№28, 23.01.08-ж.



  Жолдор ар кандай, бирок, жолугабыз…

№5 - палатадагы муздак тамчылар
… Кайдыгерлик жан дүйнөмдү үшүтүп,
Жүрөгүмө тамат муздак тамчылар… деген элеттик акындын ыр саптары ансыз да үшүп, ансыз да ооруксунуп турган дененин жарасын ырбаткандай. Анан өчөшкөнсүп венага сайылган капельницанын тамчылары тим эле тыпылдайт. Негедир ойлорум да чоочун болуп кеткендей чоочутат. Ооруканада жаткандар оору менен алпурушса, мен минтип белгисиздик ойлорго алаксыйм. Жок дейм ичимен. Ойлорго жетеленбейинчи. Чыгармачыл түйшүктү эстегенде чыйрала түшөм. Күлкүң келет, дарыгер да "көп ойлонбоңуз" - деди. Ооруканадан чыккандан кийин дарыгердин ал кеңешин угуп гезиттин түйшүгүн өткөрүүнү чечкем. Карап көрсөм жоопкерчилик деген нерсе көп нерседен алыстатып коет экен. Анын үстүнө бирөөнүн ойлоруна дагы сугарылып калат экенсиң. Баягы көнгөн кымгууттукту негедир жан дүйнө самады. Ошол кымгууттукта дагы бир ирет өзүмдү издегим келди. Балким, ошол ойлор мени айыктыраар. Акыры эмне дейм "Алибинин" окурмандары менен кандай күндө болсун биргемин. Анткени, биз "Алибинин" биринчи санын чыгарганбыз. А биринчи деген сөз дайыма эсте калат
Элнура Кулуева
Эркин журналист




 "Алиби" жаңыланды

Ошентип, 2008-жыл жаңырды. Ушул жаңы жыл менен удаалаш эле "Алиби" гезити да жаңыланып, окурмандардын талабына ылайык өзгөчө укук темасына көбүрөөк басым жасоо менен мындан аркы кадамын таштамакчы. Албетте, "Алиби" гезити буга чейин көз жаргандан тартып эле укуктук гезит катары таанылуу менен коомдогу саясий окуяларды да чагылдырып келди. Себеби, коомдук-саясий жана укуктук гезит болгондон кийин саясаттан жана коомдук турмуштан да сыртта калуу мүмкүн эмес.
Биздин окурмандардын эсинде болсо керек, гезиттин №1 саны 2007-жылдын 5-июлунда, жайдын аптабында жарык көргөн. Ал учурда дээрлик бардык гезиттер жайкы эс алууда болуп, ошол учурдагы маалыматтарды бирин-эки гезиттер окурмандарга жеткирип турган. Алардын ичинде "Алиби" болгон. Алгачкы саныбыз чыгып жатканда ошол учурдагы каржы министри А.Жапаров, Жогорку Сот К.Осмонов, Адилет министри М.Кайыпов, мурдагы ЖКнын депутаттары А.Бекназаров, И.Өмүркуловдор жылуу каалоо-пикирлерин билдирүү менен тепселген адам укугун карапайым элге жеткиликтүү жаза турган гезит болушубузду колдошкон. Андан берки алты ай аралыгында биздин гезит биринчилерден болуп, ,бүтүндөй Кыргызстандыктардын санаасын санга, оюн онго бөлгөн Таластагы Манастын "Кароол Чокусунун" казылышы боюнча чагылдырып, ага удаалаш "мамлекеттик чыккынчы" делип, камалган ЖКнын кызматкери, журналист Ж.Арыкованын ата-энесинин, бир туугандарынын көз жашын үзбөй берип, "Эми орус аял алгандар ажырашабы?" деген теманын тегерегинде кеңири талкууларды окурмандардын элегине салды. Ошондой эле "Президенттин иниси жана прокуратура кызматкерлери кимдин укугун коргойт?" деген макаланын астында "Ысыката" районундагы "Ысыката" курортундагы жетим балдар үйүнүн тегерегиндеги, Бишкектеги "Ысыккөлинвестбанктын" тегерегиндеги талаш-тартыштарды, айтылуу жазуучу Төлөгөн Касымбековдун жубайына болгон кол салууну, жондон баскан кымбатчылыкты, жергиликтүү бийликтен жана жергиликтүү рэкеттерден жабыркаган кыргыз инвесторлорунун абалын, өз кызын үч жыл зордуктаган МАИшникти, бир учурда Кыргызстанды дуу кылып, бирок кайра жабылып калган адам өлүгү менен болгон бизнес, соңку Парламенттик шайлоо, андагы мыйзам бузуулар тууралуу макалаларга гезит бетинен орун берилип турду.
Эми болсо дээрлик бир айга чукул убакыттагы эс алуудан соң гезит жетекчилиги алмашып, укук жаатындагы адамдар Б.Жээнбеков (башкы редактор), Р.Момбековдор, (редактордун орун басары) гезиттин мындан аркы окумдуулугун арттырып, окурмандардын сүймөнчүлүгүнө айландыруу максатында эмгектенмекчи. Гезиттин эмгек жамааты дагы акыл-көрөңгөсү бай, калемгер адамдар менен толукталмакчы. "Алиби" жаңыланды дегенибиз ушул. Шапкесинен тартып жаңыланды. Андыктан, урматтуу окурмандар, биз сиздер менен дагы деле болсо гезит бети аркылуу жолугушуп турабыз…
Аида Надырбекова.
Эркин журналист.




  Капкандагы калыстык
же алыстаган акыйкаттык.

(Башы 6-бетте )
- Сөзүңүздөрдүн төркүнүнө караганда Прокурорлор тергеп жаткан эки карапайым милициянын күнөөсү жок экен. Анда кимдер Бектемир Акуновду ур-тепкиге алган?
- Асаналиев Урмат, Рыскулбеков Урмат, Совет Курманакунов жана Тынай Ниязакуновдор ошол маалда дежурный опер топтун мүчөлөрү болгон. Атамдын денесине оор жаракат келтирген ошолордун колунан келген. Андан башка да камерага кирип, сабап, кордук көрсөткөн деген ойдобуз. Себеби, атамдан мурда жана кийин камалган Алиев Кымбат деген аялды жана токой чарбасынын жумушчуларын түнкү саат он экиде эч негизсиз себептер менен кое беришкен. Мунун өзүнөн эле алардын кандайдыр бир ишке даярдык көргөнүн байкасак болот. Атамды алып калышкан. "Эмнеге жалгыз калтырды" деген суроо туулуп турат? Түнкү саат болжолу он экилерде атам кандайдыр бир себептер менен убактылуу кармоочу жайдан сыртка качып чыкканга үлгүрүп, Ленин көчөсүндөгү № 71 үйдүн алдына барып, "эл журт жан соого", "булар мени бүгүн соо койбойт, сактап калгыла", "эртең мени көрбөй каласыңар", "мен Бишкекте саясий ачкачылыкта болгон адаммын" деп, кыйкырганга үлгүргөн. Муну уккан адамдар азыр дагы далилдеп беришет.
- Н.Касиев жетектеген көз карандысыз эксперттик комиссия атаңыздын муунуп өлбөгөнүн далилдегенге жардам бере алдыбы?
- Биз коомдук өкүлдөрдөн көз карандысыз комиссия түзүп бергиле деп суранганбыз. Ошонун негизинде Накен Касиев барып, тажрыйбалуу врач, коомдук ишмер катары чоң жардам берип, "скрытияда" башынан аягына чейин болуп, баардыгын көзөмөл кылып турду. Эки кош анализдин жыйынтыгын алып берди. Ошол нерсеси бизге утуш болду. Анализдин бир көчүрмөсү биздин колдо. Кандай кылып бурмаласа дагы, чындык оркойуп көрүнүп турат. Буга көз жумуп коюуга эч мүмкүн эмес.
- Ушул окуядан улам, кырдаал курчуп, милиция менен элдин ортосунда жаракка кеткен жокпу?
- Милиция менен элдин ортосундагы жарака аябай ажырап кеткендей туюлуп жатат. Прокуратура карапайым эл менен милицияны "бириң өлүп, бириң кал. Төрт шыйрагың мага кал" дегендей түр көрсөтүп жаткандай. Шаардык прокуратуранын эл менен милицияны кагыштырбай, күнөөлүүнү аныктайлы деген ою жок. Маселен, Атамдан мурда милициянын колунан Акылбек Сакеев деген жигит камерада каза болгон. Ал ишке укук коргоочу Азиза Абдырасулова эже катуу кийлигишип жатат. Агамдан кийин дагы, УКМКнын кызматкерлеринин колунан курман болгон дагы бир адамдын иштери боюнча Нарын шаарынын прокурорунун орун басары Алмаз Жоошбеков ортого түшүп сүйлөшүп жүргөнүнө өзүм күбө болгом. Ошондо мен ал кишиге "ушундай иш кылганыңыз туура эмес" деп бетине эле айткам. Ошондуктан атамдын ишин караган Алмаз Жоошбековго мен таптакыр ишенбейм.
- Атаңызга канатташ, санаалаш болуп жүргөн саясатчылар сиздерге кандайдыр бир жардам көрсөтө алыштыбы?
- Жок. Ф. Кулов тараптан эч кандай көмөк көрсөтүлгөн жок. Тескерисинче, Ала- Тоо аянтында жүргөн карапайым эл 45 миң жардам көрсөттү. Угушубузга караганда пикетте жүрүп, жанында жүз доллары бары жүз доллар, жүз сому бары жүз сом салыптыр. Ошол митинг мезгилинде "Бириккен фронттун" жетекчиси Феликс Кулов 250 миң сом бөлүнсүн дептир. Ал жерден акчаны бөлүп берүү милдети Эмил Алиевге жүктөлүптүр. Бирок, анын бир тыйынын да көргөн жокпуз. Керек болсо айтканыңарды аткаргыла деп талап кылганымда да, Эмил Алиевден ынанымдуу жооп уга алган жокмун. Эмил Алиев менен бир топко чейин салгылаштым. Мелис Эшимканов менен бирдикте Эмил Алиевди издеп калдык. Бизден качып, керек болсо Эмил мырза ооруканага чейин жатып алды. Мелис Эшимканов экөөбүз ооруканага чейин барып, жигитсиңби айткан сөзүңдү аткар деп талап кылдык. Тилекке каршы, канча салгылашсак да бир да тыйын өндүрө алган жокпуз. Эмил Алиев "ал эле, бул эле" дегенден башка жооп айта албайт. Бул маселе боюнча Феликс Шаршенбаевич да чыкырткан экен, барып бетме бет сүйлөшкөм.
- Бизге жеткен маалыматтарга караганда бийликтен 100 миң доллар алды деген имиштер бар. Ошонун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Бул маалыматты менин абийириме шек келтирем деген инсандар чыгарган. Мен бийлик түгүл оппозциянын деле бир тыйын акчасын алган жокмун. Бул маалыматты кимдер чыгарганын беш колдой билем. Ал адамдар менен беттешкенимде да, бетиме коюп бере алышкан эмес. Демек, жалган маалымат экени ошондо эле аныкталган. Ошолордун бирөөсү мен атам өлүп, кан жутуп, зар какшап сөөктү жерге берип жатканда барып, сый көрсө дагы "бизге эт бербей картошка берди" деп сөз чыгарыптыр. Кийин беттешип чындыкты айтып, менин башыма түшкөн күн, Сенин да башыңа да түшсүн дегем. Ошондон бир ай өтпөй жалгыз баласынан ажырап калды. Алар элди көтөрөбүз дегенде мен макул болбой койгом. "Кээде атамды өлтүрүп элди көтөрөлү деген ой болгонбу" деп, да ойлоп кетем. Элди аянтка алып чыкпай койгонум үчүн кыжырлары келип, бийликтен 100 миң доллар акча алган деген сөз чыгарып жатса керек.
- Ата жолун улайлы деген оюңуз барбы?
- Атамдын эл деп соккон жүрөгүн унутпай эскерип жүрөлү деп, мыйзам чегинде иш алып барган "Бектемир Акунов атындагы коомдук фонд" түзүп, бизге окшоп укугу тепселген адамдардын укугун коргойлу деп ниеттенип жатабыз. Атам эл деп каза болгондугуна байланыштуу, элден дагы жардам күтөбүз. Укук талаасында биз да таламыбызды талашалы деп жатабыз. Тарых дагы кайсы бир убакта атама өз баасын берет го деген ойдобуз.

Ч.Кутманалиева
"Бектемир Акунов атындагы коомдук фонд"
ОАО Коммерчески Банк Кыргызстан
Р/С 1030120000740868
БИК 103001.