А.Атамбаев:
"Мамлекетибиз оңолот, уурулар жоголот, криминал баш көтөрбөйт!"
Өкмөт башчысы Алмазбек АТАМБАЕВдин КСДПнын 11-курултайында сүйлөгөн сөзүн кыскартып жарыялайбыз.
- Урматтуу делегаттар, курултайдын катышуучулары. Мага, албетте, бир чоң доклад жазып беришиптир. Бирок, туура көрсөңүздөр өз сөзүм менен эле айтып берейин. Биз учурда өткөөл мезгилде жашап атабыз. Былтыркы курултайдан бери арадан бир жыл өтүп кетти. Бир жыл ичинде эмне болгонун кеңешип, талкуулайлы. Анын үстүнө, билесиздер, октябрдын отузунда президенттик шайлоо болот. Ал тууралуу да талкуулап, кандай чечим кабыл алуу туурасында кеңешели.
Ачыгын айтайын, акыркы бир жыл бир топ эле түйшүктүү болду. Бирок айтаар элем, менимче, биздин партия өзүнүн аброюн жоготкон жок. Тескерисинче барган сайын партиянын аброю өсүп атат. Мына жакында абдан сүйүндүм. Америкалыктардын эл аралык республикалык институту социалдык иликтөө жүргүзүптүр. Ошол анализ боюнча азыр Кыргызстанда эң ишенимдүү, эл терең ишенген партия - Социал-Демократтар партиясы болуп чыкты.
(Уландысы 8-бетте)