Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Кимге айтам күйүтүмдү...?

"Электр станциялар" коомундагы коррупция жана адилетсиз жетекчилер
"Электр станциялар" акционердик коомунун жылдык чогулушу өтүп, ал тармактагы желелеп кеткен коррупция бир-эки жылда жок болбосу дагы бир жолу айдан ачык болду. Бул жерде да балык башынан сасыптыр. Медетбек Айткулов деген "свет акебиз" "Электр станциялар" ААКсында "кыйратып иштеген" экен, аны "Кыргызстандын улуттук электр тармактар" деген беркиден кем эмес май талкандуу ААКсына "сүргүнгө айдашты" да, ордуна Бабановдун партиялашыбы-хартиялашыбы- Аман Тентиевди апкелип отургузушкан. Соңку 2-3 жылда Грузияда эл аралык инвестициялык коомдо банк, телекоммуникация тармагынын чемичкесин чагып, ча-часын ичип келген 34 жашар азаматты Жамалбек Түлөбердиев, Карыпбек Алымкулов, Рысбек Качикеев, Сагынбек Дордоев, Закиров деген директорлор Кеңешин канча жылдап кучактап отурушкан карт бөрүлөр чекесинен өөп, кучак жайып тосуп алды деп турасыңарбы? "Нычего падобного?!" ЖК депутаты А.Жапаров айткандай, электр тармагы Кыргыз экономикасындагы эң коррупциялашкан тармакка айланып алгандан кийин Ак үй тараптагы ана башчылар, көк үй тараптагы көнөк баштар, АКнын ичиндеги карт карышкырлар Саакашвилиден сабак алып келген жубарымбекке жемин жедирип коюп отуруп калышмак беле. Жаш жигитке сыртынан сыр алдырышпай, жойпоңдоп-бойпоңдоп коюшканы менен ичтеринен ириң өтүп, акционердик коомдогу былыктарды кол сынса жең ичинде деп сыртка чыгартпай, түшкөн пайдадан көбүрөөк жымырып калууга жан далбас кылып жүрүшкөн чагы. Фактыларга өтөлү.
Жылдык чогулушта ААКнын он бир айлык отчеттук мезгил ичинде 3 миллиард 360 миллион 200 миң сомдук киреше тапканын текшерүүчүлөр көзгө сайып көрсөтүп отуруп ачыкка алып чыгышкан. Бирок ошого карабастан текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү Ишенбек Жунусалиевди, Нурлан Токталиевди Энергетика жана мүлк министрлигинин өкүлдөрү баш болуп, директорлор Кеңешинин карт бөрүлөрү төш болуп көчүккө тээп кууп чыгышты да, алардын айдаганына жүргөн, айтканына көнгөн Сагын Увайдаева деген төрайымын алып калышты. Бул ишкана Акаев заманында да, Бакиев заманында да эзели мынчалык пайда менен чыккан эмес деп ушул тармактын ар бир адиси айталат. ГЭСтердеги суулар сатылса, электр энергиясы уурдалып, арзанга сатылса, "коммерциялык, техникалык жоготуулар" деген шылтоолор менен миллиондогон киловатт-сааттар эсептен чыгарылса, айтор биз билбеген дагы толгон-токой коррупциялашкан схемалар боюнча сол чөнтөккө түшүп жаткан акчаларды эки текшерүүчү таап чыгып, ортого койсо - андай адамдарды эски замандын, эски көз караштын адамдары кантип эле экинчи жылга ишке калтырсын? Жаңыча көз караштагы, таза, булгана элек жетекчи деп үмүттөнгөн Аман Тентиев да калыс сөзүн айтканга жарай алган жок. Анан кантип Кыргызстанды жаңы бийлик, жаштар оңойт деп ишенсе болот. Мурдагы көч кайда барса, кийинки көч да артынан түшөт эмеспи. Ошентип чынчыл иштеген Ишенбек менен Нурлан ишсиз калышты.
Эми 3 миллиард 360 миллион сомдун кайсы булактардан кантип табылып, ага ААКнын жетекчилери кантип бут тосконуна бир-эки мисал. И.Жунусалиев ААКнын борбордук аппаратында бензин менен командировка каражаттары кандайча чыгымдаларын гана териштирип, 1 миллион сомдон ашуун жасалма документтер менен уурдоолордун бетин ачат да, 15.02. 2011-ж. акт жазып, мурдагы баш мүдүр М. Айткуловго берсе, ал башкы бухгалтер Зинаида Барановага берет. Ошол ортодо М. Айткуловдун ити чөп жеп "көтөрүлүп", ордуна бабановчул А.Тентиев келет. Текшерүүнүн актысы төбөсүндөгү топусунан тарта бутундагы носкисине чейин оңдолуп-түздөлүп жазылышына текшерүү комиссиясынын төрайымы Сагын Увайдаева "зор талантын" көрсөтүп, миллион сомдун жыты да жок жаңы акты жазылат. Көрсө С.Увайдаева 2009-жылдын жыйынтыгын жазганда да "ишкана бир да сом пайда таппай аяктады" деп актыны "үтүктөп жазган" ыкмасына салган окшобойбу. "Комиссиянын төрайымы эмеспи, мени коргоп калаар" деп үмүт кылган чынчыл текшерүүчү Ишенбек аксакал да кызык киши да. С.Увайдаева чоң теринин бучкагы экенин көрүп-билип жүрсө да, саамайынан сылап эркелетип, бир эмес төрт жерге тайраңдатып иштетип койгон эри Эсеп палатасынын бакандай аудитору А.Нышанов деген эр азамат экенин билсе да, жети объектини текшерүү учурунда анын бирөөсүнө гана тийип-качып аралашкан Увайдаевадан жакшылык күткөнүн карабайсызбы. Аз да болсо ыйман-ызааты бар эски замандын кишиси экенсиз да, бечара бусурманым. "Тийген эри жарашса, кара катын ак болот, баккан ээси жарашса, күйпүл күчүк сак болот" деген ушу да, Ишенбек аксакал.
Текшерүүчү И.Жунусалиев Нарын ГЭСке башкы бухгалтер З.Баранова мыйзамсыз акча которгонун таап алганда да, Камбар-Ата ГЭСинде да мыйзамсыз миллиондор "свет акелердин" чөнтөгүнө кетип жатканын таба баштаганда да ошол эле төрайым Сагын Арысовна аксакалды чакырып алып, "сен иштегендерге тоскоол болуп жатыптырсың" деп текшерүүнү улантууга жол тосуп койгон.
ААКнын башкы бухгалтери З.Баранова, кассири Н.Каширина 2010-жылдын 7-апрель күнү (Ак үйдө бийлик алмашуу жүрүп жатпады беле?) ишкананын кассасынын сейфинен 2 миллион 700 миң сом акчаны "жоготуп алышкан" факты боюнча да Эсеп палатасынан Н.Бокешов, К.Итигулов, Н.Кудайбердиев текшерип, бирок жазылган актыда негедир бул фактыдан айланып өтүп кетишкен. Бул ишке текшерүү комиссиясынын төрайымы С.Увайдаева, Эсеп палатасындагы анын эри А.Нышанов "эч аралашкан эмес". (Аралашты деп ким айтып жатат? Кана, далилиңер барбы?) 2 миллион 700 миң сом өзүнөн өзү эле "жок болуп" кеткени боюнча Биринчи Май РИИБсынан "акчаны анча жакшы көрбөгөн" тергөөчү Р.Жунушалиев иликтеп баштады эле, анын да аягы дайынсыз болуп, кылмыш иши жым-жым болуп кетти. Жабылып калган бул кылмыш ишин кайра тергеп, жоголгон акчаларды тапса, бир жолу да дивиденд албаган ардагер акционерлерге чай берип, ыраазылык баталарын алганга жетээр эле? Бишкек шаардык прокуратурасы да бул иш боюнча ушул кезге чейин ооз ачпаган "балык".
Жаңы жетекчи А.Тентиев көптөгөн финансылык былык-чылыктардын башында келаткан баш бухгалтер З.Баранованы иштен алууга кудурети жетээр бекен? Же тамыры тереңдеп кеткен коррупциянын желесине өзү илинип, ал дагы терең чуңкурдан чыгалбай калабы? "3 миллион сомго жакын мамлекеттик каражаттын уурдалышын "көрбөй" калсаңыз, 3 миллиард сомдой кирешенин түшүшүн жөндөй албасаңыз баш бухгалтер катары ал жерде иштей берүүгө моралдык укугуңуз барбы?" деп бир ооз сурап коёр же гендиректор, же директорлор Кеңеши жок. Баары чырмалышкан коррупция!
...Ишсиз калган Ишенбек агабыздын арманы ушинтип аттын башындай. Бир туруп энергетика тармагындагы коррупцияга каршы күрөштө жеңилип калганына жаны ачыса, экинчи жагынан энергетика министрлиги, ага баш ийген "Электр станциялар" ААКнын жетекчилиги анын адамдык укугун коргоону мындай коюңуз-тескерисинче тебелеп-тепсеп жатканына нааразы. Иштен бошоткондо берилчи отпуск үчүн жана материалдык жардам берилбей, Эмгек Кодексинин беренелери бузулган. Бул боюнча ал эми соттордун адилет болушуна үмүт артат. Көп нерседен көңүлү кайт боло түшкөн текшерүүчү эми Отунбаевага ой-пикирин жазып берип, оюмду угаар деп жүрөт, бирок каттын жетээрин бир Кудай билет. Келдибековго кирейин десе киргизишпейт. Атамбаевге айтайын десе айттырышпайт. Министр Шадиевге айтса "шашпаң эми, коё туруң" деп упчу эмизип, качып жүрөт дейт. Парламенттик башкарууда там-туң баса баштаган өлкөсүнүн бир ишканасын 3 миллиард 300 миллион сомдон ашуун киреше менен чыгышына зор салым кошкон мындай текшерүүчүнү кадырлай турган Кыргызстанбы, анын президентиби, өкмөтүбү же министриби? Отунбаева да энергетика тармагын текшерттирип жатабыз, кыйратабыз, ойротобуз деп жатат. Бул ою жакшы ал кишинин. Бирок жөргөмүштүн желесиндей чачышып калган системаны текшерип жаткан коммиссияларыңдан деле жыйынтык чыкпасына бөркүңүздөй эле ишенип коё бергиле. Колунан кармап берип, кагазга жазып келген Ишенбек Жунусалиевдей ак жүрөк, Мекени үчүн күйүп-бышкан текшерүүчүнү четке тээп ташташкандан кийин, кой оозунан чөп албаган, орто заарлар жыргатмак беле?
Ишенбек акеге көңүл айтып, Бабановдун партиялашы Актан Арымдын "Свет аке" деген киносун көрүп, маанайыңызды көтөрүп үйдө жата туруң, кийинки революция болсо, Кыргызстанга сиздей текшерүүчүлөр керек болоор деп жооткотуп тим болдук. Колубуздан башка иш келбесе эмне кылалы.
"Электр станциялар"
ачык акционердик коомунун (ААК) акционери-
Машакбай РАХМАНКУЛОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??