Ишенген кожом сен болсоң...

Ичинен ириген ИИМ
Диктатура доорунда өлкө башчысына эли чындыкты айткандан коркот, демократия доорунда чындыкты өлкө башчылары элине айткандан коркот
Сөздү президент Бакиевдин үстүбүздөгү жылдын 15-январында ички иштер министри Болотбек Ногойбаевди, ага кошуп биринчи орун басар Осмонали Гуроновду жана дагы бир орун басар Расул Раимбердиевди кызматтарынан алганынан баштасак. Бул чулгандуу ишке эки нерсе өзгөчө боек берген. Биринчиден, министр Ногойбаев кызматынан алынган күндөн төрт күн мурда эле Жогорку Кеңеште ант берген. 2007 жылы 19-апрелдеги митингди "ийликтүү" таркаткандыгы үчүн өлкө башчысынын колунан генерал-лейтенанттык наам алып, Президенттин көзүрү болгондугу үчүн айрымдардын ичин күйгүзүп, ташы өйдө кулап турган маалы эле. Экинчиден, эгемен тарыхыбызда маанилүү министрлигибиздин "балп" этип башчыларынын бир заматта ыргып кетиши болду. Калк айтса калп айтпайт дейт кыргызда, министрдин кызматтан айдалышын көпчүлүк жаңы жыл алдындагы үрөй учурган окуя менен түздөн түз байланыштырып жаткан эле. Ал окуя декабрдын акырында болгонуна карабай, январдын биринчи жумасынын аягында калың элге белгилүү болгон. Өлгөн адамдын кулагын жана сөөмөйүн кесип, оромолго ороп туруп Президенттин администрация башчысы М.Садыркуловго жаңы жылдык белек катары белгисиз адамдар беришкен экен. Бул окуяга милиция кызматкерлеринин да (тергөөдө белгилүү болгон) тиешеси болгондугу төбө чачты тик тургузган. Абал мындай болуп турса анан кантип министр "отставкага" кетпесин?
Экинчи кулак менен баш бармак мамлекеттик антимонополдук комитеттин жетекчиси Жуманасыр Нуржановдун колуна тийиптир деген ушак тарап, (эл оозунда элек жок, ал гана эмес президенттин өзүнө да ыроолоп жиберишкен) чуунун буусу чыгып бүтө электе министрдин кызматтан кетишинин экинчи версиясы "дүң" дей түштү, "Манастан Чубак кем бекен" болуп, экинчи версия биринчиден ашса ашып, акыры кем калган жок. Бул окуя боюнча КРнын Генералдык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин жүргүзүп жатат.
2007-жылдын аягында Ош областынын чек ара заставаларынын биринде 100 килограмм героин менен Ош областынын ИИБнин баңги заттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Фархат Нурматов кармалган. Генералдык прокуратуранын тергөө материалдарында Ф.Нурматовдун баңги заттары менен буга чейин эки жолу кармалгандыгы жана ал кылмыш иштери белгисиз себептер менен жабылып калгандыгы тууралуу маалымат бар. Бул жолу да ошондой болот беле ким билет, бирок укук коргоо органдарынын абийир менен ар намысты бийик койгон кызматкерлери ага жол берген эмес.
ИИМдин төбөлдөрүнүн коррупцияга белинен баткандыгы айтып, айныксыз далилдери келтирилген катты офицерлер жолун таап өлкө башчысы К.Бакиевдин колуна тапшырышкан. Баңги менен байыганды өздөштүрүп алган Ф.Нурматовдун министрликтеги "крышаларын" бирден санап берген ал маалыматтардын чындыгына көзү жеткен Президент "Кол алдыңда орун басарларың наркобизнести бапестеп отурганын кантип бетиң чыдап, көрсөң да көрмөксөн болуп жүрдүң. Эгер чындап эле билбеген болсоң, анда кайсы арыңа министрмин деп жүрөсүң?" деп окуянын күбөлөрүнүн айтуулары боюнча Ф.Ногойбаевди катуу каарына алыптыр.
Милицияга да, коопсуздук комитетине да ишенбей калгандыгын баса белгилеген Президент бул ишти тергөөнү Генералдык прокуратурага тапшырган. Негизги каарман болгон Ош областтык баңги заттары менен күрөшүү бөлүмүнүн, эми мурдагы жетекчиси камакка алынган жана күнөөсүн моюнга алган көрсөтмөлөрдү берүү менен бирге О.Гуроновдун, Р.Райымбердиевдин жана башкалардын дагы "крыша" болгондуктарын айтууда. Жаңы дайындалган ИИМ жетекчиси милициянын генерал-майору Молдомуса Конгантиев ушул чулгандуу ишке байланыштуу ИИМдин наркобизнес менен күрөшүү башкы башкармалыгынын начальниги Мырзабек Исмаиловду, ошондой эле Ош областтык ИИБнин биринчи орун басары Камил Абдрахмановду кызматтарынан четтеткендиги белгилүү болду.
Фархат Нурматов мындан бир нече жыл мурда кайтыш болгон милициянын генерал-майору Базарбай Нурматовдун баласы экендигин, ал эми Камил Абдрахмановдун атасы милициянын генерал-майору, учурда укук коргоо органдарынын ветерандарынын областтык бирикмесин жетектеп тургандыгын айтып коюшубуз керек. Бул кылмыш иши боюнча Президенттин администрациясы, тарыхыбызда биринчи жолу күч структурасынын жогорку даражадагы чиновниктери кылмыш ишинде күбө катарында болсо дагы суралып жатышат деген ойдо. Орто жолдон жоголуп кетпей, адашпай акырына чейин чыгып, мыйзамдуулукту көздүн карегиндей сактагандын ордуна, өзүлөрү кошо аралашып мыйзамды тебелеген кызматкерлер, жетекчилер жоопко тартылаарына ишеним артып туралы.
Эмнегедир кесилген кулак, сөөмөй тууралуу Ө.Текебаевдин айткандары эсиме түштү: "Бул жөнөкөй адам эмес. Бул укук коргоо органдарына таасири бар адам. Садыркулов менен өйдөкү кабатта атаандашып, жер-жээкке бөлүнгөн тар адамдар болуусу мүмкүн. Президенттин алдында кызматын кылып, анын жеңишин камсыз кылып, президенттин урмат - баркына тете президенттин администрация башчысына мындай мамиле жасагандар, демек, ошол деңгээлден ашып түшөм деп өзүн бийик сезген адамдар. Садыркулов Бакиевге "эски командаң жарабайт, "кукла-матрешка" деңгээлиндеги командаңдан кутул, алар түбүңө жетет, жаңы команда түз, сени сактап калган башка команда, ошолордо-сиздин келечегиңиз" деп ачыктан-ачык айтып жатат. Ал кимдерден шек санаганы да түшүнүктүү болду. Мен жогоруда айткандай, бул адамдардын да таасири жогорку бийликте отургандардан кем эмес. Алар укук коргоо органдарына таасири бар, саясий жашынма ресурсу бар адамдар экени түшүнүктүү. Булар "Ставка больше жизни" дегендер. өмүрдүн кымбат болгон ставкасы бар оюнга кумар болуп алгандар ушундай эскертүү жөнөттү десек болот. Садыркуловго "подарка" - бул жөнүнөн эмес, чоң долбоорлордогу каршылык. Бийлик ичиндеги карама-каршылык да ачыкка чыкты. "Чыңалуу" жогорку фазасына өттү. Президент болууга ниети бар адам болуп жүрбөсүн? Алды артыбызды карап көрөлүчү, ал ким болду экен?

У. Иманалив




  Alibi & Agentura

Адвокатым абайла
Ошто адвокат соттолду. Баарынан кызыгы соттолгон адвокат БУУнун атайын комиссиясынын "качкын" статусуна ээ экен. Көз боемочулук жана документтерди жасоо боюнча айыпталып жаткан белгилүү укук коргоочу жана журналист Саидкамол Ахмедовду 31 январда Ош шаардык соту күнөөлү деп таап үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан жана фальсификацияланган иш деп сотко келүүдөн баш тарткандыгы үчүн мамлекеттин пайдасына беш миң сомго айыпка жыккан. Ош шаардык прокуратурасынын өкүлү М.Казыбаевдин билдиргенине караганда С.Ахмедов КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166, 350 беренелеринин негизинде айыпталып жатат. Тагыраагы ал алдоо жана документтерге жасалма кол коюу жолу менен өз коллегасы Г.Хурулбаевге 31 миң сом зыян алып келген. "Мындай нерсеге кылмыш ишин козгобостон жарандык тартипте деле териштирсе болмок. Хурулбаевдин арызы шылтоо катары колдонулду" - дейт Ахмедовдун адвокаты. Укук коргоочулар С.Ахмедовдун болгон күнөөсү анын прокуратура, милиция жана көзөмөл органдарына - системага каршы чыкканы болду деп эсептешет. Сот отуруму бүткөн соң айыпталуучунун уулу профессионал юрист Саиджамал Ахмедов айып акчаларын 10 күндүн ичинде төлөп беришээрин жана кассациалык түрдө арызданып, атасынын соттолгондугун алдырып салууга аракеттенээрин айтты. Өз учурунда айыпталуучу-адвокаттын адвокаты бул ишти саясый куугунтук деп билдирди. Эске сала кетсек, мурда милиция катарында кызмат кылып полковник даражасына чейин жеткен С.Ахмедов акыркы убактарда адвокат болуп иштеп, жергиликтүү жана республикалык басмаларда адам укуктарына байланышкан макалаларды жарыялап келген. 2007-ж. өзүнө каршы жасалма кылмыш иши козголгондугун билип, өлкөдөн чыгып кеткен. 2007-ж. июнда БУУнун Алматыдагы бөлүмү ага качкын статусун берген. Ошол убактан бери Алматыда жашап келген жана 2007- ж. 5 - сентябрында Ташкентке үй бүлөсүнө бараткан жеринен өзбек атайын кызматтары тарабынан кармалып, КРнын Генералдык прокуратурасынын суроосу менен декабрдын аягында мекенине экстрадиция болуп келген. 24 - январда болгон соттун биринчи отурумунда судья Бурханидин Нурмаматов айыпталуучунун жана анын адвокатынын "атайын жасалган жана соттук тартипте каралбай турган ишти" токтотуу өтүнүчүн четке каккан жана Ахмедовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырган.

Мээге жакшы метадон
1 февралда болуп өткөн "Кыргызстандын абактарында метадон терапиясын колдонуу" пилоттук проектисин киргизүүгө арналган жыйындын жүрүшүндө КРнын Адилет министри М.Кайыпов "Өлкөнүн пенитенцианардык системасында метадонду колдонуу баңги заттарына көз каранды болгон абак адамдарынын санын азайтууга көмөк болот" деп билдирди. Бул долбоорду Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан биринчи болуп Швейцариянын тажрыйбасына таянып колдонууга киргизип жатат. Долбоор бир жыл ичинде үч мекемеде: Бишкек шаардык №1 сизодо, СИЗО №1 Ош шаардык СИЗОдо, жана Бишкек шаарынын №47 түзөтүү колониясында байкоодон өтүү үчүн ишке кирмекчи. "Эгер башка мекемелердеги адамдар да долбоорго катышабыз дей турган болсо, аларды №47 колонияга этап менен жөнөткөнгө даярбыз" дейт министр мырза. Кыргызстанда ВИЧ-СПИД проблемасы баңги заттары менен тыгыз байланышта, бул ооруга кабылгандардын 80% баңги заттарын инъекциялык жол менен колдонгондор. Ал эми бул оору менен ооругандардын 40% Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү адамдар.

Адам чыдагыс абактарда
КРнын Адилет министрлигинин Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы Көлбай Чолушевдин билдиргенине караганда быйылкы жыл башында өлкө боюнча абактарда отургандын саны 11 400 адамды түзөт . Алардын арасынан 2007- жыл ичинде 142 адам ВИЧ инфекциясын жугузуп алгандар жана андан башка дагы 51 адам жугузуп алгандыгы белгилүү болду. 2008- жылдын 1 - январында Жаза аткаруу мекемелеринде 491 адам наркологиялык тизмеге катталса, алардын ичинен 90 алкоголдук жана 401 адам баңги заттарына көз каранды. Эл аралык уюмдардын акыркы жылдардын аралыгындагы изилдөөлөрүнө таянсак, пенитенцианардык системада камакта отурган адамдардын жалпы санынын 35% баңги заттарын колдонушат. Ал эми алардын 50% ашыгы инъекциялык баңги заттарынан көз каранды. Бүгүнкү күндө ЖАББнын 10 түзөтүү мекемелеринде жана колония-айылчасында 14 шприц алмаштыруу пункттары иштейт. Башкармалыктын жетекчисинин оюнда пилоттук долбоорду ишке ашырууда коркунуч туудурган жагдайларды да эске алуу зарыл. Кошумча колдонулуучу баңги заттарын нормасынан ашыкча колдонуу, ЖАББ кызматкерлерине каршылык көргөзүү, метадонду мыйзамсыз жүгүртүү жана бул программанын катышуучулары абактардагы башка адамдар тарабынан дискриминацияга алынышы мүмкүн.

У. Иманалив