№28, 23.01.08-ж.



  Президенттин инисинин ишин ким тергейт?

2007-жылдын 21-мартынан 22-мартына караган түнү болжол менен таңкы саат4:00 чамасында Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсүнүн №100 үйүнүн тушунда адам өлүмү менен аяктаган каргашалуу окуя болгон. Бир эмес үч машинанын тебелендисинде калган Молдакунов Акбар окуя болгон жерде көз жумган. 1978-жылы туулган Акбардын артында 1 жашар баласы жана 27 жаштагы кош бойлуу жубайы жесир калган. Окуя болгон жерге Бишкек шаардык ИИБ МАИ кызматкери майор Калинин, шаардык тергөө башкармалыгынын ага тергөөчүсү Кожомкулов жана МАИ инспектору Майназаров барып, иликтөөгө алып, козголгон КУП 196 кылмыш ишин шаардык тергөө башкармалыгына өткөрүп беришкен.

№51-07-74 кылмыш иши.
Бул ишти Бишкек ШИИБнин тергөөчүсү капитан Жукенов Улан тергеп, шаардык прокуратурага өткөрүп берген. Жогоруда Акбарды үч машина тебелеген деп айтып өттүк. Алардын биринчиси, тагыраагы биринчи шектүү адам же "негизги кылмышкер" Салиев Асылбек Жаныбекович болушу толук ыктымал. Себеби, маркум Акбарды биринчи ирет 54-91ВА мамлекеттик номерлүү "Хундай Сонато" автомашинасынын айдоочусу сүзүп алып, Акбарды оор абалда калтырып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Ал автокырсыкка мүнөздүү көрсөткүчтөрү бар автомашина алыс эмес жерде Октябрь көчөсүнүн №303 үйүнүн короосунан МАИ кызматкерлери тарабынан табылган. Бул машинага Салиев Асылбектин тиешеси бар экендигин машинанын салонунан табылган мобилдик байланыш кызматы үчүн Кател компаниясына төлөнгөн квитанция далилдейт. Кателдин маалыматына ылайык түнкү саат 03:51-ден баштап 76-46-56 номеринин абоненти тынымсыз байланышка чыккан. Бул номердин абоненти Бишкек шаарынын Москва көчөсүнүн 189-үйүнүн 83-батиринин тургуну Салиев Асылбек Жаныбекович болуп чыккан. Ал эми Акбар саат 4 чамасында каза болгон. Демек…
Бул кырсыкка экинчи адам милициянын кызматкери Жакпиевдин да тиешеси бар. Ал жолдо жаткан Акбарды тебелетип алып, токтоп жолдон чыгарууга аракет кылып жатканда "Фольсваген-пассат" В58-94G мамлекеттик номерлүү автомашина менен А.Ташкулов да тебелетип кетип, чала жан Акбар ошол жерде каза болгон. Милиционер Жакпенов жабырлануучу Акбарды көтөрүп жатканымда тирүү болчу, дем алып жаткан деп тергөөчү Жукенов Уланга көрсөтмө берген. Ушул эле маалыматты Бишкек шаарынын сот.мед.экспертизасынын эксперти Шергазиев Мелис тергөөчүгө оозеки айткан. Бирок, эки айга созулган экспертизанын акырында Акбар биринчи жолу сүзүлгөндө эле каза болгон деген жыйынтык чыгарылган. Эмне үчүн? Туура суроо. Каза болгон Акбардын эжеси Молдокунова Бегайдын айтымында инисин өлтүрө тебелеген А.Ташкуловдун УКМК да таасирдүү тааныштары бар имиш.
Жабырлануучу тарап экспертизанын жыйынтыгына макул эместигин билдирип, комиссиялык экспертиза талап кылганда, сот.мед.экспертизанын бөлүм башчысы Абдраимов Кеңешбек Акбардын мүрзөсүн кайра ачтырып, эксгумация кылууну сунуш кылган.

Күнөөсүн сезип, кечирим сураганга да жараган жок
Кылмыш иши козголгондон бери 8 ай өтсө да кылмышкерлер жазаларын ала элек. Анын себеби түшүнүктүү. Анткени, Акбарды адегенде сүзүп алышы мүмкүн болгон Салиев Асылбек Жаныбекович президент Бакиевдин жакын иниси кылмышка тиешеси бардыгын далилдер турса да, суракка алынган эмес. Айрым маалыматтар боюнча ал окуядан кийин КРнын куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөөгө кеткен. Ишти карап чыккан тергөөчү Жукенов У.К. 2007-жылы 28-мартта КРнын Жазык-процесстик кодексинин 54-беренесине ылайык каза болгон Акбардын эжеси Молдакунова Бегайды жабырлануучунун өкүлү деп таануу тууралуу токтом чыгарган. Укук коргоо органдары тиешелүү денгээлде чара көрө албастыгына көзү жеткен Акбардын апасы, 61 жаштагы Муканова Зина 2007-жылы 27-июлда Улуттук телерадио комканиясынын "Тагдыр" программасына кайрылган. Адата "Тагдыр" программасы укугу тебеленип, заманы куурулган жарандардын тагдырларын көргөзүп, ага себепкер болгон айрым чиновниктердин, кызматкерлердин шалаакылыгын айгинелеп, калыстыкты бетине кармап келчү. Бул ирээт, иштин чоо-жайы акыры аттын кашкасындай таанымал фамилияга барып такалаарына көзү жеткен соң эфирге чыгаруудан баш тартышкан, балким коркушкандыр.
Тергөө иши мыйзамда белгиленген мөөнөтүнөн ашса да соттун кароосуна жиберилмек тургай, тергөө амалдары толук кандуу жүрбөй жаткандыгына күбө болгон жабырлануучу тарап шаардык прокуратурага тергөө ишин тездетүү тууралуу арыздары менен кайрылып жатып чарчагандыгын жашырган жок. Ал эми чала жан Акбарды өлтүрө тебелеген А.Ташкулов адегенде шектүү деп саналып камакка алынып, кийин ага КРнын кылмыш кодексинин 121-беренесинин 2-бөлүгү (коркунуч абалда калтыруу)жана 281-берененин 2-бөлүгү (транспорт каражаттарынын кыймылын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча айып тагылып, алыска кетпейм деген тил кат менен бошотулган.

Атамды сүрөтүнөн гана тааныйм.
Молдакунов Акбар каза болгондо аялынын боюнда бар болчу. Жарыкка келген ал бөбөк атасын сүрөттөн гана көрө алат. Адилеттик таба албаган Акбардын эжеси Молдакунова Бегай биздин гезитке кайрылган эле. Кыллмыш иши азыр шаар прокурорунун жеке көзөмөлүндө дегенинен улам, ага кайрылып байланыша алган жокпуз. Тергөө иштери боюнча орун басар Жумабаев Латыпка кайрылганыбызда, ал иш шаардык ШИИБге өткөрүлгөндүгүн маалымдады. Иштин материалдары улам бир жерге көчүп отуруп, кайсы бир тараптардын кызыкчылыгы үчүн жок болуп кетпес бекен деген ой бушайман кылбай койбойт. Айрым айдоочу сөрөйлөрүбүздүн жоопкерчиликсиздигинен улам бир үй-бүлө жаркылдаган жарынан, камкор атасынан, сүйүктүү уулунан, бир туугандан ажырап, орду толгус жоготууга учурап отурат.

Урматтуу Президент!
Ушул окуянын чын төгүнүн тиешелүү органдарга кайрылып убара болбой эле коюңуз, болгону үй-бүлөлүк форматта чай үстүндө отуруп эле сураштырып көрсөңүз ашыкча болбос. Молдакуновдор үй-бүлөсү таянган тоосунан айрылып отурат. Буга сиздин, мыйзамдын аткарылышына кепил болгон өлкө башчысынын жакын тууганынын да катышы бар болушу мүмкүн дегенге толук негиз бар. Ылайым андай болбой эле койсун, бирок фактыларды кантип жашырабыз?





  Курманбек Осмоновдун кызматтан
четтетилишине кандай карайсыз?

Сартбай Жайчыбеков, адвокат:
- Курманбек Осмоновдун ишмердүүлүгүн айта турган болсок, бул убакка чейин кабинетине барып келип жаткандыр бирок, иштеген эмес. Ал эми анын кызматтан четтетилишин мен Конституцияны бузгандык деп айтаар элем, анын мөөнөтү бүтө элек болчу. Азыр Жогорку Кеңеш дагы бийликтин бир бутагы, Жогорку Сот дагы бир бутагы анан бири-бирин жумуштан айдап жатышат.

Ашыр Жорупбеков, адвокат:
- Бул жерде юридикалык процедура бузулган. Жогорку Соттун төрагасын мыйзамды одоно түрдө бузушуп, ушундай жол менен аны жумуштан бошотуп жатса, калган жарандардын укугуна кандай гарантия бере алабыз. "Чү" дегенде эле Конституциянын нормасын закон чыгаруу бийлигинин өкүлдөрү өздөрү бузуп жатышса, закон чыгаруу системасындагы башаламандыкка кабылбайсызбы деген ой кетет. Азыркы парламентте отурган эл өкүлдөрүнүн юридикалык тажрыйбасынын жоктугу муну тастыктайт. Жок дегенде формалдуу түрдө да баа бере алышкан жок. Ал эми Курманбек Осмоновдун убагында сот системасында мыйзам бузуулар көп эле болгон жана болуп жатат.

Азиза Абдырасулова, укук коргоочу:
- Бул маселе боюнча пикиримди мен билдиргем. Кеп ал кишинин жакшы-жаманында эмес, кеп өлкөдөгү тең салмактуулуктун бузулганында болуп жатат. Бүгүнкү күндө үч бийлик Парламент- мыйзам чыгаруу бийлиги, өкмөт- аткаруу бийлиги, сот бийлиги бар болчу. Мыйзам чыгаруу бийлиги сот бийлигине үстөмдүк кылып койду, мындайча айтканда, бир бийлик бир бийликке кол салып койду. Кыргызстанда азыркы күндө бир гана Президенттик бийлик болуп калды. Муну мен мындайча түшүндүрөт элем. Президенттин партиясы парламентке келди, ошол Парламент Өкмөт курамын түздү. Эми сот дагы Президентке караштуу болуп, өлкөдөгү тең салмактуулук принциптери жокко чыгып калды. Эми Президент аткаруу бийлигинде өзүнүн колуна алып, премьер-министр өзү болуп, өлкөдөгү социалдык-саясий абалды жөнгө салып, өзү жоопкер болуш керек.

Турсунбек Акун, Президенттин алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы:
- Эми бул киши тетиги 24-мартта эле кетиш керек эле, болбосо эл баягы Жогорку Соттун имаратын басып алды эле го, ошондо кетиши керек эле. Андан бери иштеп жүрдү, ошондо кетирүү механизми жок болуп калды. Ошол убактагы депутаттарды ал колдоп, алар дагы Курманбек Осмоновду колдоп келишкен. Азыркы кызматтан кетирүү процедурасында көп эле мүчүлүштүктөр кеткен. Бирок, ал башкысы жигиттик кылды. Кызматтан кеткенден кийин Ф.Куловдой, М.Ниязовдой болуп, Президентти сындап, оппозицияга өтүп алган жок. "Бийликке таарынычым жок"-деп кеткен биринчи жетекчи болду. Мен ушул эрдигин бааладым.




  Жогорку соттун төрайымдыгына
Жаңыл Алиеванын дайындалышына пикириңиз кандай?

Айжан Касымалиева, адвокат:
- Мен ал кишинин өзүн тааныбасам дагы, сыртынан билчүмүн. Ал киши жөнүндө "сабаттуу судья" деп угуп жүрчүмүн. 76 депутаттын "макул" деген добушуна ээ болуп келди. Алар ишеним көрсөткөндөй эле, мен дагы жакшы иштеп кетишине ишенем. Сот системасына аброй алып келсе, бизге дагы жакшы болот.

Асия Сасыкбаева, "Интербилим" коомдук уюмунун төрайымы:
- Мен аны тааныбайт экенмин. Мурда кайсы кызматта иштегенин да билчү эмесмин. Анын келиши менен сот системасы жакшы иштеп кете алат деп айта албайм. Анткени азыр Жогорку Сот да көз каранды болуп калды. Эрки күчтүү болсо, мамлекет үчүн күйүп, калыстык менен иш алып барса элдин сот системасына болгон ишеними кайра жанат деп айтмакчымын.

Качкын Булатов, "Эр айдоочу" коомдук бирикмесинин төрагасы:
- Өзү көлдүк, күйөөсү Жалалабаддан экен. Президент түштүк жактын позициясын бекемдөөнүн айласы"-деп эл айтып жатат. Азыр Президент сотту кызматтан алууга укугу бар. Демек, кайсы убакта кимди алып, кимди койсо өзү билет экен. Ал эми жаңы шайланган соттун төрайымы телефон заказдарды аткарып, Акүйдүн сөзүн сүйлөп турат. Буга чейин деле ошондой болуп келген. Азыр Кыргызстанда сот акыйкат болсо, коом, экономика, саясат оңолмок. Баардыгын оңой турган бул-сот. А бизде тескерисинче акчасы барлар соттолбой, ар кандай кылмыш иштерин кылып жүрүшөт. Мен бул жаңы шайланган сотко мурдагы соттор сыяктуу эле ишеним көрсөтө албайм.

Суроо салган Э.Мадиева