Президенту Финляндии,
Представителю ООН по правам человека,
Председателю комиссии по правам человека при ОБСЕ,
Руководителю МК по июньским событиям
господину Киммо Кильюнен

Уважаемые господа!
Нас вынудило обратиться к Вам с этим письмом тот факт, что именно в Финляндии был набран, отпечатан и выпущен пасквиль под названием "Час шакала", затрагивающий честь и достоинство патриотов Кыргызстана, выступивших в защиту единства, целостности и сохранности своей отчизны - Кыргызстана от посягательств со стороны сепаратистов и вооруженных бандитов узбекской диаспоры на юге республики в трагические дни 10 - 13 июня 2010 года.
Сам факт появления такой провакационной дезинформации по разжиганию межнациональной розни между братскими народами является не только прямым нарушением духа и буквы Международной Хельсинкской конвенции по правам человека, но и грубейшим вмешательством во внутренние дела двух независимых государств - Кыргызстана и Узбекистана.
Хотя Вам прекрасно известно, что международные информационные организации, как "Фергана - ru" , "Свобода", "Свободная Европа" и другие либеральные источники информации еще за месяц до июньских событий известили и подготовили своих эмиссаров к "готовящемуся со стороны кыргызских националистов геноциду узбеков
10 июня 2010 года".
Все здравомыслящие люди на земном шаре знают и видели, что произошло на самом деле:
- вооруженные до зубов молодежь узбекской националисты под предводительством известных узбекских сепаратистов в ночь с 10 на 11 июня и до глубокой ночи 12 июня, т.е. в течении полных двое суток в упор расстреливали безоружных жителей кыргызских аилов и городских кварталов, сжигали их дома, усадьбы и торговые лавки вчистую, чтобы "установить узбекскую автономию на юге Кыргызстана и принять узбекский язык в качестве государственного". Как сказал один из лидеров узбекских сепаратистов Кадыржан Батыров: "Мы, узбеки, об этом мечтали в течении 20 лет", т.е. с тех самых июньских кровавых событий 1990 года, когда только чрезвычайный ввод советских войск спас ситуацию с разжиганием пожара братоубийственной войны в Средней Азии.
Как Вы понимаете, появление вышеназванного грязного пасквиля на русском и английском языках под названием "Час шакала" не делает чести никому, кто претендует на всеобщее признание их значимости и порядочности в глазах международного сообщества, тем более у кыргызов и узбеков, которые живут уже не одно тысячелетие рядом как братья.
Мы, кыргызы и узбеки, надеемся, что ни грязным сепаратистам и их подручным, а также ни их идеологическим вдохновителям и богатым покровителям в лице международных организаций, как: "Human Rights Watch" и Фонд Сороса, Комиссии по правам человека при ОБСЕ и Международной комиссии по июньским событиям в Кыргызстане, допустивших появлению и распространению вышеуказанного грязного пасквиля с видеоклипами в странах ближнего и дальнего зарубежья, не удастся вбить клин между нами, воспользовавшись трагическими событиями, происшедшими в июне 2010 года и слабым экономическим положением страны по вине бездарных и продажных правителей республики в течении последних двадцати лет.
Мы знаем и понимаем о далеко идущих целях отдельных международных организаций с двойным стандартом, преследующих свои корыстные цели - глобализации нравов и образа жизни по примеру стран, проповедующих власть силы, провокации и шантажа, чтобы выжить. Ибо у них нет другой базы, объединяющей общество в одно целое.
А у нас, слава богу, пока еще живы чувства верности к родной земле и чувство ответственности перед памятью своих предков за сохранность нравственности, традиций, обычаев и культуры.
Мы очень надеемся, что Вы, уважаемые господа, с пониманием отнесетесь к нашему мнению и сделаете должные выводы для себя в целях сохранения уважительных и взаимовыгодных отношений между нами перед лицом разумной части человечества.
С уважением,-
от имени и по поручению патриотов Кыргызстана,

Директор Общественного фонда "Продвижение"

Карыбай Турусбеков




Кыргыз Республикасынын
Президенти Роза Отунбаевага,
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри Алмазбек Атамбаевге,
Жогорку Кеңештин төрагасы
Ахматбек Келдибековго
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Роза Исаковна!
Урматтуу Алмаз Шаршенович!
Урматтуу Акматбек Келдибекович!
Биз касиеттүү Манас бабабыз байырлаган Талас жеринен сиздерге кайрылып отурабыз. Карт тарыхты камтыган, кыргыз деген жалпы ат менен бирге дүйнөгө аты аталып калган Талас жери кыргыздын уюткусу экендиги талашсыз. Себеби, ааламга аты дүң болгон Манас бабабыздын тарыхый орду менен кара сөздүн каймагы, улуттун сыймыгы болгон Чыңгыз Айтматовдун балалык доору, алардын баскан изи дал ушул аймактан башталганы эле айтып турса керек. Демек, бул аймак кыргызды алыска атагын чыгарып турган куттуу аймак деп айтууга арзыса керек. Мындай аты улук жерде азыркы саясаттын сарпындысы менен элибиздин ичи ирип, кайсыл бир саясий кызыкчылыктардан улам облус башчысынан тартып аким, айыл өкмөттөрүнө дейре бузук саясий оюндардын көп болуп жатышы кубанаарлык эмес. Элдик революциянын бир жылдыгы майрамдалганы менен облуста эмне иш кылынгандыгы жалпы элге маалым эмес. Аны сиздер да жакшы сезип жатсаңыздар керек. Облус башчысы Койсун Курманалиева жетекчиликке келгенден баштап ар түрдүү саясий оюндардан облус арыла албай келет. Акыркы кездерде көнүмүш адатка айланып Ак үй алдын айланчыктап кызмат сурап же кызыкчылыктар менен жалпы элдин кызыкчылыгын экинчи орунга койгон ар түрдүү митингдер, пикеттер сиздердин да көкөйүңүздөргө тийип жаткансыйт. Дал ошондой оюндар биздин облустун да айланасында арбып, жазгы талаа жумуштары кызуу жүрүп турганына карабай облус жетекчилери эч бир жарамсыз чечимдерди кабыл алып, улам ар түрдүү оюндар менен гана алек болуп калганын биз айтпасак да жалпы эл жакшы сезип тургандыр. Элдик революциянын бир жылдыгын белгилегенден мурда сиздер ишенип шайлаган жетекчилерден бир жылдык отчётторун сурап "биз элдик бийликти орноттук, эми биз элге эмне кылып бердик" дебегениңиздер адамды өкүндүрбөй койбойт. Андыктан сиздер сурабасаңыздар да биз айтып, облус башчысы Койсун Курманалиеванын бир жылда жасаган иш-аракеттерин айтмак тургай, санап сөөмөй ачып-жуммак турсун анын айыл аралап эл менен жакшылыктын жышаналарында жолугушууга барганын, эл менен акылдашып элдин көйгөйүн чечкен бир күнүн да көргөнүбүз жок. Керек болсо, өз келечегибизди аныктап 10 адам чогулуп акылдашып иш кылган жерибизге чейин айдактоочуларынын аркасы менен аңдытып "алардын ою жаман, бир балээни чыгарган турат" деген таризде мамиле кылганын гана санап бере алабыз. Алакандай Талас элинин ичинде чакан диктатуралык бийлик орноп калгансып ага баш ийип турган коопсуздук кызматы, күч органдары да анын көзүн карап эл менен бийликтин ортосундагы ажырым алыстап кетти. Анысы аз келгенсип, элдин келечеги азыркы облус жетекчиси үчүн бир тыйынга арзыбаган нерсе катарында кабылдагансып революциянын жалындуу мүчөсү деп чаласабат жаш баланы (өзүнүн жакын тууганы дешүүдө) Талас районуна аким кылып шайлап койду. Анын кылган аракеттери, максаттары боюнча бирибиз да тааныштыгыбыз жок. Ал тургай анын аким экенине да ишене албайбыз. Биздин келечегибизди андай адамдардын колуна салып, жаш баланы башынан сылап, өз айланасындагы арзыматка айлантып алганы облус башчысынын иши эмес. Койсун Курманалиева элдик революциянын чыныгы каарманы экендигин танбайбыз. Аял болсо да анча-мынча эркектерге караганда ал кезде алдыда жүргөндүгүн да жакшы билебиз. Бирок, алдыда жүргөн деп гана калдайган элдин тагдырын анын колуна салып берип, ишинин жыйынтыгы болбосо да ит каап кете тургансып кетенчиктеп тургандарыңыздарга биз албетте нааразыбыз. Ушул кезде биздин облуска жакшы облус жетекчиси керек болуп турганын жашыра албайбыз. Анткени андай жетекчинин келиши биздин бала-бакырабыздын келечектеги бактысы, жыргалчылыгы, эртеңкиси деп билебиз. Андай азаматтар арабызда бар. Ал - Искендер Айдаралиев. Акаев менен Бакиев бийлигинде жүрсө да Айдаралиев элдик тарапта болду. Өзүнүн мекенге болгон чыныгы патриоттуулугун иши менен көргөздү. Айдаралиев иштеп турган кезде Талас облусу бир топ ийгиликтерге жетишип, шаарыбыз көркүнө келип, жетекчилер эл менен тыгыз иштешип, айтор, бийликтин бар экендигин сезчүбүз. Азыр андай бийликтин сарпындысы да жок. Албетте, баарын түшүнүп турабыз. Мүмкүн аны Бакиев бийлигинде иштеген эски жетекчи катарында кабыл алууга да болот. Бирок, ушул кезде Акаев менен Бакиевдин бийлигинде иштебеген ким гана бийликте отурган жок. Азыр ЖКны карап отуруп эски парламенттен эч бир айрымасы жоктой сезилет. Ушул тапта кайсы бирин сен Бакиев убагында иштеген эмесиң, деп айталы. Ал ажолор менен иштешкен саяатчыларды азыр издеп таппайсың деп айтууга болбойт. Албетте, биз жаңы жаштарды, жаңы толкундарды күтүп өз келечегибиздин жаркын болушун каалайбыз. Бирок, азырынча облустун жүгүн мойнуна артып эл ишеничин актап кете турган жаш жетекчини табуу кыйын болуп турган кез. Айдаралиев Искендербекти облус башчылыгына шайлап, анын жанына келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш талапкерди кошуп, кийинки облус башчылыгына даярдасак деген изги тилегибиз бар. Андыктан биз Талас облусунун губернаторлук кызматына Искендербек Айдаралиевди кайра сунуштап колдоп беришиңиздерди өтүнөбүз. Мындай кадам менен эл дагы жана сиздер да жаңылбас элеңиздер. Ушул тапта болжолу Талас элинин 80%ы Айдаралиевдин облус башчылыгына келүүсүн көксөп турганын жашыра албайбыз. Бул кадам бүгүнкү сиздердин эл менен эсептешип эркин, мурдагы, кийинки бийлик дебей элге иштеп бере турган адамдарды ылгабай калыстык менен көрсөткөн көсөмдүгүңүздөр болот эле. Сиздерди терең урматтап
Үсөнбек Токсонов
Кубанаалы Осмонов
Бакытбек Шаршенов
Жанболот Жолдошбеков
Сайдулла Сатыбалдиев
Түлөберди Нусупов
Тойчу Раимбердиев
Аманбек Тайжанов
Чапай Сейталиев