№31, 13.02.08-ж.
  Мыйзамбардак

Абдыраимовдун "айлакерлиги" же тергөө жөнүндө терме.
Токтом
кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартуу тууралуу Бишкек ш. 10-апрель 2007-жыл.
Аламүдүн РИИБнин (райондук ички иштер бөлүмүнүн-автор) тергөө бөлүмчөсүнүн улуу тергөөчүсү, милициянын капитаны Бейшенбек уулу Т. 58-06-529 номерлүү кылмыш ишинин материалдарын карап чыгып
Аныктадым:
Абдыраимов Нурманбет Абыдүнович 2006-жылдын 2-майынан үчүнө караган түнкү саат 24төр чамасында, масс абалында өзүнүн "Мерседес Даймлер-Бенц" маркасындагы автомашинасын айдап айдап, айланма жол менен Аламүдүн районунун Ленинское айылын көздөй чыгыш тарапка баратып, жолдун четинде бузулуп токтоп турган, жаран Т.Касымовго таандык БМВ-320 маркасындагы мамлекеттик номери N07-44A автомашинасын сүзүп, натыйжада БМВнын жүргүнчүсү жаран Андакулова М.А. денесинен жаракат алган. №122-соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык М.А.Андакулованын денесине кыска мөөнөттүү жеңил жаракат келтирилген. Андан тышкары, "Тянь-Шань Лада" ААКнын корутундусуна ылайык БМВ-320 мамлекеттик номери N07-44A автомашинасына жалпы суммасы 57934 сомдук материалдык чыгым келтирилген.
Бул кыймыл-аракеттери менен Абдыраимов Н.А. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 176- беренесинде көрсөтүлгөн, кылмыштык белгилери болуп "башка бирөөнүн мүлкүн кокустан жок кылуу же зыянга учуратуу" эсептелген, зыян суммасы ири өлчөмдөгү кылмышты жасаган.
Кудай-Таала өмүр берип, жабырлануучулар Касымов Тилек менен анын келинчеги Андакулова Мээрим, алардын ошол кагылышуудан көп узабай көз жарган наристелери Касиет, айыпкер Абдыраимов Нурманбет аман-эсен турушса, 2008-жылдын 2-майында каргашалуу окуянын болгонуна 2 жыл толот.
"Сокур ит бок жалагыча" бүтө турган бул иш эмне үчүн ушул күнгө чейин созулууда?
Касымов Тилек: "Ошол түнү келинчегим экөөбүз "Дордой" базарынын түндүк тарабындагы айланма жол менен баратканбыз. "Дордойдон" үч жүз метрдей өтүп барып машинабыз өчүп, туруп калдык. Ар жерин чукулап болбогон соң, бутубуз уюп чарчап, келинчегим экөөбүз эмне кыларды кеңешмекке жаңы эле машинанын ичине киргенбиз. Машина чыгышты беттеп, жолдун оң тарабында, четте турган. Жолдун туурасы 10 метрдей болот. Бир маалда эле "даңк" эткен катуу урунуу болуп, биздин машина алдыга 10 метрдей сүрүлүп барып, жолдун сол жээгиндеги үйлөргө чукул токтоп калды. Көзүмдү ачып эле келинчегимди карасам, эси ооп калыптыр. Машинадан атып чыгып эле жардам сурап, жол үстүнө чуркап чыгып кыйкырып кирдим. Байкаганым эле жолдун ортосунда турган кара түстөгү "Мерседес", анын жанында темтеңдеп өзүнчө эле сөгүнүп жүргөн бейтааныш адам болду. Дароо машиналар токтоп, адамдар чогула калды. Макул болгон бирөөсү менен келинчегимди доктурга алып кетип жатканда МАИ кызматкерлери келип калды.
Чамасы эки сааттан кийин келсем МАИчилер ошол жерде экен. Мерседестин айдоочусу дагы эле толук кызуу болчу.
Түндөп наркологиялык диспансерден текшерүүдөн өттүк, райондук милицияга барып түшүнүк, анан арыз жаздым. Бирок, арызың жок деген шылтоо менен кылмыш иши араң гана эки ай тогуз күндөн кийин, 11.07.2006-жылы козголду.
Анан барып, ушул тырмактай ишке бир жылдай тергөө жүрдү. Көрсө, ИИМдин башкы тергөө башкармасынын жетекчилери Абдыраимовго "крыша" болуп, ишти создуктуруп жатышкан экен, акыры "амнистияга" жеткирип, кыскартып тынышты".
Т.Касымовдун сөздөрүнө ишенбей коюуга негиз жок экендиги шексиз. Ошол эле убакта, 13.05.06-жылы ошол эле тергөөчү Акунбек уулу Таалай кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтом чыгарган. Касымовдордун өкүлүнүн кайра-кайра арызынан улам 11.07.06-жылы козголгон кылмыш иши бир айдан кийин, 11.08.06-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 221-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, "айыпталуучунун жашаган жери белгисиз болгондугуна байланыштуу" деген шылтоо менен токтотулган. Ошол эле убакта айыпталуучу Абдыраимовубуз эч кандай "белгисиз" эмей эле, шаар ичинде сайран куруп, "Ак-Босого" жаңы конушундагы Чүй-31 көчөсүндөгү №70-үйүндө эле жашап жүргөн. Тергөөчү Акунбек уулу Таалайдын Н.Абдыраимовго издөө жарыялаганын жөн гана Касымовдордун көзүн боемологону деп гана түшүнүү керек.
Т.Касымов, М Андакулованын өкүлү кайта-кайта өтүнүч келтирип, келе берип тажаткандан кийин гана тергөөчү Н.Абдыраимовду "таап келип" сурак кылып, 30.09.06-жылы ага айыбын угузган.
03.05.06-жазылган №5/2077-аныктоо протоколунда Н.Абдыраимовдун ичкилик, ичкендиги ачык жазылып турса дагы ал анысын мойнуна албай койгон. Көрсө, автоунаалардын кагылышына Т.Касымов өзү күнөлүү экен. Ал алдыда бара жатып, өз машинасын сол жакка чорт буруп жиберген экен, Н.Абдыраимов айла жоктон кагылышууга мажбур болуптур.
Ушул жерден тергөөчүнүн, "Андай болсо сиз "жол кыймылынын эрежесин" бузуп жатпайсызбы. Эмне үчүн чектелген аралыкты (интервал) сактаган эмессиз?"-деп каршы суроо бербегени кызык экен.
26.07.06-жылы тергөөчү Айманов Н.К. Аламүдүн РИИБнин МАИ жана КТС (ООП) бөлүмдөрүнүн башчыларына атайын тапшырма берип, минтип суранган: "Тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн "Даймлер-Бенц" маркасындагы мамлекеттик номери В72-41С автомашинаны кармап, анын айдочусу Абдраимов Нурманбет Абидновичти Аламүдүн РИИБнин тергөө бөлүмүнө жеткирүүңүздөрдү суранам. Ал биздин бир нече жолку чакырыгыбызгы көңүл бурбай жатат. Анын автомашинасын акы төлөөчү жайга токтотууңуздарды өтүнөм." Мына ушул атайын тапшырмадан бир жыйынтык чыкты деп ойлойсузбу? Туура айтасыз, эч бир жыйынтык чыккан эмес жана чыкмак да эмес. Себеби, тергөөчү эртеси күнү эле бул тапшырма жөнүндө унуткан, артынан түшүп аткаруусун эч кимден талап кылган эмес. Формалдуу түрдө ал өз милдетинен кутулду. Тапшырма алгандар болсо, тергөөчүнүн кагазын чымын чаккандай да көрүшкөн жок. "Керекпи, өзүң издеп ал" кыязында кол шилтеп коюшту. Ырасында эле, пайдасы жок иштин кимисине кереги бар эле?
09.08.06-жылы дагы бир тергөөчү, Бейшенбек уулу Таалай, дагы эле ошол кызматчыларга дагы бир жолу атайын тапшырма берген. Анын тагдыры деле мурункусунун таз кейпин кийген.
Айта кетчү нерсе-райондун ошол кездеги прокурору да, райондук милициянын начальнигинин тергөө боюнча орун басары да, тергөө бөлүмчөсүнүн мүдүрү да кол алдыларындагы тергөөчүлөрүнүн бирине дагы "ой урматтуум, кайра-кайра кагазды корото бербей, бир эле жолу Ак-Босогого барып келчи"-деп айтканга жараган эмес. Себеби, алардын бардыгы тең Н.Абдыраимовдун "крышасы" ким экендигин эң сонун билишкен жана аны менен мамилелерин бузгулары келген эмес. Жабырлануучулар Т.Касымов менен М.Андакулованын тарткан азап-тозоктору алардын бирин да кызыктырып койбогон.
Баарынан кызыгы-30.09.06-жылы тергөөчү тарабынан чыгарылган кылмыш ишин бүткөндүгү тууралуу токтомдо жабырлануучу М.Андакулова күбөгө айланып калгандыгы болуп отурат.
Көп узабай кылмыш иши кайрадан токтолуп, 10.11.06-жылы кайрадан жандандырылган. Көрсө, тергөө-автомашиналар кандай себептерден жолдун эки тарабында, бири-биринен алыс аралыкта туруп калганын аныктаган эмес экен.
10.12.07-жылы аларды "аныктоо, далилдөө мүмкүн эмес", - деген шылтоо менен кылмыш иши дагы кыскартылган. Аны район прокурору негизсиз деп таап ишти сотко өткөрүп, сот аны кайра артка тээп, аргасы куруган тергөөчүлөр акыры аны 22.02.2007-жылы жарыяланган амнистияга такап кыскартып тынышкан.
"Болоору болду, бойоосу да канды" кыязында үмүтү үзүлгөн Т.Касымов менен М.Андакулова "эми эч болбосо моралдык, материалдык чыгымдарыбызды өндүрүп алалы"-деп Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна кайрылса, тамашаны айдоочу Абдыраимов баштап, Аламүдүн ИИбнин тергөө бөлүмчөсүндөгүлөр аны андан ары аштап кирсе болобу.
"Тергөө" учурунда "издөөдө, таптырбай жүргөн" Н.Абдыраимов бүгүн ачыкка чыгып, "амалкөйлүгүн" ашырып турган кербези. Ишти жарандык тартипте райондук сот карай турган болгондо ал тергөөчүнүн ишти өндүрүштөн кыскартуу тууралуу токтому менен макул эместигин билдирип добулбас кагууда. Сот карай баштаса ал Касымовдор тарткан чыгымдарды төлөп берүүгө мажбур болуп калаарын өзү сезиппи, же "крышалары" сездирип жатабы, айтор жан далбастын аракетин кылууда.
Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмчөсүнүн "чоңдору" болсо соттун расмий талаптарына (требование) 2007-жылдын июль айынан бери "ИИМдин архивине кеткен", "тергөөчү табылбай жатат", "ишти өзүбүз карап көрөлүчү" шылтоосу менен тоң моюндук кылууда.
Акыркы талап 29.01.08-жылы берилген. Дагы кайсы шылтоону чаргытсак деп турушабы, айтоор азырынча Аламүдүн РИИБ тараптан кабар жок. Сот канчага чейин сабырдуулук кылып күтөт, белгисиз.
Азамат Кыргыз.
Бишкек шары.