"МАНАС -
"КОПЫТО" ЭМЕС!"
Кыргыз эли - илим-билимдүү эл экени менен сыймыктансак болот. Эне тилибиз болгон кыргыз тили менен билимдин эшигин ачып, дүйнө таанымыбыз күчөп, ааламды таанып келебиз
Мына бүгүн да, өз эне тилибизден тышкары, орус, англис, француз тилдерин суудай билген, мындан башка да бир топ тилдерди мыкты өздөштүргөн инсан менен жолугуп, кызыктуу маек куруп отурабыз. Маектешибиз Токарь Гүлшара Утюровнанын улуту -кыргыз. Алгачкы кесиби - жогорку билимдүү врач-хирург. Тил үйрөнүүгө кызыккан эже экинчи диплому боюнча - лингвист, чет тилдери боюнча адис.

- "Канча тил билсең, ошончо дил билесиң" дешет, бу англис тилин каяктан, кантип ушунча жогорку деңгээлде үйрөнө алдыңыз?
- Негизи, мектепте класс жетекчибиз Раиса Давыдовна мени ансыз деле англис тилин билесиң деп француз тилин окуган группага бөлүп койгон . Өзүм англис тилине кичинемден өтө кызыкчумун. Атам Калиев Үтүр Райымбекович өзү элге белгилүү хирург болуу менен бирге, англис тилин эң жакшы билчү. Ошондуктан мага жана бир туугандарыма кичинебизден эле англисче сүйлөгөндү үйрөткөн. Англисче ырларды жаттап, англис тилин окуган курбу кыздардан көчүрүп, өзүмчө аракеттенип жүрдүм. Мединститутта англис, француз тилин бирдей окудум. Акырында, биротоло тил үйрөнүүгө ооп, төрт балалуу болгондон кийин хирург кесиби оор келип, жогорку окуу жайдын /КМУ/ чет тилдер факультетине тапшырып, бүтүрдүм.
- Эже, башканы коюп, "Манасты" айт,- дегендей, "Манас" эпосунун котормосундагы сиз байкаган, сиз өкүнгөн нерселер кайсылар эле?
- Эми, "Манаска" кичинемден аябай кызыкчумун. Айтылышы, жазылышы мага өзгөчө таасир калтырчу. Англисче котормосу бар экенин угуп, "Манас" англисче кантип айтылат экен деп ал китепти атайын колума алдым. Мени өкүндүргөнү - китептин биринчи эле бетинде өтө орой ката кетиптир.
- Ал кандай ката экен?
- Улуу эпосту кыргыз баласынын баары эле окуп, билебиз го. Хан Жакып балалуу болбой жүрүп, кыркка чыкканда уулдуу болот эмеспи. Ошондо "Менин ордумду басаар, артымда калаар туягым" деп сүйүнгөн жерин: "О, мое копыто!" деп орусча тантырап которуп коюшуптур. Аны ошол бойдон алып туруп англисче которуп ташташыптыр.Ушу кантип болсун?! Кырк жашында балалуу болгон Жакып "копыто" деп кыйкырат экен! Бул уят да, кыргыздарга. Кыргыз элин билбегендер "Бу кыргыздар эмне деген эл? Кан-жанынан чыккан баласын уй менен аттын бутуна теңеп жатканы неси?" деп таң калып шылдыңдашпайбы! Муну окуп алып аябай ызаландым.
Бул жерден эмнени айткым келет? Котормо менен алектенгендер тил билиш керек, түп нускадан гана которуу керек. Улам бир тилден бир тилге которулуп, андан кайра башка тилге которо салуу менен сөздүн мааниси бузулат. Анан да, ошо которуп жаткан элдин дилин, үрп-адатын, салт-санаасын терең билбей туруп которсоң да калпыстыктар кетип калышы ыктымал.
- Аны качан которушкан экен?
- 97-жылдары. "Манасты" котортобуз деп Индияга чейин барышыптыр. Мен өзүм которгон бөлүмүн ошо редакторлорго көргөзсөм, карабай эле "котормо жаман экен, каталар көп экен" деп жактырбай коюшту, а көргөзгөндөрү - бир иранец болучу. Алардан алып, американецтерге көргөзсөм, аларга жакты, эч кандай каталарды да тапкан жок, тескерисинче кызыгышып, "уландысы барбы?" деп сурашты.
Ошо бойдон, баары бир "Манасты" которууга кызыгып калдым. Акыры кийин "Рrometeus" деген журнал ачтым, ЖЧК аркылуу. Ошо журналга кыргыз, орус, англис тилинде бир рубрика ачып, "Манастын" котормолорун сүрөттөрү менен чыгарайын деген болчумун. Андан тышкары, конкурс уюштуруп, ырларды, аңгемелерди жарыялайын дегем. Бирок, өлкөдө кайра куруудан кийинки жылдары кыйын кырдаал болуп, акча-тыйын тартыштыгы күчөгөнүн баарыбыз эле башыбыздан өткөрдүк . Ошентип, алигиче колдон келбей, ошо бойдон ал журналымды чыгара албай келем…
- Сиз көптөгөн чет өлкөлөрдө жашап келипсиз…
- Өйдөдө айтып кетпедимби, кыйынчылык болгон жылдары жолдошум орус болгондуктан, Россияга, Санкт-Петербургга үй-бүлөбүз менен көчүп кеткенбиз. Ал жакта бир-эки жыл жашадык. Орусиянын атуулдугун алдым, пенсияга да чыктык. Билесиңер, Россиянын пенсиясы бул жактагыга караганда көп. Убагында иштедик, акчаны да жакшы таптык. Бирок…
Бирок, өз жериң тартат экен. Баары бир эле туулуп-өскөн Кыргызстанды сагынбай койгон жокмун. Биздин кыргыз жеринин климаты башкалардан өзгөчөлүү. Таза аба, кашка суу, тоо-токойлор… чөп жыты аңкып каңылжаарды жарат…Адамдын ден соолугуна таасири өзгөчө, ысык десең, ысык, салкын десең - салкын.
А Россиянын климаты ден соолукка да анчейин жакпай калгандай…Анан да, атуулдукту алып, тең укуктуу болгонуң менен, сырт келбетиң, жан дүйнөң кыргыз бойдон эле калат эмеспи. Ошондуктан, а жердегилердин мамилеси алгач башкача болот, түрткүнчүктө да каласың. Качан гана сүйлөшүп, өз билимиңди көргөзгөндөн кийин сыйлап калат экен. Бирок, сый - сый менен. Ар бир жолуккан адамга өзүңдү демонстрациялай бербейсиң да… кээде өзүңдү жаман сезесиң.
(Уландысы кийинки санда)
- Дагы кайсы мамлекеттерде болдуңуз?
- Англиядан окудум. 2000 -жылы үч ай жүрүп специализациядан өтүп келдим. Он эки мугалимден ар бир күнү үч сааттан окудум. Ошентсе да, баары бир кемсингендей болосуң. Же бир сен европеец болбосоң, керек болсо, Африкадан келген кишилер сенден өйдө турушат. Бирок,бул сен сүйлөп баштагыча эле. Сүйлөй келгенде сыйлап башташат…
Ошол учурда Роза Отунбаева Англияда элчи болчу. Анын кеңешчиси Керимбекова Нургүл аркылуу Дайирмид Ганн деген поззия боюнча сынчыга менин тогуз ырым жиберилген. Ал мактап, "англис тилин суудай билет экен" деп Нургүлгө кат жазып берген жана Шотландиянын борбору Эдинбургга чакырган. Бирок, үй-бүлөмө байланыштуу ал жакка бара албай калдым.
Англияга барып келгенден кийин бир жыл өткөн соң жолдошум балдарга бир жардам болсо экен деп Сибирге иштегени кетти, мен анын артынан кеттим. Ал жактан мектеп ача койдум - ПРО-АРТ деген. Сибирде төрт жыл жүрүп, кайра Кыргызстанга келдик.
- Сибирде аябай суук болсо керек…
- Ооба, ал жактын аба- ырайы өтө катал, өтө суук. Мындан мурунку революциянын алдында келдик да. Өлкөдө абал бир топ оор экен. Нанга тыйын калбай калып кыйналган кишилерди көрүп боорум ооруду. Ошондой күндөрдө менден окуп жаткан бир аял Малайзияны мактап калды. Анын мактаганынан улам ал жакка да барып көрөйүнчү деп Малайзияга сапар алдым.
- Жалгыз өзүңүзбү?
- Алгач, жалгыз кеттим. Чынын айтуу керек, Малайзия мага жакты. Бир университетине кирип сүйлөшүп, китептеримди көрсөттүм. Мени алар жактырышты. Ал жердеги кытайларга англис тилин үйрөтүп, өзүң да кытай тилин үйрөнүп аласың дешти. Бирок, мен бул жактан документтеримди, дипломдорумду толук алып кетпептирмин го…жөн эле көрөйүн деп баргам да. Кайра келгенимде жолдошумду ала кеттим. "Тим эле бейиштей жер турбайбы" деп жолдошум ыраазы болду. "Карыганда эми ушундай жерде жашайлы" деп кыялданды. Жай мезгили, пальмалар, тегерегиң тегиз жашыл…Сибирден келген кишиге аябай кызыктуу болду да. Паспортторду тууралап эле Малайзияга учтук.
- Аябай жаккан экен да…
Жагарын го жакты, бирок, үч ай өттүбү, дагы эле баягы жай… Килейген кескелдириктер,, чоң-чоң көпөлөктөр, учуучу таракандар тынчыңды алат. Жамгыр төгүп, чагылган чартылдап, үйдүн ичине чейин кирип келет. Тропикалык өлкө да. Жери жакшы ,бирок, абасы мончо сыяктуу дем. Квартиралары, тамак-ашы арзан, жыргап эле жашай берсе болчудай. Бирок, банкта квартирага деп жыйнап аткан акча бар экенин билгенби, артыбыздан аңдып калышты. Акыры, баса бердик.
Ал жактан үй-бүлө, беш балам кайра көчүп келгенде, жашоо оңой болгон жок. Караколго, атамдын жерине бардык, Чолпон деген айылына. Каракол шаарына алгачкы жалпы билим берүүчү мектеп ачтым. Компьютердик курстарды ачып, кыргыз, орус, англис тилинде Алиппени чыгардым, өзүмдүн ыкмам менен окуттум.
- Сиздин окууңуздун өзгөчөлүгү эмнеде?
- Азыр англисче эч ким жазуу - пропись менен жазбайт дешип үйрөтөт бул жакта. Андай эмес, пропись бар. Арифметика, математиканы да англисче үйрөтүп, 1-класстан 4-класска чейинки предметтерди үч тилде окутам. Дагы баса белгилей турган нерсе, англис тилин муун-муунга бөлүп окутуу - дүйнө жүзүндө практикалана элек. А менин программамда бул негизги өзөктү түзөт.
Атап айтканда, Алиппе үч тилде, математика үч тилде жана жазуу үч тилде. Анан, балдарга илим боюнча жалпы түшүнүк беребиз.
- А сиз өзүңүз ыр же башка чыгармаларды жазасызбы?
- Англис тилинде ыр жазам. Анан, акыркы убактарда элде ырдалып келген кыргыздын эски ырларын англис тилине которуп, ырдоону жактырып жүрөм. Негизи, англис тили кыргыз тилине окшош жумшак. Ыр кайрыктарына салганда, тим эле жапжакшынакай болуп келишип созолонуп калат. Мага ошонусу кызыктуу. Максатым - кыргыз ырларын англис тилинде аткарыша турган ансамбль түзүп, дүйнө жүзүнө кыргыз ырларын жайылтуу жана таанытуу. Мага тилектеш боло турган адамдарды таба алаарыма ишенем.
- Өтө оригиналдуу ойлоруңуз бар экен. Ылайым, тилегиңиз ишке ашып, кыргыз ырлары англисче жаңырып, аалам араласын!
Маектешкен Нурбүбү БӨДӨШОВА