Акчанын баркы канча?

Турмушта акчанын ролу чоң экенин ким тана алат. Байбы, кедейби акча жөнүндө ойлонбой койбойт. "Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту" демекчи, ким гана болбосун "Кудайдан болуп, миллион сом таап алайын" деп тилек кылса керек. Ошондуктан турмушубузда акчанын баркын билиш үчүн акчага байланышкан ар түркүн суроо түзүп, ар тармактын өкүлдөрүнө байланышып, акча ким үчүн кандай мааниде экенин билүүнү эп көрдүк.

Накен Касиев, коомдук ишмер:
-Биринчи айлыгыңызды эмнеге жумшаганыңыз эсиңиздеби?
- Эсимде. Ал кезде мен 120 рубль айлык алчу элем. Врачтар 10 рубльдан "Черный касса" ойночубуз. Биринчи айлыгымды жана "Черный кассанын" акчасын кошуп, "романтик" - деген магнитафон сатып алгам. Ал кезде азыркыдай магнитафондордун түрү жок эле.

Жыргалбек Рысбеков, Бишкек шаардык мериясынын менчик үйлөрдү куруу департаментинин жетекчиси:
-Бир күндө канча сом коротосуз?
- Мен таптакыр акча коротпойм. Анткени, убакытты үнөмдүү пайдаланып, түштөнүү учурунда үйгө барам. Кызматтык машине минип жүргөндүктөн жолума акча деле коробойт.

Амангелди Муралиев,
коомдук ишмер:
- Байлыкты акча менен эсептегенге болобу?
- Менин пикиримде байлыкты акча менен эсептегенге болбойт.
Мен байлыкты акча менен эмес, тескерисинче коомдо болуп жаткан окуяга кайдыгер карабаган, жамандык-жакшылыкка түшүнүп мамиле кылган, адамгерчилиги жогору инсанды байлыгы түмөн адам деп эсептейм. Адам баласынын байлыгы, адам керчилиги анын улуу касиети деп түшүнөм. Өзүңдү бай сезиш үчүн телегейиң тегиз болуп, көңүлүң ток болушу керек. Жүрөгүңдү өйүгөн маселе көңүлүңдү оорутуп турса, анда миллиондогон акчаң да эч нерсеге арзыбай калат.Ошондуктан акчадан мурун көңүлүң жай болушкерек.
Турсунбек Акун, Президенттин алдындагы адам укугун коргоо боюнча комиссиясынын төрагасы:
- Акча үчүн акылдан адашкандарды турмушуңузда жолуктурдуңуз беле?
- Мен турмушта чөйрөмдөгү адамдардын акылдан адашып калганын көрө элекмин. Ал эми досторумдун акчага, аракка азгырылып калганын көрүп калсам досторум менен биргеликте ага эскертүү беребиз. Биз ар дайым бири-бирибизге көңүл буруп турушубуз керек. Акча үчүн акылдан адашкандарды гезиттен, теледен көрүп жүрөм. Бирок, турмушумда кезиктире элекмин.

Кусейин Исаев, мударис:
- Акчанын азабын ким тартат?
- Акчанын азабы адамдын жан дүйнөсүнүн, жашоосунун, максатынын, турмуштук түшүнүгүнүн деңгээлине жараша болот.
Мындай караганда, албетте, акчанын азабын карапайым адамдарга караганда байлар көбүрөөк тартат. Алар акчаны кайда жумшасам, кантип көбөйтсөм, кайда катсам деп көп түйшөлүшөт.
Ал эми карапайым адамдар болсо философ болушат. Кудайдын башка салганын көрөбүз деп бары-жокко кайыл болуп, жашап жүрө беришет.

Света Ботаканова, Скрябин атындагы агрардык университеттин мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору:
- Студенттерге китеп саткан - пара алуунун сыпайы жолу дегенге кошуласызбы?
- Эгерде мугалим саткан китеп студентке керек болсо, анда студент өзүнүн билим көрөңгөсүн байытыш үчүн алышы керек. Бирок, мугалимдер китепти зачет, экзамен учурунда эмес, семестр башталып, лекция окулуп жаткан учурда окуу жайдын концелярдык буюмдар сауучу киоскисинде ушул темага ылайыктуу китебим сатылып жатат деп студенттерди кабардар кылып коюшу керек. Кокус мугалим студенттерге китебин зачет, экзамен учурунда сатса, анда пара алуунун бир түрү деп айтсак болот.

Айбек Мусаев, "Пирамида" телеканалынын кыргыз бөлүмүнүн жетекчиси:
- Кокус миллион сом утуп калсаңыз эмнеге жумшайт элеңиз?
- Мен миллион сом утуп алсам деп кыялданып жашаган адамдардын катарына кирбейм. Куру кыялданып убактымды короткончо реалдуу акча табууну көздөйм. Эгер чындап эле таап алсам анда сөзсүз сизге айтам(күлүп). Миллион сом утуп алган күндө деле баары бир ал мамлекеттин акчасы. Анткени, акча жүгүрүп турушу керек. Аны кандай киши утуп алат, билбейм. Мен чынында миллион сом таап алсам деп эмес, тескерисинче миллион сомго көз каранды болбой, ден соолугум чың болушун Кудайдан тилейм.

Бакыт Карагулов, режиссер:
Эң көп алган ганарарыңыз канча сом өлчөмүндө болот?

- Эми мынча сом алам деп айтыш абдан кыйын. Россия Казакстандын режиссерлоруна салыштырмалуу арзыбаган эле акча. Ошондой болсо да, башка мамлекетке иштеп кетпей патриоттук сезим менен арзыбаган акчага кайыл болуп, өз атажуртубузга кызмат кылып келебиз.
Алина Жетигенова, эстрада ырчысы:
- Ар дайым акча жагынан жардам берген демөөрчүлөрүңүз барбы?
- Бар. Бирок, дайыма эле кайрыла бербейм. Демөөрчүлөрүм көп бергенде 2000 миң доллар, аз бергенде 100 доллар беришет.
Бейшен Абдразаков, Жогорку Кеңештин депутаты:
Үйдө акчаны ким кармайт?
-Албетте, акча болуп калса келинчегим кармайт. Болбосо кармабайт (күлүп). Мен үй бүлөнүн башчысы болгондуктан тышкы жумуштар менен алек болом. Келинчегим үй чарбасына ылайыктап акчаны сарамжалдуу колдоно билет.

Г.Эргешбекова