№29, 30.01.08-ж.



  Бакиевдин кадры

К.Тезекбаев:
"Соттун чечими батыраак чыкса болот эле"
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин негизинде "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды" деген айып менен ИИМдин кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош областынын губернаторунун биринчи орун басары К.Тезекбаевге кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Толгон жерден Акүйгө жыйынга келген жеринен кармалганы кызык. Тергөө мөөнөтүнүн убактысы улам жылдырылып отуруп жакында иши сотко ашты. Анын жүрүшү тууралуу К.Тезекбаевдин адвокаты ТЕМИРБАЕВА ЧОЛПОН АБЫЛГАЗИЕВНА менен ой бөлүштүк.

- Кылмыш ишинин козголушуна укуктук негиздер барбы же губернатордун орун басарынын саясый ишмердүүлүгү себеп болдубу?
- Саясый негиз жок деп айтайын десең, тергөө амалдары, соттук процесс мыйзам боюнча Ошто жүргүзүлүшү керек эле. Көптөгөн кыйынчылыктарды туудурган тергөө амалдары Бишкекте өткөрүлдү, ал кыйынчылыктардын азабын биз эле тартып аттык, ал эми тергөө органдарына эч кандай тоскоолдуктарды жараткан жок. К.Тезекбаев кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин негизинде гуманитардык жардамдарды туура эмес тараткан кызмат адамы катары айыпталууда. Андан сырткары, кармалганга чейин эки ай мурда болгон окуя боюнча, милиция кызматкерлерине сөз тийгизген деп КР КЖКнын 234-берене менен да айып тагылууда. Гумжардам боюнча айта турган болсок, губернатордун 1-орун басары катары областагы социалдык маселелер менен да иш алып баруу К.Тезекбаевдин функционалдык милдеттеринин бири болгон. Гумжардамды элге таратуу боюнча атайын комиссия иштеген жана К.Тезекбаев ал комиссиянын жетекчи болуп дайындалган. Бүгүнкү күндө жоопкерчиликти К.Тезекбаев жалгыз тартып жатат, комиссиянын башка мүчөлөрү, керек болсо областтын жетекчиси катары губернатор өзү да жооп бериш керек эле. Бишкекке жыйындарга Тезекбаевди эле жөнөтүп турушчу экен, бул киши жок болгон убактарда да гумжардам таратылып турган. Мисалга айтсак, Ош областык администрациясынын финансы жана чарбалык иштер боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жээнбеков күнү бүгүн деле кызматында иштеп жатат. Бул киши түздөн-түз жооптуу, анткени Тезекбаев гумжардамды мыйзам жолу менен тараткыла деген көргөзмөнү Жээнбековго берген. Ал киши эч кандай процедуралык эрежелерди сактабай, "кыргызча" таратып жиберген. Анысын "шеф айткан деп" түшүндүрүп атат. Шеф айтса өз жолу менен тарат деп айткан, туш келди тарат деп айткан эмес да. Демек, кадрлар профессионал эмес, ошол эле Тезекбаевди кызматка Бакиев бекиткен. Жээнбековдун да андай кызматта азыркыга чейин турганы кадрдык саясаттын туура эместигинен кабар берет.
- Тергөө иши көпкө созулуп кетти, азыр кайсы стадияда?
-Улам бир инстанцияга өтүп отуруп, акыры Жогорку Сотко чейин жеттик. Ал иш Жалал-Абад шаардык сотунун кароосуна жөнөттү. Айыпталуучу Тезекбаев Бишкек СИЗОсунда камакта отурат, соттук кароо башталышы үчүн ал Жалал-Абадка этап менен жеткирилиш керек эле, СИЗОнун жетекчилиги менен байланышсам "Качан гана ал тарапка этап боло тургандар чогулганда жөнөтөбүз" дейт. Сот качан болоору белгисиз, ал тургай качан этап болоору да белгисиз болуп атат. Ошол эле убакта Тезекбаев мөөнөтүнөн ашык кармалып жаткандыгын эске алган эч ким жок. Бүгүнкү күндө иштин көлөмү 19 томго жетти. Күнөөлүү экендигин айныксыз далилдеген фактылары жок. Ал эми Тезекбаевдин күнөөсүз экендигин далилдеген материалдар анын бөлмөсүн текшерүүгө алганда атайын жоготулган жок деп ким кепилдик берет? Мыйзам боюнча иш бөлмөнү аңтарганда айыпталуучу өзү, адвокаты да болуш керек эле, анын бири да болгон эмес.
-Чоң чиновниктин адвокаты болуу да бир жетишкендик болсо керек?
- Ал кишини Акүйгө келгенде кармап атышпайбы, ошол замат биздин канторага чалып, адвокат чакыртышат. Коллегиянын башка адвокаттары иш ордуларында жок болуп мен барып калгам. Ошол бойдон "Буюрганы ушул, башка адвокат издебейм, сен эле бол" деп мени калтырып койгон. Ал киши өтө эмоцианалдуу экен "Мен сиздин кызыкчылыгыңыз үчүн иштеп атам, ачууңузду басыңыз, антпесеңиз иштеше албайбыз" дегем, андан кийин өзүн токтоо кармап калды. Тергөө иштеринин Ошто эмес, Бишкекте болушунун да себеби ушунда болуп атат окшойт. Тезекбаевдин жактоочулары тынчтык бербейт, сотко да тоскоолдуктар болот деп Соттук процесстин да Ошто эмес, Жалалабадда болушунун себеби да ушунда болсо керек. Камакка алынганда баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу А.Келдибеков, О.Аттокуров, С.Кадыралиев өңдүү адамдар соттон суранышкан. Ал өтүнүч канааттандырылган эмес. Бүгүнкү күндө Тезекбаев өзү "Үмүтүм үзүлдү, мени бул жактан жөн кое бербей калышты. Андан көрө убакытты созбой, батыраак соттоп, бир жаңсыл болсо болот эле" деген маанайда.
P.S. Эмне дейбиз, эгер чындап эле мыйзам менен жашай турган болсок, Кыргызстанда мыйзамдар калыс жана адилет иштей турган болсо анда Кылмыш-жаза кодексинин 303-(коррупция), 304-(кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-(кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу), 312-(паракорлук) беренелери боюнча айыл өкмөттөрүнөн тартып Акүйдүн жетинчи кабатындагы адамдарга чейин темир тордун ары жагында отурушмак.
К.Тезекбаев - кесиби боюнча айылдык орто мектептерде башталгыч класстардын мугалими, республикадагы эң чоң областтын губернаторунун биринчи орун басарлыгына президент К.Бакиевдин указы менен бекитилген. Такталбаган маалыматтар боюнча "Бакиев жакшы иштей албай жатат, андыктан Бириккен Фронттун талаптарынын негизи бар, генералдарды колдош керек" деген сөзү үчүн камакка алынышы мүмкүн. Атайын бекер таратылууга келген гумжардамдарды туура эмес (2005ж. март окуяларынын катышуучуларына же өзүнүн туугандарына) тараткандыгы үчүн айыпталууда. Башка күнөөсү жок бекен? Же шылтоо табылбай койдубу? Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жөндөмдүү адамды (тергөө версиясы боюнча) андай жооптуу кызматка дайындоодон мурда ойлонсо болбойт беле?
Темир тордун ары жагындагы дүйнө өзүнүн мыйзамдары менен жашайт. Катаал бирок, адилеттүү деп тегин жерден айтылбаган чыгар. Зордуктоо менен кесилген аңги сөрөйлөргө кандай мамиле болоорун баардык эле адамдар биле бербесе керек. Мамлекеттин, элдин ырыскысын жеген кылмышкерлер "казнокрад" атка конуп, зордуктоо менен баргандардан кем калбаган мамилеге тушугаарын эске алсак, республикадагы сокур саясаттын курмандыгына чалынган Тезекбаевдин тагдырын Кудай башкага бербесин.

А.Артыков, Ош областынын экс-губернатору: -Мен бул ишти саясый куугунтук деп эсептейм, кылмыш ишин козгогонго эч деле негиз жок экен. Үй-бүлөгө жакпай калса керек, анын үстүнө Бакиевди да сындап койгон учурлары болгон, ошонусу үчүн шылтоо таап, камакка алынды. Өзү менен да сүйлөшүп турам, ар кандай басымдар болуп жаткандыгын айтты. Соттун чечими чыга электе кызматынан алынып атат. Ал киши негизинен оюу түз, бирок саясый оюндарды жакшы түшүнбөгөн адам, кээде алданып да калчу.

Урмат Иманалиев




  Кылмышка кылтак:

ИИМдин маалымат кызматы билдирет
27-январда Чүй областынын ички иштер башкармалыгы "Шер"ички аскерлер отряды менен бирдикте Аламүдүн районуна караштуу Көкжар айылында орун алган "Гольфстрим" кафесинен 1963-жылы туулган Бишкектин тургуну А. Имановду мыйзамсыз түрдө ТТ пистолетин көтөрүп жүргөн жеринен кармашты. Аталган курал ИИMдин каттоосунан өткөн эмес. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

26-январда Ош областынын ички иштер башкармалыгы областтык төрөткананын патология бөлүмүндө эмгектенишкен врач-гинеколог Т. Өмүкееваны, ошондой эле 1965-жылы туулган акушерка О. Валиеваны жаңы төрөлгөн эркек ымыркайды өздөрү менен чогуу иштешкен санитарка М. Баймырзаевага 18 миң сомго соодалап жаткан жеринен кылтакка илди. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

26-январда кечки саат 10до Нижний Аларча айылынын Киргизская көчөсүнөн башынан катуу жаракат алган 40-45 жаш чамасындагы өлүк табылган. Аламүдүн РИИбнин кызматкерлеринин иликтөөсүнөн улам өлгөн адам И. Жапаров экени аныкталды. Бул кылмышты жасаган Киргизкая көчөсүнүн жашоочусу 1983-жылы туулган Ж.Ж. Субанов изи сууй электе кармалды. Субанов С.Ч. Жапаровду өзүнүн үйүнөн чырдаша кетип, өлтүргөнүн мойнуна алган.

26-январда Свердлов РИИБи тарабынан Ысыката районуна караштуу "Красная Речка" айылынын тургуну, 1987-жылы туулган А. Насыров кармалды. Көрсө, бул шумпай Арчабешик жаңы конушунун жашоочусу, 1982-жылы туулган М.А. Сейталиеваны Алматы көчөсүндө жайгашкан "Наргиз" кафесинин жанынан түнкү саат 1 00дө күч колдонуп, тоноп кеткен. Кеткен чыгым 4 миң сомду түзөт.

26-январда Бишкек шаардык РИИБнин "Бүркүт" оперативдүү- иликтөө бөлүмүнүн "Грабитель" операциясынын жыйынтыгында Горкий көчөсүнүн тургуну, 1986-жылы туулган Р.С.Ибраев кармалды. Бул кылмышкер 2-январда кечки саат алтыдан өткөндө "Реемста Кыргызстан" тамеки фабрикасынын жанынан Салиева көчөсүнүн тургуну 1973-жылы туулган И. А. Алиеванын ичинде 4 800 сом акчасы бар сумкасын тартып алып, ага ыраазы болбой колунда тагынып жүргөн алтын чынжырчасын кошо жулуп кеткен. Жалпы чыгым 8 850 сомду түзөт. Бул кылмыш иши боюнча тергөө иши жүрүп жатат.

- 27-январь күнү саат 14-00 чамасында Аламүдүн районунун Лебединовка айылында Калинин жана Жеңиш көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан автосалондун кеңсесинен 25-30 жаштардагы 5 азиат улутундагы адамдар 1978жылы туулган Ахмед Кокарды сабап, ал аз келгенсип сол колунун алаканына бычак менен сайып, 10 000 АКШ долларын тартып алышкан. ЖЧК "Котли Трейдингде" директор болуп иштеген жабырлануучу Ахмед тез аранын ичинде бейтапканага жеткирилген. Учурда кылмыш иши изилденип жатат.
26- январда Базар Коргон районунун кызматтык "кылмыштарга каршы күрөшүү" бөлүмү К.Кадыралиевди жоопко тартмак болду. "Арстанбап ата" токой чарбасында чарба башчысы болуп иштеген, 1987- жылы туулган Кадыралиев кызмат абалынан пайдаланып, "Арстанбап атага" таандык баасы 74,592 сомду чапчыган трактирди коркпой туруп сатып жиберген.

Которгон Э. Мадиева.