Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Жүрөк ыйлайт, жүрөк сыздайт муңканып

Жылына Кыргызстанда жүрөк оорусунан 17 миңге жакын адам көз жумат
Кыргызстанда жыл сайын 17 миңден ашуун адам жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болушат. Бул санды алгачкы жолу укканымда, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директору Калдарбек Абдрамановдон бул туурасында сураганга чейин мындай үрөй учурган өлүм-житимди элестетким келбей, буга көпкө чейин ишене алган эмесмин. Медицина илимдеринин доктору, тажрыйбалуу жана, кесиптештеринин айтымында, мыкты хирург, атактуу "бакулевдик" кардиохирургия мектебинин шакирти 17 миң - бул, тилекке каршы, бери эле жагы экендигин кошумчалоо менен жогорудагы медициналык статистикалык маалыматты тастыктады.

Ырас, республикада мындан башка да кейиштүү статистика бар, мисалы, кургак учук, онкология, балдардын жана энелердин өлүмү ж. б. боюнча. Бирок мен жүрөк-кан тамыр ооруларынын проблемасы, өлкөдөгү кардиохирургиянын абалы жөнүндө кеп салып бергим келип турат. Менин мындай кадамга барышыма жогорудагы статистика эле эмес, кардиохирургия институтундагы тантыраган ушак-айыңдар менен талаш-тартыштар, анда иштеген айрым кызматкерлердин илимий-изилдөө институтунун директорун кызматтан кетирүү, ага жердешчилик, тууганчылык жалаа жабуу аракеттери да түрткү болду.
Былтыркы жылдын 7-апрелинен кийин клиниканын башкы дарыгери жетектеген топ институттун директору К. Абдрамановго ыйгарым укуктарынан баш тартууну түз эле сунуштаган. Анткени, алар билдиришкендей, К. Абдрамановдун жердеши жана кожоюну Курманбек Бакиев тактан кулатылды, демек, түштүк областтарынан келишкен адистердин баарынын мында калышы кажет эмес. "Кеч болуп кете элегинде сен дагы жолуңа түш", - дешкен алар өз жетекчисине.
Эми аталган институттун директорун анын душмандары директордун эки баласы - жаш кардиохирургдар ушул эле клиникада иштеп жатышкандыгы үчүн айыптап жатышат. Кечиресиздер, анда кардиохирург кайсы жерге барып иштеши керек, мындай клиника биздин өлкөдө азырынча бирөө эле эмеспи? Бул - тууганчылык эмес - династия болуп саналат, мындай көрүнүштү, менимче, колдош керек. Анын үстүнө, директордун балдары акыркы кезге чейин атасынын негизги оппоненти болуп жаткан клиниканын башкы дарыгеринин түздөн-түз жетекчилиги астында иштеп келишкен.
К. Абдрамановду Жалал-Абад областынын кулуну болуп туруп дал ушул Жалал-Абад шаарында институттун филиалын ачкандыгы үчүн да айыпташууда. А бирок Жалал-Абад областтык кан куюу станциясынын бош турган имаратын институтка өткөрүп берүү Саламаттык сактоо министринин чечими болчу. Ошондо деле институттун жетекчисинин каршылаштары беттегенин бербей жатышат. Алар акыйкаттыкка жеткибиз келет дешүүдө. Басма сөз жыйындары, өлүм-житимдерге институттун директорун күнөөлөгөн макалалар, укук коргоо органдарына коюлган Абдрамановду кылмыш жообуна тартуу жөнүндөгү талаптар ж. б. у. с., бир сөз менен айтканда, ушакчылар менен чагымчылардын адаттагы, көкөйүңө көк таштай тийген "джентльмендик топтому". Муну биздин республикада соңку жылдарда көптөгөн мансапкорлор шумдуктай жетишкендик менен пайдаланып жатышат. Эгер эртең эле Саламаттык сактоо министри илимий-изилдөө институтунун директорун шайлоону өткөрүүгө ниеттенип, бул кызматка бардык божомолдоолор боюнча азыркы жетекчи К. Абдраманов башкы талапкер болорун эске алсак, анда анын душмандарынын жаны жай албастыгынын жана күчөгөндөн күчөп келаткан көктүгүнүн себептери айкын боло түшөт. Анан эле баары өз ордуна келип калгандай болот. Клиникадагы дал ушул дүрбөлөң жыл бою уланып келатат. Бул кырдаал бейпилдиги менен тең салмактуулугунан операциялык столдогу бейтаптын өмүрү көз каранды болгон катардагы кызматкерлердин, дарыгерлердин, хирургдардын ишинин сапатына оң таасирин тийгизе алабы?
Эгер ушул тапта кардиохирургиянын өзүнүн "жүрөгү" инфарктка чейинки абалга тушугуп турса, жүрөк оорусунан жапа чеккен адамдардын проблемаларын чечүүгө биздин республиканын кардиохирургиясынын дарамети жетеби? Бүгүнкү күндө бул маселе абдан олуттуу болуп турат.
Биздин өлкөдө жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоодогу проблемалар ансыз деле көп экендигин айта кетишибиз абзел. Кыргызстанда жыл сайын 5 миңден ашуун жүрөккө операцияларды жасоо зарыл. Мындай операциялар жасалуучу жападан-жалгыз клиника - Бишкек шаарында жайгашкан Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту. Бул клиниканын дарыгерлери, директордун моюнга алуусу боюнча, жылына 1 миңдей операция жасашат, андан көптү жасоого адам ресурстары дагы, техникалык мүмкүнчүлүктөр дагы жетишпейт. К. Абдраманов беш манжасындай билген "алтын саат" эрежесин жана анын жүрөк оорусуна чалдыккан бейтап үчүн маанисин мага түшүндүрүп берди. Эгер 2 сааттын ичинде дарыгерлик жардам үлгүрбөй калса (бул жерде адис ыкчам кийлигишүүнү айтып жатса керек деп ойлоп жатам), анда бейтаптын өмүрү үчүн эч ким арачы боло албай калат. Эмне кылуу керек, маселенин жандырмагы кайда? Бул кыйчалыш кырдаалдан чыгуунун бир жолу - аймактарда, азырынча, жок эле дегенде, областтык борборлордо жүрөк хирургиясы институтунун филиалдарын ачуу деп какшап келишет адистер. Бирок проблеманы биротоло чечүү үчүн ар бир райондук бейтапканада кардиохирургиялык борбор иштеши зарыл.
Жакында эле Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун биринчи аймактык филиалы Жалал-Абад шаарында ачылып, ошол жерде жүрөктөгү шишикти алып салуу боюнча эң алгачкы жана өтө олуттуу операция жасалып, ийгиликтүү өттү. Аны институттун тажрыйбалуу кардиохирургдарынын бири, азыркы убакта аймактык филиалды жетектеп жаткан, экинчи муундагы хирург Ильхом Бебезов жасады. Бирок жалгыз эле аймактык филиал жетиштүүбү? Албетте - жок. Булар областтык борборлордун санына жараша, жок эле дегенде, жетөө болушу керек деп биз жогоруда айтып өткөнбүз. Жаны кыйналып жаткан бейтапты, айталы, Нарындан же Таластан шашылыш түрдө Бишкекке жеткирүү - орундалбай турган тапшырма, ошондон улам инфарктка же инсультка чалдыккан адам борбордук клиникадан оолак кала берет. Жалал-Абадга деле, мисалы, Баткенден "алтын саатта" жетип келүүгө мүмкүн эмес.
Биз Кыргызстанда 20 жыл бою саламаттык сактоо системасындагы бир катар гранттык жана кредиттик долбоорлорду ишке ашыруунун үстүндө иштеп келдик, бул биздин медицинага жана жардамга муктаж бейтаптарга эмне бергендигин айтыш кыйын, бирок адамдар жөнөкөй эле өз убагында квалификациялуу көмөк көрсөтүүгө жөндөмдүү медициналык мекемелердин жетишсиздигинен каза болуп жатышкандыгы факты бойдон калууда. Көптөгөн кыргызстандык адистер, анын ичинде кардиохирургдар, бүгүнкү күндө Казакстанда - Алматыда, Таразда, Павлодарда, Астанада иштеп жүрүшөт. Иштегенде да абдан ийгиликтүү иштешип, коңшу өлкөдөгү жүрөк хирургиясынын деңгээлин көтөрүп жатышат. Аларга башка өлкөлөрдүн бейтаптары байма-бай каттап, алардын аттары кыйла эле таанымал болуп калды, алар эмгегине жараша акы алышат. Бул адистер бир кезде ар кандай себептер менен, биринчи кезекте, албетте, жакшыраак эмгек шарты жана эмгек акысы бар жумуш издеп Кыргызстандан кетүүгө аргасыз болушкан, сыягы, алар өкүнбөйт болушу керек. Бирок ата мекендик медицина үчүн, биздин кардиохирургия үчүн бул чоң жоготуу болгондугу шексиз.
Бүгүнкү күндө Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту жүрөккө эң татаал операцияларды ийгиликтүү жасап жатышкан жаш хирургдардын жаңы муунун активдүү даярдап жатат.
Институттун 11 адиси Түркия менен түзүлгөн макулдашуунун алкагында 2010-жылы түркиялык клиникаларда окуудан өтүп келишти, дайыма алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөгү кесиптештер менен тажрыйба алмашуу жүргүзүлүп турат. Институт диссертациялык кеңешти түзүүгө жетишти, анткени жаш дарыгерлер илимий изилдөө иштери менен алектениши зарыл, илимий тыянак үчүн материал алардын тажрыйбасында жетиштүү эле. Институт учурда иштеп жаткан жаш жана таланттуу хирургдарды колдон чыгарбоо, алардын кирешеси мол жумушту качыруусуна шылтоо жаратпоо үчүн абдан көп иштерди жасап жатат.
Институтта эми бейтаптарга коронарографиялык текшерүү жүргүзүүгө, так диагноз коюуга, оорукчан жүрөктү жана кан тамырларды дарылоонун мындан аркы тактикасын аныктоого мүмкүндүк берген өзүнүн ангеографиялык аппараты бар. Анан да, ошол эле жабдуунун жардамы менен жүрөктүн кан тамырларын стентирлөө жүргүзүлөт. Эгер миокард инфарктынын пристубу менен келип түшкөн бейтапка коронарографиялык текшерүү жүргүзүп, кан тамырдын бузулган жерине стент коюп койсо, өлүмгө алып бара турган көптөгөн учурлардан качууга болот дешет институттун адистери. Тилекке каршы, азырынча биздин өлкөдө стент - абдан кымбат нерсе. Анын наркы, кардиологдордун айтымында, 250-300 доллардан ашпаганына карабастан, ал 1,5 миңден 4-5 миң долларга чейин турат.
Республикада бир канча жылдан бери Кардиология жана терапия институту үчүн алынган жападан-жалгыз ангеографиялык аппарат иштеп келген. Коронарографиялык текшерүү жана стентирлөө ушул институтта гана жүргүзүлчү. Өзүнө өтө кымбат стентти койдуруп, өмүрүн сактап калуу капчыгы калың бейтаптын гана колунан келчү, ал эми карапайым адамдын буга чамасы да келчү эмес. Азыр да көпчүлүк кыргызстандыктардын мындай операция жасатууга алы келбейт.
Бул маселени өкмөттүк деңгээлде чечүүгө эмнеге болбосун? Республиканын ушул "пружиналарга" болгон жылдык керектөөсүн канааттандыруу максатында бюджетке каражаттарды максаттуу түрдө киргизип, стенттерди чет өлкөдөн дүң баада сатып алып, клиниканы ушул стенттер менен камсыз кылуу кажет. Албетте, муну менен бирге айрым кардиолог-адистер өздөрүнүн түптөлүп калган бизнесин жоготуп алышы мүмкүн, а бирок республиканын инфаркт илдетине чалдыккан ар бир экинчи тургуну сак-саламат жана толук кандуу жашоого мүмкүнчүлүк алат. Маселенин чечилиши - өлкөнүн он миңдеген жарандарынын тагдыры калчанып жаткан таразанын табагын басып кете алабы же жокпу - бул Өкмөт мүчөлөрүнүн Кыргызстандагы кардиохирургия проблемаларына жасаган мамилесинен көз каранды.
Кандай болгон күндө да, ардактуу окурман, айтканымды чекилик дебестирсиз, жыл сайын жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза таап жаткан 17 миң адам - бул өтө эле көп!
Бердибай Саматов








кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??