УЛУУ ЖЕңИШ

КҮНҮНӨ 66 ЖЫЛ
Тоолордой бекем болгула!
Улуу Ата мекендик согуш каармандыктын эң кыйын сыноосу болду. Бүткүл совет коомунун биримдигинин аркасында гана ал Улуу жеңиш менен аяктады.
Жети миллион Советтик жоокерлер фашизмге каршы уруштарда көрсөткөн эр жүрөктүүлүгү жана баатырдыгы үчүн Советтер Союзунун ордендери жана медалдары менен сыйланышкан. Он бир миң адам Советтер Союзунун Баатыры деген наамга ээ болгон.
Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторунда салгылашып жаткан Кыргызстандын жоокерлерине берилген билдирүүгө мындай деп жазышкан: "Кыргыз атчандары! Кыргыз жөө аскерлери! Артиллерист кыргыздар! Силер өз Родинаңардын тоолорун коргоп жатасыңар. Душман менен салгылашууда ошол тоолордой бекем, Ала-Тоо сымал киши өтө алгыс, душманга Тянь-Шандын тоо чокуларындагы кардай ырайымсыз жана суук болгула. Силер бүткүл Советтер Союзун коргоп жаткандыгыңарды, дүйнөнү караңгы тумоодон бошотууда тарыхый иш жасап жаткандыгыңарды унутпагыла… "
Родинанын ишеничин аткарып, Кыргызстандын уулдары Советтер Союзунун бардык элдери менен бирдикте бир тууган Түндүк Кавказ жана Украина, Белоруссия жана Литва, Эстония жана Молдавия, Закарпатьенин жерлерин каармандык менен коргошту жана фашисттик баскынчыларынан бошотушту. Эрдиктерди көрсөткөн 70тен ашык Кыргызстандын жоокерлерине Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилди.

Ар бир экинчи жоокер согуштан кайтпай калган
Улуу Ата Мекендик Согуш кыргыз эли үчүн да чоң сыноолордун бири болгону талашсыз. Майданга аттанган 363144 миң кыргызстандыктардын 162 миңи, же болбосо дээрлик ар бир экинчиси кайтпай калгандыгы бир ууч элибиздин капталын эңшерип кеткен. Бул согушка 1395тен ашык кыз-келиндерибиз да катышкан. Кан күйгөн согушта, оорукта аталарыбыз, апаларыбыз теңдешсиз эрдикти, каармандыкты көрсөтүшкөндүгү, бүгүнкү биз үчүн, келечек муундар үчүн үлгү катары кылымдарга кала берээри шексиз.
Белгилүү болгондой, жердешибиз генерал И.В.Панфиловдун кыргыз-казак элдеринен түзүлгөн 316 аткычтар дивизиясы Москваны коргоодо эбегейсиз эрдик көрсөтүшүп, душмандын 9 миң жөө аскеринин күлүн көккө сапырып, 80 танкасын жок кылышкан. Алардын катарында тарыхка 28 баатыр деген ат менен кирген, Советтер Союзунун Баатыры наамын алган Дүйшөнкул Шопоков баш болгон 7 кыргызстандык бар эле.
Жаңы гана 19 жашка толгон Чолпонбай Түлөбердиев ок атылып жаткан амбразураны көкүрөгү менен тосуп, унутулгус эрдик көрсөткөн. Воронеждеги кыргыз диаспорасы тарабынан анын Дон дарыясынын жээгиндеги жасатына эстелик коюлуп, атайын музей уюштурулган.
Душмандын 8 танкасын, 6 бронемашинаны, 40 фашистти жок кылгандыгы үчүн артиллерист Д.Асановго Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Ал Согуштун жана эмгек ардагерлеринин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп иштеп жүрүп, 2009-жылы сентябрь айында дүйнөдөн кайткан. Жалпы алганда, Улуу Ата Мекендик Согушта кыргызстандык 76 жоокерге Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылса, 34 адам Даңк орденинин үч даражасын тең алышкан.
Учурда Кыргызстан боюнча 4000 согуштун катышуучулары калды. Алардын 1090ну Бишкек шаарында жашайт.
Даярдаган
Геннадий Холкин.

АСКАЛАР ТИК СУНУП КЫЛЫЧЫН, ЭЛ ЧЕГИН КАЙТАРЫП ТУРГАНСЫЙТ
КАРЫЗМЫН
Өмүрдө көптөргө карызбыз,
Не керек чөктүрүп көңүлдү.
Жакынбыз, бирөөгө алыспыз,
Жашайбыз бар да, жок өмүрдү.

Жолдоштор, мезгилге жашынба,
Кайталайт доочулар бир кепти.
Карзың көп үйүлгөн башыңда,
Аткаргын жүрөктө милдетти.

Карзың көп бул өмүр шай кимде,
Адамда ар кандай ала бар.
Парзыңдан кутулуу кай бирде,
Сендеги өмүргө барабар.

Карызды кайырып жүрөлүк,
Бул ыйык ортодо келишим.
Ан үчүн кай бирде тирүү өлүп,
Же керек өмүрдү беришиң.

Убакыт ар кимди кошо элеп,
Жыйынтык чыгарат карасаң.
А, менде өмүрү боло элек,
Такыр жок бирөөдөн аласам.

Ким билет тагдырды кайыма,
Аз бердим, өтө көп алыштым.
Билемин жашоодо дайыма,
Көбүңө бере алгыс карызмын.

КЫРГЫЗЫМ
Кыргызым, сыймыгым, ырысым,
Ак даамын ийилип сунгансыйт.
Аскалар тик сунуп кылычын,
Эл чегин кайтарып тургансыйт.

Кыргызым, көп тарткан запкыны,
Күрсүнүп оор ойго баткансыйт.
Түйшөлүү күндө ээлеп калкымы,
Улуу Салт жоголуп жаткансыйт.

Кыргызым, тоолоруң, өрөөндөр,
Кең кутуң, ырысың уюсун.
Каалаймын түлүктөр, көгөөндөр,
Жергемде көбөйүп турушун.

Өнүгүп коомубуз бүтүндөй,
Көркүңдү көргөндөр кубансын.
Бейиш, деп меймандар үзүлбөй,
Кең кутуң муундарда улансын.

ТУРСА ЭКЕН
Тилек бар максаттуу дилимде,
Белсене улантып жолумду.
Сөзгө бай Кыргыздын тилинде,
Ой толгоп жазсам дейм сонунду.

Изденип жаратсам жаңыны,
Ээ болуп эң бийик билимге.
Эргүү бар дүрбүткөн канымы,
Энемдин эң ыйык тилинде.

Жергемде өчпөстөн ак жарык,
Ааламда жылдардын миңинде.
Турса экен салт, санаа сакталып,
Кыргыздын эң улуу тилинде.

МЕНДЕ ДАГЫ
Чапса да теңиң жалаң,
Илгери душман кырып.
Дагы эле элим аман,
Жергемде кутман, ырыс.

Турса да басып, сурап,
Калтырбай эч бирөөнү.
Дагы эле кагып турат,
Кыргыздын эр жүрөгү.

Көп суутуп демин душман,
Болбогон эрде сыныш.
Андыктан элим кутман,
Түбөлүк жергемде ырыс.

Жараткан жалгап койсо,
Өнүгүү жерде жаңы.
Кыргызым аман болсо,
Бакыт бар менде дагы.

Кубанычбек АДАМАЛИЕВ,
КР медицинасына эмгек сиңирген врач.