Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Калптын казаны кайнабайт

"Визор" компаниясынын былыгы же
Ф.Шлоссер мырзага ачык кат
Биз, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн Аксакалдар Кеңешинин мүчөлөрү ушул убакка чейин айыл Өкмөтүнүн аймагында жайгашкан "Жерүй" алтын кенинде иштеп жаткан "Жерүй" компаниясынын иши тууралуу унчукпай чыдап келдик. Жакында болгон Кыргыз Республикасынын Ж.К. нин комитети жыйынындагы компания жетекчиси Шлоссер Ф. мырзанын сөзүнөн кийин ушул кайрылууну жазып отурабыз.
2005-жылы март революциясынан кийин Бакиев-Кулов тандеми түзүлүп иштеп жаткан ТГМК компаниясынын алынган лицензиясы кайтарылбай, жаңы пайда болгон "Глоба Голд" деген компанияга лицензия берилип, ЖКнын эки жолку токтому аткарылбай, "Жерүй" алтын кенинин тагдыры чечилип калган. Жогору жактын буйругун ошол кездеги облус, район, айыл өкмөтү депутаттардын жардамы менен курулушу 70-80% бүтүп калган обьектилеринен ТГМК куулуп чыгарылган. Ошол кезде түзүлгөн тандемге кыргыз элинин ишеними чоң эле, биз деле эл катары ошол ишеничте болуп, жаңы келген компания ТГМК дан жакшы иштеп, тез арада алтын берилип калат деген ишеничте элек. "Глобал Голд" келгенде катуу иш көрсөтүп, 70тей айыл жашоочуларын Кара-Кол шаарына алып барып 3 ай окутуп келди. Союз мезгилинде дубалдары тургузулуп, үстү бетон плита менен жабылган 3 этаж имаратты шыбап, ишин баштаган. Бирок, 2007-жылы февраль айында айыл өкмөтү менен болгон келишимди бузгандыгы үчүн айыл өкмөтүнүн 4 айылынын эли көтөрүлүп чыгып алтын кенине баруучу жолду тосуп алышкан. КР өкмөтүнүн 1-вице-премьери Д.Үсөнов, ЖКнын депутаты Шерниязов Б. келишип, эл менен жолугушуп, элдин талаптары аткарылгандан кийин компания кайрадан ишин уланткан. 2007-жылы февраль айындагы каршылык акциясы акыркы акция болду, андан соң айыл өкмөтүнүн жашоочулары компанияга каршы митинг, пикетке чыгыша элек. 1 жылдай иш кылымыш болуп "Глобал Голд" жок болуп, "Визор Групп" келди деп угуп калдык. Компаниянын жаңы жетекчиси болуп Шлоссер Ф. келгенде биз аябай кубанганбыз, себеби бул адам куулуп чыгарылган ТГМКнын жетекчилеринин бири эле. Бирок, бул үмүт акталган жок, ТГМК иштеп жатканда кенди иштетүү заводу, калдык сактоочу жай "Кулун эмбес" деген жерге курулмак болуп, заводдун 70% курулуп калган болуучу. Завод жана калдык сактоочу жайы 3500м. бийиктикте турган "Аалы-Төр" деген жерге курабыз деген идеясын көтөрүп чыкты. 4 айылдын эли менен болгон чогулушта тең эл буга каршы чыгып, макулдук беришкен жок ушул күнгө чейин. Мыйзамдуу суроо туулат. Шлоссер мырза ТГМК да иштеп жүргөндө бул идеясын каякка катып унчукпай жүрдү? Эл деле айтышты, "Аалы-Төргө" завод менен калдык сакталуучу жай курсаңар адистердин корутундусу барбы десе областтык деңгээлдеги 1 адистин, район деңгээлиндеги 3 адистин колу коюлган 1 баракка толбогон акты көрсөтүштү. Башка документти бөлөктөргө көрсөтүштүбү, биз анысы менен кабарыбыз жок. Бул актыны кайрылуубузга тиркеп койдук. "Глобол Голд" баштаган ишти б.а. 3 этаж имаратты жасалгалоо иштерин улантып "Аалы-Төргө" курабыз деген объектилердин ордун тегиздөө иштерин жүргүзүп, андан соң дүйнөлүк кризис болду деген шылтоо менен жумушчуларды отпускага чыгарып, айына 2000 сомдон компенсация төлөп берип жатышат. 2000-жылы айылдык кеңештин депутаттарынан 300 га жер алганга руксат алышыптыр деп уктук, эмне себептен алды, кантип алышты, бул бизге ушул күнгө чейин табышмак боюнча калууда.
2010-жылы апрель революциясынан кийин У.Ө. түзүлүп калганда жаңы өкмөткө элдин ишеними аябай чоң болду, ал ишеним ушул күнгө чейин бар, себеби "Жерүй" кенине премьер министр Атамбаев өзү келип таанышып кеткен болчу. 2010-жылдын 13-августундагы "Эркин - Тоо" газетасындагы "Алтын өндүрүшү эмнеге аксап жатат" деген макаласында кабарчы Азизбек Чамашев "Жерүй" тууралуу сөз козгоп, КР тоо кенчилер жана геологдор ассоциациясы 2010-жылдын 14-июлунда КР өкмөтүнө төмөндөгүдөй сунуш кийришиптир.
1. Келишимдеги шарттар көп жылдан бери аткарылбагандыктан "Жерүй" алтын ЖАКУнан кенди иштетүү боюнча берилген лицензия алынып, жокко чыгарылсын.
2. Бул маселе боюнча ачык инвестициялык тендер жарыялансын.
3. Тендердин комиссиясынын курамында жарымынан кем эмес тоо -кен адистери болууга тийиш. Андан башка өздөрүн кабыл алууга Президент Отунбаевадан суранышкан.
2010-жылдын күзүндө КР өкмөтүнүн атайын комиссиясынын жетекчиси Б. Мамбетов аксакал, эл кадырлаган О. Дүйшеев,Т. Тургуналиев ж.б. келишип, "Жерүйгө" барышып, жеринен таанышып, түштөн кийин эл менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп беришти. Бул чогулушка кендин кызматкерлери, жумушчулары, айыл эли, губернатор, аким катышты. Чыгып сүйлөгөн комиссия мүчөлөрү бир ооздон компания келишимде көрсөтүлгөн шарттардын бирөөнү да аткарган эмес деп айтып чыгышкан.
(Уландысы 12-бетте)
Чогулушка Шлоссер мырза да катышып отурган, эл деле Шлоссер мырза өзү чыгып, өз пикирин айтат го деген үмүттө отурган. Бирок, комиссия жетекчиси Б. Мамбетов сүйлөп жатканда Ф. Шлоссер мырза эшикке чыгып кетти, биз кайра келет го деп ойлосок келген жок. "Жерүй" алтындын кызматкерлери деле сөз алып, өз ой-пикирлерин айткан жок. 1-2 жумушчу өз суроолорун берип, тим болушту. Эгерде компания жетекчилиги өз позицияларын комиссия, эл алдында түшүндүрсө аргументтүү болсо, эл деле колдоп бермек.
2010-жылы лицензиянын мөөнөтү бүтүп, лицензия алынды, бул убактын ичинде компания заводду куруп, алтын өндүрө баштамак. Каяктагы алтын, эгерде 4 жыл ичинде болгону 3 кабаттуу бир имаратты жасалгалоо иштерин бүтүрүп, завод курула турган жерди сууруп, тегиздеп койгондон башка иш аткарылбаса. Завод деген мал эмес, жетелеп келип байлап койгондой. Завод деген машина эмес, сатып алып айдап кеткендей.
Эми бизге булар тоскоол болуп, биз иштей алган жокпуз деген жоопторуна жана "Визор групп" компаниясынын жетекчиси М. Сауэр мырзанын жоопторуна биз да өз ойлорубузду айтып көрөлү, калк таразалап алаар.
1. Сауэр мырза: Заводдун проектиси даяр, бирок "Жаратылыш ресурстар министрлиги" биз менен иштешпей жатат, документтерибиз менен макулдашпай жатат деп көрсөтөт.
- Эгерде 2007-жылдан баштап ЖРМ менен иштеше албаса ким күнөөлүү?
- ЖРМнин мурдагы министри Жумалиев К. 28. 2. 2010-жылы "Айкын саясат" газетасына берген макаласында "Глобал Голд" компаниясынын үлүшүн 130млн. долларга "Визор Голд" компаниясы сатып алган, алар өз үлүшүн 2009-жылы 28-августта башка компанияга 4828678 долларга сатып жиберишкен, бул амалдардын бардыгы ЖРМге маалымдоосуз жүргүзүлгөн, башкы жетекчи алмашкандыгы тууралуу маалымат министрликке 2010 -жылы ноябрь айында түштү деп көрсөтөт. Биздин таң калганыбыз, азыр "Жерүйдүн" накта кожоюну ким? "Визор" Казакстанга катталган деп угабыз, акыркы сатып алган компания каякта катталган? "Визор" үлүшүн сатып жибергени чын болсо Сауэр мырза эмнеге компания иштейт эле деп жооп берип жүрөт.
2. Сауэр мырза "Кыргыз Туусу" газетасына чыккан "Чындык чыркырабасын" деген кайрылууда Дүйнөлүк кризис, М. Бакиевдин тоскоолдуктары, апрель революциясы, июнь окуялары тоскоол болду деп көрсөтүшүптүр, буга да жооп издеп көрөлү.
- Дүйнөлүк кризис дүйнөнүн бардык компанияларына өлкөлөрдө болду, бир гана "Жерүй" алтында жана "Визордо" эмес.
- М. Бкиев башкарган ЦАРИИ качан түзүлдү, эгерде М. Бакиев үлүштөрүн тартып алып жатса мейли жергиликтүү компаниялар корксун, чет өлкөлүк компаниялар бир да жолу ачык айтып чыгышса болмок, биздин эсибизде Бакиев- Кулов тандеми ТГМКны колдоп чыккан Англиянын премьери Т. Блэрдин колдоосун карабай койгон. Убагында ачыкка койгондо азыр айтканынарга жакшы болмок.
- Апрель революциясын кыргыз эли "Жерүй" алтынга, "Визорго" эмес, К. Бакиевдин диктаторлук режимине каршы жасады. Элдин эсинде Бишкек шары, бир катар чет өлкөлүк компаниялардын жабыр тартышы менен калды. Таласта революция башталып эл бийликти алып, жаңы шайланган обл. УВД начальнигин буйругу менен "Жерүйгө" барганда СБ (КК) нын начальниги Орозалиев А. Б. башка жактан келип иштеп жаткан СБ кызматкерлерин чогултуп, өзү баш болуп кетип калышты. Ал жерде Бекмолдо айыл өкмөтүнөн иштеген гана СБ кызматкерлери калышкан. Биз билбейт экенбиз, Орозалиев А.Б. өзү билемдикке салып кызматкерлерди алып, объектилерди таштап кеткенин же сиздердин буйрукту аткарганын, аны өзүңөр териштирип аларсыздар.
- Ош жергесинде болгон кыргыз-өзбек улут аралык чатагы "Жерүй" менен "Визорго" кандай тиешеси бар? Муну сиздер билбесеңиздер биз билбей жатабыз. Улуттук комиссия деле өз текшерүүсүн чыгарып, парламентте талкуу болду, бирок "Жерүйгө" тоскоол болуп иштери токтоп, иштей албай калыптыр деген жыйынтыкты сиздер уккан жок болушуңуздар керек.
3. Сауэр мырза жана "Жерүй" алтын компаниясынын биздин альтернативдик чечимге ЖРМ тарабынан колдоо тапкан жок деп көрсөтөт. Көрсө Шлоссер мырза 2005-жылы ТГМК да иштеп жүргөндө заводду "Кулунэмбеске" куруп, кийин заводду "Аалы-Төргө" курам деп 2010-жылы компания лицензиясын алдырардын алдында кендин рудасын Макмалга же Кара-Балта шаарына ташып, ошол жактан иштетип, алтын чыгарабыз дегенди ойлоп чыгарышыптыр.
- Буга жоопту ЖРМ министри болуп иштеген Жумалиев К. газетага берген макаласында "Бул сунуш АВАНТКРА" деп атаптыр. Макалада бул долбоордун мүмкүн же мүмкүн эместиги тууралуу Талас областынын эли өз ойлорун ортого салыша алат дептир, кен чыккан жердин жашоочусу катары биз да өз оюбузду ортого салсак:
- Ташылып барып чыгарылган алтындын өздүк баасы канча болот?
- Суусамыр-Талас-Тараз жолу жаңы курулуп жатат, Бекмолдо айылында жаңы салынып асфальтталган 1 катмары төшөлдү, 40-50 т. Руда ташыган машиналарга туруштук береби?
- Талас шаарына чейин эле 10дон ашык эл көп жашаган айылдарды жол курчайт.
Аралап өтөт экен, ошол айылдын жашоочулары макулдук беришеби?
- "Жерүй алтында" болгону 10 чакты КАМАЗ жүк ташуучу машинасы бар, ошолор ташып жетүүгө мүмкүнчүлүгү барбы?
4. Сауэр мырза, биз Кыргызстандагы компаниялардын машиналарын чогултуп келебиз деп көрсөтүптүр, ошол компаниялар келишсе машиналарын жергиликтүү айдоочуларга береби, ал эми жумушчулардын 70% жергиликтүү элден алынат деген келишим эмне болот?
- Иштесек, дагы 400 жумушчу алабыз дегени калп болот, себеби "Жерүй" анда руда алынган карьер гана болоору сокурга деле көрүнүп турбайбы. Ушул суроолорго биз жооп таппай турабыз, жооп берип койсоңор жаман болбос эле.
Лицензия алынгандан кийин КР, ЖКга кайрылган экенсиздер, депутаттык комиссия келгенин угуп, эл менен №1 КППга барып күтүп туруп депутаттарга жолукканга үлгүрүп калдык. Депутаттарга, губернаторлорго, акимге жолугуп, биз аларга өз ойлорубузду, талаптарыбызды, сунуштарды айттык, алар да өз ойлорун, көргөндөрүн айтышты. Тилекке каршы, Шлоссер мырза, сизди көрө алган жокпуз. "Жерүй алтындын" объектисинде же автомашинадан түшкүңүз келген жокпу, билбейбиз. Эмнеге эл менен жолугушкуңуз келбегенинин сырын өзүңүз эле билсеңиз керек. Кийин жакындан ЖКнын комитетинде болгон жыйында телевизордон кыскача эле көрсөтүп койду. Комитеттин төрагасы К. Рыспаевге, рахмат, өзү көргөнүн толук чындык кылып айтты. Сиз өз жообуңузда "Жерүйдү" 4 жыл мурда көрсөңөр болот эле деген жообуңуз бизге түшүнүксүз болуп калды, биздин оюбузча өзүңүз курулушуна катышкан ТГМК курган кезди айтып жибердиңиз окшойт?
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жашоочусу катары биз 4 жыл ичинде эмне жумуш болгонун көрүп-билип турабыз го, бизди кантип алдайсыңар?
Жакындан бери эл арасында дагы сөз тарап суроолор пайда боло баштады. Бул сиздин компаниянын СБ/КК/да иштеген 29 кызматкер жергиликтүү элдин жана бир катар кызматкерлер менен иштеше албайбыз деп сизге кайрылуу жолдошконун, биз азырынча бул мындай же тигиндей деп айталбайбыз, бул ишти териштирүү сиздин ишиңиз. Бирок, биз бул иш адилеттүүлүк, калыстык менен чечилерине үмүт арта туралы.
Өзүнүзгө белгилүү болгондой биздин айыл өкмөтүнүн эли акыркы каршылык акциясын 2007-жылы өткөргөн, андан кийин болгон жок. Бакиев бийлигине Атамбаев А. премьер болуп турганда У. Өмүралиев айыл өкмөтүнүн эли митинг, пикет уюштурганда Атамбаев кортежи таш бараңга алынганда сиздин компанияны колдоп турушту. Азыркы күндө Талас районундагы Көпүрө-Базар айылынын эли "Андаш" кенин ачтырууга каршы болуп, Арал айылынын эли чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан компанияны иштетпей жатат. 13-мартта 2010-жылы Талды-Булак өзөнүндө изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан компаниянын имараттары өрттөлүп жок кылынган. Бирок биздин эл мындай ишке барбайт деп айталбайбыз, ал үчүн өзүңөрдүн кайрылууңарда айтылгандай адилеттүүлүк, чындык, калыстык, жергиликтүү элге кылган мамилени өзгөртүшүңүздөр керек.
Азыркы убакта биздин айыл өкмөтүнүн элинин талабы өкмөт тез арада теңи ачык тендер өткөрүп, тендердик комиссияга 4 айылдан өкүл кылып, 4 адамды тендердик комиссияга кошуусун, үлүштү товардык түрдө өндүрүлгөн алтындан тиешелүү бөлүгүн бөлүүнү, жумушчулардын 70% жергиликтүү элден алууну талап кылабыз жана өкмөткө сунуштайбыз. Мурдагыдай "Жерүй" алтын кенин жең ичинен жогору жактан чечилишине Бекмолдо айыл эли азыркы мезгилде жол бербейт.
Президент Р. Отунбаева 2009-жылы 29-ноябрда оппозициянын Элдик курултайында сүйлөп, "Жерүй" тууралуу төмөндөгүлөрдү айтыптыр:
"2007-жылдын июнунда "Жерүй" алтын компаниясы дүңгүрөтүп, ТЭЦдин тушоосун кескен. ЖАК тын башкармасынын төрагасы Емельянов деген эме жана ага окшогондор өз кожоюндарынын атынан 2000-жылдын күзүндө алтын чыгарганга кепил болобуз деп бакылдашкан. "Жерүй" Совет доорунда эле ачылып, иштетүүгө даяр болгон, эгер 1994-жылы иш башталса кен небак иштетилип чыгып, атүгүл жабылып, жер култивациядан өтмөк. Акыры эмне болду? Бүгүн бул жерде үчүнчү кожоюн алмашып жатат. Сокур адамга деле көрүнүп турат, кен чыккан соң кайра-кайра сатылып, колдон-колго өтүп, каймагы эң башкы рейдердин куржунуна түшөт. Өкмөт муну капиталдаштыруу деп атоодо. Талас эли бийликтин облусту өнүктүрүүдөгү кылмыштуу саясатына каршы. "Кенебес эл кенин талатат, келесоо манап элин талатат" деп "Жерүй" тууралуу сөзүн аяктаган. Мурдагы СДПК нын мүчөсү, азыркы учурдагы Президент Отунбаева оппозицияда жүргөндө айткандай, биз, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн эли "кенебес" эл болгубуз келбейт, болгубуз келген учурда да азыркы мезгил жол бербейт. Ал эми ошол учурда бийликте жүрүп кайра бийликке келгендерди оппозицияда жүрүп бийликке келгендерди азыркы Президент айткан "……………….. манап элин талатат" деген сөзгө калбоону каалап кетебиз.
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Ажыбаев Б.
Катчысы Оторбаев С.




Конституция -
эгемен мамлекеттин негизги пайдубалы
(5-Май - Конституция күнүнө карата)
Референдум… Кайра-кайра алмашкан Конституция. Кудум бир жамаачыга экинчи жамаачыны чаптай салгандай көрүнүштөргө күбө болуп келебиз. Ырас эле биздин Баш мыйзам жыртылган чапандын өзүн элестетет. Ага тытылган сайын жамаачы салган менен эскирген чапан эскилигин кылат экен го.
Эстеп көрөлүчү, эгемен өлкө катары эркин жашоо багытына сапар алган соң, 1993-жылы 5-майда алгачкы Конституцияны кабыл алдык. Анын негизинде мамлекеттик символдор болгон Туу, Герб, Гимн жаралды. Бул - эгемендүү, демократиялык, укуктук мамлекет экенибизди тастыктай турган башкы белгилер эле. Андан бери бир топ жылдар өттү. Коом өзгөрдү. Бийлик алмашкан сайын ар кимиси өз кызыкчылыгына ылайык Баш мыйзамды байпактай алмаштырып, каалаган бутуна кийип да алды. Бирок, Конституцияда канчалык оңдоп-түзөөлөр, толуктоо, өзгөртүүлөр киргизилип, кайра-кайра алмашканы менен калктын жашоо-турмушунда алгылыктуу өзгөрүү байкалбай, тескерисинче, өйдөдөн төмөн карай бара жатат. Азыркы тапта 2010-жылдын 27-июнунда Бүткүл элдик добуш берүүдө (Референдум) кабыл алынган Баш мыйзамдын негизинде жашап жатабыз. Бул Конституциянын редакцияланган акыркы варианты. "Анын мөөнөтү 2020-жылга чейин" деп белгиленген. Бирок, аталган акыркы вариант боюнча да ар түрдүүчө кайчы пикирлер айтыла калып жүрөт. Айрымдар учурдагы коалициянын ыдырап, ыркы кетип, көз караштарынын кагылып турганын дал ушул 2010-жылы 27-июнда кабыл алынган Баш мыйзамга байланыштырышат. Алардын көз карашында, ал чала-чарпыт, так эмес, үстүрт иштелип чыккан. Ошондон улам, башаламан системада калганыбыз айтылат. Бул ойго улай эле азыр да сөз боло калып жүргөн легендарлуу Парламентте ал кезде депутат болгон айрымдар ошол баштапкы кабыл алынган 1993-жылдагы Конституцияны кайра калыбына келтирмейин, эч качан мамлекеттик өсүш, өйдөлөө болбостугун көп айтышат. Ал эми экинчи тараптын пикиринде, жаңы кабыл алынган азыркы Конституция эч кынтыксыз. Ал мөөнөтү бүткүчө иштеп берүүгө тийиш.
Талаш пикирлерге жооп издөө максатында биз да айрымдардын ойлоруна баам салып көрдүк. Баш мыйзамдын акыркы вариантын кабыл алууда Кеңешменин төрагасынын орун басары катары милдет аткарган Ашырбек Бакаевдин билдирүүсүнө таянсак, Конституциянын жаңы редакциясында катачылыктар кездешет. Анда орусча, кыргызча тексттери бири-бири менен айкалышпай, башка-башка маани берген жерлери көп. Андан тышкары, Баш мыйзамдын кыргызча текстинде көп түшүнүктөр эки ача маанини билдирип калганын да байкоого болот. А негизи Конституция таптак бир гана түшүнүктү бериши керек. "Мени кичине ардантканы, ошол мезгилде Конституциялык Кеңешменин төрагасы болуп туруп, жакында эле Ө. Текебаев: "Конституциянын кайсы бир беренесинде "Жана башкалар" деген жазуу бар. Президент аны пайдаланып, укугун кеңейтип эле иштей бербейби…" деген оюн билдирген. Бул кандайдыр бир Президентке жасалган кошомат катары сезилет. Өмүрбек Чиркешовичтин бул ою Баш мыйзамды ой-келди пайдалана берүүгө жол ачат да: "Каалагандай калчай берсек, анда мунун эмнеси Конституция?!" деген пикирлерди жаратат. Баамдасак, Конституциялык Кеңешменин негизги мүчөлөрү, долбоорду жазгандар өзүлөрүнө жаккан же алардын оюн жактай турган адамдарды көбүрөөк топтоп алгандыктан "Биз Парламенттик мамлекет кылабыз!" деп, так ушул долбоорго токтолгону белгилүү. А чындыгында Парламенттик Республика деп айтылганы менен иш жүзүндө Президенттик - Парламенттик мамлекетпиз. Конституцияда: "Парламент өлкөнү башкарат" деген сөз жок. Болбой эле айрым депутаттар чамынып, укуктарын ашкере иш жүзүнө ашырып, өзүлөрүн Президенттен жогору койгулары келет. "Бул - саясий чала бышкандык" деп койсок болот. Анткени, Баш мыйзамда: "Президент мамлекеттин башчысы" делген соң, ал так аткарылууга тийиш" дейт Ашырбек Бакаев.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Турат Мадылбековдун баамында идеалдуу эч нерсе болушу да мүмкүн эмес. Демек, кабыл алынган кайсы Конституция болбосун, анын ар биринен мүчүлүштүктөрдү табууга болот. Депутаттын ою боюнча, 1993-жылы кабылданган Баш мыйзамдагы кетирилген катачылыктар үчүн деле кезинде ар кандай чыр-чатактар, талаш-тартыш маселелер орун алган. А азыркы жаңы вариантта ошол 1993-жылкы Конституциянын жакшы жактары да кеңири эле камтылган. Демек, Конституция мөөнөтү бүткүчө өзгөрүлүүгө тийиш эмес. "Коом жаңырып, алдыга жылып турат. Он жылдан кийин бул Конституция дагы өзгөрүшү керек. Дегинкиси, Конституциянын негизинде жаңы, пайдалуу мыйзамдарды кабыл алсак эле баары ордуна келет. Поэзд эч качан артка кайта албайт" дейт Турат мырза.
Ошо эле учурда айрымдар Баш мыйзам эмес, жөнөкөй эле катардагы мыйзамдар натыйжалуу аткарылбай жаткандыгын белгилешет. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Капашовичтин пикиринде 2010-жылы Конституция өтө шашылыш түрдө кабыл алынган да, жогоруда белгилендей, анын кыргызча, орусча тексти бири-бири менен айкалышпай, так эместиктерге жол берилген. Антсе да, мамлекетибиздин бүтүндүгү, калктын тынчтыгы үчүн ал бир-эки жыл убакыт иштеп, качан гана жаңы Президент шайлангандан кийин Баш мыйзам кайрадан каралып чыгып, кабыл алынышы керектигин айтат эл өкүлү. "Ырас эле 1993-жылкы кабыл алынган Конституция легендарлуу парламенттин 350 депутатынын катышуусу менен эки жыл бою талкууга алынган. Талкууга Президент да, эл да кеңири көзөмөл кылып, жыйынтыгы мыйзамдуу түрдө кабыл алынган эле. Андан кийинки бир да Конституция дал ошондой кеңири талкууланган эмес. Андыктан, ал биздин тарых! 5-Май - Конституция күнү катары татыктуу түрдө майрамдалышы керек" дейт К. Иманалиев.
Кандай болсо да, 1993-жылы кабыл алынган Конституциянын мааниси андан кийинки өзгөрүлүп жүрүп олтурган Баш мыйзамдардын маанисине караганда кыргыз мамлекетинин, кыргыз улутунун кызыкчылыгын жактаган толук, натыйжалуу маалымат болгондугун да сөз кылышат. Андан бери он сегиз жыл өттү. Замандын өзгөргөндүгүнө, калктын кандайдыр бир коомдук түшүнүгүнө жараша жана экономикалык жетишкендиктердин мүмкүнчүлүктөрүнө, жыйынтыктарына карап туруп, Конституцияга айрым өзгөртүүлөрдү киргизип алса деле болоору талашсыз маселе. Кейиштүү жагдай, Баш мыйзам улут кызыкчылыгы үчүн эмес, бийликтин эки чылбыр, бир тизгинин кармаган бир ууч топтун жеке камчысына айланып келет.
Ашырбек Бакаев: "Кайрадан Конституцияны карап, мүчүлүштүктөрүн оңдоп чыгууга биздин жетекчилерибиздин эрки да, убактысы да жетишпей жатса керек… Баш мыйзамды артыкча сыйлап, ыйык тутуп, калктын кызыкчылыгына ылайык иштетиш үчүн абдан дасыккан тажрыйбалуу адистерден комиссия түзүп, биринчи эле анын кыргызча, орусча текстин тууралап, эки варианттын маанилерин бири-бирине дал келтирип, редакциялап чыгыш керек да, комиссиянын жыйынтыгына таянып, Конституциянын жаңы текстин кайра чыгаруу шарт" деп билдирет. А чынында эле Ашырбек мырза айтмакчы, жаңы кабыл алынган Баш мыйзамдын орусча текстинен эле жүз жыйырма ката табылса, кыргызчасы деле туура жазылгандыгы күмөн жаратат. Бир эле мисал. Конституциянын (Жаңы редакциясы жөнүндө сөз болуп жатат) алгачкы бетин ачканда эле чоң тамгалар менен "Мазмууну" деп жазылган. Биринчи бетинен эле табылган грамматикалык ката кимди болбосун ирээнжитпей койбойт. А тексттин стилистикалык катасын атайын адистер жиликтеп чыкса, узун сабак сөз болоор… Эмнеси болсо да, алдыда Конституция күнүнө карата саналуу гана күндөр калды. Түпкү тарых унутулбайт! Алгач эркиндиктин туусун желбиретип, кабыл алган Баш мыйзам бизге азыркы мына ушул күндү, жетишкендиктерди алып келгендигин жокко чыгаруу мүмкүн эмес…
Аида САДЫКОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??