Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Нуржан Асаналиева:
"Акча менен үйдүн айынан чоң энеси өз неберелерин тааныбай жатат"
Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлөт. 7-апрелде чыркыраган чындык, ар намыс үчүн кыргыздын кырчындай уулдары жарык дүйнө менен кош айтышып, төшүн окко тосушту. "Мындай баатырлардын ысымы түбөлүккө өчпөйт. Зомбулугу күч алган канкорду өлкөдөн алыс кууп, азаттыкты эңсеген элге жарык нурдун көзүн ачып беришкени менен канчалаган үй-бүлө боздоп, энелердин эмчеги зыркырап, сыздады. Адамга мал табылышы оңой, адам табылышы кыйын деп ойлоп турсак, биз өтө жаңылыптырбыз. Себеби, 7-апрелдеги курман болгон балдардын үй-бүлөсүнө, ата-энесине деп бөлүнгөн миллиондогон акчалар жана бир бөлмөлүү батирлер көпчүлүк жерден маркумдун артында калган бир тууган, үй-бүлөсүнүн ыркын кетирип, адамдардын байлыкка болгон ач көздүгү, кара кийип сыздаган аялынын, балтыр эти катый элек балдарынын башына дагы бир ирет каран күн салып жатыптыр

Калдайган тообуз кулады…
Жолдошум Сарыбаев Таалайбек Кадырович Ысык-Көл обласына караштуу Ысык-көл районунун Орто - Өрүк айылында туулган. Экөөбүз Каракол шаарында бир топ жылдан бери жашап келгенбиз. Эки кызыбыз бар. Улуусу Айпери тогуз жашта, ал эми кичүү кызым Айгерим жети жашта. 6 - апрель күнү Таласта элдер митинг кылып, нааразы болгон элдин толкуну күчөп турганда, менин жолдошум Сарыбаев Таалайбек бир топ тааныш досторуна чалып, аларды чогултуптур. Башынан эле зомбулугу күч алган Бакиевдин бийлигине кыжыры кайнап жүрчү. 7-апрель күнү калаадагы Ала -Тоо аянтындагы кан төгүлгөн революцияга катышып, толкуган элдин эң алдында жүргөндөрдүн катарында болуп, ошол жерден канкордун огунан жаракат алып, оор абалда ооруканага жатып калыптыр. Аны мен кийин уктум. Ошол күндөрү мен Каракол шаарында болчумун. Жолдошумдун оор абалда жатканын, ал тургай 13 - апрелде курман болгондугу жөнүндөгү кабарды мага айтышпаса да, негедир жүрөгүм бир нерсени сезип, ичимен кыйналып аттым. Чөнтөк телефонум бузулуп, күйөөм менен байланыша албай, санаам тынчыбай турган. Ал тургай 7-апрелдеги болгон окуяны 10 - апрель күнү сыналгыдан көрсөтүп атканда, жолдошумдун аты аталган эмес. Мен эч кандай кабарым жок, кийин 20-апрель күнү угуп, куран окутуп бардым.

Балага эмес, акчага кайгырган кайнене
Куран окутуп барганда, кайненем Жумакаирова Сыйнага "мага эмне угузган жоксуңар" десем, "сени таппай койдук" деп койгон эле. Эми болсо, "сен кара кийип отурган эмессиң" деп күнөөлөп жатышат. Бизге угузбоонун бирден бир себеби, ошо кездеги курман болгон баатырлардын үй-бүлөсүнө бир жолу берилүүчү миллион акчалар болгон. А мен болсо күйөөмдү жоктоп аза күтүп, акча жөнүндө эч кандай оюма алган да эмесмин. Ал тургай акча жөнүндө кеп кылбасам деле, кайненем ошол жерден мага өзү эле, "Миллионду өкмөт алдап коюптур. Аны бербейт экен. Эл тынчысын деген эле, курулай сөз экен" деп койгон. Мен анысына деле ишендим. Кийин эки кызыма пособиясын чыгартайын деп, кара кагазды сурасам, "Митиркелерди алып кел, мен өзүм чыгартам. Акчаны алгандан кийин, ошо замат сага которуп берем" деген. Көрсө кайненемдин мындай куулук амалдарынын баары миллиондогон акча жана калаадан берилүүчү батир үчүн экендигин, жана анын баарын өзүнө каратып алгысы келгендигин кийин билип отурам.

Өз неберелерин тааныбай калган Сыйна Жумакаирова
Мага кара кагазды бербей койгондо, кандайдыр бир шектенип ошо кездеги Убактылуу Өкмөттүн алдындагы түзүлгөн мамлекеттик комиссиясына кайрылдым. Комиссиянын мүчөсү Усупова Бурулуш эже мени көрүп таң калды. Себеби, кайненем "баламдын аялы жана балдары жок" деп жаздырып коюптур. Ошо жерден Бурулуш эже кайненеме чалып, "сиздин эки небереңиз бар экен. Менин алдымда Айгерим, Айпери аттуу небереңер отурат" деп айтса, кайненемдин жаагы жап болду. Ага чейин болсо, "комиссияга барбай эле кой, барсаң бизди уят кыласың" деп аталган комиссияга баруума тыюу салып коюшкан. "Миллионду силер алдыңар, батирди келиниңерге жана неберелериңерге берем" деп айтса, "ошол келин сага канча акча берди, мен андан көп акча берем" деп айтканын угуп, жакамды кармадым. Бурулуш эже болсо, "бизге акчаңардын кереги жок, биз кичинекей балдардын тагдырына жардам кылабыз" деп айтса, "сени жумушуңан ыргыттырып коёбуз" деп коркутуп, кекете башташты. Эртеси комиссияга кайненемди чыкыртышса, кашайып ал киши неберелерин тааныбайм деп чыкса болобу. Кечээ эле, неберелерин кучактап, эркелетип жүргөн кайненем, бүгүн өз неберелерин чанып, аларды тааныбай калды.

"Мекен шейиттери" эмне иш кылып атышат болду экен, ия?...
Жазган арыздарында "Кайдан - жайдан Асаналиева Нуржан деген келин эки кызы менен пайда болду. Мен ага жоолук салып, балама алып берген эмесмин жана көргөн да эмесмин" деп жазып, айылдагы кошуналарын кандайдыр бир жолдор менен үндөп, аларды да "тааныбайбыз" дедиртип жаздырган. Ошентип ошо күндөн, ушу күнгө чейин кайын энем экөөбүз душман болуп чыга келдик. 7- апрелден кийин "Мекен шейиттери" коому түзүлүп, алар аркылуу миллиондор жана бир бөлмөлүү батирлер берилип атты. Комиссия болсо, "батирди мураскорлоруна беребиз" деп айтып келишти. Бирок, "Мекен шейиттер" коому тарабынан эки кызыма бөлүнчү үй, үчкө бөлүнүп, бүгүнкү күнгө чейин талаш - тартышты жаратып келатат. "Бу кандайча үчкө бөлүнүп калды?" десем, "биринчи аялынан бир баласы бар экен. Ал балага бир бөлүгү анан сенин эки кызыңа эки бөлүгү тиет" дешкен. Бирок, андай эмес эле сертификатта кайненемдин аты жазылып калыптыр. Азыр ушу тапта кайын сиңдим Сарыбаева Шоола "бул үйгө мен жашайм, энем мага берген, Жамансариевге биз акча бергенбиз" деп кошуна - колоңдоруна айтып, менин артыман шумдуктуудай ушактарды таратып атыптыр.
Бөлүнгөн батирдин үчтөн эки бөлүгү эки кызыма тийген соң, көчүп кирейин деп, бир тууган байкем менен жеңемди ээрчитип барсам, кайын сиңдим бир топ жаш балдар менен бизди токмоктоп, кубалап чыкты. Айлам кетип, амалым түгөнгөндө, кече жакында Ак үйдүн алдына нааразычылык акциясына да чыктым. Тиешелүү адистерден сурасам, "бүгүнкү күндөгү соттор кыйла эле адилеттүү болуп калды. Айрыкча сенин маселең коомчулуктун бүйүрүн кызыта турчу маселе. Сотко берсең сен эле утуп чыгасың" дешет. Эми мен "Мекен шейиттерин", кайненемди, жана кайын сиңдимди сотко берүүнү чечтим.

Осунбек Жамансариев, "Мекен шейиттери" коомунун төрагасы:
- Осунбек мырза, маркум Таалайбек Сарыбаевдин артында бир эмес үч мураскору бар болуп туруп, сертификатка апасы Сыйна Жумакаированын аты- жөнү эмне үчүн жазылган?
- Ортодо түзүлгөн келишим бар. Мисалы сиз эгерде үйдү балама, небереме, апама же сүйгөн кызыма деп жаздырып алсаңыз болот.
- Ошол берилген батирге Нуржан Асаналиева эки кызы менен барышса маркум жолдошунун карындашы бир топ балдар менен токмоктоп, үйгө киргизбей коюшуптур. Ушундай ызы - чууга жеткирбей, бул маселени жөнөкөйлөтүп чечип койсо болобу?
- Мындай үй-бүлөлүк ызы-чууну жайгаштыруу биздин милдетке жүктөлгөн эмес. Ушундай сыяктуу кырдаалдар жаралып кетпеш үчүн, биз адегенде эки тараптын тең жакындарын кошо чакырганбыз. Буга окшогон ызы-чуулар ондоп саналып келген. Кудайга шүгүр, алардын көбүн жайгаштырып, чечип бердик. Бирок, беш кол тең эмес дегендей дагы ушул сыяктуу бир - эки маселе бар.
- Нуржан Асаналиеванын айтымында маркумдун карындашы Сарыбаева Шоола ошол жашап жаткан батирдин коңшу - колоңдоруна "биз Осунбек Жамансариевге акча бербедик беле, ал эмне үчүн Нуржандын пайдасына чечип атат?" деп айтыптыр. Чын эле ортодон акча алдыңыз беле?
- Мындай ойду эки тарап тең ойлоп атат. Нуржан кечээ жакында мага телефон чалып, ушул туурасында айткан. Анан мен, "ал сөздү кимден уктуң?" десем, эч нерсе айта албай койду. Мен ойлоп атам, бул жөн гана Нуржандын өз оюнан чыгарганы. Мен ошол жерден, "Нуржан сен бул сөздү өзүң эле чыгарып атасың окшойт" десем, өзү бир нерсени айтып ийди, "Элдияр деген иниси комиссиянын мүчөсү Бурул деген эжеге телефон чалганда мен жанында болчумун. Телефондон ал Бурулга, "Нуржан канча акча берди, мен силерге андан көп акча берем" деп айтты деди. Ошондон баштап Нуржан ошол ойдо калган болуш керек. Мени ортодон акча алып атат деп ойлошу да мүмкүн. Андан тышкары биздин коомдун ичинен бөлүнүп чыгып кетишкен балдар бар. Алар деле мындай ушактарды чыгарып аткан болуш керек. Бүгүнкү күндө эч ким эч кимге кепилдик бере албайт да, туурабы?
- Берилген акча менен батир түздөн - түз маркумдун артында калган мураскорлоруна берилиши керек эле. Анда неге мураскорлоруна берилген батирде маркумдун карындашы ээлик кылып жашап жатат?
- Алар ал жерде биротоло жашаган жок. Үйгө кирди - чыкты адамдар кире берет эмеспи. Ал тургай үйгө конок да келет. Ошол эле Нуржандын же болбосо кайненесинин жакындары келет. Ал жерге эч ким жашап алган жок. Болгону кыргызда болгон салтты улап жаңы үйгө көчкөндө жыт чыгарып, түлөө өткөрүп коюшкан. Ал жер атайын кайтаруудагы жер эмес да.
- Берилген батир болгону бир бөлмөлүү болсо, анысы аз келгенсип аны үч - төрткө бөлүп жиберсеңер, талаш - тартыш өзүнөн - өзү жаралып атпайбы. Ушуну ушу бойдон таштабай, калыс бөлүп берүүгө болобу?
- Өкмөт биринчи, экинчи аялына деп өз - өзүнчө батир бербейт. Кээсинин бир, кээсинин беш баласы бар. Алардын баарына бирден батир бербейт да. Кээсинин мурунку күйөөсүнөн балдары бар. Нуржан деле мурун 2008 - жылы бир күйөөгө чыккан, андан да бир бала бар деп айтып жүрүшөт. Бир жолу өзү деле бир балам бар деп айтып алып, кийин кайра танып чыкты. Ушул сыяктуу көптөгөн ызы-чуулар бар. Ушунун баарын териштирип отурбай өзүңөр эле, жакшынакай чечишип алгыла, соттон деле ушул чечимди угасыңар деп айттым.
- Маркумдун мураскорлору тышта калып, алардын ордуна карындашы энеси жашап алганы бул өзү туурабы?
- Ал жерде болгону энеси, анан Элдияр аттуу бала жашап атат. Энеси деле Ысык-Көл областында турат. Шоола болсо күйөөсү бар. Анын өзүнүн тиричилиги бар. Эгерде Нуржан кирип алса деле, "эмнеге Нуржан жашаш керек. Үй ага эмес балдарына берилген" деп да тиги тарап айтып чыгышы мүмкүн.
Элдияр ЭЛЧИБЕК





кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??