№32, 20.02.08-ж.
  Тургунбек Бекболотов:
Б.Сарногоев атындагы эл аралык сыйлыктын ээси

"Силкинүү керек болуп турат бүгүн"
Редакциядан:
Эгерде жер шаарынан жарака кетсе, бүгүнкү "ашкана акындарын" билбейбиз, бирок ириде Кара-Буралык карапайым, алпейим акын Тургунбектин толтосун аралап кетери шексиз. окугула, ойлонгула кыргыздар "Адегенде сөз жаралган" деген сөзгө ишенсеңер Т.Бекболотовду ой жүгүртүп окуп көргүлөчү.
Жакын арада акындын "Кечиккен ырлар" жыйнагы жарык көрмөкчү. Бизге кайрылгыла.

Даба барбы?
Мыйзам бүгүн буйлаланган төө белең,
Акчалуулар менчигине ээлеген.
Төрдү чанып, төбөбүздө олтурган,
Төрөлөр көп "төө" деп айтсаң, "бээ"
деген.

Калп айтуудан алышканбы мелдешип,
Кара күчкө кыйкырышат "эл" дешип.
Сурап көрчү ачта "оозуң кайсы" деп,
Чычайышат мурундарын көргөзүп.

Карасаң эй, каны-жаны бирдигин,
Чырмалышып алган байлык, бийлигиң.
А калкымдын кабыргасы кайышат,
Көтөралбай Ата-Журттун түндүгүн.

Ордо тарап чүкө болуп чертилип,
Кыргыз жери кемийт улам кертилип.
Очорулуп, онтоп жатат Мекеним,
Омурткасы оңбогондой мертинип.

* * *
Келди кезек, керегине жарасын,
Күтөт элим азыркынын Манасын.
Тамырыбыз куурап кете электе,
Табалычы айыгуунун дабасын.

Жаралгандай жегенге жалаң эле,
"Аалам эле" деп жүрүп, анан эле.
Жырткыч болуп кетипсиң, жылас алгыр,
Ишиң жүргөн ошондой заман эле.

"Заман эле", - деп коем, "заман эле",
Заман эмес тапкан жол жаман эле.
Шылуундарга шыбага болуп өлкө,
Жашап келе жатат Эл араң эле.

Турмуш өзү келтирип кезегиңди,
Берип коет эселеп эсебиңди.
Арттырарың эмине бул дүйнөгө,
Ажаткана толтурган тезегиңби?


Бир Кудайга жалынып…

Көңүлүмдү турат бүгүн кир чалып,
күн да неге ысып алган мынчалык.
Көчө таптайт канча кыргыз жигиттер,
Пайдасы жок саап ичер уйчалык.

Маанайым пас, үзүл-кесил үмүтүм,
Деги биздин кылган мээнет ким үчүн?
Шымаланып, элибизди тозокко,
Шыкап айдап жаткандайбыз күнү-түн.

Көрбөй элдин өнүп-өсүп жатканын,
Жазат дебе жалаң жаман жактарын.
Баюу гана максатыбыз болбосо,
Жоготуудан башка эмне тапканым?

Жүз жыл эмес, он жыл алдын карабай,
Ар ким колдон келишинче таламай.
"Чыйт" түкүрүп, ичип, чычып жүрөбүз,
Каяша эмес, каш үйрүүгө жарабай.

Бирөө-жарым баш көтөрсө жабылып,
Тытып жемей, бийлик үчүн жагынып.
Кимге ишенем? Эл деп күйгөн бар бекен?
Жүргөн кезим бир кудайга жалынып.


Бурадарлар, үнүмдү уккулачы.
Тоолор менен мактанам, эрдемсинем,
Керемет эй, керемет, келберсиген.
Бешенеме жазылган жер эмеспи,
Бейиш жактан көчүрүп келгенсиген.

Күнгө бүлөп чокусун, айга сунар,
Мактанычым-тоолорум, дайра, суулар.
Бүркүт мүнөз болуубуз керек эле,
Бирок неге, кандаштар майдасыңар?

Кысталышта табылбай туу кармарың,
Көбөйүүдө эки сөз, куу балдарың.
Улуу тоонун койнунда жашайт дагы,
Пастык кылып коюшат, туугандарым.

Бир тамырдан улаган миң тамырын,
Ырас, тоолук кыргыздын урпагымын.
Бирок, байлык, бийликтин байгесинде,
Билбей калдык чобуру, тулпары ким.

Корком, корком, эй кыргыз, эртеңиңен,
Башка чапчу тарыхтын келтегинен.
Тоо, токойлуу, сууга бай өлкөбүздү,
Ажыратып албайлы көркөмүнөн.
Бурадарлар, үнүмдү уккулачы,
Буркураймын Байтиктин Бөлтөгүнөн…


Кыргыздар
Башкасы болбосо да,
Мактануу келет биздин колубуздан,
Тогузу төш кагышып онубуздан.
Ааламды тепсеп кетпей,
Араң жүргөн окшойбуз жогубуздан.
Асмандан таш кулатып…
Дымагыбыз тоо томкоруп, чоку бузган.
А бирок, бийлик сөзүн сүйлөгөндө,
Айырмабыз деле жок тоту куштан.
Карматпай келет бакыт закым болуп,
Куш болуп чочуп учкан.
Мактанабыз,
А бирок, шыгыбыз жок мактанганга.
Эргип-эргип кетебиз бирөөлөргө,
"Жаман" деген жарлыкты чаптаганда.
Үркүп жүрүп ,
Аңгек көрсөк,
Бирибизди бирибиз түртүп жүрүп.
Жоголуп кетпей дагы,
Кудай бизди сактаган да.
Кылымдардан келаткан уркубуз бар.
Керек кезде,
Бир муштумга түйүлөр,
Ынтымак-ыркыбыз бар.
А бирок, көкүрөктө багып жүргөн,
"Көрө албастык" деген бир куртубуз бар…


Корком.
Абийир-арым азырынча таза эле,
Алаарым да, сураарым да аз эле.
Четинде эмес, эл ичинде болоюн,
Чечпесем да чечкиндүү бир маселе.
Турмуш жүгү үстү-үстүнө үйүлүп,
Туруп кете албай жүрөм күбүнүп.
Чындык издеп чыркыраган жүрөктүн,
Чарчаганы бара жатат билинип.

Издейм, ырас, жакшы жашоо аргасын,
Кудай гана пейилимди албасын.
Көбөйдүбү көкүрөгү көрлөр деп,
Көтөрүлүп, түшпөй жүрөт кан басым.

Кабаатырмын. Кандай болот эртеңим?
Корком, корком, тагдырына өлкөнүн.
Кан тагына байлап койгон жокпузбу,
Калк башына бир кайрылган
"келкелин".


Жумуш бер.
Кыш. Туман. Жолдор тайгалак,
Шыбаттап күн жаайт майдалап.
Эртелеп жазды чакырган,
Жамгыры карга айланат.

Көчө суз көңүл чөгөрүп,
Жүрөккө ушул деле жүк.
Жакшылык көрбөй өткүчө,
Кереги барбы төрөлүп?

Сороет морлор, түтүн жок,
Үй суук, бирок, ичим чок.
Башканы билбейм, а менин,


Короодо үргөн итим жок.
Жазмышы беле маңдайдын,
Башыма түштү кандай күн?
Көзүндө суроо тургансып,
Баламды карай албаймын.

Жарым жан жарым, жүдөдүм,
Жүрөгүм ооруйт, жүрөгүм.
Мектепке бара албаган,
Кызымдан качып жүрөмүн.

Дартымды балким билишпээр,
Жумуш бер, бийлик, жумуш бер.
Бир тойсун үйүм, өзүмө,
Көр казсам мейли, бир иш бер!

…А күндүн көзү бүтөлүп,
суугу барат күчөнүп.
Машине коюп кеткенби,
Жолумда жатат ит өлүп…


Силкинүү керек болуп турат бүгүн.
Оо, анда досторума колум ачык,
Шатырап кайда барсам жолум ачык.
Жүргөндө бөксөрбөстөй, чайпалбастай,
Жокчулук койду минтип жонум ачып.

Ырас, мен калбасам да кептен кийин,
Бирок, жок мурдагыдай өктөмдүгүм.
Казаным оттон түшүп калбаса да,
Кайталап эңсеттирет өткөн күнүм.

Айланып өмүр улам эскерүүгө,
Жашоонун нугу бачым өзгөрүүдө.
Айылымда айып кылып койсо бирөө,
Аксакал экем, мага сөз келүүдө.

Чийилген бешенеге көрдүм күнүн,
Көтөргөн деле жокмун элдин жүгүн.
А бирок, доо кетирбей абийириме,
Айлыма жүзүм жарык келдим бүгүн.

Элетте, эл катары жашап келем,
Колумдан келген ишти жасап келем.
Жүрөгүм ооруганы-баспай неге
Атажурт боортоктойт азап менен?

Элимдин эртеңкиси кандай болот?
Айтышат "андай болот, мындай болот".
Жүдөгөн айылдаштар жолукканда,
Жүрөктүн оорумайы кармай коет.

Ириде ичип-жешке туулгандай,
Арт жактан келе жатат муун кандай?
"Азабың көп экен" - деп "Атажуртум",
Аргасыз боло түшөм муунгандай.

Биз көрдүк тирүүлүктө буйруганын,
Өткөрдүк баштан ызаат, сый кумарын.
Уңгусуз урпагымдын эртеңкисин,
Эстесем денем үркүп, чыйрыгамын.

Өлкөм ай, жол үстүндө кулап жүгүң,
Уурдаттың көбүн асыл убактыңын.
Улуттук кайра баштан жаралууга,
Силкинүү керек болуп турат бүгүн.

Силкинүү керек болуп турат бүгүн,
Бул ишке белин байлап чыгат кимиң?


Жол бардыр…
Жол бардыр мен билбеген, сен билбеген,
Жаңысын тапсаңарчы эл жүрбөгөн.
Кайрылып канаттарым, жаткансыймын,
Камалып караңгы үйдө жел кирбеген.

Жол бардыр, жолду билээр көсөм бардыр,
Эл баштап, топту жирээр көзөл бардыр.
Үзүлүп үзөңгүлөр, басмайыл бош,
Кыйкырып кырга чыгаар кезең бардыр.

Улутпуз, уябыз бар Мекен деген,
Келгенбиз жоодон коргоп нечендеген.
Бабалар башын сайып койгон жерде,
Урпактар ушунчалык бечел белем.

Мекеним-баркың кетип, наркың кетип,
Аргасыз жер оодарып, калкың кетип.
Тойбостор тойканага айландырды,
Таланып туш-тараптан, тарпың кетип.

Жол бардыр, ачпайлыбы көзүбүздү,
Ышкырып, ырсактоочу кезибизби?
Душмандан кек алгандай кебелбейбиз,
Өзүбүз башка чаап өзүбүздү.


"Дүжүрлөр" ыры
Биз мал элек, мал боюнча калабыз,
Кайда айдаса баш көтөрбөй барабыз.
Катып алган котур ташын койнуна,
Коомдогу айыкпаган жарабыз.

Биз бийликке көңүл ачар оюнбуз,
Керек кезде шилтээрине союлбуз.
Ойлонууну эбак эле унуткан,
Көөдөндөгү башка айланган моюнбуз.

Биз ит элек, ит боюнча калабыз,
Айдактаса атабызды кабабыз.
Бийлик бизди бычып жатса тебелеп,
Адыраңдап алаканды чабабыз.

Күйүп-бышып, кара күчкө "элим" деп,
Бирок, бийлик акырынан жемин жеп.
Өмүр бою сойлоп жашап келебиз,
Өзүбүздүн сөзүбүздү төгүндөп.

Жалтак элек, жалтак бойдон калабыз,
Туйлаганга жетмек беле чамабыз?
Эл ичинде эптеп жашап жүргөндө,
Айткылачы, барбы башка чарабыз?