Айкын собол

- Абактагы адамдардын ачкачылык жарыялашына кандай көз караштасыз?
Тайырбек Сарпашев:
- Негедир абактагы маселелер мурдатан курчуп келсе да, мындай көрүнүш болгон эмес. Өкмөт уюшкан кылмыштуу топторго согуш жарыялагандын кесепетинен келип чыгышы мүмкүн. Тактап айтканда абактагы адамдарга кимдир бирөөлөр шыкакчы болуп, козутуп жаткандай. Эгерде абактагы адамдардын ачкачылык жарыялашы - бул саясий басым болуп, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы ойноп атса, анда өкмөт ага жол бербеши керек. Бирок, чындап эле абактагы адамдар экономикалык, социалдык мүчүлүштүктөрдүн айынан нааразычылык акцияларын өткөрүп жатышкан болсо, өкмөт аны чечип бериши керек.

Атай аксакал:
- Темир тордун ичинде ар кандай оору күчөп кеткендигин угуп жүрөбүз. Тамак-аштары да жыргатаарлык эмес дешет. Ал жерде ак жеринен соттолгону да бар, чындап күнөө тарткандары да бар. Эми алар абакта жатып калса эле, айбанча мамиле кылбашыбыз керек да. Алар деле адам да.


Кубан Ашыралиев:
- Абактагылар кандайдыр бир күнөөсү бар үчүн ошол жерде отурушат да. Балким, ондун бири бейкүнөө соттолуп кеткендир. Аны эми билбегенден кийин так айталбайм. Бирок, болушу мүмкүн. Ондун тогузу болсо чындап эле колу менен жасаганын мойну менен тартып жүрүшөт. Эми ошол дайыны жок коомду дүрбөлөңгө салып атышат. Башка көйгөлөрүбүз калбай калгансып, булардын кылыгы туура эмес. Мындай иштин артында сөзсүз бирөө болот. Аларды козутуп, дүрбөлөңгө сала турчулар белгилүү эле. Эгерде коммунисттик партиянын убагында ушундай көрүнүш болгонунда, анда аларды бат эле орду-ордуна коюп коймок.

Жаныбек:
- Бүгүн биздин өлкөдө сот системасы өтө алсыз. Коррупция аша чаап, өнүгүп кеткен. Акчаң болсо соттолбойсуң да, акчаң жок болсо соттолуп кетесиң. Бөөдө жерден соттолуп кеткендер да жок эмес. Абактын ичиндеги социалдык абал бүгүн өз чегинен ашып, курчуп кеткендиги үчүн алар ачкачылык жарыялап жатышат.

Бурма эне:
- Элдин турмушу чындап эле өтө начар. Абактагылардын көйгөйү андан беш бетер жаман абалда. Угушума караганда ар бир адамга күнүмдүк тамак-ашына 20 сом эле бөлүнөт экен. Бүгүннкү күндө бир күндүк тамак ашың 150-200 сомго барат. Ал эми 20 сомго эмне келет? Туугандары менен жолугуштуруу үчүн алардан 1000 сом талап кылышат экен. Карапайым эл 1000 сом эмес, бир сомго жетпей жүрсө булардын кылыгын карабайсыңбы.

Назира:
- Абактагылардын ачкачылык жарыялап жатышы бекеринен болбосо керек. Жөндөн-жөн эле адам өзү ачкачылык жарыялабайт да. Алардын да көйгөйүн түшүнсө болот.


Элдияр
ЭЛЧИБЕК




Ынтымагың болбосо,
Алдыңдан таяр алтын так
Камчыбек Ташиев жана анын жактоочуларына кайрылуу

Кичүү болсоңуздар дагы сиздерди сыйлап, сакалдуу башым менен сиздерге урмат менен кайрылып, бир өтүнүч айткым келет.
Ушунчалык бийик даражага өз эмгегиңер менен жетишип, элиңерге кызмат кылууга далалат кылып жүргөнүңөр мени гана эмес, жалпы кыргыз элибизди да абдан кубантат.
Ошол эле убакта ата-бабадан калган накыл сөздү эске алсак: "Өз агасын агалай албаган - киши улагасын сагалайт " дейт.
Экинчиден: "Эрге намыс - коёнго камыш" деп коюшат.
Үчүнчүдөн: "Эр жигит эл четинде, жоо бетинде" дейт.
Билем, ар бириңер кудай сүйгөн, эл сыйлаган эне-атанын уулдары экениңерди.
Менин сиздерге айта турган каалоо-тилегим жана өтүнүчүм ошол: ата-бабабыздан калган нарк-дөөлөтүбүздү, ар-намысыбызды жана каада-салтыбызды сактап, сырттан келген аферисттерге алдырбай, биздин уулубуз-силердин иниңер - өкмөттүн вице-премьери миң күнү күнөкөр болгон күндө дагы тигилерге: "мы поняли, разберемся" деп коюп, өзүбүзчө ийри отуруп, түз сүйлөшүп, бир үй-бүлөнүн салтын сактап, б.а. "жаманын жашырып, жакшысын чыгарып" дегендей мамиле кылып, конокторду өз жолу менен узатып койсок болмок. Анткени орустардын турмушунда мындай ыкманы "проба на вшивость" деп коюшат. Кыргыздарды сындырып, сынамакка.
Чындыгында, чындыктан таюуга болбойт, азыркы өкмөттүн аракет-далалатынан башка жаманчылыгын эч ким көргөн жок. Али баары алдыда.
Анткени, кыргыздарда, эрктүү-тектүү жана куттуу үйдө эч качан уул-кыздарынын даражасына шек келтирип, бирөөнүн көзүнчө шагын сындырган эмес. Мындай жорук эл башындагы адамдар гана эмес, карапайым калктын арасында да болгон эмес.
Анткени кыргыздар илгертен бери эле тектүү калк болгон.
Мен муну бекеринен айтып жаткан жерим жок - бул башыман өткөн окуя:
1992-жылы студенттик отряддын катарында орустардын Иван-Город менен эстондордун Нарва шаарынын ортосундагы темир жол курулушунда иштеп калдым. Мен үчүн эң кызык окуя: эстондуктар орустар менен көп сүйлөшпөйт, а мени менен орусча болсо да кызыгып сүйлөшүшөт. "Эмне үчүн минтесиңер?" деп сурасам алар мага: "Силер, кыргыздар, угро-фин тукумуна жакын арий тукумунан болосуңар, а орустар болсо бизди басып алган" деп жооп беришчү. Мен ал убакта андай түшүнүктөргө көп деле маани берген эмес элем.
Кийин, көп жылдан кийин, кыргыз элинин тарыхын изилдеп, окуп, үйрөнүп жүрүп араң-араң түшүндүм: Индияга арийлер түндүктөн, Алтайдын тоо-талааларынан келишкени бүткүл дүйнөгө маалым.
Андан ары алар оошуп отурушуп, Жакынкы Чыгыш, Араб өлкөлөрү аркылуу Батыш Европа элдерине аралашып кетишкен.
Бул информацияны азыр интернеттин "Википедия" сайтынан кенен-кесири таанышып алса болот: "Y - хромосомные гаплогруппы в этнических группах". Алар: алтайлыктар (түрктөр), андалусия (италия), бахвалиндер (түндүк кавказ), басктар (испания, франция), баварлар (германия), белгийлер, брахмандар жана ишкашимдер (индия), британдар, венгрлер(угро-финдер), лужичтер, каталондор (италия), голландар, англичандар, француздар, фризалар (герман, англо-фриздер), ирландар, италяндар, кыргыздар, келттер (англия), оркнейлер (герман, англо-сакстар), батыш поляктар, португалдар, славяндар (Белгород обл.), шотланддар, испандар, украиндер ( чыгыш славян).
Бул информацияны мен мактаныч үчүн айтып жаткан жерим жок - жөн гана тааныштыруу иретинде -менин урматтуу инилерим тегин билип жүрүшсүн деп.
Айтайын дегеним: тектүү адамдар тегин бузбайт.
Тагыраак айтканда: 20 жылдын арасында ушунчалык кыйынчылыктарды башыбыздан өткөзүп, миңден ашык жылдыздай болгон жигиттерибиздин жанын курмандыкка чалып, эптеп жетишкен парламенттик биримдигибизди (коалициябызды) ийлеп-ийлеп иттерге салып берсек - биз кимбиз???
Ал эми оппозициялык партиялардын лидерлери жөнүндө сөз жок - алар үчүн азыркы убакта: "Чем хуже, тем лучше". Анткени алар жеке бийликке жетиш үчүн силер гана эмес - атасын да сатып кетүүдөн баш тартышпайт.
Абайлагыла, айланайындар.
Бул жөнүндө кыргыз элинин улуу инсаны, акылман акыны, Калыгул атабыздын уулдарына айткан накыл сөзү ушул жерде орчундуу болчудай:
"Ырыс алды ынтымак,
Ынтымагың болбосо,
Алдыңдан таяр алтын так".
Сиздерди терең урматтап,-
Карыбай Турусбеков