Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_9.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_9.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_9.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_9.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_9.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_9.htm on line 2
Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдыгына карата
Улуу ырдын уландысы
Кыргыз өкмөтү 2011-жылдын 13-январдагы № 8 токтому менен Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча иш чараларды белгиледи. Ошолордун алгачкыларынан болуп Арчалы айылындагы генерал Султан Самсалиев атындагы мектепте атайын семинар болуп өттү. Ага катышып келген "рыспайчы" журналист Бөкөнбай Боркеевден ошо саамалык жөнүндө кеп салып беришин өтүндүк.

- Бөкөнбай Курманалиевич, өкмөттүн токтому 13-январда эле чыккан экен, Рыспай дегенде ооз көптүрүп сүйлөгөн жетекчилерден жандуу насыятты байкабадык. Эмне, алар мааракеси өтүүчү күркүрөгөн күздү күтүп жатышабы?
- "Сен айтканда мен кыз элем, эми минтип кемирейген кемпир болдум" дептир бирөө. Анын сыңарындай, "рыспайчы" катары, анан да анын 60 жылдык мааракесин өткөрүп, тажрыйба күткөн күйөрманы катары чоңдор козголгуча поезддин баары өтүп кетерин билип, 2010- жылдын сентябрында эле (анткени 12-сентябрда каза болгон) Абдыкадыровдун мааракесин өткөрүүгө карата сынактын долбоорун жазып койгом. Өзүң билесиң, "Ысык-Көл - 97" жана "Талас таңшыйт 2000"ден берки телефестиваль, сынактардын жоболорун жазып, аларды өткөрүп, "карышкыр" болуп калгам. Ошон үчүн баарын ырастап, Рыспайдын окуучусу (өзү баласымын деп да жүрөт), уюштуруу комитетинин төрагасы, вице-премьер министр Ибрагим Жунусовго, төраганын орун басары, Маданият жана маалымат министри Нурланбек Шакиевге, анын орун басары Кожогелди Кулуевге кат менен бирге ошол жобону телефонум менен кошо эчак бергем. Карыган кишинин колунан пок келеби дедиби, айтор, дың деше элек. Алардын жанында "Желмогуздун чоңунан кичинеси" дегендей, оштук туугандар 12-январда туулган күнүнө карата Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош филармониясында (деректири Гүлшайыр Садыбакасова) үч күн эскерүү концертин беришти. 19-февралда Кара-Балта шаарында Абдыкадыровдун бир тууган бажасы Акылбек Мүсүралиевдин демилгеси менен "Рыспай клубунун" бөлүмү ачылды. Ага Жалал-Абад коммерциялык университетинин ректору Кантөрө Токтомамбетов, Жалал-Абад университетинин проректору, "Рыспай клубунун" президенти Сабыр Садыров, "Рыспай клубун" 1994-жылы 5-майда анын көзүнүн тирүүсүндө уюштурган негизги демилгечиси Султан Борошевдер келип ачып кетишти. Бирок түндүк аймагы боюнча маданий-музыкалык очок болуп калуучу ушул клубдун ачылышына маданият бөлүмүнүн жетекчиси Сакен Айдарова сыртын салып койгондуктан, Рыспайдын ысымын укканда зал толуп калуучу маданият үйүнө эч ким келбей, иш чара аябай солгун өттү. Ошентсе да каерде болбосун ысымы кылымдар бою жашап калуучу Рыспайдын экинчи өмүрү маданияттан чарчап калган пенсионер эжебиздин амирисиз эле жашай берерине ишеним кылып, анын кайдыгерлигин Маданият министрлигинин абийирине коюп тим болдук. Андан кийинки эле республикадагы мектептердин ичинен биринчи болуп мына бу Аламүдүн районунун генерал Султан Самсалиев атындагы Арчалы мектебинде өткөн семинар болду. Биз семинар десе эле керели-кечке лекция окуган жадатма иш чараны түшүнөбүз. Ал эми музыкантка байланышкан семинар дээрлик ыр менен өтөрү маалим. Аерде ошондой болду.
- Рыспай Абдыкадыровдун ырларын окуучулар эмес, чоң кишилер араң ырдашат, анан алардын колунан кантип келди десеңиз?
- Ошону айтпайсыңбы! Анүчүн Рыспайды сүйүш керек. Ошондой күйөрмандардын бири - ошо мектептин Мамытова Мадузахан Токуровна деген музыка мугалими. Өзү Тажикстандын Мургаб районунда 1967-жылы төрөлүп, 1984-жылы Фрунзедеги Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогика институтунун музыка факультетине кирип, ошондон бери тагдырдын жазмышы менен Кыргызстанда калып калыптыр. Ал эми Рыспайды сүйгөнү мындай: Рыспай 1969-жылы Давлетке үйлөнүп, 1976-жылы Мургаб райкомунун экинчи катчысы Кожо Бердибаевдин чакыруусу менен Мургабга барып, аерден керек-жарак коомунун бухгалтери Токур деген адамдын үйүнө түшүп, бир топ күн мургабдык кыргыздардын башын кошкон сыйлуу конок болуп калат. Арчалыда Рыспай мааракесин уюштурган мугалим Мадузахан ошол Токурдун кызы болуп атпайбы. Дегеним, мен анын Мургабда бир жума кантип жүргөнүн "Рыспай" деген романымда майда- чүйдөсүнө чейин жазгам.
(Уландысы 11-бетте)
(Башы 9-бетте)
Ошондо Мадузахан (биердегилер Эркайым дешет) жети жашта болот. Рыспай ырдаганда тирмийип тиктеп отургандардын бири экен. Бирок ошондо Рыспайдын мынчалык залкар экенин билбей туруп, апакай сезимдерине анын ырларынын керемет сырларын байкоостон сиңирип алган белем. Ошол "Рыспай" деген оору аны мектепте "Жаш кыял" деген 56 баладан турган хор түзүүгө, саймедирете сайраган семинарларды ыр менен коштоп турууга, райондук сынактарда байгелүү орундарды алууга себепчи болуптур. Эми мындай "оорукчандарды" көрүп эле жүрөм. Бирок мектептеги жолугушууга барганда, Рыспай жөнүндөгү маалыматтарды менден артык эч ким чогулткан жок деп кудуңдап жүрсөм, айнанайын, мен билбеген, мен көрбөгөн сүрөттөрдү, маалыматтарды көрдүм. Чынын айтайын, Рыспайды менден артык ким сүйөт деп жүргөн жаным, бир аз кызгана түштүм. Ошондо түшүндүм, Рыспай менин "жеке менчигимден" эчак чыгып, элдик болуп, минтип менсиз эле экинчи өмүрүн сүрүп, улуу ырдын уландысы болуп жатканын.
- Ошончо уюштуруу иштерине бирөөлөр кол кабыш кылбаса, "жалгыз дарак бак болбойт" эмеспи?
- "Какаганга муштаган" болуп, деректири Осмоналиева Исмангүл да, өзү математик болгону менен, жанагы сыналгынын бетин бербей келаткан анча-мынча "жылдыздардан" төөчөлүк өйдө ырчылык өнөрү бар экен. Анан да шаңкылдап сүйлөсө, Рыспай айтмакчы, "оозун ачса, ичегарды көрүнгөн", канында ыр ойноп турган өнөрү көрүнүп турду. Атаңгөрү, математикага адашып барып калган экен деп, ичимен ириң өтүп тим болдум. Анан да Эркайымга төрт баланы төрөтүп коюп, тымпыйып унчукпаган Мунарбек ошо жолугушууга бир койду бөктөрө чапканын көрүп, "эки бакыр, бир тукур" биякта турбайбы деп калдым. Мен муну даам сызганым үчүн айтканым жок. Алиги алтымыштай балага, чоң-кичинеси дебей, ыр үйрөтүү, райондук сынактарга катышуу үчүн, ээ айланайын, үй бетин көрбөш керек да! Бул, ошого чыдаган Мунарбекке кол койдум деген кеп. Сыягы, анын да "Рыспай" деген кесели бар окшобойбу. Айтор, неси болсо да, быйыл Рыспайдын жылы чоңдор козголгуча эле чыныгы күйөрмандардын майрамы болуп калат шекилди.
- Анан ушуларды айтып, чоңдорго "жыландын" башын чыгардыңызбы?
- Антпей анан. Бирок, жогоруда айткандай, Рыспай менен киндиги бир Бөкөнбай алдыбызга бүжүңдөп келет деп, Жунусов да, Шакиев да, Кулуев да күтүп атат окшойт. Алар Рыспай мага эмес, элге, Кыргызстандын тарыхына керек экенине акылы жетпей жатат шекилди. Анан да, алиги өкмөттүн токтомунда көрсөтүлгөндөй, иш чарага кетчү чыгымдардын баары демөөрчүлөр менен Рыспай фондусунун мойнунда. Алиги Ак үйдүн аткаминерлери Рыспай фондусунун президенти, Ош областынын губернатору Сооронбай Жээнбековдун оозун карап отурушат. Ээ, айланайын, Оштогу коогалаңдан бери Рыспай тургай, өз фамилиясын таппай отурган Жээнбековдон телефон аркылуу макулдугун алып коюп, уюштуруу комитетинин бияктагы мыкчегерлери менен иш алып бара берсе болбойт беле!
ХХ кылымдын залкар обончусу эсептелген, кыргыз музыкалык маданиятына көөнөрбөс эмгек сиңирген андай залкар инсандын мааракеси бир күндүк эмес. Экинчи өмүрүн баштап отурган анын шакирттери, дегеле ыр жандуу ышкыбоздор алиги токтомго чейин эле анын ырларын көбүрөөк ырдай башташты. Анын үстүнө Рыспайдын 60 жылдык мааракесин өткөргөндө, атайын сынак уюштуруп, ага күйөрмандары жарым жылдан ашык даярданышкан. Натыйжада биз, уюштуруу тобу, 200дөн ашык аткаруучудан акыркы турга жетимиштей өнөрпозду тандап алганбыз. Алардын көбү быйыл да ошондой сынак болорун жүрөктөрү менен сезип, тымызын даярданып жатканын билем.
- Андай болсо, мына көзү өткөнүнө 16 жыл болуптур, бүтүндөй бир муун алмашты дегендей, жобосун жарыялап, ошо сынакка өнөрпоздор азыртан даярдана бергидей шарт түзсөңүздөр болмок экен.
- Эми Рыспайдын "баласы" Ибрагим Жунусов "айт десе, биз кыйт дейт" элек да! Ал башка маараке, жолугушуулардан колу бошобой, же мен байкуш, эки-үч ирет барып киралбай (иштебеген кишини ит да укпайт экен), айтор, создугуп атат. Кара-кулжалык Кожогелди Кулуев деген куучирен орун басар үкасы таптакыр эле тойлордон бошобой койду. Айтор, бая Рыспай тирүүсүндө айтмакчы, "обончу деген поктон көп, ойлонбой алган токтом көп" болуп, жүрүп-жүрүп отуруп, "көт чычарда керек" болот окшойбуз. Кур дегенде сынактын жобосун жарыялап койсок, эл даярдана берет эле, жарнактарды көргөн демөөрчүлөр да бирдемелерди ойлонмок. Калган уюштуруу иштери, чоңдор болбосо да, бизге окшогон чыныгы күйөрмандары аман турганда, акырындап бүтө бермек. Ага чейин ушу карапайым мугалим Эркайым Мамытовага окшогон Рыспайдын чыныгы күйөрмандары менен анын сөөгүн агартып турат окшойбуз.
Маектешкен
Жуман Алиев





Нурзат Орозалиева, комузчу:
"Элдик табигый музыка улут тандабайт"
- Нурзат, Президент Роза Отунбаева Америкага карай иш сапарында өнөр ышкыбоздорунун ичинен сени гана кошо ала кетиптир...
- Бул мындайча болду. Шайлообек Дүйшеевдин Ат-Башыдан башталган 60 жылдыгында Президент Р.Отунбаева да катышпады беле. Ат-Башынын ырчы-чоорчулары да барганбыз. "Орус эли Есенини, Пушкини менен сыймыктанса, мен Дүйшеев менен сыймыктанам" деп күү черттим. Эртеси эле күнү Президенттин жардамчылары чалып, "Президент Америкага кошо ала кеткени жатат, даярдан" деп калышты. Ошентип, Отунбаева менен Американы көздөй учтум. Көрсө, Президент Дүйшеевдин кечесинен эле "Ат-Башыдан самородок" таптым деп кудуңдап келген экен. Америкалыктар Роза Отунбаеваны абдан сыйлашат экен, ар бир жолугушууда чоң даражадагы сый-урмат менен тосуп алып жатышты. Ар бир барган жерибизде мукам комуз күүсүн чертип турдум. "Музыка улут тандабайт" дейт, анын сыңары кереметтүү комуз күүсүнө америкалыктар да тура калып кол чабышып, суранып жатышты. Айрыкча Конгресс китепканасындагы жолугушуу абдан толкутту. Китепкана дүйнөдөгү эң бир чоң, бай китепканалардын бири экен. Ички жасалгасы, акустикасы эми укмуш, сөз менен жеткире албайсың. Баягы илгерки биздин "Ала-Тоо" журналын, З.Сооронбаеванын китептерин, "Манас", "Семетейибизди" көрүп чыны кубандым. А жерден да комузда кол ойноттум. Эми силерге калп, мага чын, күү чертилип атканда керемет күүбүз ал жердин аурасын алмаштырып жибергендей, кандайдыр бир кыргыздын алп рух күчтөрү кирип келгендей болду. Мага эле эмес, ошол жердегилердин баарына залга кимдир бирөөлөр кирип келгендей сезилиптир. Президент да толкундап, англисче сүйлөп атты.
- Демек, Президент кыргыз күүлөрүн жөн гана уга билбей, тереңинен түшүнө да алат турбайбы?
- Мени таң калтырганы ошо болду. Адетте, жогорку кызматтагылардын комуз күүсүн өзүнө толук сиңире алгандары аз болот. Президент комуз, күү туурасында маалыматы кенен, ар бир күүнү дене-боюна сиңирип, күүнүн тилин түшүнгөн, философиялык көз караш менен талдай алган инсан экенин баамдадым. Англисче сүйлөсө, сарказм, афоризмдер менен куудулданып, тамашага салып, күлдүрүп сүйлөйт экен.
- Америкалыктар да табигый музыкага суусап тургандарын жашырышпаптыр да?
- Нукура элдик табигый музыка улут тандабайт, угуучу тандайт. Ошон үчүн А.Огонбаев, Ы.Туманов, К.Орозов өңдүү даңктуу комузчуларыбыз күүлөрдү муундан-муунга калтырганга жан үрөшкөн да. Кыргыз күүлөрүндө кыргыздын кечээгиси, бүгүнкүсү жана эртеңи камтылган да. Күүлөрүбүздү дымып угушуп, тура калып көпкө чейин кол чаап атышты. Тилекке каршы өзүбүздүн аттуу-баштуу деген саясатчыбыз Эдил Байсалов мырза "Барпы Алыкуловдун күүсүн ойнобойсуңбу?" деп балп эттирди. "Ээ ботом, Барпы Алыкулов да күү чыгарыптырбы" деп таң калганымды сураба.
- Бир нече күн Президенттин жанында жүргөн соң, ага аял катары, дегеле жөнөкөй жаран катары кандай баа бердиң?
- Роза эжебиз, жасалмалуулуктун кыпындай да белгиси жок, табигый жүрүш-турушун эч бир мамлекеттик протокол-сротокол, ырааттуулукка сыйдыргысы келбеген карапайым кыргыз аялзаты экен. А тургай айрым учурларда котормочу да кылып алдым. Ойноордон мурун күү жөнүндө маалымат берейин десем, англисче сүйлөгөндү билбейм, анан "Роза эже, которуп коюңузчу" десем, а киши жыргап которуп атты.
- Ар бир күүнү абдан берилип, жандуу ойнойсуң, күүгө жан киргизе билген таланттын булак башаты кайдан болду экен?
- Өзүм Ат-башыдан болом. 3-классымдан баштап маданият үйүндө иштеген жездемди ээрчип жүрүп, комуз менен биротоло ооруп калдым. Мектептин ар бир кароосунда комузда кол ойнотуп жүрдүм. Көксөгөнүм Самара Токтакуновага шакирт болуу эле. "1 чанач кымыз, 1 кой алып шаардан Самара Токтакунованы табалычы, мен ошондон окуйт элем" деп жездемдин кулак-мээсин жей баштадым. Каалоом кудайга жеткенби, кийин Консерваторияга өтүп, Самара эжеден сабак алдым. Учурда Консерваторияда окутуучу болуп эмгектенем.
Маектешкен
Айнура АСКАРОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_9.htm on line 53

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_9.htm on line 53

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_9.htm on line 53


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_9.htm on line 53

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_9.htm on line 53

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_9.htm on line 53


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_9.htm on line 53

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_9.htm on line 53

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0401_9.htm on line 53