Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Белгилүү инсандын белгисиз жоруктары

Жумгалбек Аманбаев

Бул өмүрдө эмнелер гана болбойт. Сенин ким экениңе карабаган турмуштун туташ жолдору ары кызыктарга бай келип, ал ар кимдин гана оозунда калып айтылбай калган учурлар да арбын. Уксаң өзүнчө бир керемет. Бир чети атактуу эле адамдардын кадимки жөнөкөй турмуштагы окуялар менен жуурулушкан жоруктар ары кызык, ары адамды таң калтырат. Дал ошондой каарманыбыздын бири мурдакы БК ККнын биринчи катчысы, 1994-жылдары ЖКнын депутаты, 1993-95-жылдары Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп иштеген инсан Жумгалбек Аманбаевдин турмушундагы кызыктуу окуяларын бермекчибиз.


Бул өмүрдө эмнелер гана болбойт. Сенин ким экениңе карабаган турмуштун туташ жолдору ары кызыктарга бай келип, ал ар кимдин гана оозунда калып айтылбай калган учурлар да арбын. Уксаң өзүнчө бир керемет. Бир чети атактуу эле адамдардын кадимки жөнөкөй турмуштагы окуялар менен жуурулушкан жоруктар ары кызык, ары адамды таң калтырат. Дал ошондой каарманыбыздын бири мурдакы БК ККнын биринчи катчысы, 1994-жылдары ЖКнын депутаты, 1993-95-жылдары Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп иштеген инсан Жумгалбек Аманбаевдин турмушундагы кызыктуу окуяларын бермекчибиз.

Токол алып…

Жумгалбек Аманбаев президент Акаевдин гүлдөгөн доорунда жумушсуз калат. Бир күнү Акаевдин кабыл алуусунда болуп:
- Аскар Акаич, мени бир жумага премьер-министр кылбайсызбы? - дейт.
- Эмне үчүн бир жумага? Бир жумада өлкөнүн экономикасын оңдоп жибере турган сыйкырдуу таякчаңыз барбы? - деп какшыктайт.
Анда Аманбаев:
- Жок, сыйкырдуу таякчам деле жок. Премьер-министр болгондун баары эле токол алып жатат, менин катыным да карып калды, жаш токол алып алайын дедим эле… - дептир.

Төө жетелеген …

Ыраматылык Султан Ибраимов Ош областын жетектеп турганда окууну жаңы бүтүп барган Жумгалбекти баш терисин байкап, бакыйган бир чарбага директор кылып коет. Бир айдан кийин телефон менен байланышып:
- Сенин чарбаңды барып көрөм. Баланча жерден күтүп тур, - дейт.
Айтылган күнү айтылган саатта чарбанын жоон топ жетекчилери болуп, бир чабандын сарайынын жанынан Султан Ибраимовду күтүп алышат. Султан Ибраимов келип, тосуп алгандар менен саламдашып:
- Кана, жолдош директор, жол башта, - деп сарай жакка кол жаңсайт.
Анда Жумгалбек:
- Султан Ибраимович, мен жол баштасам, төө жетелеген кулдай болуп калам го… Өзүңүз эле баштаңызчы, - деп элди күлдүрүптүр.
Көрсө Султан Ибраимовдун белинен келген кодойгон бала экен.

Ушундай кишилер менен …
Жумгалбек Аманбаев Алай районунда райкомдун биринчи катчысы болуп иштеп турганда, кыргыздын падышасы Турдакун Усубалиев келатат деген кабарды угуп, ал кишинин бир ашуунун белинен райондун жоон топ жетекчилери менен тосуп турушат. Кеч күз болуп калгандыктан, күн суук, анын үстүнө бороон башталат. Келчү мейман кечиге берет. Кичине жылынып алалы деп улам жүздөн жутуп коюшат. Акыры караңгы кирип, эми келбей калды деп калган каткан аракты ичишип, гүүлдөп жатышса, Усубалиев барып калат. Ал киши баары менен кол алышып саламдашып, Жумгалбектин колун кармап,
- Бул эмне баардыгыңар массыңар? - дейт.
Анда Жумгалбек токтолбой:
- Турдакун Усубалиевич, жалаң ушундай кишилер менен иштешип жаткан мени эр дебейсизби! - деп жооп бериптир тартынбай.

Азыр көрдүңүзбү?

Аскар Акаев жаңыдан президент болуп шайланып, ордун жууп, өкмөттүк сый тамак уюштурат. Той башталып, Аскар Акаевич Майрам эжекенин коштоосунда биринчи тостту сүйлөп жатат. Ошол учурда Майрам эжеке Акаевдин кулагына бирдеме деп шыбырай калат. Президент сөзүн токтотуп, бир аз Майрам менен шыбыраша калса ар жакта отурган Аманбаев:
- Аскар Акаич, кара катынды азыр көрдүңүзбү? - деп айтып, ажыдаардын куйругун басып алган экен.

Манас айттырам!

Сексенинчи жылдардын аяк ченинде Горбачевдун кайра куруусу башталат. Кыргызстан да кайра курулуп, Ысык-Көл, Нарын областтары кошулуп, борбору Балыкчы шаары болуп бекилет. Эки областтагы областтык мекеме уюмдар бүт Балыкчы шаарына көчүп келишет. Анда иштеген кызматкерлерди үй менен касыз кылуу максатында жер участоктору бөлүнүп берилип, мамлекет тарабынан жеңилдетилген кредит берилет. Эл жапырт үй салып киришет. Автобазанын шофёрлору эртели кеч тааныштарына кум таш ташып, жардам берип турушат. Аларды МАИнин кызматкерлери кармап алып:
- Жол баракчаң туура эмес. Өкмөттүн машинасы менен шабашка кылып жүрөсүң, - деп айыптап,
- Бир куплет ырдап кой, - деп он рубльден кагып алып турушат. Муну кулагы чалып калган Аманбаев начальник УВД менен начальник МАИни чакыртып алып:
- Эй кызыл шапке карышкырлар, силердин жанагы кызыл шапке бөлтүрүктөрүңөр шоферлорду кармап алып, бир кулеттен ырдатып жатыптыр. Экинчи ушундайды уксам экөөңдү маңдайыма олтургузуп алып, таң аткыча Манас айттырам! - деп ушул көрүнүштү тыйган экен.

Вы меня понили?

Балыкчы шаарынын жашоочуларынан арыз түшөт. Бир ысык суу жок дейт, бири свет күйбөй жатат, дагы бири газ жок десе дагы бири телефонум иштебей жатат деген арыздар. Арыздыр ээлери жалаң таякелерден келиптир. Аманбаев жардамчысына
- Эртең саат онго арыз ээлерин чогултуп, мага киргиз, - деп тапшырат.
Айтылган убакта арыз ээлери Аманбаевдин кабинетине киришет. Аманбаев тигилерге далысын салып, терезеден алыскы тоолорду карап, катуу ойлонгонсуп турат. Киргендер бир топко күтүп калышат. Бир кезде менин жаныма келгиле дегендей кол жаңсайт:
- Там что видно? - дейт жанына баргандарга.
- Горы - деп жооп беришет тигилер.
- Там живут киргизы. Там нету света, нет горячей воды, нет телефона. Но они не жалуются. В трудных условиях работают. Вам мясо, молоко готовят. Вы меня понили? - деп баргандарды узатып коюптур.

Мен аралап кетсем..?

Бир жылдары кара койду жоготуу боюнча катуу тапшырма берилет жогор жактан. Ал кезде Алайда райкомдун биринчи катчысы экен. Жазгы кой төлдөтүү учурунда бир чарбага барып, кыдырып жүрүп, чабандын короосунан кара козуларды көрүп калып:
- Жолдош директор, бул эмне кара козулар? - деп чарбанын олбурлуу жетекчисине кайрылса, ал киши шашып кетип:
- Жумгалбек Бексултанович, жайында жайлоодо чабаныбыз байкабай кара кочкорду аралатып жиберген окшойт… -дейт.
Анда Жумгалбек өзүн тегеректеп турган чарбанын олбурлуу жетекчилерине карап:
- Эй, мен силерди аралап кетсем эмне болосуңар ия?! - дептир.

Бывшый

Аманбаев Ысык-Көл областынын биринчи катчысы болуп дайындалат. Барса, областтын жетекчи кызматкерлери тосуп алып, ар бири кол алышып, өздөрүн тааныштырып жатат:
- Начальник Иссык-Кульский Управление внутренних дел полковник Мазниченко! - деп тааныштырат УВДнын башчысы. Анда анын колун бекем кысып, Аманбаев:
- Бывшый! - деп күлүп коет.
Кийинки кезек Каракол шаарынын башчысы Орлов менен таанышып жатат:
- Сиз эмне бир жагыңызга кыйшайып калгансыз? -дейт. Анда тиги киши:
- Иш көп, анүстүнө карылык да баш багып калды, - деп жоор берет шаар башчысы.
- Ничего. Эмки обкомдун бюросунда жакшылап үтүктөп түздөп туруп, пенсияга узатып коебуз, - дептир.
Топтогон
Асек КАСИЕВ
(Уландысы кийинки санда)







кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??