Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Белгилүү жана белгисиз адамдардын жоруктарынан

Орозбектен
ойноок кеп
ЖАШЫРЫНЫП ЖҮРӨЛҮЧҮ
Начальник /өзүнчө/: Азыр эмне көп? Гезит. Кээде гезитке чыккан кээ бир окуяларга ишенээр-ишенбесиңди билбей башың катат экен. Мына, бул гезитке минтип жазыптыр: "Жакында бир айылдын тургундары адамча кийинген маймыл көрүшүп, ага ушунчалык таңдангандыктан, ооздорун ачкан бойдон жүрүшөт. А, маймыл элден үркүп, дааратканага кире качкан. Анын артынан барууга эч ким батынган эмес".
Эсепчи /бетине түлкүнүн маскасын тагып алган/: Саламатсызбы!
Начальник : Сен кимсиң? Эмнегедир үнүң тааныш.
Эсепчи : Мен? Галавный… тоюс, главный бугалтыр…
Начальник /ачууланып/: У-уу, энеңди!.. Мени бир аскербилания кылайын деген экенсиң да.
Эсепчи : Аксакал, мени туура түшүнүңүз. Жумушчуларга таанылбас үчүн түлкүнүн маскасын тагынып алгам. Себеби, алар көптөн бери эмгек акыларын ала элек да. Мени көрсө эле "акча" деп чурулдай беришет. Ошондуктан ушул амалды ойлоп таптым. Өгүнү маймылдын маскасын тагынып алып көчөдө келаткан элем. Как раз биздин жумушчулар таңданып артыман ээрчип албаспы. Мен алардан качып, дааратканага бекинип калдым.
Начальник : А-а азыр эле гезиттен ушундай макаланы окубадым беле. Көрсө, ошол маймыл сен турбайсыңбы.
Эсепчи /сыймыктанып/: Дал өзүмүн, аксакал!
Начальник : Та-ак, дайым эле элден качып жүрө бербей, тезирээк акча-пакча таппайсыңбы?
Эсепчи : Болгон акча дароо эле иштелип кетип атпайбы, аксакал. Өткөндө "иномарка" алдыңыз эле 200 миң сом "оомийин" болду. Кайнагаңыз уул-той кылганда 30 миң сом…
Начальник : Деги биздин жумушчулар канчадан маяна алат экен?
Эсепчи : 60-70 сомдон. Эң көбүнүкү 99га жетет.
Начальник : О-уу, көп алышат го! Бу безпорядок. Алардын акчаларынан өөнөп калат деп мен сага ишенип жүрсө…Таптакыр уятың жок экен.
Эсепчи : Бул күнөөм үчүн сизден кечирим сурайм!
Начальник : Акыркысы болсун!
Эсепчи : Аксакал, биз жумушчуларды эмгек акысыз эле иштетип жүрө бербейлиби? Акча сурашса, эртең деп жооткотуп жүрө беребиз. Эртең түгөнмөк беле.
Начальник : Жок, анда-санда эптеп бирдеңке берип турбасак болбойт. Баса, алар "акча" деп кыйкырышып, менин да шаштымды алып жатышат. Акча табылгыча мен да маска тагынып турайын.
Эсепчи : Туура айтасыз, аксакал. Сизге уй же пил маскасы жарашат.
Начальник: менимче, аларга караганда чочконуку дурус го!

ЗАЧЕТКА
Студент : -Агай, зачет коюп бериңизчи…
/Окутуучу чөнтөгүн сыртынан таптап коет/.
Студент : А-а, акчаны айтыбатасызбы? Акча бар, агай. Азыр мунсуз иш бүтчү беле? Өзүм да кантип берээримди билбей тургам. Мынакей, 250 сом!
Окутуучу : Молодец!
Студент : Зачеткама…
Окутуучу : Жо-ок, али иш бүтө элек. Менин бир журналист досум бар. Ошол досум жаңы гезит ачкан экен. Азыр ага жардам керек болуп жатат. Андай кылбасак, банкрот болуп, гезити кайра жабылып калышы ыктымал.
Студент : Кандай жардам?
Окутуучу : Досумдун гезитине окурмандар жазылышы керек. Кана, сен жазыласыңбы?
Студент /бошоңку/: Ооба.
Окутуучу : Давай, анда 48 сом…
Студент /үшкүрүнүп/: Мына…
Окутуучу : Менин аялым частный фирмада тигүүчү болуп иштейт. Бирок, азыркы чыгарган товарлары сапатсыз болуп, жакшы сатылбай жатыптыр. Демек, ага да жардам керек.
Студент : К…кандай жардам?
Окутуучу : Анын өтпөй калган товарларын сатып алганың - сенин жардам бергениң. Давай, сен муну…/койнунан чоң трусы алып чыгат/.
/студент сатып алат/
Окутуучу : А, жакшы. Демек, сен азыр зачеткаңа койдургандан кийин муну курсташтарыңа жууп беришиң керек да. Туурабы? Анан курсташың да өздөрүнүкүн жуушат эмеспи. Анүчүн сен менин бөлөм жасаган арактан сатып алгын. Мына… /шымынын чөнтөгүнөн бир бөтөлкө арак сууруп чыгат/.

Орозбек БӨРҮГУЛОВ.







кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??