presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№32, 20.02.08-ж.
  Кыргызымдын жылдыздары

Таттыбүбү Турсунбаева
Өзүнүн айдай сулуулугу, өчпөс таланты менен кыргыз элинин жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алып келген - Таттыбүбү Турсунбаева, Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек кыштагынан чыккан кыргыздын "ак куусу". Таттыбүбү эжебиз кыргыз кыздарынын сулуулугун башка улутка тааныткан, аны жогорку чеберчиликте жараткан ролдору кыргыздардын меймандостугун, салт-санаасын, үрп-адатын айгинелеп турат.
Улуу кыргыз элинин көрүнүктүү жазуучусу жана эл баатыры Чынгыз Айтматовдун жараткан чыгармаларында да өзүнүн өлбөс, өчпөс образдарын жараткан. Мисалы, биз Таттыбүбү аткарган "Ак Мөөр", "Кызыл алма", "Уркуя" жана башка көптөгөн кинолорунан улам аны таанып билебиз. Өзүнүн кыска жашап өткөн өмүр жолунда ал көптөгөн эмгектерди жаратты жана ал тарыхта өлбөс-өчпөс из калтырып кетти.
Бекеринен Таттыбүбү Турсунбаева - Соң-Көл периси деген наамга ээ болбосо керек. Анын мындай аталып калышы "Ак Мөөр" аттуу киносунан келген. Карындашынын бул ааламдан эрте кеткендигине күйүткө баткан агасы - Нуркан Турсунбаев, көптөгөн ырларды жаратты, мисалы:

Азаттык берип пендеге,
Ач ажал качан конду эле.
Кыргызга сулуу болсун деп,
Кылымга төрөп берди эле…
- деп, Таттыбүбү өзү жок болсо да, элеси биздин арабызда жашай берээрин айткан. Нуркан Турсунбаев карындашынын элесине арнап, өзү туулуп өскөн Жумгал районуна барып жыл сайын эскерүү кечесин, анын жараткан образындагы кинолорду элине тартуулап турат. 2006-жылы өткөн Соң-Көлдүн тоюнда Таттыбүбүгө окшош сулуулардын конкурсу болуп өттү. Бул конкурска агасы Нуркан Турсунбаев жана кызы Асель чоң салымдарын кошушту. Албетте, бул сыймыктанаарлык нерсе.
Таттыбүбү Турсунбаева эжебиздин көзү өткөндөн кийин өзү туулуп өскөн Чаек кыштагында анын ысымы орус мектепке ыйгарылган. Анын элеси кылымдар бою сактала бермекчи.




Аманкул Куттубаев
Аманкул Куттубаев-кыргыздын профессионалдык опера өнөр башатында театрда койгон оюндары аркылуу ысымы алтын тамга менен жазылган, залкар режиссер экендиги шексиз.
Ал адегенде музыкалык студияга сыноодон өтүп, ошол жерде иштеп калат. Алгач Аманкул актердук чеберчилигин "Молдо Насиридин" аттуу комедиядан Молдо Насиридиндин образын ойноодон баштайт.Кийин А.Токомбаевдин "Кайгылуу Каныкейинен" Алымкулдун, Фурмановдун "Козголоңунан" Карабайдын ролун ойногон.Окутуучусу Н. Еленин Аманкулдун шыгын көрүп, режиссерлук кесипке окута баштайт, ошол эле мезгилде "Болот", "Кырманда", "Төө бурчак", "Айчүрөк" ж. б. ушул сыяктуу пьесаларды ар бир актердун аткаруучулук чеберчилигине жараша бөлүштүрүп, көрүүчүлөрдүн алкоосуна алынат.
Аманкул Куттубаев көзү тирүү болгондо быйыл 100 жашка чыкмак.




Советбек Жумадылов-көрүнүктүү актер.
Кыргыз элинде аттын кашкасындай таанылган атактуу кино актер - Советбек Жумадыловду Д.Садырбаевди билбеген кыргыз жок. Эң бийик даражадагы, өзүнүн мыкты чеберчиликте ойногон нукура образдары менен кыргыз элинин сыймыгына айланган.
С. Жумадыловдун ар бир ойногон образдары ушу күнгө чейин биздин көз алдыбызда жашап келет. Мисалга алсак, анын "Ак баранын көз жашы" атту киносунда эң мыкты ойногон ролу үчүн көптөгөн наамдарга ээ болгон. Анын аткарган эмгеги, таланты кыргыз элинин сыймыгы болуп саналат.




Бүбүсара Бейшеналиева
Бүбүсара Бейшеналиева Бишкек шаарынын, Аламүдүн районуна караштуу, Таш-Дөбө айылында туулган. Көптөгөн маалыматтарга караганда Таттыбүбү Турсунбаеваны Бүбүсара Бейшеналиевага окшош деген аңыз кептер эл арасында айтылып келет. Экөөнүн сулуулугу гана окшошпостон өмүрүнүн аздыгы да, турмуш жолу да окшош.
Бүбүсара 1936-1941 жылдары Ленинграддагы мамлекеттик хореографиялык училищада окуп 1941-1947-жылдары Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында солистка иштеп 1947-жылы Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти деген наамга ээ болгон. 1949-жылы Бишкек хореографиялык училищасында педагог болуп иштеген. Ошол убакта Бүбүсаранын биринчи ролу болуп "Селкинчек" аттуу балетте Зайнура деген кыздын ролун ойногон. Андан кийин "Чолпон" аттуу балети, "Айдай" партиясы ага чоң атакты ыйгарган. 1954-жылы Кыргыз ССРнин эл артисти, 1958-жылы СССРдин эл артисти, 1970-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон. Б.Бейшеналиева көптөгөн медалдарга жана сыйлыктарга ээ болгон.
1955-1962-жылдары Бүбүсара Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты, 1962-1970-жылдары СССР Жогорку Кеңешине депутат болгон.
"Мен бактылуумун, анткени өзүмдүн эмгегимди элиме тартуулап жана артисттик чеберчилигимди даңазаладым",-деп айткандай эле анын басып өткөн жолу, элеси муундан-муунга сакталып келе бермекчи.
Азыр Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство Институту бар. .




Сүймөнкул Чокморов
Кыргыз элинин көрүнүктүү, улуу актеру - Сүймөнкул Чокморов. Мыкты чеберчилиги үчүн 15 союздук республиканын ичинен кыргыз актеру эң бийик даражадагы 5 жолу мыкты актер деген наамга татыктуу болгон. Биз анын ушундай эмгегин унутпашыбыз керек эле. Бирок, унутулуп бараткандай сезилет. Кыргыз элинде жакшы кеп бар эмеспи "колдо бар алтындын баркы жок",- деген. Анын сыңарындай өчпөс талантын эске алып, жок дегенде Россия кинотеатрынын астынан бөлүнүп берилген жерге маданият жаатында иштеген ишмерлерибиздин эстелик тургузганга дарамети жетпей жатканы өкүнөөрлүк. Дарамети жетпесе, марафон өткөзүп тургузуп коюшса болмок.
Эптеп-септеп креслого отуруп, бийликке жетүүнү гана эңсеген биздин жетекчилерибиздин түшүнө үч уктаса да мындай нерселер кирбеси баарыбызга маалым. Жеп-ичкенден колдору бошобогон жетекчилерибиз каяктан түш көрсүн, түш көрмөк түгүл кайдан эстесин. Алакандай кыргыз калкынын турмушун оңой албай, куру сөз менен 17 жылдан бери алдап келаткан бийликтегилер, эптеп өз арбайларын өздөрү согуп, өз кызыкчылыктарын ойлоп жүрүшсө Сүймөнкул өңдүү улуу адамдарды кантип эске алышмак эле.
Э, кыргыздар эптеп күнүмдүк жашоону өткөрүп, өлбөстүн күнүн көрүп калдык го…




Сабира Күмүшалиева
Сабира Күмүшалиева 1917-жылы 19-мартта Фрунзе облусунун Төкөлдөш айылында туулган. Биз бул адамды мыкты, чебер актриса катары таанып-билип келебиз. Анын сахнада өчпөс оттой тутандырып кеткен ар бир ролу, ар бир элеси биздин көз алдыбызда из калтырып жашай берет.
Актриса 90 жаш өмүрүнүн ичинде эмне деген гана образдарды жараткан жок. Ал Фрунзе техникумун бүтүргөн соң, 1932-1934-жылдары башталгыч мектепте мугалим, 1934-жылдан тартып Кыргыз драм театрында актриса болуп эмгектенген. Ушундан кийин Сабира Күмушалиева өнөрү өркүндөп, чеберчилиги, кызыкчылыгы артып театрда жүздөн ашык роль жарата алды. Анын аткарган ролдору кыргыз калкынын салт-санаасын, үрп-адатын чагылдырып турат. Актрисанын таланты бааланып 1967-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти, кийин Кыргыз Републикасынын Эл Баатыры деген наам алган.
2007-жылы 15-сентябрда ач ажал Сабира Күмүшалиеваны жарык жашоодон алып кетти. Сабира апабыз көзү жок болсо да арбагы, таланты кылымдан-кылымга калуучу, муундан-муунга сакталуучу инсан болуп тарых барактарында жашай бермекчи.

Бетти даярдаган: Алия Кожобекова










??.??