Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aikyn/11/1102_8.htm on line 2

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aikyn/11/1102_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aikyn/11/1102_8.htm on line 2



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aikyn/11/1102_8.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aikyn/11/1102_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aikyn/11/1102_8.htm on line 2
п»ї
Кыргыз искусствосунун кайраткери
Замирбек Сооронбаев:
"Алакандай кыргызды рухубуздун күчтүүлүгү гана сактап келет"

Таланттуу залкарлардан таалим алган, алардын кешигин, суусун ичип, актерлук даражага жеткен Кыргыз Республикасынын эл артисти, М.Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргыз улуттук академиялык драм театрынын көркөм жетекчиси Замирбек Сооронбаев театр жана актерлук туурасында маек курду.

- Замирбек мырза, театрдын ачылышы залкар инсандар менен башталып жатат? Ушул туурасында айтып берсеңиз.
- Баягы жылы Түркияга барсам, шаар мэри "ушул үч миллионго жетип жетпеген кыргыз бар экенсиңер, мен ушунча кылымдан бери өзүңөрдүн мамлекеттүүлүгүңөрдү сактап жүргөнүңөргө таң калам, эмне себептен?" деп таң калат. "Рухубуз күчтүү, ал бизди сактап, бизди ушул бөтөн элге кеп кылбай тургандай кылып келе жаткан улуулук бар. Биздин колдоочубуз да ошол", деп жооп бердим. Бекеринен эмес, биз улуу касиетти, багытты улуу Манастан издеп жатабыз. Ошондой чыгармалар биздин репертуарыбызда да бар. Манас, Курманжан датка сыяктуу чоң эпикалык чыгармадагы спектаклдерибиз бар. Театр деген эмне? Театр- көрүүчү менен артисттердин байланышы. Ал аркылуу биз көрүүчүдөн таасирленип, көрүүчү бизден таасирленет. Мындан бизге эмне керек, кандай багыт керек? Бизге кеменгерлик, сабырдуулук аба-суудай зарыл. Мына жакында шайлоо. Шайлоо ылайым тынч өтүп кетсе экен, стабилдүүлүк сакталса экен. Бөтөн жерге, элге шерменде болбосок экен деген тилек баарыбызда бар. Ошондон улам кыргызда бир жакшы сөз бар эмеспи. "Арбак ыраазы болмоюнча, тирүүнүн иши жүрбөйт" деген. Ошондуктан, бул залкарларыбызды даңазалап, ошолордун басып өткөн жолуна саресеп салып, өрнөктүү багыт калса экен деген тилек менен театрдын ачылышын улуу, тарыхый инсандар менен ачууну туура таптык.
- Тарыхый инсандардын ролун аткарууда актрисаларды кандайча тандайсыз?
- Албетте, негизи тарыхый жана эпикалык чыгармаларга көбүрөөк басым жасайм. Мына ушундай негиздеги чыгармалардан спектакль коёбуз. Ар бир каармандын аткара турган ролуна маани берем. Мисалы, актрисанын бир гана сырткы кебете-кешпиринин окшоштугу эмес, ошол адамдын басып өткөн жолун, ой-жүгүртүүсүн изилдеп чыккандан кийин гана ошол оюн берүүгө далалат кылабыз. Дагы бир мисал, кечээги биздин замандашыбыз Султан Ибраимовдун урматына "Өчпөс жылдыз" деген көлөмдүү спектакль койгонбуз. Анын образын туура чагылдырууга достору, үй-бүлөсү, кесиптештери аркылуу каарманды көбүрөөк билгенге аракет кылдык. Бу киши жөнүндө жазылган материалдардын баарын казып окудук. Султан Ибраимовдун мамлекет алдында аткарган иштери, ой жүгүртүүсү, келечекти көрө билүүсү, карапайым адамдарга мамилеси, өзүнүн карапайымдыгы көбүрөөк экендиги талашсыз. Себеби, анын адамдык касиети, өзгөчөлүгү, жашоодогу принциби, эмнегедир эч кимге окшошпогондой. Түштүк жергесиндегилерден кимден болбосун Султан Ибраимов ким деп сурасаң баары билет, тааныйт. Ушунчалык эмгек жасап, элдин эсинде калган экен. Учурда чиновниктерди сындап жүрбөйбүзбү, бийлик, байлык, мансап бузуп жатат деп. Эмнегедир Султан Ибраимовду бийлик, мансап, байлык дагы буза алган эмес экен. Анткени, бул кишинин өзүнүн эл үчүн, жер үчүн деген так позициясы болгондугу байкалган. Жүрөгүн элге чапкан экен. Албетте, актёрду тандаарда ой-жүгүртүүсүнө, ролуна, ал кишинин сырткы көрүнүшүнө карайсың. Ал эми эпикалык чыгармаларда образ тандоодо каарманды канчалык изилдеп, казып, окуп, ар бир режиссёр өзүнүн ой тутумунда кандай көрө билсе ошондой багытта алып барат. Чыныгы "Семетейди", "Курманжан датканы" эч ким көрүп келген эмес. Андай мүмкүнчүлүк болгон жок. Бизде болгону эки-үч сүрөтү гана бар, ошондон пайдаландык. Каарман туурасында көркөм чыгарма, тарыхый документтерди карап, окуп чыгып, анан актёрду тандайбыз.
- Актёр катары көп жылдан бери эмгектенип келесиз. Актерлукту тандап алганыңызга азыр өкүнбөйсүзбү?
- Ушул театрдын босогосун 1974-жылы аттадым. Ага чейин эки жылдык театралдык студия бар болчу, ага кирдим. Биринчи курстан эле, театрдын залкар адамдарын карап олтуруп, өзүмдү бактылуу деп эсептечүмүн. Себеби, Боталиев деген ушул театрдын кышын куйган, залкар. Ушул кишини көрүп калдым. СССРдин эл артисткасы Даркүл Күйүкова эже менен да чогуу иштешкем. Ушундай театрдын корифейлери менен сахнада бирге ойноп, ушулардын басып өткөн жолун, өзүлөрүнүн айтып берген жомогун, актёрлук чеберчиликтин күңгөй-тескейин баарын өз көзүм менен көрүп, өз кулагым менен укканым үчүн бактылуумун. Себеби, булар айтып олтурса, бул кесипке келгенде булардын тарткан түйшүгү башка эч кимдин башына келбесин деп ойлойм. Корифейлер көргөн азап-тозокту башкалар көрбөсүн. Булар ошентип азап менен курушкан мына ушул театрды. Ошол улуу эжекелерибиз оюн коюп Кыргызстандын ар башка аймактарын кыдырып жүргөн учурда, бойлорунан түшүп калып, аларды ар кайсы жерге топуракка берип келишкен экен. Ал кезде машина деген жок, жөө-жалаң же араба менен кыдырышчу. Азыркыдай эмес, азыр биз кичине эркелеп-эзилип кетип жатпайбызбы. Буларда андай болгон эмес. Ошентип жүрүп, эчендеген азап-тозокторду баштан өткөрүп жүрүп, академиялык деген наамга татыды. Бүгүнкү театр академия жана ордендүү, улуттук театр деп кыйкырып жатканыбыздын баары ушул залкарлар түптөп кеткен жер. Анткени, буларда эч кандай билим жок. Болгону 3-4-5-6-класс гана билим бар болгон. Эң эле билимдүү дегендер 7-классты бүткөн. Ошого карабастан, Москвадан тажрыйбалуу режиссёрлор келип, ар бир сахнадагы актёрлук чеберчиликтин азбукасын үйрөткөн. Булар болсо, берилип, кызыгып олтуруп үйрөнүшкөн. Ошентип олтуруп корифейлер театрдын кирпичин куюшкан. Мына ушуларды көрүп, ушул кишилер менен иштеп калды. 1975-жылы кайра Ташкентке окууга кеттим. Ал жактан окууну татыктуу бүтүп келип, кайрадан ушул куттуу, ыйык драма театрга келип, ошондон баштап, мына 1999-жылга чейин актёр болуп иштедим. Мен азыр да өзүмдү актёрмун деп эсептейм. Ушул актёрлук кесип менен КРнын эмгек сиңирген артисти деген наамды алдым. Анын артынан эле КРнын эл артисти деген наамга жеттим. Ойногон ролдорум менен элге таанылдым. Театр деп өзүмдүн өмүрүмдү сайгандан кийин чыгармачылык эргүү деген болот экен. Ар кандай себептер менен улуу адамдардын таасири болот. Режиссёрлордун таасири менен режиссёрлукка кирдим. 1992-жылы биринчи спектаклим болду. 1999-жылга чейин актер болуп жүрдүм. Андан кийин биротоло режиссёрлукка өттүм. Бирок азыр дагы бүгүнкү күндө дагы актёрдук кесибимди таштаган жокмун. Кыскасы, чыгармачылыктын эл үчүн улуу дайрасында, толкунунда калып калбай, жээкке чыгып калбай келе жатам. Чыгармачылыктын өзүнүн түйшүгү бар. Азабынан тозогу, тозогунан азабы көп. Бирок ошонусу менен кызык. Өткөндө бир журналист келип, "Сиз КРнын эл артисти болдуңуз. Эл аралык сыйлыктын ээсисиз, чыгармачылыктын туу чокусуна жеттиңиз да", деди. Мен айттым "кечирип кой карындашым, чыгармачылыктын туу чокусуна жеттим деп өзүмдү эсептесем, мен бул жерде олтурбашым керек, кетишим керек", деп жооп бердим. Чыгармачылыктын туу чокусуна жетүү, ал алган сыйлыгың менен өлчөнбөйт, ага бир өмүр да чак келбейт.
- Актёр катары чет өлкөдө көп эле болсоңуз керек, дегеле биздин театр, кино дүйнөсүн чет элде кандай баалашат?
- Эң биринчи жолу Түркияга сапарымда 1993-жылы айкөл Манастын спектаклин ойногом. Стамбулда болдук. Мурдагы СССРдин таасиринде калган экенбиз. Кантсе да улуу державанын маданияты, тарбиясы менен калыптанганбыз да. Ал эми түрк элинде драмалык жанр анча өнүкпөптүр. Бирок, театр, ага ылайыктуу баардык шарттар бар. Бирок, театрга болгон көз-карашта чындыктан оолагыраак экени сезилди. Сахнанын жасалгасы заманбап негизде жасалгаланыптыр. А бирок актёрдук чеберчилик, маданият ал жакта өнүккөн эмес экендиги алгачкы барганымда байкалды. Кийин 1996-жылы дагы фестивалга барып калдым. Ошондо биздин театрлардын фестивалын уюштуруп, эч кандай байге сайбай эле, жыл сайын ушундай фестивалдарды өткөрүшөт. Биз алты жолу бардык. Кадимкидей биринчи барган менен кийинкилеринде бир айырма байкалды. Театрда анда жакшы өзгөрүүлөр байкалды. Алар союздун учурунда тарбияланган режиссёрлордун таасири, жардамы менен кадимкидей өнүгүп калышты. Анан ушул жаатында театрга болгон мамилеге чоң максат коюп ишке ашырып алышты. Биздеги бир топ адамдарды Түркияга келишим менен 2 же 3 жыл иштеп берүүгө чакырып жатышты. Мисалы, Айсулуу Токомбаева ошол жакта иштеп жүрдү. 2001-жылы барганымда театралдык академияга сабак берүүнү сунуштап калышты. Бирок, эмнегедир көнө албадым, макулдугумду бере алган жокмун. Бөлөк эл, бөтөн жерде иштөө кыйын деген түшүнүк пайда болгон. Бирок азыр ойлоп көрсөм, ошондо иштеп деле койсом болмок экен. Ошондон кийин Түркиянын Стамбул, Анкара, Адана сыяктуу бардык шаарларында болдум. Ошондо мага түрктөр, "Кыргыздардын тилге болгон мамилеси өзгөчө", -деп кеп салышты. Мисалы, Түркияга баргандар тил үйрөнүү үчүн бир жыл курста окуп, тил үйрөнүшөт экен. Кыргыздар болсо тилди алты айда эле үйрөнүп калышат экен. Башка улуттардан өзгөчөлүгү тилди тез үйрөнүп кете алгандыгы экен дешти. Мен аларга карап, "ал чындык - дедим. Кыргыздар өз тилин унутуп калышы мүмкүн, бирок, башка бирөөнүн тилин бат үйрөнүп кете алат", дедим.

Маектешкен
Самара Назаркулова







Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aikyn/11/1102_8.htm on line 38

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aikyn/11/1102_8.htm on line 38

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aikyn/11/1102_8.htm on line 38

кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aikyn/11/1102_8.htm on line 38

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aikyn/11/1102_8.htm on line 38

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aikyn/11/1102_8.htm on line 38




а ­е¦Є.НҐй«