Инвестордун 2300000$ кимдер уурдады?

Инвестор керек дейбиз. Келгендерди үркүтөбүз. Анан кантип өнүгөбүз? Ким үркүтүптүр? Кадимки Генералдык прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин өкүл атасы, А.Акаевдин "Алга, Кыргызстандагы" кол баласы, экс - депутат Хакимов Абдумуталип Мирзарахимович.

"MERCOT A.G." компаниясы Борбор Азия пахтасын Россияга, Европага алып чыгуу менен алектенген ири ишкерлердин трейдери. Жылына 50 миң тонна пахта айлантса, анын 8 миң тоннасын Кыргызстандын үлүшүнө туура келчү. Депутат кезинде Хакимов бул компаниянын ишенимине кирип, Жалалабад пахтакорлоруна финансылык агымды буруу тууралуу жогорку деңгээлде келишим түзгөн. "MERCOT A.G." бүгүн алданып калганына ишенгиси келбей, алакан жайып отурат. Хакимов жалпы эсеп менен чет элдик инвесторлорду 1,5 миллион АКШ долларына "кидать" этиптир, андан сырткары дебьюторлук милдетти мойнуна алган Хакимов алдын ала бул компаниядан 800 миң доллар алып аны шайлоо компаниясына керектеп койгондугу белгилүү болду.
Келишим түзүүдө да "аферистик амал" ийгиликтүү ишке ашкан. Аткеним, анча чоң эмес суммадагы акча алып жанкан Хакимов күрөөгө өзүнүн "Дома-Ата" май заводун койгон. Бирок, ал убакта ал заводу, андан мурун түзүлгөн келишим боюнча Кыргыз Инвест Кредит Банкында күрөөдө турган эле. Кандайча банкта күрөөдө турган завод башы бошобой жатып экинчи ирет күрөөгө коюлуп калган? Генпрокурор түштүктө, паханга айланган өкүл атасынын жарым криминалдашкан бизнесин "крышевать" этип жүрбөсүн? Чындыгында эле Кыргызстанда жогорку жакта ишенген кожоң болбосо бизнес кылуу мүмкүн эмес.
Күжүрмөн эмгектеринин аркасында эл аралык аренада жакшынакай репутация жасап алган "MERCOT A.G." компаниясынын Кыргызстандагы окуясын уккан коллегалары бүгүн Кыргызстанга ишеним арта албайт. Бакиев баш болуп экономиканы оңойлу деп атышкандай болду эле… Ан үчүн инвесторлор керек экен. Алар келели десе Генпрокурор, опей генералдык өкүл аталар минтип атышса, кантип келишсин. Андыктан, адегенде тартипти, мыйзамдуулукту орнотуш зарыл. Мыйзамдардын так аткарылышына көзөмөл сала турган Генпрокурорубуздун "атасынын" кылганы бул, балким, "ата" баласына бата берип тургандыр. Же өкүл атам өз атам, өлүп кетсин кайнатам, деген сөз мыйзамдан да жогору туруп калды беле? Эскерте кетсек Хакимов ака өзбек паспортунун ээси болгондугуна карабай ЖКнын депутаты болгон. Кайсы бирин айтайын, хакм…мм…




  Сакалчандар менен салгылашканда

"2,5 миллион доллар жеген чиновниктер жоопко тартылсын"
31-январда Т.Бакир уулу ЖКда доклад окуп жатып, 1999-жылы Баткен окуясынын маалында барымтага алынган япон геологдорун куткарып алуу үчүн япон өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 2,5 млн. долларды аткаминерлер өз ара бөлүшүп алышкан деген маалымат берди. Эскерте кетсек, япон жараандары менен кошо Кыргызстандык алты милиционер жана генерал Анарбек Шамкеев да экстремистердин туткунуна түшүп калган. Япон бийлиги жарандарын куткарууда акча бөлүп бергендиги тууралуу маалыматты четке кагууда. Өз убагында өлкө башчысы Аскар Акаев да "Дейли Иомури" газетасына берген интервьюсунда бул имиштерди жокко чыгарган.
Т.Бакир уулу "беш адамды барымтадан чыгарган күнү Улуттук коопсуздук министри М.Ашыркулов мени өзүнө чакырып, япон элчиси менен жолукканбыз. Ал кеткен соң Коопсуздук кеңешинин катчысы Б.Жанузаков келип, айтсам диктафонго жаздырып алышпасын деп коркуп кагазга "2,5 тонна ун" деп жазган. Бул эмне деп сураганымда кулагыма "2,5 млн. доллар" деп шыбыраган. Бул окуядан кийин мени барымтадагыларды куткаруу процессинен четтетишкен. Тажик министри Мирзо Зиеевке да бир аз акча беришкен, бирок көпчүлүк бөлүгүн кыргыз чиновниктери бөлүп алышкан" деп сөзүн аяктап жатып ошол жылы Кара-Тейит кыргыз айылын өзбек учкучтары бомбалоого алгандыгына да КРнын Коргоо министрлиги күнөөлүү экендигин жана андан жабыр тарткандар үчүн өзбек өкмөтүнөн сот аркылуу компенсация өндүрүү зарыл экендигин белгиледи. 1-февраль күнү ЖК депутаты А.Мамасалиев окуяны Генералдык прокуратура текшерүүгө алышын талап кылып, мамлекеттик кызматкер жетекчилик милдеттерин аткарууда кылган кылмыштары үчүн канча убакыт өтсө да жоопко тартылыш керек деди. Туура айтат, балада бар. Жетекчилик кызматка баргандын өзү элдин жүгүн мойнуна алгандыкты түшүндүрөт. Демек, аткаминерлер алган милдеттерин аткарсын, жолдон чыга турган болсо жоопко тартылсын. Эскерте кетсем, Баткен окуясынын айынан кыргыз эли 51 азаматынан айрылган. Азаматтарыбыз антип өлкөсү үчүн өмүрлөрүн берип атышса, айрым аткаминерлерибиз Ата Мекенинин коопсуздугун акча менен эсептеп жүрүшүптүр.




Борбор Азиянын энергоресурстары үчүн болгон күрөш күчөдү
Индиялык Таймс Нью Нетворк маалымат кызматы билдиргенине караганда нефтиге бай Борбор Азия менен байланыштыра турган темир жолдордун курулушу Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандагы энергоресурстар үчүн болгон согушта Кытай компанияларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырат. Кытайдын мындай аракеттери региондун энергоресурстары үчүн күрөш жүргүзүп жаткан Америка өкмөтүнүн жана индиялык нефтикомпанияларынын тынчын алышы мүмкүн. Кытайлыктар мунусу менен деңиз жолдоруна болгон көз карандылыкты азайтууну көздөп жатышат, анткени деңиз жолдорунун баардыгын америкалык аскер-деңиз күчтөрү көзөмөлдөйт. Эгер деңиз блокадасы же башка дагы күч колдонулуучу чаралар көрүлө турган болсо Кытай өзүн Борбор Азиянын нефтиси менен камсыз болуусун колго алат деп билдирет белгилүү басылма. 861 миллион $ камтыган долбоордун планы боюнча Синцзян провинциясы аркылуу борбор азиялык регион менен байланыштырчу эки темир жолу курулмакчы. Казак-кытай чек арасында жайгашкан Хоргос пункту менен кытайдын ички жолдорун байланыштырган кесим ушул жылдын акырына чейин аяктап калышы күтүлүүдө. Ал эми экинчи бутак батыш тараптагы Сары-Өзөк айылы аркылуу казактын ички жолдоруна бет алмакчы. Эске сала кетсек мурдатан бери иштеп келген Алатау аркылуу өтүп 460 км. созулган кытай-казак жолу өкмөттүн билдирүүсүнө караганда тийиштүү өлчөмдө камсыз кыла албай жатат. Экинчи маршрут катары бекитилген Синцзяндан башталып Кыргызстанды кесип өтүп Өзбекстанга барчу жолдун курулушун камсыз кылуу боюнча кытай өкмөтү активдүү ишке киргендиги белгилүү болду. Кытайга Европага жол ачып бере турган бул жол 2010 жылга чейин ишке кирип калышы мүмкүн.




Екатеринбургдагы эргул Кыргызстандыктар
2006 жылдын октябрь айында Россиянын Свердлов областынын Екатеринбург шаарында уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрү кармалган. Алар Кыргызстандык эмгек мигранттарынан күч колдонуу менен салык алып турушкан. Ар улуттун өкүлдөрүнөн турган бул топту 1975ж. туулган "Самат" деген атка конгон Кыргызстандын атуулу Иминов Махамат Умарович жетектеген. Бул иш боюнча тергөө амалдары аяктап, 2007ж. сентябрь айында Екатеринбург шаарынын Железнодорожный райондук сотунун кароосуна өткөн.
"Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу" дегендей, өз өлкөсүнөн сырт жерде кыйынчылыктарга карабай эмгектенип жүргөн кыргыздардын тапкан табылгасын талашып жүргөн кылмышкерлер "оңой олжо оокаттары" үчүн оор жазага кептелери турган иш. Кылмышкерлерди кармап жазаларын берүү тууралуу өтүнүчү менен КРнын Екатеринбургдагы Генконсулдугу бир нече ирет Свердлов областтык ИИБне кайрылган соң уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмыш иши козголуп камакка алынышкан. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Генконсулдук Россия укук коргоо органдарына керектүү жардамдарды көргөзүп турган жана учурда сот органдары менен Россиянын аймагынан Кыргызстанга чыгып кеткен жабырлануучулардын процесске келип катышуусуна байланышкан маселелерди чечүү үстүндө кызматташууда. М.Иминов баш болгон кылмышкерлердин үстүнөн соттун өкүмү 2008ж. февраль айынын акырында чыгышы күтүлүүдө.




Бажыдагы бардак
Нарын бажы кызматкерлеринин "крышасы" Транспорт министри Нурлан Сулайманов, анткени министр мырза Мамлекеттик Бажы комитетинин төрагасы Нурлан Акматовдун кайнагасы. Ал эми Нарын бажы терминалынын начальниги Абаз Кубан уулу Нурлан мырзанын бир тууганы.
2007ж. 22-октябрдагы референдумга чейин кытай-кыргыз чек арасынан өтүү үчүн ар бир коммерсант расмий төлөмдөрдөн сырткары, мыйзамсыз 800 сомдон төлөшчү. Эмнегедир референдумдан кийин баалар өсүп 1300 сом төлөй башташкан. Кытайдан Кыргызстанга орто эсеп менен жумасына ар биринде 28 пассажир бар 6 спецавтобус өтөт. Бир айда бажычылар ушул схема менен гана 982 800 сом же 27 миң доллар коррупциялык шабашка табышат. Кыргызстанга ай сайын 2000 жүк машинелери кирет. Алардын салмагы 30 тоннадан ашпаса да бажычыларга 3200 сомдон бериш керек. Бир айда 6 400 000 сом же 177 миң доллар. Бербей көрчү, шылтоо таап эки эсе көп штраф салып койсун. Андан сырткары Нарын бажы терминалынын начальнигине 100 $ жана ар бир машине 2000 сомдон төлөшөт. Бул мыйзамдар каралган эмес, квитанция берилбейт. Бирок, эмнегедир баарыбыз төлөйбүз. Өткөн жылы декабрь айынын башында Нарын шаарынын этегинде ачылган бажы терминалында бажы декларациясынан өткөн соң ар бирине 1500 сом Бишкеке чейинки транзит үчүн 750 сом төлөтүшөт. Бишкекке жеткен соң борбордогу Нарын терминалынан өтүш керек. Бул жерде да кассадан сырткары дагы 2000 сом менен кутулуш керек. Бул терминалдан бир айда 2000 машина өтөт.
Бул маалыматтар менен бажычылардын коррупциясынан жапа чеккен бизнесмен FERGANA. RU редакциясына кайрылыптыр. "Силерди Президенттин администрациясында окушат. Балким президентке да жетип калабы? Ал киши бизнесмендерге жардам беребиз деп жакшы эле айткандай болду эле, бажыдагы коррупциялык системаны билбейт болсо керек"-деп. Президент чын эле билбейби? Эми билет чыгаар. Кандай аракеттерди көрөт болду экен? Наркобизнес үчүн ИИМ жетекчилиги ыргыды эле, эми кезек кимде?

Бетти даярдаган
У. Иманалиев