Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Осмонбек Артыкбаев, "Кыргызалтын" ААКнын башкармалыгынын жетекчиси:
"Центерра Голд" компаниясынын 33 пайыз үлүшү биздин "Кыргызалтын" компаниябызга карайт"
- Ири компаниялардын бири "Кумтөр" ишканасы мамлекеттик экономиканын локомотивдеринин бири деп айтылып келгени менен, өлкөбүзгө жарытылуу пайда алып келген жок. Сөздүн ачыгын айтыш керек. "Көңдөй баш" жетекчилердин айынан, ортодогу "ит бекер" келишимге ойлонбой коюлган колдор үчүн, бүтүндөй кыргыз эли өз азабын өз башына артып келатат. 29 - апрель күнү А.Атамбаевдин жеке киришүүсү аркылуу "Кыргызалтын" компаниясы менен "Центерра Голд" компаниясынын ортосунда жаңы келишимдер түзүлдү. Ал кандай негизде түзүлгөн келишим, өлкөгө пайдасы барбы, жокпу (?) деген суроолор менен "Кыргызалтын" ААКнын жетекчиси Осмонбек Мамбетжановичке кайрылдык.
- Осмонбек мырза, сиздер эл аралык "Центерра Голд" компаниясы менен жаңы келишимдерди түзүптүрсүңөр. Алгач кепти ошондон баштасак.
- Туура, биз "Кыргызалтын" ачык акционердик коому эл аралык "Центерра Голд" компаниясы менен жаңы келишимдерге кол койдук. Аталган компаниянын 33 пайыз үлүшү биздин "Кыргызалтын" компаниябызга карайт. Өзүңөр билгендей, "Центерра Голдго" 100 пайыз "Кумтөр" ишканасы кирет. Ал "Кумтөр" ишканасы биздин өлкөбүздө 1996-жылдан бери алтын өндүрүү ишин жүргүзүп келатат. Эми ошол "Кумтөрдүн" тегерегинде ар түрдүү кайчы пикир сөздөр болуп, өзгөчө "Кумтөрдөн" түшкөн кирешенин Кыргызстанга болгон пайдасы тууралуу дайыма талаптар коюлуп келген. Бул боюнча биз өтө тыгыз иштеп, өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин түздөн - түз демилгеси менен "Центерра Голд" компаниясынын президенти Стивид Клаунд жана ошондой эле директорлор кеңешинин жетекчилери менен бирге сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселени кабыргасынан койдук. Кыргыз мамлекети үчүн, "Кыргызалтын" компаниясы үчүн 29 -апрель күнү жакшы чечим кабыл алынды десем жаңылбайм.
- Чын эле мамлекет үчүн пайдалуу маселелер козголдубу же, баягы эле "ит бекер" келишимдерди айтып жатасызбы?
- "Кыргызалтын" компаниясына "Центерра Голд" компаниясынан 33 миллион доллар дивиденд төлөнүп берилсин деген чечим кабыл алынды. Кудай буюрса, аталган суммадагы дивидендди биз майдын орто ченинде алабыз. Ал бөлүнгөн акчаны жөн эле абага коротпостон, түздөн - түз мамлекетибиздин бюджетине толугу менен бардыгын которуп берүүнү чечтик. Андан тышкары "Центерра Голд" компаниясынын башкаруу бутактарына биздин кыргыз жарандарынан да коюу маселесин көтөрүп, ал дагы ийгиликтүү аяктады. Тарыхыбызда биринчи жолу мындай чечим кабыл алынып, "Центерра Голд" компаниясынын вице- президенти кызматы кыргыз жаранына тиешелүү болуп калды.
- Бизде кызмат орундары кадимкидей бааланып, сатылып, "бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун" деген накыл кепке маани бербей калганыбыз көп болду. Эми ушундай жоопкерчиликтүү кызматка ким бараары такталдыбы?
Вице - президенттикке талапка ылайык, кесипкөй адистерди комиссиянын көзөмөлү менен конкурстук түрдө өткөрүп, анан дайындамай болдук. Ал шайланган адам сөзсүз түрдө компаниянын ишине киришип жана эл аралык ири компания "Центерра Голдго" Кыргызстандын таасири кубаттуу болууга жол ачылды. Кыргыз жаранынан шайланган вице- президент бир гана "Кумтөр" ишканасын эмес Монголия, Россия, Турция, Америкадагы аталган компаниянын ишканаларына толугу менен киришип, алардын ар кандай маселелерине катыша алат. Андан сырткары "Центерра Голд" компаниясынын директорлор кеңешинде мурда кыргыздын эки жараны гана болсо, эми үч жараны директорлор кеңешине катышуусуна маселе көтөрүп, аны да келишим менен чечишип алдык. Көзөмөлдөө комиссиянын курамында да Кыргызстандын өкүлү катышаары бышык болду. Мындай чечим, эл аралык ири компаниянын ичинен Кыргызстандын таасири жогорулайт. Бул эмнеден кабар берет? Бул чечим мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылат дегенди билдирет.




Максат Мамытканов, көз карандысыз эксперт:
"Биз "Центерра Голд" компаниясынан чыгышыбыз керек"
- Максат мырза, кечээ жакында А.Атамбаевдин демилгесинин негизинде "Кыргызалтын" ААК менен "Центерра Голд" эл аралык компаниясынын ортосунда жаңы келишим түзүлдү. Буга экономикалык эксперт катары сиздин кандай ой-пикириңиз бар?
- Бул чечим баягы эле Акаев - Бакиев убагындагы келишимдерге үндөшүп эле турат. Эч кандай айырмасы жок. 33 миллион доллар дивиденд өлкөгө бөлүнгөнү менен орто эсеп боюнча "Центерра Голдго" 100 миллион доллар киреше калды. Эгерде "Кумтөр" жылына 800 миллион доллар тапса, анын 100 миллион доллары бизге берилип, калган 700 миллион доллар канадалыктарга калат деген сөз. Алар ал акчаны алтынды казып алууга, жумушчулардын маянасына, техникаларга короттук деп айтып коюшу мүмкүн. Өлкөбүздөгү 5 миллион эл жылына бир миллиард акчаны сарпташат. Ал эми өлкөгө салыштырмалуу кичинекей "Кумтөр" жылына 700 миллион доллар сарптап атат. Бул жөн эле элди алдоо менен барабар.
- Сиздин оюңузча А.Атамбаев деле ошол эле Акаев, Бакиевден кем калган жок дейсизби?
- Алмаз Шаршенович азыр капканга түшүп, эмне кыларын билбей атат. Анткени ал туура чечим чыгараары менен Канадалыктар айтып чыгат, "ой сен 2006-жылы башкача ойлоп, башкача кол койбодуң беле?" деп. Анын айла-амалы кетти. Азыркы мамлекет башкарып жүргөндөрдүн колунан келбейт, себеби анын баары бул ишке матырылып, малынып калган. Негизи 33 миллион доллар дивиденд бөлүү-күлкүлүү нерсе. Аны болсо, "Кыргызалтын" ААКнын жетекчилери айгай салып кыйкырып чыгышты. Тим эле кыйратып салгансып. Маселен, ошол эле "Мегаком" компаниясы өлкөгө 33 миллион доллар киреше киргизди. Эч кандай экологияга зыян келтирбей. Акчаны абадан эле алып берди. Ал эми "Кумтөр" деген ири кен. Уулу заттар иштелип чыгат. Экология талкаланып атат. Аны ойлогон киши жок.
- 33 миллион доллар дивиденддин ордуна акциянын кандайдыр бир көбүрөөк пайызын мамлекетке өткөрүп алуу келишимин түзүшсө кандай болот эле?
- Мыйзам боюнча толук укугубуз бар. Мындан төрт жыл мурун "Кумтөр" компаниясын менчиктештирип алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар болчу. Ошо кездеги аңкоо саясатчыларыбыз ал келишимди бузуп, Канадалыктарга 2026 - жылга чейин мөөнөтүн узартып беришкен. Мына эми, алардан өз байлыгыбызды алалбай, куурап жүрөбүз. 1993 - жылы жакшы келишим түзүлгөн. 30 пайыз Канадага, 70 пайыз биздин өлкөгө берилсин деп. А бирок, ал келишимди бузушуп, 33 пайыз бизге, 67 пайыз Канадалыктарга карап калды кийин. Колдо бар алтындын баркын билбей жүрөбүз. Биз Канадалыктарга кул болуп жүргөнүбүздү өкмөт сезип да койгон жок.
- Эл аралык "Центерра Голд" компаниясынын вице - президентти кыргыз жараны болот деп да айтып чыгышты…
- Бул жөн гана алдамай жолдун бир түрү. Ошол эле Акаев, ошол Бакиев деле бирден, экиден адамдарын башкаруу кеңешине, комиссияга кошуп келген. Майнап чыктыбы? Чыккан жок. Муралиев менен Ибраев аттуу кыргыз жарандары "Кумтөргө" көзөмөл кылымыш болуп жүрүшөт го, ай сайын 20 миң доллар айлык алышып. Ошолор бир маселе көтөрүп чыгыштыбы? Ооздоруна талкан салып алгансып, унчукпай келишти. "Кумтөр" боюнча официалдуу отчёт беришкендигин көргөн жокмун. Ар кайсыл сайттардан маалымат берип коюшканы эле болбосо. Ал эми Африкада, Россияда алтын казып, изилдеп жүрөбүз дегени калп. Изилдесе, сайттарга жайнатып чыгарышпайт беле. Бир гана Канададан сатылган алтынды маалымат кылып жүрүшөт. Булар биздин эле алтынды сатып атышат. Биз "Центерра Голд" компаниясынан чыгышыбыз керек.




Эл тынчтыгы бир тыйынбы?
Талас райондук билим берүү бөлүмүн Акаев, Бакиев доорлорунда кызыл камчы ыкма менен башкарып келген Тынара Назаралиева деген айымды апрель революциясы ишке ашаары менен "Бакиевдердин бийлигине аябай салым кошуп, мугалимдердин кыжырына тийгенсиң" деп колунан жетелеп, эшикке чыгарып коюшкан. "Ак жолго" мугалимдерди күч менен күргүштөтүп айдап киргизген, шайлоолордо бүлүтөндөрдү топ-тобу менен салдырууга салым кошкон айымга бул акылды "Ак жолдун" областтагы штабын бийлеген экс-депутат эри Эсен Назаралиев айтып-деп турган дешет.
Ошол "Ак жолчу" айым эми Бакиев доорунда ак, таза иштегем деген таризде соттон чечим апкелип, кайра өз ордума отурам деп жаңы креслого жамбашын тууралап баштаса, нааразы болгон мугалимдер, аларга кошулуп ата-энелер отура турган креслосуна кнопкаларды сээп отургузбай коюшат. Райакимчилик алдында эки күндүн биринде пикет болуп, тирешкен тараптарды тил табыштыралы деп комиссия түзүлүп, эл пикирин сураштырса, 80 пайызга жакын мугалимдер "Тынараңар менен тымыраң калгыла" деп макул болбой коюшуптур. Экс-депутат эри Эсен Назаралиев министрдин кишисин табыш үчүн экс "Ак жолчулардан" ортомчу издеп жаткан имиш. Эми маселени чечиш министрде калды. Окуу жылы аяктап келатканда бүтүрүү экзамендери үзгүлтүккө учурайбы-жокпу-Тынара, Эсен Назаралиевдердин уятында.

ОРДЕНДЕР КАЯКТА?
Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн 2,3-даражадагы "Даңк" жана Кызыл Жылдыз ордендери, бир нече медалдар менен сыйланган артиллерист Абаскан Шүгүралиев быйылкы Жеңиш майрамын көрбөй калды. Өткөн жылдын 23-октябрында киндик каны тамган Талас районундагы Арал айылында дүйнөдөн өттү. Арал айыл округунун эли 89дагы карыяны урмат-сый менен акыркы сапарга узатышкан. Академик, Кыргыз Эл мугалими Бектур Исаков кошунасы туурасында "Абаскан - атактуу аскер ардагери" деген китепче жазып, коомчулукка тартуулаган.
Айылдагы орто мектептин педагогикалык жамааты Советтер Союзунун Баатыры деген наамга тете болгон ордендер менен сыйланган артиллеристтин өмүр-таржымалы туурасында келечек муундарга үлгү болуучу музейге ардагердин 20га жакын орден, медалдарын өткөрүп алалы деп уулу Тургунбек Шүгүралиевден сурап келишип, сызга отуруп калышат. Көрсө карыянын сөөгү коюлаары менен атасынын орден, медалдар тагылган костюмун кошуналардын бирөөсүбү же жек-жааттардын орден-медалдарды сатсак байлыгыбыз ого бетер көбөйөт деп кызыл акчага кызыккандарынын бириби -жымырып кетиптир. Бир-эки күндөн кийин эле уулу Тургунбек үйүн үч көтөрүп издеп таппай калат. "СССР мезгилиндеги орден, медалдар жең ичинен сатылса, бир топ эле кымбат бааланат" деген азгырык ардагердин жакындарынын кимисин азгырганы белгисиз. Орден-медалдар азырынча карыя жоокердин артында калган жесири Ракыя эне менен уулу Тургунбекке, же мектептеги музейге кайтарыла элек. Өлгөндөрдүн орден-медалдарын базарга алып чыгып саткандарды арбактар да кечирбес.




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??