№28, 23.01.08-ж.



  Жаңыл айымга жашыл жарык

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку Соттун төрайымдыгына Жаңыл Алиеваны бекитти. Кудум Курманбек Осмоновду ойрон кылгандай болуп, 76 депутат макулдук беришти. Азыркы парламентте каралган маселелелердин баарысы 70 тен аз добуш албай калды. Алишер Сабиров алгач айымыбыз ант бериш керек, анан биз добушубузду берели дегени, коллегалары тарабынан колдоого алынган жок. Исхак Масалиев мыйзам бузулуп жатат десе, Камбаралы акебиз "карама-каршылык болгон жок" - деди. Жаңы дайындалган Жаңыл айым мыйзамдын кылычын чабабы же Акүйдүн айтканын кылабы, азырынча ашыкпай туралы.

Өмүрбек АКШга аттанат.
Келерки айдагы Американын сый тамагына чакырылган оппозициянын анабашы Ө.Текебаев түштүктөгү сапарынан кийин кыргыз оппозициясынын келечек пландары жөнүндө аздыр-көптүр маалымат таркатты. Өмүрбек Чиркешовичтин айткандарынан байкасам, жаз айларында жагымсыз окуялар кайталанышы мүмкүн экен. Үзөңгүлөш досу К.Байболовдун оппозициядан баш тартышына анчалык деле маани бербөөгө, анын ордун толтура тургандар Акүйдөн келип калышы тууралуу кыйытты. Бир кездеги саясий өнөктөштөрү Ф.Кулов, А.Атамбаевдер менен баарлашканбы, айтор азырынча көңүлү ток, кайгысы жок көрүнөт.




№1 милиционердин №1 буйругу
ИИМге жетекчи болуп келген М.Конгантиев биринчи буйругу менен ИИМдеги майлуу структуралардын бири каттоо-экзаменациялоо бөлүмүн (РЭО)кыскартты. Буга чейин иштеп келген бул бөлүм функцияларын эми аймактардагы ички иштер бөлүмдөрүнө өткөрүп берди. Атайын жыйында жол кырсыктарын анализге алган министр аталган бөлүмдүн кызматкерлеринин "таза эместигин" сындап келип, айдоочунун күбөлүгүн берүүдөгү тагыраагы "сатуудагы" мыйзамсыз көрүнүштөргө токтолду. Бул багытты тартипке келтирүүнү кызматтык кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгына тапшырды. Бишкек шаардык ИИБнин жаңы жетекчилигине түнкү таксилерди жана "Азамат" автобазарындагы "бардакты" иретке келтирүүнү буйрук кылды. МАИ башкармалыгынын ар бир үчүнчү кызматкери кызматтык машиналар менен жүргөнү, ал эми күзөт бөлүмүндө бир да машина жоктугун айтып каарданып алды, кайран министр.

Карасуудагы каргаша
19-январда Ош облусунун Карасуу районунда 8 адам күтүлбөгөн жерден каза табышкан. ИИМдин билдиргенине караганда УАЗ-469 машинасында айдоочуну кошкондо 9 адам чиркегичке мал жүктөп алышып, Папан айылындагы мал базарга баратышкан. Акбуура дайрасынын "Байдамтал" көпүрөсүндөгү тайгак жолдон улам дайрага кулашкан. "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун Оштогу өкүлү У.Максыталиев райондук МАИ тарабынан көзөмөлдүн жоктугунан, аймактык жол башкармалыгы жолду таптакыр карабагандыктан ушундай кырсык болду. Бул үчүн тиешелүү аткаминерлерди жазага чегерүү зарыл деп эсептейт. Чукул кырдаалдар министрлигинен учурда кырсыктын чоо жайы иликтенип жатканын кабарлашты.

Чет элдик бизнесмендер сабалды
Борбор калаага жүгүртүлө турган автобустардын киргизилишине тоскоолдуктар болуп жаткандыгын Бишкек мэриясы билдирди. План боюнча жаңы жылдын башталышы менен Түштүк Кореядан келген автобустар ишке кирмек. Бирок, Түштүк Кореялык компаниянын коркутуу менен коштолгон телефон чалуулар болгон. 13-январь күнү Түштүк Кореялык эки бизнесмен Хонг Оук Пе жана Ли Ин Сонду белгисиз адамдар сабап, Кыргызстандан кетишпесе иш мындан да оор аяктаарын айтып коркутушкан. Эскерте кетсек айыл-чарба жана кайра иштетүү министринин мурдагы орун басары Ж.Акинеев Кыргыз-Корей кызматташуу уюмун түзүп, Түштүк Кореядан автобустарды алып келүүнүн демилгечилеринин бири болгон. Ал эми шаардагы "бусиктер" жүргүнчүлөргө ыңгайсыз болгонуна карабай, акча табуунун амалын көздөгөн компаниялар учурдагы супер кирешелүү тармактардын бири жана мунун учу аттуу-баштуу адамдарга барып такалат.



Кабай Карабеков
Аргасыздан же каражаттын жогунан "Ак Жолдун" тизмесине кирип, депутаттык мандатка ээ болгон Кабай мырза эски кесиптеши А.Мадумаров жактап жаткан "Регламент жөнүндөгү" мыйзамда карама-каршы пикирин билдирди. Мындай мыйзамды кабыл алгыча, мандаттарды өткөрүп бергенибиз оң кыязында опурулду. Кабайдын каяшасы катуу чыктыбы же жаш депутаттар Р.Шаботов менен А. Мамасалиевдердин жактап кеткендери жарга такадыбы, кыскасы бул мыйзам төртүнчү күнгө жылдырылды. Кокус мыйзам өтүп кетсе, Кабай мандатын тапшырып, баатырлык иш кылабы деген кыламык ой пайда болот экен.