Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Дастан Сарыгулов:
"20 жыл бою эки президентти колдоп, элибизди жакырлантып, тентиткен депутат, министр, сот, прокурорлор - элдин жакшыларыбы?"

-Дастан Исламович, Баш Мыйзамга Элдик Курултайды киргизүү керек деп, бир далай макала жазып, жарыяладыңыз... Бирок, дагы эле Курултайдын ордун, милдетин түшүнө бербегендер арбын. Анда Жогорку Кеңеш жоюлабы? Чарба маселенин баарын Курултай чечеби? Же Курултай Жогорку Кеңештин экинчи (үстүнкү) палатасы болуп калабы?
-Биздин сунуш төмөнкү: - өкмөт толук жоюлуп, анын милдети президентке жүктөлөт. Демек, өлкө абалына президент өзү жоопкерчиликти толук алып, милдеттүү болот (20 жыл бою президенттер баарына премьер-министр күнөөлүү деп, өздөрү сүттөн ак болуп көрүнүп, жылына өкмөттү алмашып олтурушпадыбы?!); Жогорку Кеңеш 35 адис, тажрыйбалуу кесипкөйлөрдөн турат. Кол тийбестик болбойт. Алар мыйзам чыгаруу иши менен гана алектенет. Аткаруу бийликтин ишине кийлигишпейт. 20 жыл бою эки президент өлкөнү талкалап, сызга олтургузууда толук депутаттарга таянып, арам иштерин мыйзамдаштырып, депутаттардын колу менен мамлекетти кыйроо чегине жеткизишти... Кол тийбестикке ээ, эч ким чакыра албаган депутаттардын көпчүлүгү (5-10 адамдан тышкары) президенттерге кошоматтанып, алардын ууру, абийирсиз, ыймансыз, уятсыз иштерин мыйзамдаштырып берип, өздөрү да эл байлыгын абийирсиз уурдап, тоноп, байып, элди теңине албай калышты....
Буга чекит коюуга мезгил келди. Бүгүн да алар эл үчүн, өлкө үчүн, улут үчүн эмес, саясый чайкоочулук менен жеке байлыктарын көбөйтүү менен алек... Кыргызстан эли 120 депутаттын барымтасында калды... Алар өзүн кудайдын эрке балдарындай сезип, баары биригип беш жүз миллионго сатып алган депутаттык мандаттарын 5-10 эсе актап алуунун амалы менен алек...
Эки президенттен кийин кыргыз элине кыянат иш кылгандардын эң көп саны -20 жыл депутат болуп келгендер...
Эч бирине жеке катчы, унаа, жардамчы бербей, эл үчүн кызмат кылдыруу керек!
Ал үчүн Жогорку Кеңешти Элдик Курултайга толук жооптуу кылып, Элдик Курултай алардын ишине баа берип, кимисинин болбосун мандатын алып салууга укуктуу болушу зарыл.
Ошондо депутаттар чардап, май-талкандан, ичип-жегенден, уурдап-тоногондон баштары чыкпаган доор бүтөт!!
"Ак жол" менен "Алга Кыргызстандын" депутаттары кылган далай иштер акыры 7-апрель кандуу ынкылапка алып келбедиби!!;
Жылына бир жолу Элдик Курултай президенттин, Жогорку Сот, Башкы Прокурордун, Эсептөө палата менен Жогорку Кеңештин жоопторун угуп, иштерине "канааттандырылсын" же "канааттандырылбасын" деген баа берет. Президент Жогорку Сотту, Башкы прокурорду, Эсептөө Палатанын жетекчисин Элдик курултайдын макулдугу менен гана кызматка дайындайт жана кызматтан четтете алат;

- Элдик Курултай бийликтин күнүмдүк иштерине кийлигишүүгө укуксуз болот (антпесе накта башаламандык орун алат), 300 адамдан турган Эл Казнасын түзөт (президент ушул тизмеден гана министр, ж.б. жетекчилерди дайындай алат), турукттуу шартта айлык албайт, ар бир үч жылда 30% курамы алмашып, жаңыланып турат (ротация).
- Анда Кыргызстанда президенттик бийлик орнотулабы?
-Жок, Эл бийлиги орноп, Элдик Курултайдын катуу тескөө-көзөмөлүнөн чыкпаган күчтүү Президент бийлиги деп мүнөздөсөк болот. Элден төмөн туруп, элдин көзөмөлүнөн чыкпаган бийлик гана кызмат кылат.
-Анда Президентти да Элдик Курултай шайлайбы?
-Биздин арабызда мындай пикирди жактагандар бар, бирок, алар көп эмес. Бул чолок ойлук.
Биринчиден , эл менен өлкө тагдырын чечкен адамды ар бир атуул шайлаганга укуктуу болуш керек (Бизде, Америкадай, элдин саны 390 млн. эмес, же Россиядай 140 миллион эмес. Болгону, 2 млн. шайлоочу бар).
Экинчиден , толук эл шайлаган президенттер 900 же миң адам шайлаган президентти теңине албайт.
Yчүнчүдөн , мен сени шайлаган эмесмин, 900-1000 адам гана шайлаган деп, эл президентти толук ыйгарым укуктуу деп тааныбайт.
Төртүнчүдөн , бүтүн эл шайлаган Элдик Курултайга тең укуктуу болуш үчүн президентти да бүткүл эл шайлашы зарыл.
Бешинчиден , кыргыз элинде эгерим 900-1000 адам эл башчысын шайлаган эмес. Элдик Курултайларга 15-25 миң адам катышчу.
-Эл казнасын түзүп, Элдик Курултай кадрларга жоопкерчиликти алат турбайбы?
-Туура. 20 жыл бою Президенттер бийик кызматтарга досторун, тааныштарын, ойношторун, бирге окугандарын, туугандарын, балдары, аялдары айткан (керектүү) адамдарын коюп келишти. Элдик казнасы түзүлсө, буга чекит коюлат.
-Ал эми Жогорку Кеңешти эл шайлайбы, мурдагыдай эле?
-Жогорку Кеңешти шайлоодо 20 жыл бою ар дайым элге акча, арак, азык-түлүк таратылып, элди коррупцияга көндүрүп, айыл алтыга, үй-бүлө үчкө бөлүнгөнү жалпыга талашсыз маалым. Муну токтотуп, элдин ынтымак-биримдигине доо кетирбей, Жогорку Кеңешке талапкерлер ар бир район элинин таразасынан өтүп, Элдик Курултайда шайланышы элдин бөлүнүп жарылуусуна чекит коёт эле.
-Ал эми Элдик Курултай кандай шайланат?
-Ар бир үч миң шайлоочу жабык добуш аркылуу Элдик Курултайга бир өкүлдү алты жылга шайлайт. Орус, өзбек ж.б. улуттагылар да шайлоочулардын санына жараша Элдик Курултайга өкүл болуп шайланышат. Элдик Курултай мамлекеттик тилде гана ишин алып барат.
Бийлик кызматтагылар Элдик Курултайга өкүл болуп шайлана алышпайт (анткени, Элдик Курултай бийликтин ишине баа берет).
- Элдик Курултай чечим кабыл алууда, албетте мыйзамга таянат да?
-Бирге ой жүгүртөлүк. Биринчи: Баш Мыйзам жана анын негизинде кабыл алынган нечен миң катардагы мыйзамдар баары батыш үлгүсүндөгү, батыш мыйзамдардын негизинде, алардын үлгүсүндө жазылган үчүн эгемендүүлүктүн 20 жылы эки элдик ынкылап жана улут аралык жаңжал менен аяктады. Демек, бул мыйзамдар кыргызга ийгилик алып келбейт. Ушул мыйзамдарга таяна берсек-алдыга жылабызбы?? Жок.
(Уландысы кийинки санда)
Экинчи маселе. Мыйзамдар адамды уяттуу, боорукер, абийирдүү, намыстуу, кең пейил кылбайт. Алар, негизинен, адамдардын ач-көздүгүнө чек коет жана бийлик күчүн түзөт. Бирок, бүгүн мыйзам күчүн жоготуп, ар өлкөнүн чек арасынан чыгып кеткенде иштебей калып жатбайбы....
Мыйзамды адам ойлоп жаратат. Бабаларыбыз болсо миң жылдар бою сыноодон өтүп, өзүн актап, элди сактап келген түбөлүк рухий ыйман-адеп нарктарына таянып, аларды бекем сактап, жашап келишкен! Бул мурасты унутуп, бүгүн рухий сел саяк болуп жатбайбызбы...
-Өлкө башкаруу билимди, тажрыйбаны талап кылат эмеспи. Курултайга шайлангандар ушул талапка татыктуу болуп, жооп береби?
-Өлкө тагдырын ачык талкалап жаткан-эки президенттин саясатын илимий, чыгармачыл, саясий элита токтото алган жок. Негизинен, элет эли чекит койду. Өлкөнү кыйроодон сактаганда - эл керек болуп, Элдик Курултайга келгенде - элге ишеним болбой калабы?
20 жыл бою эки президентти колдоп, өлкөбүздү сызга олтургузуп, элибизди жакырлантып, тентиткен депутат, министр, сот, прокурорлор элдин жакшыларыбы? Ыймандуу, адептүү, мекенчил, таза адамдарбы? Тескерисинче, ыймандуу, адептүү, таза, мекенчил адамдар 20 жыл ичинде жарды, жакыр болушту. Улуттун уюткусун так ушулар сактап келатпайбы?
Кантип эле бүгүнкү Жогорку Кеңешти мушташкана кылгандардан да начар адамдар Элдик Курултайга шайланышсын?
-Эл Биримдигинин Курултайы Бишкекте 22-апрелде өттү, Ынтымак Курултайы өтөт деп жарыя кылынды. Курултайлардан эл адашып калган жокпу?
-Кийинки 20 жыл ичинде өткөн Курултайлардын баары кандай бир саясый максат менен уюштурулган... 22-апрелде өткөн Курултай да 10-15 саясатчылардын упай топтоо максаты, белгилүү министрге колдоо көрсөтүү аракети менен уюштурулду...
Элдик Курултай - бабаларыбыздын улуу мурасы. Аны ыйык тутушубуз керек! Улуулугу эмнеде? Биринчи. Жалпы элдин мүдөө-талабын баарынан бийик коюп, топтун, уруунун кызыкчылыгынан өйдө көтөрүлүп, өзүмчүлдүктүн баардык түрүн жеңип, кырк уруунун ынтымак-биримдигин ишке ашырып, аны чыңап, келечекке кам көрүп, мекендин улуулугуна баш ийүү!!! (Бүгүн жердешчилик, тууганчылык, бизнес, саясый партиянын максаты деп бөлүнүүдөн кыргыздын башы чыкпай калбадыбы!!)
Экинчи. Курултайга бардык аймактардын, уруулардын эл шайлаган, элде барктуу, нарктуу, абройлуу, эл жакшылары катышчу. (Бүгүн Бишкектин айланасынан эл шайлабаган колу бош 600-700 адамды чогултуп, аны Улуу Курултай деп атагандан ал Улуу да, Курултай да болуп эсептелбейт!!)
Yчүнчү. Элдик Курултай бабалардын ыйман-адеп нарктарын, каада-салт, үрп-адатын бекем сактоо менен өтчү!! (Бүгүн болсо бурмалап, кошоматчылык менен жалган сүйлөп, керектүү бийликтин адамын мактап, жактоо - адатка айланды, же бирөөнүн атайын тапшырмасы менен бөлөктү жамандап, куйтучулук кылуу - катардагы көрүнүшкө айланды...)
Төртүнчү. Накта Элдик Курултайды эл дайыма колдоп, кубаттап, сыйлап, анын чечимдерин толук турмушка ашырып, аткарган!
-Демек, Бабаларыбыз өткөрүп келген Курултайларга биз жакын жолой албай келатат турбайбызбы?
-Туура. Заты, маңызы, максаты, аруу тилек, асыл ой менен өткөрүлчү Курултайлар баарынан бийик эл мүдөөсүн, калк муктаждыгын, Мекендин асылын, улуттун улуу мурасын койгон үчүн нечен эрлер, нечен шерлер мен-менсиңгенин тыйып, башы кошулуп, биримдикке келишип, ынтымагын бекемдеген. (Бүгүн болсо, партиянын, байлык-акчанын кызыкчылыгы эл тагдырынан, өлкө келечегинен өйдө болуп кетпедиби!!!).
-Белгилүү академик "Элдик Курултай - таш дооруна алып барат" деген сөзү жалган турбайбы?
-Кийинки 20 жыл бою илимий, чыгармачыл, саясый "элита" (академик, эл жазуучу ж.б.) эки президентке кошомат кылып, аларга элди алдоого жардамдашып, акысына наам, медаль, орден алып, ректор кызматына дайындалып, балдарын кызматтарга коюп, далай мүлк, жерлерди менчиктештирип, май-талкандын үстүндө жашап келатышат...Булар эл алдында эки президент менен күнөөнү тең бөлүшүш керек эле...
-Европа өлкөлөрүндө, Россиянын тарыхында Элдик Курултай башкаруусу эгерим болбоптур...
-Ырас, алар төрт миң жыл бою рухий, саясый, чарбалык кулдукта жашап келишкен элдер. Илгери эле бай-кедейге бөлүнүп, зордук, зомбулук менен башкарылып келишкен.
-Саясый партиялардын коалициялык башкаруусун көрүп жатабыз, ал жөнүндө пикириңиз кандай?
-Партия - жаат деп которулат. Жаатташуу бөлүнүп, жарылууга алып келип, эл ынтымагын талкалайт. Бул чет өлкөлүктөргө гана керек (кыргызга кереги жок). Муну Баш Мыйзамга киргизген саясатчыны жоопко тартыш керек. Мындай башкаруу түзүлүштөн тез арада баш тартуу зарыл (өткөн жарым жыл убакытта булар ким экенин элибиз толук билип калды го).
-Эл, эл эле деп олтуруп, сиз элибизди ашкере бийик баалап жаткан жоксузбу? Өлкөнү тунгуюкка түшүргөн эки президентти да ушул элибиз шайлап келбедиби?
-Кыргыз илгери эле айтып келген: "Бийлик - Жаратканда, андан кийин - элде" - деп. Бул улуу чындык. Ал эми мамлекеттин күчүн толук жумшап, элдин жакырчылыгын, ишенчээктигин, кең пейилдигин арамзалык менен пайдаланган президенттердин аягы жаман болду го!
Демек, элде күнөө жок! Күнөө - намысы, уяты, абийири жок ант бузаар президенттерде жана кыргыздын өзүн-өзү башкаруу улуу тажрыйбасы - Элдик Курултай унутта калганында. Бул - тарыхый шартка байланыштуу болбодубу. Калың эл Курултайды колдоп жатканы - Кыргыз улуу эл экенинин дагы бир белгиси!

Баймырза НАКАЙ





Эл деген эренге
"согуш" ачканда
Өлкөдөгү эң ири уюлдук компания саналган "Мегакомду" ("Альфа-Телеком" ЖАКсы) төрөп алган баласындай талашкан күчтөр көптөн бери "чээнге кирген аюудай" бөгүп жатышкан. Аларга жан киргенби, өткөн жумада кайрадан маалымат каражаттары аркылуу үн катып, кырчылдашкан эки тарап тең негизги объекти катары өкмөт башчысынын 1-орунбасары Өмүрбек Бабановду армансыз тепкиге алышыптыр.
Эсеби маселен, кыргыз тилдүү басылмалардын биринде жарыяланган рекламалык макалада Ө.Бабанов "Мегакомду" басып алууга аракет жасагандыгы, анын кесепетинен кыргыз-орус алакасына доо кеткендиги баса белгиленет. Мындан улам, Россия орус бизнесмендеринин кызыкчылыгы сакталмайынча ири кызматташууга барбай тургандыгы ачык көрүнүп калган имиши каңкууланат.
Мына ушул макаладан кийин бир окуя эске түшөт. "Penwell Business Limited" компаниясынын (жогоруда мисалдагандай, Өмүрбек мырзаны жөнсүз каралаган макалалар дал ушул компаниянын рекламалык материалдары катары жазылганы тууралуу кеп бар) "коомдук адвокаты", Мамдума депутаты С.Багдасаров Өмүрбек Токтогулович "Мегакомдун" ички кухнясына баш багып жаткандыгын, орус инвесторлоруна бут тосуп жатат, керек болсо акча талап кылган деген имишин жарыялагандан кийин айрым оппозиция тынчыкмаларынын чырагына май тамып: "Расмий Кремль бизге эми накта далысын салат, шорубуз шорподой кайнабаса болгону" деп айгай салышкан. Бирок, башбакан Алмазбек Атамбаевдин 18-мартта Москвага жасаган визити ушул өңдөнгөн дөөдүрөк божомолдордун таш талканын чыгарды. Ошол сапардан соң орус бийлиги Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун кайрадан жандандырарын, ал үчүн, мурда убада кылгандай 1,7 млрд. доллар эмес, андан дээрлик эки эсе көп каражат бөлөрүн, мындан бөлөк дагы 5-6 ГЭСтин куруу пландалганы, эң башкысы, күйүүчү майга болгон бажы төлөмү алынып салынары, анын аркасында өлкө казынасы 200 миллиондон ашуун доллар үнөмдөөрү билинген. Эгер Бабановдун айынан Москва бизге чындап эле кастарын тиксе, мындай убадаларды бербейт болчу. Демек, ошондо эле "Penwellдин" кыргыз-орус мамилесине таасир эте тургандай күчү жоктугу байкалган. Ага карабастан "жыгылган күрөшкө тойбойт" дегендей, кайрадан 1-вице-премьерге акидей асылышы жумшактап айтканда "пилге кодик иттин үргөнүндөй" таасир калтырат.
Ушундай эле маанидеги дагы бир рекламалык макалада 1-вице-премьер "Мегаком-гейт" чатагына тикелей аралашкандыгы, айрыкча, "Penwell Business Limitedди" коргогондугу, ага шарт түзүп берип жаткандай аракеттер болуп жатат деген (тирине караганда, бул өңүттөгү макаланын "спонсору" "SERPEUS INC" компаниясы окшойт деп божомолдогонго туура келип жатат). Мындай далилсиз айыптардын айтыла берип ашмалтайы чыккандыгы бештен белгилүү. Болбосо, Өмүрбек мырзанын ээси биз болобуз деген компанияларды калкалабаганын, тескерисинче, анын "ашказанына" "култ" этип кирип кеткен миллиондорду сууруп чыгып, мамлекет казынасына төгүүгө аракет жасап атканын, 1-вице-премьердин Мегаком чатагында тазалыгын жада калса парламенттеги оппозиция лидерлеринин бири, "ар-намысчы" депутат Акылбек Үсөнбекович Жапаров мойнуна алганын Шаршенчесинен кайталаштын кажети жоктур.
Ошол эле макаланын аяк ченинде жакындан бери Бабановду коргогондорго караганда сындагандар болуп жатканы, "Республика" партиясы биринчилерден болуп партия лидерин колдогону, ага куйрук улай, биринчи виценин атын ызы-чуудан сууруп чыгууга кызыкдар компания баш-оту менен киришкени баяндалат. Аргасыздан мыйыгынан жылмаясың.
Жер-жерлерде Бабановду коргоочу уюмдар түзүлгөнүн, атайын алыскы региондордон ат арытып келген карапайым кишилер спикер Ахматбек Келдибековго чейин кирип, Ө.Бабановдун тагдыры калыс чечилиши керектигин талап кылышы эле эл кайсы тарапта экенинен кабар берет.
Андай болсо: "Эмнеге эки тарап тең бирдей 1-вице-премьерге чабуул коюшту?" дегиңиз бардыр, окурман. Бул суроонун түйүнү жөнөкөй.
"Мегаком" айланасындагы ызы-чуунун негизги жыйынтыгы, мамлекет өзүнө тиешелүү акчаны - 850 млн. сомду алганы болду. Өкмөттүн катуу позициясы болбосо, көз жумду аракеттер болуп бул акча да кээ бир эрендердин чөнтөгүнө кетмек. Бабановдун оңдон да, солдон да тепкиленип жатышынын сыры мына ушунда.
Ошондой эле жакын арада Бабановго байланышкан маселени иликтеген парламенттик комиссия ишин жыйынтыктайт. Анын негизинде өз каалоосу менен бир айлык мөөнөткө кызматынан чегинген Өмүрбек Токтогулович ордуна кайтып келери турган иш. Ал коррупцияга каршы күрөшүн ого бетер жандантып, айрыкча, "Мегакомдон" миллиондорду "ашаган" күчтөрдүн кекиртегине тыгылган сөөк болору калетсиз. "Мегаком-гейт" чатагына аралашкан, арты булганган, шектүү компаниялар мына ушундан чоочулап жатат. Себеби, алар Ө.Бабановдун беттегенинен кайра тартпастыгын, жеке кызыкчылыгынан да мамлекеттин эртеңин жогору коёрун эң жакшы түшүнүшөт. Мындан улам, коалициялык өкмөттүн тамыры кеңейип, иши илгерилемекчи. Анда эле өкмөттүн келечеги 1-вице-премьердин позициясынан көз карандыбы?
Алманбет Асанов







кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??