Бейне

Санасаң санагы жок саясатчылар сапырылган самандай эле көбөйүштү. Курулай кыйкырык, курулай дымак менен күн көрүп, саясатты өздөрүнүн куралына айлантышып андан упай топтоону, элге жагынууну адат кылып алышкан учурлар да жок эмес. Кудай менен курдаш, Теңир менен теңдеш болуп, көөдөнүн көккө көтөргөндөрдү, биз, жердегилер биринин артынан бирин ушинтип "Саясий бейне" рубрикабызда сындай беребиз. Адилет болсунчу, анда, алардын бейнесине кыргызга белгилүү болуп калышкан, саясаттын казанында кайнап жаткан адамдар айтып бермекчи. Бүгүнкү "Саясий бейне" рубрикабыздын каарманы "Ар - Намыс" партиясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу болмокчу.

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулунун ишмердигине кандай баа бере аласыз?
Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер:
- Турсунбай Бакир уулу жөнүндө ак деп да, көк деп да айталбайм. Ал киши менен маектешип, чогуу бир дасторкондо отурган эмесмин. Азыркы саясат өтө эле пас, өтө эле начарлап кетти. Ошондуктан саясатчыларды сындамайдын өзү да туура эмес. Аларды сындабасаң деле эл өзү көрүп турат. Ал эми азыркы парламенттеги 120 депутаттын дээрлик көпчүлүгү ошол эле Акаев, ошол эле Бакиевдин арамдык менен жүргүзгөн бийлигин мыйзамдаштырып, анын жүргүзгөн саясатын эки колу менен колдоп жүргөндөр. Булардан жакшылыктуу эч нерсе күтүүгө болбойт. Ошондой эле сен айткан Турсунбай Бакир уулу да, өзү ислам динин колдоп жүрүп, ушундай пас саясатчылардын катарында жүрөт. Ал эми кийинки жаш депутаттарды мен тааныбайт экемин. Алар жөнүндө эч нерсе айта албайм. Негизи динди тутунуп, ыйманды өзүнө дос кылып жүргөн адам эч убакта ушундай пас саясат менен аралашпайт. Бул жөн гана аксиома. Биздин саясатчылардын дээрлик ыйманы жок. Ушунчалык кара өзгөй, ууру, арам саясатчыларыбыз ого эле көп. Алар эч убакта мамлекет, ата-мекен, эл-жер деген ойду ойлобойт. Алар бир гана жеп-ичишти ойлойт. Турсунбек Акун менен Турсунбай Бакир уулу экөө көптөн бери Омбудсмендикти талашып келатышкандыгы жашыруун эмес. Бул Омбудсмендик батыштан келген саясат. Ал бизге жарашпайт. Кыргыз илгери эле адам укугун түзүп койгон. Ал тургай кичинекей кумурсканы тебелебей, аттап өтүп, "малды теппейт", "өгүзүңдү сойгону атсаң, түшкө чейин сугарып кой" деп айтышчу. Адам эмес малдын да укугун коргогон. Кыргыздын улуулугун биз билбей атабыз.

Накен Касиев, коомдук ишмер:
- Турсунбай Бакир уулу биринчиден эң мыкты саясатчы. Экинчиден Кудайды тааныган, мусулман динин ыйык туткан инсан. Парламентке депутат болуп барганда, ант берип атып, бир колуна Куранды, бир колуна Конституцияны кармап туруп ант берди. Эгерде өзүң Кудай алдында ак болсоң, анда сен Куранды кармап туруп ант бере аласың. Мындайга биздин саясатчылардын көпчүлүгү эрдик кылалбайт. Бу киши ак менен караны айырмалай билген, салмактуу саясатчылардын бири. Саясатчы болгондон кийин артыңан сөз ээрчибей койбойт. Турсунбай Бакир уулунун да артынан ушактар болуп атат. Айрыкча парламентке намазкана ачуу маселеси боюнча. Союз урагандан бери кыргыз элибиз, айрыкча жаштар өзүн ким экенин, өзүнүн улутун тааныбай турганда, бул киши аларга үлгү боло турчу инсан. Турсунбай Бакир уулу өлкөдөгү биринчи Омбудсмен болуп келгенде, мен губернатор болуп иштегем. Анын кыргызга кылган бир топ эмгектерин билем. Биринчи Акыйкатчылык мектебин ачып, көптөгөн жакшы иштерди бүтүргөн.

Жыргалбек Касаболотов, журналист:
- Турсунбай Бакир уулу кыргыз эли үчүн, кыргыз мамлекети үчүн кандай эмгек кылгандыгын айта албайм. Ким билет балким калайман журт үчүн бир топ иш аткаргандыр, бирок мен андай иштерин көргөн жокмун. Көпчүлүк саясатчылардай эле өз арбайын согуп келатат. Убагында "ЭРК" партиясын түзүп, аламан шайлоолордо катышып жүрдү. Былтыр болсо, Феликс Куловдун "Ар-Намыс" партиясына кошулуп, парламенттен орун алып, депутат болуп отуруп калды. Кыргызстандагы саясатчылардан айырмаланып ислам динин колдоп келатат. Парламентке намазкана ачам деп да айгай салып чыкты. Намаз окуп, ыйман жолу менен жүргөндөй элес калтырганы менен, өзү дин кызматкеримин деп айтканын уга элекмин. Парламентке намазкана ачышына мен да каршы болдум да, бул кишинин мындай жоруктары жакпай калган. Өзүнүн атына уйкаш Турсунбек деген дагы бир саясатчы бар. Кыргызстандын Омбудсмендигин экөө эле алмак - салмак ээлеп келатышат. Экөөнүн талашып - тартышканы, көксөп - эңсегендери дал ушул Омбудсмендик. Булардан башка адам калбай калгансып. Омбудсмендикке дагы бир жаңы фигура келип калса, эми талашты үчөө жаратаары ажеп эмес. Ал эми өзү ыйман жолунда жүрүп, намаз окуп, ислам динин колдоп жүрүп, канкор Бакиевдин камчысын чаап жүргөн А.Жапаров, Ф.Куловдун катарына барып, алардын партиясына кошулуп алды. Булардын көздөгөн позициялары бир болбосо да, ар кимдин жеке кызыкчылыктары бирине - бири дал келгендиктен кошулушту. Албетте өкмөттүн ичинде деле Бакиевчил кадрлар жүрүшөт дечи. Бирок, А.Жапаровду кимдер гана билбейт. Аны айтуунун деле кажети жок.

Элдар Аттокуров, "Жаш саясатчылар мектебинин" өкүлү:
- "Ар-Намыс" партиясынын ичинен ушул Турсунбай Бакир уулу кыйла тазараак көрүнөт. Анын саясий салмагы Ф.Куловго караганда оор экендиги жашыруун эмес. Албетте Ф.Куловдун байлыгы бар. Бүгүнкү күндөгү көпчүлүк саясатчылардын салмагы чогулткан байлыгына көз каранды болуп калбадыбы. Ал эми Турсунбай Бакир уулунун 1995 - жылдардагы Баткен коогалаңында, элдин тынчтыгы үчүн салымы зор. Ал дипломатиялык жол менен бир топ туткундарды бошотуп алып келген. Аны баарыбыз эле билсек керек. Саясатка аралашкандан кийин, сөзсүз түрдө артыңан ар кандай ушак, сөздөр ээрчибей койбойт экен. Ошондой эле Турсунбай Бакир уулунун артынан деле ушактар калбай ээрчип келатат. Айрыкча Омбудсмендик кызматта отурганда артынан кандай гана ушак, сөздөр жүрбөдү. Анын артын булгап, кара көө жабууга аракет кылгандар көбөйгөн. "Ар-Намыс" партиясында дагы бир саясатчы бар. Каныбек Иманалиев деген. Бу киши Акаевдин өкүл баласы болуп, анын жардамы менен ушу даражага көтөрүлүп келди. Эми карабайсыңарбы, тим эле мурда - кийин саясатта аралашпагандай түр көрсөтүп, периштедей аппак болуп чыга келди. "Ар-Намыс" партиясына жалаң эки жүздүү, намысына бек турбаган, позициясы бир жолдон чыкпагандар биригип алышкан. Ошол эле Акылбек Жапаров өзүнүн атасындай болгон Усубалиевди тоголотуп, өзү ордуна депутат болуп келип калышы, эмнеден кабар берет? Таласка барганда, миңдеген элдин курчоосунда калып, аз жерден жан таслим болуп калаарда, ошол окуядан бир саат мурун өзүнүн "шефи" Бакиевдин буйругун аткарып келип, эки жүздүүлүк кылып, заматта аны сатып кеткен. Ушундай кошаматчы, саткын саясатчылардын катарына барып кошулуп алышы туура эмес болуп калды. Ф.Кулов менен А.Жапаровдор ХИПИКчи адамдар. Турсунбай Бакир уулу болсо кийинки жаштарга үлгү болчу инсан!

Турсунбек Акун, укук коргоочу:
- Турсунбай Бакир уулу жөнүндө эч нерсе деп айта албайм. Мен парламенттик жыйында депутаттарга сөз берип койгом. Ал киши тууралуу эч нерсени сындап айтпайм деп. Аны мен сындап айтпасам деле, эл өзү көрүп, билип жүрүшөт. Бүгүнкү күндө кимдин-ким экенин калайман журт жакшы эле билип калышпадыбы. Турсунбай Бакир уулу мени канчалык сындап, канчалык жамандабасын, мен анын абийирин Кудайга койдум. Эл тараза, эл сынчы! Ким ак, ким кара экенин эл өзү билет.