№32, 20.02.08-ж.
 "Чалкан" чаккандар

Чүй областтык сотунун төрагасы
(Жалаабад областынын баштагы прокурору)
Чубак Абышкаевге

Аксыдагы атылган,
Жети жигит арбагы.
Тооруса да канчалык,
Торуна чала албады.

"Айып коюу негизсиз,
Документтер так экен!".
Акыркы сөз шаңк этти,
"Абышкаев ак экен!".

Башка сөз жок соттон соң,
Бали, бали Чубагым!
Пайгамбарлар кыңк этпес.
Бар экен чоң Кудайың.

Аксыдан соң, Сары өзөн,
Чүйдүн сурап сурагын.
Арылып ой-санаадан,
Айкүр турган убагың.

Чоектогон соттордой,
Чойбой мыйзам "кулагын".
Сактап мыйзамдуулукту,
Саламат жүр ылайым!




Бишкектеги Ленин
районунун прокурору
Жумадил Макешовго.
Мындан бир топ жыл башта,
Автоматтай октолгон.
"Ушунуку өттү" деп,
Уюшулган, топтолгон,
Жумакени "жулмалап
койсок"-деген топ болгон.
Бирок, анын багына,
Чыга калып ыңкылап,
Ал топ өзү жок болгон.

Андан бери Жумакең,
Аттап далай тепкичти.
Таза жана так чечип
Талаштарды таш тиштүү
Прокурорлук кызматтын,
Баркын көккө көтөрдү,
Оендору ырылдап,
Оптом, оптом жеп кирчү.
Калыстыктан тайбастан
Калкың үчүн орной бер,
Калган каруу, ал-күчтү.




Бакайата райсотунун төрагасы
Болот Батыралиевге.
Калктын кеткен ишенчи,
Кап курсактуу соттордон.
Бербей койсоң жинденип,
"Бензин чачып, от койгон".
Доллар четин кылгыйтсаң,
Өкүмдөрүн өзгөртүп,
Өзүң менен дос болгон.
Элдин калды көңүлү,
Эки жүздүү соттордон.
Бирок өзүң жөнүндө:
"Туура кести, күнөөм бар.
Өзүмдө айып, ит болгом",
Деп айтышат деп угам.
Айыпкерлер соттолгон,
…Аттабастан мыйзамды.
Алкым чертип азгырган,
Айрылсаң да "достордон".
Өкүнбөстөй өкүм жаз,
Өткөндө күндөр, сот болгон.




КР Конституциялык сотунун мүчөсү
Өмүрзак Мамыровго.
Караганда жөн сотко,
Кон сот кыйла сүрдүрөөк.
Бирок сүрдүү оендор
Ойготмоюн ички орган,
Ооруп же күлдүрөп.
Ойноп коюп компьютер,
Олтурат дейт үргүлөп.

Калп го десең карандай,
Курам толук куралбай.
Айлап, жылдап жаттыңар,
Атылбаган куралдай.
Ага кимдер күнөөлүү,
Айтчы сырды ыймандай?!




КР Жогорку сотунун баштагы төрагасы
Курманбек Осмоновго.
"Акаевдик шайлоодо,
Ак желегин булгалап,
"Алга Кыргызстандын".
Ата-энесин таанытып.
Ага каршы чыкканды,
Оңкосунан түшүрүп,
Оң чечимдин бүт баарын.
Жалгыз тартып чоорду,
Сүргөн укмуш доорду.
Марттын жыйырма төртүнөн,
Кийин башка жакта эле.
Осмоновдун орду"-
Дешип, какшап жүрдү эле.
Папкасыз да, папкалуу,
Сени билген жаш-кары.

Ток этери - "топ" этип,
Түшкөндөн соң баш соттон.
"Алышты деп мыйзамсыз!"
Айырмасыз жомоктон,
Айтпай сөздү сен "оптом"!
Таяп статьяңа,
Такылдап да, какшанып.
Таза экениң далилдеп,
Чыкканыңда акталып,
Ырыңды ырдап турмакпыз,
"Сот экен-деп-накта, анык".
Бирок,
"Айрылсам да папкемден,
Айрылбаймын шапкемден"-
Деген "алтын" оюңду,
Алла билет, эл билет.
Эл билсе да, калп эле,
Ормоң-чормоң этпесең.
Отурбастан сөлдүрөп.
Билесиң го кыргызды,
"Кукең тирүү куурчак" деп,
Күлбөй турган жер күлөт.




КР Ички иштер министри
Молдомуса Конгантиевге.
"Анткен, минткен жатам"-деп,
Айгайлабай жар салып.
"Скальпелди"шарт алып,
ИИМ "ичин"шарт жарып.
Ишке ыкчам кирдиңиз
"Ичеги карынды" аңтарып.
Каалоо, тилек Мусаке,
Карбаластап шашпаңыз.
ИИМ бөөдө өлбөсүн
Ичте "кайчы" унут калып.
Бир аз, бир аз өтүнүч:
Кулагындай кесилген,
Аңга түшкөн улактын.
Кунун кимден кууйбуз,
Сөөмөй менен кулактын...?




  Урматтуу окурман!

"Алиби" гезитине март-июнь айларына жазылуу жүрүп жатат. Төрт айга жазылуу басы 141 сом 32 тыйын. Гезит индекси 68449.
Жазылуу ар бир айылдык же шаардык почта түйүндөрүндө жүргүзүлөт.
Эгерде укук темасындагы кеп-кеңештерди, талаш-тартыштарды, сот, прокуратура, милиция органдары тууралуу курч макаларды, очерктерди, саясат айдыңындагы жаңылыктарды окуп, билгиңиз келсе биздин гезитке жазылыңыз.

Редакция.