Президент Роза Отунбаевага,
Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевге,
Спикер Акматбек Келдибековго,
Жогорку Кеңештин депутаты
Равшан Жээнбековго
К а й р ы л у у

Урматтуу Роза Исаковна!
Урматтуу Акматбек Келдибекович!
Урматтуу Алмаз Шаршенович!
Кыргызстанда Бабырбек Жээнбеков деген бирөө бар. Ал киши алтымыштан жашы ашса да, баланын оюнун, ал турсун, кылмышкердин ишин жасап жаткандыгын жарыя айтып коюуну парзыбыз деп билебиз. Мындай адамдар барда Кыргызстан бир кадам да алдыга жылбастыгын бөркүңөрдөй көргүлө. Балким байкуш кишинин болгон деңгээли ушудур. Болбосо, кол алдында иштеген адамдардын ак эмгегин жеп алайын деген шылуундукка барбайт эле. Бирөөнүн акысын жеген адам оо дүйнөдө отко куйкаланса, бул дүйнөдө түрмөгө отуруш керек. Каратып туруп алдап, коркпой туруп кылмышка барып жаткандыгына караганда бу Кудайды да, Кыргыз мамлекетинин мыйзамын да тааныбаган неме окшойт.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын түрмөлөрүндө жүздөгөн адамдар самоор, чайнек, казан-аяк, сотка уурдаганы үчүн отурушат. А бирок бакандай болгон адамдардын маңдай тери менен тапкан жүз миң сомдон ашык айлык-акысын жеген адамдар бийликте отуруп, эл башкарууда. Алардын бири дал ушул биз сөз кылып жаткан өкмөттүн алдындагы Антимонополдук агенттиктин директору Бабырбек Жээнбеков.
Өкүнүчтүүсү, ушундай адамдын өкмөттүн мүчөсү болуп жүргөндүгү өкүндүрөт. "Досуңду көрсөт, сенин ким экениңди айтып берем" дейт эмеспи. Анын сыңарындай, балким Бабырбек Жээнбеков бүгүнкү бийликтин чыныгы жүзүбү деп да кетесиң. Андай болсо кандай гана өкүнүчтүү.
Бабырбек Жээнбековду "Алиби" гезитинде мурда иштеген журналисттер айлык-акысын төлөбөгөндүгү үчүн сотко берген. Биринчи май райондук сотунун судьясы Айнура Сатарова ишти калыс карап, ал аягына чыгайын деп калган эле. Акыйкат сотто жеңилип калуудан чочулаган (Кудайдын сотунда да утулары турган иш) Жээнбеков, Сатарованы гезити аркылуу айдактатып, жамандап кирди негизсиз эле. Анысы аз келгенсип, "Алибинин" кожоюну Таалайгүл Абдрасулова (Бабырбек Жээнбековдун аялы) сотко келбей, билгениңерди кылып алгыла деп отурат.
Урматтуу Роза Исаковна!
Урматтуу Алмаз Шаршенович!
Кыргызстанды алдыга сүрөйм деген изги тилек менен аракет кылып жатканыңарды көрүп турабыз. Бирок алдамчылык, шылуундук кылып, бийлигим барда колуңардан пок келбейт деп, катардагы адамдарды каакы ордуна көрбөй жаткан катарыңардагы Бабырбек Жээнбеков деген немени тартипке чакырып коюуга күчүңөр жетер бекен!
Жогорку Кеңештин депутаты, Урматтуу Равшан Жээнбеков!
Парламенттик шайлоодо сенин утушка жетишишиң үчүн албан эмгек сиңирген адамдардын көйгөйүн чечүүгө Жогорку Кеңештин депутаты болуп туруп, белсенип койбогонуңуз кандай! Же Дүйшөбаев мыйзам бузса болбойт, Бабырбек Жээнбеков мыйзамды тебелесе боло береби? Буга кандай дейсиз, Равшан мырза!?
Кечээ күнү Роза Отунбаевага "УКМКнын башчысы Дүйшөбаев адамдарды тыңшоочу аппараттар менен угуп, жарандык жана Конституциялык укуктарын бузуп жатат. Бул боюнча жооп бериңиз" деп кат жолдогонуңузду уктук. Таңкалып, жакабызды кармап турабыз! Парламенттин алдында беш киши чогулуп митинг өткөрсө эле, ала качкан аттай чуркап чыгып, аларга күйүмдүү киши болуп чыга келесиз. А бирок...
Урматтуу Равшан Жээнбеков!
Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү катары кара чечекей атаңар Бабырбек Жээнбековдун мыйзамсыз аракеттерине карата оюңарды уккубуз келет. Чындап эле адамдардын жарандык жана Конституциялык укуктары бузулганда коргойт бекенсиз, текшергибиз келет.
"Экс-алибичилер"






Түптөгү "жумуртка"
операция чырын Шерниязов баштады беле?
"Түптөгү "жумуртка" операциясынын чындыгы" деген аталыштагы ат менен редакциябызга кат келип түштү. Кат Түп районунун жашоочусу Раимбекова Дамира Советовнадан келиптир. Ал учурунда Түптөгү "жумуртка" операциясынын катышуучусу экен. (азыр Дамира Раимбекова Россия шаарына кеткени маалым болду). Катта Бакиев учурунда Көкөтөйдүн ашы өткөн айтылуу Манас эпосунда айтылып жүргөн Каркыра жайлоосу казактарга кетип жатканда ошол кездеги оппозиция менен Түптөгү ОБОН деп аталган аялдардын тобу оппозиция лидерлерин эмнеге жумуртка менен ургулашканынын себептерин ачык айтууга аракет кылынган. Катта оболу Болот Шерди эмнеге ур-токмокко алгандары да айтылган. Үзүндү келтирели:
- Ары жактан бизди көздөй бир топ эл келе жатты. Бизге жете калганда Б.Шерниязов артындагы эркек кишилерге карап: "Түптүктөрдүн энесин ургула!" -деди
Ал сөздү уккан биздин жаныбыздагы жаш балдар; "Эмне дейт ия, Түптүктөрдүн энесин ургудай сенин атаңды өлтүрдүк беле, эмне деп жатасың, Таластан бери биздин энебизди урганы келдиңби" -деп жанына барып эле жакалаша кетишти. Дагы эмне сөз болгонун укпай калдым, бир маалда Шерниязовду бир жигит бир муштады, анын башынан калпагы ыргып кетти…
…"Боке, сенин эркекче жүргөн жүрүшүңө мен дайыма ыраазы элем, Текебаевди спикерликтен алып жатканда, мен дагы кетем деп кеткениңе, ал эми Эркинге кресло кымбатыраак экенин ошондо түшүнгөнбүз…
…Менин үстүмдөн областтык Ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин колдоосу менен иш козголду, "жумуртка" операциясын сиз жетектептирсиз дешти, видеосъемкалар бар, -деп
Акимчилик менен областтык губернатордун колдоосу менен дагы бир иш козголду, жумуш кызматын колдонуп 60 000 акча жеп алыптыр деп.
2010-жылы май айынан тартып 2010-жылдын октябрь айына чейин суракта, далилдөө, текшерүүлөрдөн көз ачылган жок. Ошондуктан бул катымдын кечигип жазылышы да ушул себепкер болду.
"За неимением фактов преступления уголовное дело закрыто" -деген чечимди колума алдым…
Кат аябагандай узак. Ошентсе да биз кийинки сандарыбызда бул катты толугу менен басууга даярдап жатабыз. Ошону менен бирге 2008-жылы Түпкө Каркыра жайлоосунун таламын талашып жөө жүрүшкө барган инсандардын пикирин да берүүгө аракет кылмакчыбыз. Анда кийинки сандарыбыздагы көп кызыкка күбө болосуздар…
(Уландысы кийинки санда)