Ажо тандайбыз!
Саясий бейнеде - Камчыбек Ташиев

Алдыда аламан жарыш. Жарышка түшкөндөр азыр арбын. Баары кыргыздын азаматтары. Ар биринин тилеги, максаты, ой-жүгүртүүсү, эл башкарсам деген үмүтү ар түрдүү. Эл сынчы эмеспи… Дал ушул багытта гезитибиз аркылуу ар бир аттанган талапкердин саясий деңгээлин сиздер менен бирге талкууга алабыз. Жарышка түшөм дегендердин саны "чү" дегенде эле жыйырманы чапчыды. "Ажо тандайбыз" деген аталыштагы жаңы рубрикабыз менен ал талапкерлерди ар бир саныбызда элдин элегине салабыз. Адамдык парасатын, билимин, кадыр-баркын, элге күйүмдүүлүгүн, ийгилиги менен бирге кемчилигин да калдайган калктын тараза ташына койдук. Бүгүнкү "Ажо тандайбыз" рубрикабыздын каарманы Камчыбек Ташиев.

Ишенбай Абдразаков,
коомдук ишмер:
"К.Ташиевди болочок Президент катары элестете албайм"
- Мен Камчыбек Ташиевди саясатчы катары тааныбайм. Ал адам министр болду, башка мамлекеттик кызматтарда жүрдү. Ким билет, балким, бул жигит кыргыз эли үчүн ат көтөрө алгыс иш кылгандыр. Бирок, мен Камчыбек Ташиев жөнүндө эч нерсе уга элекмин. Мына эми Президенттикке талапкерин коюп атыптыр, ошентсе да бул жигитти болочок Президент катары элестете албайм. Анын саясий ишмердигин, кылган эмгектерин билбей туруп, Президенттикке жарайт же жарабайт деп баа берүү мен үчүн туура эмес болуп калат.

Айбек Бузурманкулов,
"Ак - Шумкар - Кут" жаштар коомунун жетекчиси:
"Президент болгон адам - оор салмактуу болуш керек"
- Камчыбек Ташиевди болочок Президент катары элестете албайм. Президент болгон адам, токтоо, сабырдуу, оор салмактуу болуш керек. Баарына тегиз мамиле кылып, кара кылды как жарган калыс болгон адам гана Президенттик орунга татыктуу. Ал эми Камчыбек Ташиевди өзүңөр билесиңер, ачуусу чукул, "чоң муштум" деп да атап жүрүшөт, туурабы? А бирок, анын Ош окуясында кыргыз эли үчүн кылган эмгектерин сыйлайм. Көпчүлүк саясатчыларга караганда "кыргыз" деп күйүп жүрөт. Алтургай эл аралык уюмдарга, биздин өлкөгө туура эмес баа берген дүйнөлүк комиссияларга өзүнүн каршы көз карашын билгизип атат. Мындай эр жүрөк сапаттары колдоого ээ.

Бегаалы Наргозуев,
экс-депутат:
"Биздин саясатчыларга саясий маданияттуулук жетишпейт"
- Кыргызстанда телегейи тегиз саясатчы дээрлик жокко эсе. Баарынын кемчилиги менен бирге ийгиликтери да бар. Ошондой эле Камчыбек Ташиевдин да кемчилиги да албетте жок эмес. Бирок, Кыргызстандагы чоң электораты бар саясатчылардын бири. Парламенттик шайлоодо Камчыбек мырзанын атаандаштары аны жакшы эле каралоого өтүштү. Бирок, ага карабай ал шайлоодо "Ата-Журт" партиясы да жеңип чыкты. Биздин саясатчылардын бир жаман жери бар. Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй туруп, бирөөнүн башындагы чөпкө асылышат. Ошонун натыйжасында бүгүнкү күнгө чейин биздин өлкө аксап келатат. Кыргызда жакшы кеп бар, "өзүңдү эр ойлосоң, бирөөнү шер ойло" - деген. Алтургай биздин саясатчыларга саясий маданияттуулук жетишпейт. Эми Камчыбек Ташиев кокус Президент болуп кала турган болсо, ал эл үчүн кандай эмгек кылаарын убакыт көрсөтөөр. Шайлоодо болсо, бир топ атаандаштарынан алдыга озуп, элдин бир далай добушун алат деп ишенем. Аны эми убагында көрө жатаарбыз…

Токтогул Какчекеев,
саясат таануучу:
"Муштумун чөнтөгүнө ката албагандар - Президенттикке татыктуу эмес…"
- Камчыбек Ташиев чатак чыгаруу жагынан алдына киши салдырбасын соңку окуялар тастыктап өттү. Бул саясатчынын мушташкандарын, Курманбек Бакиевдин убагында Данияр Үсөновго кыр көрсөткөнүн, андан кийин депутат Алтынбек Сулаймановдон кечирим сураганын коомчулук жакшы билет. Бирок, "кайсы бир районду гүлдөттү же эл үчүн бир чоң иш аткарды" деп дээрлик уга элекмин. Чоң соодагер, жини чукул адам экенин жакшы эле билип калдык. Мындай ачуусу чукул, муштумун чөнтөгүнө ката албаган адам Президент болсо, анда өлкөбүз эмне болоорун баарыбыз эле билсек керек. Мындай адамдар бүтүндөй мамлекет эмес, бир шаарды тыңыраак башкара албайт. Азыркы талапка ылайык бизге Бакай атадай болгон Президент керек. Ал эми Бакай ата менен Камчыбек Ташиевди салыштырып болбойт да, туурабы?

Айылчы Сарыбаев,
экономика илимдеринин доктору:
"К.Ташиев өзүнүн укугун пайдаланып атат"
- Камчыбек Ташиев чоң саясатка аралашканына аз эле убакыт болду. Ошол себептен бул жигит жөнүндө ак деп да, көк деп да айталбайм. Болочок Президент катары "жарайт же жарабайт" дегенге Конституциялык укук жол бербейт. Кандай адам болбосун Президенттикке талапкерин коё алаарын биздин өлкөнүн мыйзамында жазылган. Демек, Камчыбек Ташиев да өзүнүн укугун колдонуп, Президенттикке талапкерлигин коюп жатат. Ал эми анын кыргыз эли үчүн кандай болочок Президент боло алаарын убакыт көрсөтөт. Эрте эле жарайт - жарабайт деп айтууга дээрлик болбойт.

Артур Медетбеков,
саясатчы:
"Айткан сөзүнө тура билүүгө үйрөнүшү керек"
- Камчыбек Ташиевдин кыргыз элине кыла турган эмгеги али алдыда. Көптөгөн аракеттерди жасап, эл үчүн күйүп быша турган деңгээлге жетиш керек. Чоң саясатка аралашканына аз эле убакыт болду. Баардык жагынан такшалып, өзүн сабырдуулукка чакырыш керек. Болочок Президент болом десе, билим - илимин өркүндөтүп, токтоо болуп, бир колунун ачуусун экинчи колу менен токтотуп коюуга эрктүү болуш керек. Анан эң негизгиси, айткан сөзүнө тура билиш керек. Болбосо, эл ишениминен кетип калат. Эгер кыргыз эли үчүн чындап күйүп - быша турган болсо, жумурай журттун колдоосуна ээ болоору турган иш. Аны ансыз деле, улутчул, патриот катары көпчүлүк баалап келишет.

Өмүрбек Абдрахманов,
"Ата - Мекен" фракциясынын депутаты:
"Жакшы жагын айтайын десем, эмнесин айтайын?"
- Депутаттардын этикасы боюнча, биз бири - бирибизди сындаганга болбойт экен. Жакшы жагын айтайын десем, эмнесин айтайын? Же К.Бакиев менен иштешкенинби же мушташкандарын айтайынбы? Аны ансыз деле коомчулук жакшы эле билет. Анын үстүндө Президенттик жарышка түшүп аткан соң, аны ушундай маалда сындап коюу туура эмес болуп калат го? Болбосо өз оюмду, өз пикиримди ачык - таасын айтып берет элем. Мен бул сурооңо жооп бербей эле коеюнчу…
Даярдаган Элдияр ЭЛЧИБЕК