Адашкан "адистер!"

"Жерүй"
алтын кенине белгисиз вертолет эмнеге конду?

20-июлда түш ченде Таластагы "Жерүй" кенине 101 белгиси бар аскер вертолёту келип конгон. "Жерүй" кенинде салынган имаратты кайтарып турган кароол сакчылары аларга жетип барганда, "Мамлекеттик мүлк министрлиген болобуз, бул жерге конбойт болчубуз, түштүк тарапка өтүп бара жатып ашуу туман болуп калгандыктан, ушул жерде атайын вертолёт коно турган жай бер экенин билип кайрылып калдык" деген белгисиз тааныштар, ушул кезде Таластагы "Жерүй" кени жайгашкан Бекмолдо айылынын тургундарын таң калтырып жаткан кез. Акылдарына береке, тапкан шылтоолорун карабайсызбы, минтип жаш бала да айтпаса керек.

Чынында эле "Жерүй" кенинин ичинде атайын вертолёт келип коно турган жайдын бар экендиги чындык. Бирок, эмне үчүн вертолёт менен келип адашып кеттик дегендер ал жерге конбой, "Жерүй" кенинин аймагынын тоо башына барып конушат? Капысынан топ элди көрүп коркуп кетишкенби, арасынан Арстан деген жигит чыгып, "атайын кен байлыгы бар дегенинен эле көрө кетели деп да кайрылып калганбыз" деп божурап жибериптир. Ал Арстан деген жигит бир кезде орустардын кен боюнча компанияларынын биринде тымызын камчы уруп калкалап жүргөндүгү да ачыкталган. Айтор, баргандар башында балээге калып кетпейли дегенсип элди бир аз жоошутушуп, өздөрүн азапка түшүп калган кишилер катары көрсөтүшүп, анан элге ык алып алган белгисиз адамдар "Жерүй" кени боюнча ар кандай кызык маалыматтарды айтышып, акырындан ачыкка чыгып алалы дешкенби, алардын катарында жүргөн бир адам "Анарбек Орозалиевич ушул жерде иштейби?" деп сурап жиберген. Бул дагы ал жердеги жергиликтүү тургундарды таң калтырган. Анарбек Орозалиевич "Жерүй" алтын кени иштеп турган кезде англиялык компаниянын СБларынын башчысы болуп туруп, бирок, жергиликтүү элдин кыжырына тийген аракеттери үчүн аны топтолгон эл кызматынан алып түшкөн. Мына кызык, адашып кен жайытына түшүп кеткен, кыргыз эмес улутундагы жана бир эки кыргыз жарандары аралашкан бул топ ал жердеги мурда иштеп кеткен кызматкерлерди кайдан билет десеңиз. Бизге жеткен маалыматтарга караганда алардын арасында жүргөн коноктор индус улутундагылар болушу мүмкүн дешет. Айрымдары англис тилинде да сүйлөшүп жатышканы даана эле көрүнүп турган. Азыр ар бир кыргыздын колунда бирден чөнтөк телефондору бар эмеспи. Жергиликтүү тургундардын кээ бири чөнтөк телефондорун алып видеого тартып алууну көздөшкөндө келген коноктордун баары бирдей, шамалдан аткулак жапыргандай тетири жалт карашып жүздөрүн көргөзүүдөн да качышкан. Катарындагы бирөөсү өзүн Мүлк министрлигинен атайын келгенин, ал министрликте Байкоочу кеңештин төрагасы болоорун, аты Абдырасилов Гани Галиевич экенин ачыктаган. Демек, Кыргызстандын кендерин аскер вертолётун минип Жаратылыш министрлигинин адамдары эмес, Мүлк министрлигинин адистери тааныштырып жүргөнү эмнени каңкуулайт. Же эки министрликтин аткара турган кызматы алмашып кеткенби? Жаратылыш министри Эсенаманов эсен-аман эле болсун. Кыймылдаган сайын кыйкым иштери көрүнүп басылма беттерин бербеген жылдыздуу министр болгону кыймылдабай эле турсамбы дегенби? Айтор, айрым адамдар буга да айран таң. Ал эми бир кезде Базарбай Мамбетов башында турган Кыргызстандын кендери боюнча түзүлгөн Байкоочу кеңештин катарында жүргөн Гани Галиевич мырза кайдан Мүлк министринин алдындагы Байкоочу кеңештин төрагасы болуп кетти экен? Же мурдуна жыт урган жерди желип жүрмө адатыбы? Ага да айран таңбыз. Акыры ары-бери жакалашып отуруудан айбыгышканбы чынын айтып, "эми бизди да туура түшүнгүлө, тигил жактан "большойлор" жөнөтүп жатат" деп актанганга да жетишиптир. Кайсыл "большойлор", Атамбаевби же Бабановбу? деп сурашса, "аларды айтканга болбойт" деп айлалары алты кетип, араң ар нерсенин башын айтып жатып кутулушат. Канчалык караманча калп айтып актанышпасын, акыры ал барган коноктор атайын жогору жактагылардын макулдугу менен барганы даана байкалды көрүнөт. Болбосо аскердик вертолёт менен кендердин кендирин кесе турган Жаратылыш министрлигинен эмес, эч тиешеси жок Мүлк министрлигинин адистери ал жакта эмне кылып жүрөт дейсиз? Азыркы Мүлк министрлигинде кайсыл "большой" чиновниктин кол баласы отурганы да элге жакшы маалым. Бул атайын "Жерүй" кенине акырындан аркан ыргытып жаткан азыркы атка минерлердин амалы го деп турабыз. Шайлоо алдында шаймандары кетип турган айрым чиновниктердин Кыргызстандагы кендерди кемирүүгө аракет кылып жатканы абай салып акырын караган адамга аябай эле ачык көрүнүп турат. "Жерүй" Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн эң жогорку булак дегенибиз менен мына ушинтип ачыктан ачык, өз өлкөсүнөн өгөйлөнүп, "караңгыда кайсыл каман күркүрөп жатат" болуп өз короолоруна карышкыр салып жатышса, анда бизди кендер деле бакпай калды көрүнөт. Эгер чын эле кендерди иштетүүгө ак дилдеринен аракет кылып жаткан болсо, министр бир жылдан бери баардык лицензияларды колтугуна катып отурбайт эле, ачык тендерлер өткөрүлүп, биринен сала бири ачыкталып өлкөбүздө чет элдик инвесторлордун карааны минтип чычкан аңдыган мышык кейпине келбейт болчу. Өз короолоруна карышкыр салган кайсыл бир арам ойлуу чиновниктерге азыркы эл алдата койбос. Ата-бабасынан калган алтын топурактуу, чаң ызгыса аталарынын алтын туяк атынын жыты бур деп кеткен жерин ай асманга сапыртып алдым-жуттум менен эч бир пайдасын көрбөй каздырып коюшпас. Мына ушундай аракеттер жергиликтүү элдин кыжырына тийээри да белгилүү. Айрым маалыматтарга караганда эки күн мурда борбордон кен боюнча чет элдик адистер атайын кен чыккан аймактарды кыдырып "Жерүй" кенине кызыгып бирөөлөрдүн тапшырмасы менен учуп бара тургандыгын кабарлаган. Мындай болооруна ишенишкен эмес. Акыры чындык болуп чыкты. Демек, "Жерүй" кенинин айланасында азыр деле көшөгө артында туруп, көп кишилер кунун бычып жатса керек. Ал эми жергиликтүү эл "Жерүй" кени качан өз максаттарына туура келгенде гана ачылаарын, ага чейин ал жерди автомат менен болсо да коргоп алышаарын ачык эле айтышат. Кен-байлыктар кимдики? Элдики. Бийлик кимдики? Элдики. Анда баарын эл өзү гана чечүүгө тийиш, албетте мыйзам чегинде гана.
Баймырза НАКАЙ