттар жаралып, ошол эле учурда Конституциядагы айрым бийлик органдары жоюлду. Өлкөнү Максим башкарып калды. Премъер-министр, Өкмөт, Парламент Бакиевдердин менчигине айланды. Эгерде Акаевдин учурунда, анын үй-бүлөсү бийликке (аялы, балдыздары, балдары) көмүскөдө аралашса, Бакиевдин учурунда бул ачыкка чыкты. Ушунун баары Конституциянын бузулбастыгынын сакчысы болгон Конституциялык соттун макулдугу менен жүргүзүлдү.
- Өлкөнүн экономикасынын пайдубалын түзгөн өндүрүш дээрлик кыйрады. Өндүрүмдүүсү эки Президенттин жакындары тарабынан менчиктештирилди, сатылды. Кыргызстандын экономикасында стратегиялык багыттагы кен байлыктар, отун энергетикасы, байланыш тармактарына эл ээ болбой, үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн менчиктештирилип, пайдаланылып баштады.
- Өлкөдө коррупция күч алып, карайлаган элди укук коргоо, сот, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү акчаң же таанышың болсо гана эсептешип, элдин "жонунан" кайыш тилинди.
- Мамлекеттик бийликти шайлаган шайлоолор бир үй-бүлөнүн "көз кареги" менен болуп, шайлоонун жыйынтыктары бийлик айткандай бурмаланып чыгарылды. Ага далил Жогорку Кеңешке болгон 2000, 2005, 2007-жж.. шайлоолор жана 1995, 2000, 2009-жылдардагы Президенттик шайлоолор эсептелет.
- Сөз эркиндиги Президенттин үй-бүлөсүнүн көзөмөлүндө болуп, башкача ой- пикирди чагылдырган ММКлар куугунтукталды. Аларга Акаевдин мезгилиндеги журналист З.Сыдыкованын камакка алынышы, "Пирамиданын" куугунтукталышы, "Свободные горы", "Асаба" "Кыргыз ордо", жана башка гезиттердин жабылышын кошсок, Бакиевдин учурунда "Азаттык" радиосу, "Де-Факто", "Алиби" ж.б. катуу куугунтукка алынышты.
- Бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын кескин сынга алган саясатчылар куугунтукка алынды. Акаевдин мезгилинде Т.Тургуналиев, Ф.Кулов, З.Сыдыкова, А.Бекназаров жана башкалар камакка алынса, Бакиевдин мезгилинде оппозициянын өкүлдөрү И.Исаков, Э.Каптагаев, И.Өмүркулов, Э.Булекбаев, У.Рыскулов, С.Аргынбаев, А.Жекшенкулов, К.Кадыров, "Балыкчы процесси" деп тарыхта калчу 19 адамдын үстүнөн фальцификация менен кылмыш иштери токулуп, көпчүлүгү камакка алынды. Айрым саясатчылар, журналисттер табышмактуу, күмөндүү шарттарда жок кылынды.
- Акаевдин мезгилинде 150 жылдай мурда Орус падышачылыгы менен Чин империясынын ортосунда аныкталган узундугу миң чакырымдай кыргыз-кытай чек арасы бузулуп, Хан-Теңири чокусу, (1996-ж., 1999-ж., 2002-ж. келишимдерге ылайык) Үзөңгү-Кууш, Эңилчек, Сары-Жаз, Какшаал участкаларынан Кытайга кыргыз жерлери берилсе, Бакиев учурунда Каркыра жайлоосу, көл жээгинен 4 пансионат казактарга берилип, ( 2003-ж., 2006-ж Парламент жол берген эмес, 2008-ж. "Ак-Жол" Парламентти аткарган) Жетим-Тоо, Арпа, Аксайдан айрым участоктор Кытайга ижарага берилүү процесси жүргүзүлүп жаткан.
- Акаевдин мезгилинде Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан менчикке жол берилбеген отун энергетикасы, байланыш тармактары (2003-ж.) Бакиевдин учурунда "Ак-Жолчу" парламент тарабынан уруксат берилип, "Түндүк электр", "Чыгыш электр" ААКсы, Кыргызтелеком менчиктештирилип, светтин баасы 2010-жылдын 1-январынан эки эсе, ал эми 2010-жылдын июль айынан беш эсе кымбаттаары чечилип, уюлдук телефонду пайдалангандык үчүн 60 тыйынга кошумча баа киргизилген.
Ушуга окшогон жана башка иштер Акаевдин мезгилинде башталып, андан кийин Бакиевдин учурунда болуп көрбөгөндөй тездик менен, оперативдүү, масштабдуу жүргүзүлгөн ач көздүк, уятсыздык, зөөкүрлүк менен коштолгон үй-бүлөлүк башкаруу режимдери 2005-жылдын март айындагы, 2010-жылдын апрель айындагы Элдик революциялардын түпкү себептери болду. Буга кошумча себептер болуп, Кыргызстанда мамлекеттик экономиканын таптакыр кыйрашы, жумушсуздук, бийликтин жаштар, илим, маданият, айыл маселелерин таптакыр унутушу, кыргыз интеллигенциясынын көз карандысыздык касиеттен кетип, кошоматчылыкка, жагынуучулукка ыңгайлашканы, ж.б. эсептелет. Дагы бир окшоштук Акаев, Бакиев да элдин ишеничинен ушунчалык кеткендиги, оппозициялык күчтөр тарабынан ачык айтылып, конкреттүү сунуштар берилип, андан соң гана "Акаев кетсин", "Бакиев кетсин"-деген талаптар коюлуп жатса да, аны эске албай, алар менен сүйлөшүү жүргүзбөй, кайра өз бийликтерин күч алдыруу, мөөнөтүн узартуу, бекемдөө багытында аракеттенишкени.
Эки революциянын тең талаптарынын окшоштугу
Үй-бүлөлүк башкарууну кыйратуу. Конституциялык реформа жүргүзүү. Таза шайлоо өткөрүү. Коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү ж.б.болду. Белгилей кетчү дагы бир факты, эки революциянын негизги кыймылдаткыч күчү болуп, карапайым эл, жаштар болсо, башында курамына Р.Отунбаева, Т.Тургуналиев, А.Атамбаев, И.Өмүркулов, Э.Каптагаев, И.Исаков, Ө.Текебаев, Б.Шерниязов, Э.Булекбаев, Д.Чотонов, Б.Асанов, Б.Мамырова, А.Артыков, Т.Балтабаев, Б.Жээнбеков, К.Өмүрбеков, К.Курманалиева, С.Четимбаев, А.Шыкмаматов, Р.Момбеков, С.Жайчыбеков, ж.б. кирген, (КЭК Кыргызстан Элдик Кыймылы, БЭК Бириккен Элдик Кыймылы) туруктуу турушканы.
- Революциянын экөө тең региондордон башталып, Бишкекте аякталышы да алардын окшоштугун далилдейт. Мисалы, 2005-жылдын 4-мартында Жалал-Абад областында, 18-мартта Ош областында, 22-мартта Баткен областында элдик бийлик орносо, Таласта, Тоң, Кочкор райондорунда 24-мартка чейин эле иш жүзүндө Акаевдин губернаторлору, акимдери толук кандуу иштебей калган. Ал эми 2010-жылдын 6-апрелинде Таласта Бакиевдин бийлиги куласа, 7-апрелде түшкө чейин Нарын областында, Аксы, Алай, Кара-Кулжа,Токтогул райондорунда, түштөн кийин Ысык-Көл областында, Чүй областында бийлик алмашып, түнкү саат 22-23 чамасында Ак үй алынган.
- Эки революция тең кыргыз элинин эзелтеден келе жаткан салтын сактап оппозициялык күчтөр тарабынан өткөрүлгөн. Он бир Элдик Курултайдын чечимдеринин негизинде ишке ашырылышы тарыхый факты. Мисалы, Элдик Конгресс тарабынан 2002-жылдын 17-апрелинде Бишкектеги тарых музейинде өткөрүлгөн 1-Элдик Курултайда негизинен Аксы окуясына саясий баа берилип, башкы күнөөкөрдүн аттары ачык айтылса, 2-Курултайда (Аксы,18-июль 2002-ж.) Акаевди мөөнөтүнөн мурда кетирүү чечилип, 3-Элдик Курултайдын чечими менен (Аксы, август 2003-ж) өлкөнү башкаруунун Парламенттик формасына өтүү концепциясы кабыл алынган. Ал эми 10-Элдик Курултайда (жаз, 2009-ж.) Арашан айылында оппозициялык күчтөр Президенттикке бирдиктүү бир талапкерди, А.Атамбаевди көрсөтүшсө, 2010-жылдын 17-мартында Бишкекте өткөрүлгөн 11-Элдик Курултайда 7 пункттан турган Бакиевге талап коюлуп, 10 күндүк мөөнөт ичинде ал талаптар аткарылбаса БЭК тарабынан бүткүл Кыргызстан боюнча региондордо элдик курултайлар өткөрүлүп, элдик бийликтер шайланары ачык айтылган жана анын ишке ашырылышы буга далил болот.
- Эки революциядан кийин Бишкекте жана башка айрым жерлерде, негизинен Кыргызстандын белгилүү гана байларынын обьектилеринде талоончулук болгону, революция тез мөөнөттө аякташы, президенттердин экөө тең элин, мекенин таштап үй-бүлөсү менен чет өлкөгө качып кетиши да окшош. Ал түгүл Акаевдин командасында болуп, аны менен кошо качышкан айрым адамдар кийин Бакиевдин колтугунан баш паанек таап, Бакиев качканда кайрадан качып, мурдагыдай эле айрымдары кайра келип, кээ бир саясий партияларда жан сактап жүрүшкөнү да окшош.

Эки революциядагы өзгөчөлүктөр
- Биринчи өзгөчөлүк, БЭК мурдагы КЭКтен айырмаланып, революциядан кийин өлкөнү Убактылуу Өкмөт башкарарын, Конституциялык реформа жүргүзүп, УӨ Кыргызстандагы үй-бүлөлүк башкаруу системасын жок кылуу үчүн оболу Конституциялык реформа жүргүзүп, ошол жаңы Конституциянын негизинде гана легитимдүү бийликти түзүү үчүн таза, ачык шайлоо өткөрүп, шайлоодо утуп келген партияларга мамлекеттик бийликти өткөрүп берерин ачык жарыялаганы жана канчалык кыйынчылыктарга карабай башында белгилеген мөөнөттөрдө аны аягына чыгарганы болду.
- Экинчиси, өлкөнүн тагдырын бир жеке адамга эмес, 14 адамдан турган УӨ өз мойнуна алгандыгы.
- Үчүнчүсү, үй-бүлөлүк башкаруу системасынын, же Президенттин, анын үй-бүлөсүнө, жакындарына кызмат кылышкан Жогорку Кеңеш, Конституциялык сот, ЦАРИИ, ж.б. мамлекеттик органдардын таркатылышы.
- Төртүнчүсү, УӨ 1-Декрети менен мамлекеттик бийлик жөнүндөгү Конституциянын жоболорунун (Президент, Өкмөт, Жогорку Кеңеш жөнүндө) күчүн токтоткону.
- Бешинчиси, Убактылуу Өкмөт өлкөнү негизинен өзү жөнүндөгү Декрет жана Декреттер менен башкарганы жана аракеттенгени.
- Алтынчысы, УӨ мүчөлөрү өз жеке амбицияларын жеңип өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн өткөөл мезгилдин Президенти катары Р.Отунбаеваны аныктай алганы жана бул тарыхый институтту киргизгени.

Ийгиликтер
Эгерде 2005-жылдын март революциясынан кийин элдин жеңиши Бакиевдердин үй-бүлөсү тарабынан уурдалып, эч кандай ийгиликтерге жетишпеген болсо, 2010-жылдын апрель революциясынан кийин революциянын эң башкы максаты - өлкөдөгү үй-бүлөлүк башкаруу режими 2010-жылдын 7-апрелинде куласа, ал 2010-жылдын 27-июнунда өткөрүлгөн элдик референдумда толук жокко чыгарылды. Өлкө башкаруунун Парламенттик түрүнө өттү. Жаңы заман башталды.
- УӨ толук болбосо да коррупцияга катуу сокку берип, ондогон менчиктештирилген, рейдерлик жол менен ээленген айрым обьектилердин, жерлердин мамлекетке кайтарылганы (улутташтырылганы) болду.
- УӨ кыйынчылыктарга, ички, тышкы күчтөрдүн каршы турганына карабай 2010-жылдын 27-июнунда референдум, 2010-жылдын 10-октябрында Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрө алды.

Кемчиликтер
2005-жылдын март революциясынан кийин бийликке келген Бакиев мамлекетти мурдагы Акаевдин Конституциясынын негизинде башкарып, үй-бүлөлүк режимди күчтөнтүү жолуна түшкөндүгү, үч айдан кийин эле билинсе да, Акаевдик режим менен катуу күрөшүп, элдик революциянын жеңишинен кийин Бакиев менен бирге мамлекеттик бийликке келишкен, Ү.Сыдыков, Д.Сарыгулов, И.Исаков, Ф.Кулов, Р.Отунбаева, А.Бекназаров, И.Кадырбеков, А.Мадумаров, Б.Асанов, А.Проненко, Д.Нур уулу, Д.Үсөнов, А.Атамбаев, А.Жапаров, А.Артыков, Ж.Жээнбеков, А.Матубраимов, Т.Кулмырзаев, Т.Абдраимов, М.Ниязов, Р.Жээнбеков ж.б. бир муштум болуп Бакиевдерге каршы катуу тургандын ордуна, "революционерлер", "революционер эместер" болуп экиге бөлүнүп, айрымдары жеке кызыкчылыктары үчүн Бакиев менен тандем түзүп, Максим, Жаныштар менен достошуп кеткендигин 2005-жылдагы март революциясынын башкы кемчилиги деп эсептесе болот. Ал эми 2010-жылдын 7-апрелинен кийин мамлекеттик бийликти өз колуна алган Убактылуу Өкмөттүн мучөлөрү революциянын негизги максаттарын ишке ашырышканы менен, эл күткөндөй толук жеңишти камсыз кылууга даремети жеткен жок. Менин жеке пикиримде эң башкы кемчилик бул өлкөбүздү бир үй-бүлөнүн менчигине айландырууга 20 жыл ичинде көмөк көрсөтүшкөн, Акаев менен Бакиевге кол, бут, акыл, капчык болуп беришкен коррупционер - чиновниктерден коомубуз тазаланбады, же люстрация (тазалануу) Декрети кабыл алынбады, анын кесепетинен ал адамдар айрым саясий партиялардан баш паанек таап, кайрадан саясий жана мамлекеттик бийликке келишти. Мындай көрүнүш элдик революциянын кыймылдаткыч күчү болгон карапайым элдин шагын сындырды.
- 20 жыл бою өлкөбүздүн, элдин байлыгын уурдап-тоногондор толук кылмыш жообуна тартылбады, уурдалган, туура эмес менчиктештирилген, сатылган обьектилер толук кайтарылган жок. Ага Канттагы цемент-щифер комбинатын, "Инструментальщик" стадионун, "Айпери" салонун, Шампанвинкомбинатын, "Аксакалдар чайканасын", "Нарын" ресторанын, Бишкек шаарынын, Чүй, Ысык-Көл областтарынын айрым жерлерин, Кыргызпрофсоюздун, Кыргызкооперациясынын обьектилерин ж.б. атасак болот.
- Люстрация (тазалануу), улутташтыруу декреттерин, элдик революциянын башкы документтери, талашсыз, кайра каралууга жатпаган саясий чечим катары өлкөбүз Конституциялык талаага киргенге чейин (референдумга чейин) кабыл алууга УӨ мүчөлөрүнүн саясий эрки, чечкиндүү, бирдиктүү аракетинин болбогону - кечирилгис кемчиликтердин эң башкысы болду.
Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн мындай кемчиликтерди кетиргендигинин жүйөөлүү, объективдүү, субъективдүү себептери да болду. Жүйөөлүү жана объективдүү себептерге 7-апрелден кийин эле контрреволюциячыл Бакиевдердин УӨ каршы катуу күрөш жүргүзүшү. Ал күрөштүн улуттар жана региондор аралык касташуунун реалдуу коркунучуна жеткирилиши, элдик революцияны каалабаган, жактырбаган ички жана сырткы күчтөрдүн УӨ каршы бирдиктүү маалымат согушун жарыялап, аракеттениши. Ал күчтөргө каршы туура турган укук коргоо, күч, сот, башка мамлекет органдарынын моралдык жактан шалаакылыгы, чечкинсиздиги, 7-апрелдеги окуянын элдик жеңишинин маңызын калың элге жеткиликтүү түшүндүрүлбөгөнү, революциялык идеологиянын иштелип чыкпагандыгы, ага мүмкүнчүлүктөрдүн болбогону ж.б. эсептелет. Субъективдүү кемчилик катары УӨ мүчөлөрүнүн айрым маселелерде ынтымагынын жоктугу, саясий жоопкерчиликти алууда чечкиндүүлүктүн жетишсиздиги болду. Кээ бир УӨ мүчөлөрүнүн шайлоо менен алектениши да чоң роль ойноду. Мындай кемчиликтерге жол бергенибиз үчүн мен Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары моралдык күнөөмдү мойнума алам жана калың элден кечирим сураймын.

Бүгүнкү бийлик эмне кылуу керек?
Элдик революциянын жеңиши, Убактылуу Өкмөттүн аракети менен мамлекеттик бийликке келген Парламент менен Өкмөт эгерде эки революциядан сабак алып, жыйынтык чыгарабыз десе, өз ара саясий "разборкаларды", "дүнүйө талаштарды" токтотуп, төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
1. Убактылуу Өкмөт бүткөрө албаган иштерди аягына жеткирүү керек.
Аларга: - Люстрация (тазалануу) мыйзамын кабыл алуу.
- 7-апрелдеги окуянын жана башка коррупциялык иштерди көзөмөлдөп, аягына чыгаруу.
2. Кыргызстан өз жолубузду табышыбыз керек. Шайлоо учурунда көптөгөн саясий партиялар мамлекеттик тил, дин, НАТОнун базасы жөнүндө ачык, так ойлорун айтышкан эле. Бул маселелер Кыргызстан өз жолун табууда, тышкы саясатта чечүүчү ролду ойнойт. НАТОнун базасынын маселесин чече турган мезгил жетти. Бул маселеде Акаев менен Бакиев кылган саясий оюнду токтотуу керек.
3. Конституциядагы өзгөртүлүүгө жата турган талашсыз жоболорго тактоо, өзгөртүү киргизүүнүн жолдорун чечүү.
Аларга:
- Баш мыйзамда "шайлоо, референдум өткөрүү Конституциялык мыйзамдар менен аныкталат"- деп бекилип калган (2 ст, 70 ст.). Парламенттик өлкөдө шайлоо, референдумдарды өткөрүү тез-тез болот. Анын элдик мүнөзү, табияттуулугу, мыйзам ченемдик көрүнүш, аны жөнгө салуучу мыйзам жөнөкөй, элге түшүнүктүү, жеткиликтүү, ийкемдүү болушу керек.
- "Кыргыз Республикасынын судьяларын тандап алуу, аларды дайындоого, которууга сунуштоо..." -дагы Конституциялык мыйзам менен аныкталат деп бекилген. (94,95,97,)ст. Бүгүн андай Конституциялык мыйзамдар кабыл алына элек. Башкы мыйзамда Конституциялык мыйзамдар ... үчтөн кем эмес окуудан кийин... депутаттардын үчтөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынаары белгиленген. (80 ст.) Тагдырлары ушул мыйзамдарга байланган бүгүнкү сот системасынын судьяларын дайындоонун кечиктирлиши жалпы сот бийлигин кризиске алып келет десек жаңылбайбыз. Алар бүгүн сот адилеттиги эмес, өз тагдырларын ойлоп эки оттун - депутаттар менен Президенттин ортосунда. Эсептөө палатасын, Өкмөттү бөлүп алгандай, кыргыз судьяларынын орду 5 партиянын "тенгенесине" айланбайт деп ким кепил боло алат.
- Парламент, кыргыз саясатчылары ойлоно турган дагы бир чоң маселе, бул Президент институту. Баш мыйзамдын бекитилген үчүнчү бөлүмүндө Президенттин ыйгарым укуктары менен, аны бүткүл эл тарабынан шайлоонун кажети барбы? Ушул маселени ойлонуу керек. Ушундай укуктары бар Президент, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан эле шайланса туура болот. Мындай практика мисалы, Турцияда ж.б. парламенттик өлкөлөрдө бар. Парламент менен Президенттин жалпы эл тарабынан шайланышы эки институттун тирешүүсүнө алып келери бышык, анткени экөө тең "мени эл шайлаган" деген саясат жүргүзөрүн биз - кыргыз эли Акаев доорунда башыбыздан өткөргөнбүз. Акырындап Президент жеңип, үй-бүлөлүк башкаруу пайда болгон. Жок, өлкө башчысы бүткүл эл тарабынан шайлансын десек, анда ага ошого жараша дагы кошумча ыйгарым укук беруубуз зарыл. Менин оюмча жок дегенде тышкы саясатты Президент жүргүзүүсү керек, анткени Кыргызстан мүчө болгон эл аралык уюмдарда башка өлкөлөрдүн Президенттери менен тең ата иш жүргүзүү үчүн да анын укуктары болуш керек. Президенттик шайлоо жарыяланганга чейин, өлкөнүн тагдыры колунда турган Парламент муну ойлонушу керек.
- Баш мыйзамыбызда башка да техникалык катачылыктар, кайталоолор, мүчүлүштөр көп. Мисалы, "..кулчулукка, адамдарды соодалоого... бала эмгегин эксплуатациялоого... тыюу салынат" -деген жобо эки жолу кайталанган. (20 ст., 23 ст.)
Акырында кыргыз элиме айтарым, өлкөбүздө болуп жаткан кыйынчылык, кемчилик бул баарыбыздыкы катары сезишибиз керек. Бизге - кыргыздарга орустар да, Америка да турмушубузду оңдоп бербейт. Революцияны жакшы жашайлы, кул болбойлу деп жасадык. Бүгүнкү бийликтегилерди да өзүбүз, алданып, же "сатылыппы", же тууганчылык, жердешчилик кылыппы, айтор өзүбүз шайлаганды эстен чыгарбайлы. Депутат-чиновниктер да аны дайыма эстеп жүрүшү керек. Кыргызда, "көч жүрө-жүрө түзөлөт" -дейт. Кыргыз мамлекетине туура келген Парламенттик өлкөнү бутуна тургузуп, торолтуп, эрезеге жеткириш өз колубузда, ага убакыт да керек. Ар кимибиз жан дүйнөбүзгө да революция жүргүзүүнүн мезгили жетти. 20 жыл ичинде биздин да жан дүйнөбүз "жапайы рынокчул", "өзүмчүл" болуп кеткен. Ушакка дароо ишенип, чындыкты айтсаң күмөн санаган заман болуп турат. Бир тууган түрк эли парламенттик өлкөнүн үзүрүн 60-70 жылдан кийин гана, азыр көрүп жатат. Биздин Ала-Тоодо да кыргыз эли өнүгүүнүн өз жолун таап, өз жерине, өз байлыгына, саясатына өзү толук ээ болуп, батыштын азгырма саясатына, долларларына алданбай, намысты, ыйманды, калыстыкты туу туткан заман болоруна мен ишенем. Ошондо биздин урпактар бүгүнкү эки революциянын маңызын, ийгилик, кемчилигин талдап, баамдап, барктап, аны окуу куралы катары тарыхтан окуп, "менин революциям", "бизге ушул турмушту 7-апрелде курман болгондор, түштүк коогалаңында шейит кеткендер алып келген экен, алар биз үчүн, ушул заман үчүн өз жанын кыйган экен" -деп сыймыктануу менен айтар заман келээрине ишенет. Ошондо гана 2005-жылдын 24-марты Элдик революциянын биринчи этабы, 2010-жылдын 7-апрели Элдик революциянын экинчи этабы - жеңиш күнү катарында калыптанып, майрам күнү болот. Бул эки Элдик революцияны чыныгы кыргыз тарыхы, биздин тарых катары баалап, аны душмандарыбызга бурмалатпай, жамандатпай сактап калуу, оң жагынан көрсөтүү, диктаторлорду жеңген карапайым элдин жеңишин даңктап алуу ар бир кыргызмын дегендин ыйык милдети болушу керек.








кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_6.htm on line 76

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_6.htm on line 76

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_6.htm on line 76


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_6.htm on line 76

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_6.htm on line 76

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_6.htm on line 76


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_6.htm on line 76

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_6.htm on line 76

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_6.htm on line 76