Журналисттердин "сары изине" кимдер чөп
салууда же Листьевдин табышмактуу өлүмү

1995-жылдын 1-мартында белгилүү теле журналист Влад Листьевди атып кетишкен. Андан бир аз мурун 1994-жылдын 17-октябрында "Московский комсомолец" гезитинин аскердик баяндамачысы Дмитрий Холодов дипломатында жарылган бомбадан каза тапкан. Өткөн жылы кыргызстандык журналист Саипов окко учту. Деги журналистердин "сары изине" кимдер чөп салууда?

Жаздын алгачкы күнү жайланган өмүр
1995-жылыдын 1-мартында Листьев түз эфирден "Час пик" программасын алып барган. Аны бир жарым сааттан соң ажал күтүп турганын Влад билген эмес, бирок өзүн өлтүрүп кетерин билип, ажал менен оюнун уланта берген. Ажал аны бары бир жыкты. Түн ичинде ал Новокузнецк көчөсүндөгү өз үйүнө келди. Караңгы подъездде шоуменди киллер аңдып отурган. Киши өлтүргүч аны аркасынан атат, бирок ок ийин тарапка тийет да, башка тийген экинчи ок анын өмүрүн алып кетет. Тергөөдө белгилүү болгондой үн басаңдаткычы бар "браунинг" пистолети менен аткан. Өлтүргөн адам анын кымбат баалуу портфели менен портменесине карап да койгон эмес. алардын ичинде бир жарым миң доллар жана миллион рубльга жакын акчасы бар эле.
Влад Листьевдин өлүмүнө негизги версия катары башынан баштап эле анын ОРТ каналынын башкы директору болуп иштеген кесиптик ишмердүүлүгү аталган. Андан башка да көптөгөн версиялар айтылган, алсак турмуш тиричилик боюнча жана Борис Березовскийдин версиясы боюнча өтө экзотикалуу, щоумендин өлүмүнө россиялык атайын кызматтардын тиешеси бар деген версия айтылган. Бирок анын бары версия бойдон калды.

Реклама үчүн күрөш.
Листьевдин өлүмүнүн себептерин тереңдеп билиш үчүн, өткөн кылымга кайрадан кайрылып, алыстап кеткен 1994-жыл тууралуу эске ала кетишибиз керек.
Ельциндин "ити чөп жеп", "үй бүлөнүн" доору жүрүп, тегерегиндегилер миллиарддаган байлыктарга жетип турган учур. Эң биринчилерден болуп теле берүү жактан бийликтин даамын таткан Гусинский, Медиа - холдингди баш ийдирип, НТВ каналын түзөт. Анын келишпес душманы Березовский коррупция коколоп алган Биринчи каналдын рекламаларынын акча каражаттарына көзөмөлдүк кылуу үчүн шилекейин агызып турган. Останкинодо эфирдик убакыт рекламасын жайгаштыруусун каалаган компанияларга ачык арзаныраак, дүңүнөн, андан соң чекене баада кымбаттатып сатып турган. Акча каражаттардын негизги массасы телеканалдын официалдуу "кассасы менен кетпей, кыйгач" жең учунан "сол" чөнтөктөргө түшүп турганы белгилүү эле.
Ошол мезгилде Биринчи каналдын реклама тарабын дискотека тармагы менен капиталын топтоп алган Сергей Лисовский тейлөөчү. Официалдуу эмес булактардан алган маалыматтарга караганда ал ошол мезгилдеги кылмышкерлер чөйрөсүндө солнцевск ОПГсынын колдонуусуна таянчу дешет. Ал эми Борис Абрамовичти алсак, Березовский 1994-жылы өзүнүн позициясын абдан бекемдеп алган. Ал Ельцин менен жакындашып, эң жакын адамдарынын катарына кирген. Бирок аны менен жүргөн кортешке кол салынгандан кийин чет мамлекетке кеткен. Сыртта жүрүп Березовский өзүнүн бандиттер менен байланыш түзүү боюнча эмиссары Бадри Патаркацишвилиге баалуу көрсөтмөлөрүн берип турган.
Ошол жылы жайында Биринчи каналдын рекламаларын сатууну Лисовский монополизациялап алганга ракет кыла баштайт. Ал ар кайсы бөлүктөргө бөлүнүп кеткен реклама тармагын башын кошуп, "реклама-холдинг" леген компанияны түөт. Березовскийдин "Лого ВАЗ-реклама" аттуу рекламалык тармагын түзүүчүлөрдүн курамына кирет.

БАБ "ап" дегенде
Борис Абрамович ошол бойдон токтоп калбайт. Ал телекомпанияга толугу менен ээ болгусу келет. Ошондуктан президенттин коопсуздук кызматынын башчысы - генерал Коржаковго көмөк сурап кайрылат. Ал эми генерал Биринчи каналды приватташтыруу зарыл экендигин Ельцинге айтын, көндүрөт. Борис Николаевич экинчи мөөнөткө калгысы келгендиктен, күчтүү пиар-компанияны уюштуруу үчүн телеберүүнүн ролун жакшы түшүнөт, анткени 1996-жыл шайлоо чукулдап келаткан.
Ошентип 1994-жылдын 30-ноябрында президент Биринчи каналды приватташтыруу жөнүндө указга кол коет, эми канал ОРТ (Общественное Российское Телевидение) деп аталат. Бир нече айдан соң мыйзам бузуулар менен коштолгон акционерлештирүү процесси башталат. Мамлекеттин карамагында 51 пайыз акциясы менен контролдук пакет калат. Эч кандай конкурстар өткөрүлбөстөн, калган акцияларды Березовский бөлүштүрөт. БАБ өзү акциялардын 16 пайызына ээ болуп, дагы 20 пайыз акцияга түздөн-түз көзөмөлдүк кылат. Борис Абрамович тилеген тилегине жетет, мамлекет каналдын саясатына иш жүзүндө кийлигишпей калат, "кайдан кулак чыгарса, казанчынын өз эрки" деп бардык бийлик бир гана олигархтын колуна топтолот.

Таланттуу продюсер
Листьевдин журналисттик карьерасы, ал беш жыл боюу иштеген бүткүл союздук радиодон башталган. 1987-жылдан баштап ал бир топ телепрограммаларды түзүп, алыпбаруучу болгон. Анын атагы "Взгляд" телеберүүсүнөн улам элге катуу чыккан. Бул программа учурунда компартияны курч сынга алып Биринчи каналдагы рейтинги эң күчтүү программа болгон. "Андан башка да Влад ойлоп тапкан популярдуу берүү "Поле чудес"".
Абдан жөндөмдүү жана таң каларлык энергиясы бар адам болгондуктан Листьев уюштуруу иштери менен бирге телешоуларды алып барганга да жетише алган. Владдын ийгилик алып келген теледолбоорлору аны Биринчи каналдын башкы продюсерине жеткизип, ОРТнын башкы директорлугуна талапкер болуусуна түрткү берген. Бир гана проблема, ал Борис Абрамович менен тил табыша алган эмес. Кээ бир маалыматтар боюнча директорлор кеңешинин төрагасы Березовский башкы директордун постунда өзүнүн сөзүнөн чыкпаган Ирена Лесневскаяны койгусу келген. Бирок анын ал аракетинен эч нерсе чыккан эмес.
Влад өз ажалына 34 күн калганда ОРТнын башына келип, эң биринчи реклама монополисттери Лисовский-Березовскийге чечкиндүү сокку урган. 20-февраль күнү Листьев рекламанын бардык түрүнө убактылуу мораторий кийирген. Официалдуу түрдө - Коомдук Телеберүүнү коммерцияланышынан тазалоо жана жаңы этикалык нормаларды иштеп чыгуу максатында. Муну менен ал рекламалык убакыттын башкы бөлүштүрүүчүсү Лисовскийдин монополиясына Тиш салганын түшүнгөн. Лисовскийдин реклама берүүчүлөрдүн алдында миллиондогон милдеттенмелери бар экени белгилүү болчу. Албетте, Влад бул өлүмгө түртө турган коркунучтуу кадам экенин эскертишкен. Ал өзү да муну эң жакшы түшүнгөн, артынан аңдыгандарды байкап, досторуна өзүн өлтүрүп кетерин айтса дагы, кармаштан кайра артка тарткан эмес.
Сергей Лисовский мораторий убагында жүз миллион доллар зыян тарткандыгын белгилеп ОРТдан төлөп берүүсүн талап кылган. Влад Борис Березовскийден өзгөчө финансылык агент катары Лисовскийге акчасын төлөп берүүсүн суранган,бирок БАБ анын суранычын аткарган эмес.

Күбө
Кылмышкерлер чөйрөсүнүн бир авторитети 1995-жылдын башында СИЗОдо отуруп Листьевдин көзүн тазалоону Бадри Патаркацишвили сунуш кылганын билдирген. Бирок анын заказын аткарууга ал жетише алган эмес, анткени ага чейин эле милициянын колуна түшүп калган.
28-февраль күнү, Владды өлтүрүүгө бир күн калганда Березовский белгилүү криминалдык авторитет менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, ал эмес ага 100 миң доллар бергени белгилүү. Борис Абрамович бандит менен сүйлөшкөн фактты танган эмес, бирок ал акчаны өткөн жылы "Лого ВАЗ дын" алдында машинаны жардырган адамдарды таап бер деп бергенин айткан. Чынбы, калпбы Листьев өлтүрүлгөн соң Березовский шектүү адамдардын катарына кошулган.
Шоумен атылаардан бир күн мурда Борис Абрамович премьер-министр Черномырдин менен бирге Улуу Британияга барган, бирок Новокузнецк көчөсүндөгү кайгылуу окуялардан соң Москвага шашылыш келген.
Көрүстөндөн кайтып келген БАБды Лого ВАЗдан РУОПтун кызматкерлери менен омончулар автомат менен тосуп алган. Чакырылбаган коноктор үйүн тинтүү үчүн ордерин көрсөтүшүп "Листьевдин иши" боюнча күбө катары жооп беришин талап кылган. Алар менен караңгы киргиче акыйлашып туруп, Березовский Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Ильющенкого телефон чалып, ал курчап тургандарды алып кетүүгө көрсөтмө берген. Березовский милиция бөлүмүндө эмес офистен гана сурак берерин айткан. Курчап тургандар кетишип, биринчи раундда бизнесмен жеңишке жетишкен.

Медиа-империянын кожоюну
Ал ээлик кылган жерди тинтүүгө келгендер бул иштин башталышы гана экендигин түшүнгөн Березовский, негизги соккуну өзүнөн алыстатуу үчүн чечкиндүү кадамдарга бару зарылдыгын сезген. Официалдуу эмес маалыматтарга караганда Ельциндин мүнөзүн билген БАБ, анын күчтүү саясий каршылаштарына кайраштыруу максатында, төңкөрүш даярдап жатат деген мааниде күнөөнү Лужков менен Гусинскийге оодарган. Муну менен Березовский бир ок менен үч коенду аткан: биринчиден күнөөнү өзүнөн оодарып, алаксыткан, экинчиден Гусинскийге окшогон душманынан кутулууга мүмкүнчүлүк алган, үчүнчүдөн коммерцияга байланышкан өлүмдү, президентке каршы багытталган саясий актыга айланткан.
ОРТнын продюсери, Наина Ельцинанын жакын санаалашы Ирена Лесневская Березовскийдин жанына отуруп: "Владды ким өлтүргөнүн билем: Владимир Гусинский, Москванын Мэри жана КГБнын эски гвардиясы" - деп билдирүү жасаган видеотасмасы жарыкка чыккан. Ал видеокайрылууда: Лужков москвалык милицияны көзөмөлдөп турарын, алар Ельциндин тактан түшүрүү үчүн "иезуиттердин планын" түзгөнүн билдирген…
Ал мезгилде Гусинский чет өлкөдө жашырынып жүргөнүнө бир-эки ай болуп калган, себеби декабрда президенттик коопсуздук Кызматынын жигиттерии олигархтын кортежине тийиштик кылган. Гусинскийдин бодигарддарын боору менен жерге сойлотуп, карга баштарын тыгып, өлкөгө ким кожоюн экенин тааныткан.
Березовскийдин ийкемдүүлүгү таң калтырган. Листьевдин өлүмүн саясатка такап, кийин өзүнүн катышы бар экенин танып, рекламалык жана продюсерлик компанияларга күнөө коюп, кылмышта коммерциянын болгонун тастыктаган.
Листьев өлгөн соң бир нече айдан кийин бардыгы өз ордуна келди, ОРТ рекламаларга мораторийди алып салганын жарыялады. Мамлекет тарабынан акционер катары көп кийлигишпегендиктен, факты жүзүндө Борис Абрамович Россия телеберүүсүнүн борбордук каналын өзүнө баш ийдирип, медиа-империянын кожоюну болуп калды.

Изди суутпай…
Влад Листьевдин өлүмү коомчулукта абдан чоң резонанс жараткан. Элдер заказ бергендерди жана аткаргандарды таап жазалоону талап кылып жатышты. Президент бул ишти өзү көзөмөлдүккө алды. Листьевдин иши боюнча тергөө иштерин Россия прокуратурасынын өтө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү Б.Уваров жетектеген. Далай кылмыштардын бетин ачып такшалган тажрыйбалуу из кубар бул ишке өтө активдүү киришкен. Тез аранын ичинде эле Листьевдин иши боюнча конкреттүү жыйынтыктар чыгып, тергөө тобу Кремлдин ээсинин айлана-чөйрөсүндөгү VIP персоналарга жакындай баштаган. Тергөө иштеринде проблемалар башталып, Уваровду иштен четтетип салышкан.
Листьев өлгөн соң 5 ай өткөндө Башкы прокуратура заказ берген адам табылганы жөнүндө билдирген. Бирок, эртеси ал билдирүүдөн баш тарткан. Ал эми 1997-жылы москвалык гезиттер Тблисиде Игорь Даждомиров колго түшкөнүн маалымдаган. Маалыматка караганда ал солнцевск тобунун курамына кирген, Владды өлтүргөн ушу топтун мүчөлөрү деген версия бар эле. Бирок бул деле иштин жылышына көмөк берген эмес, себеби жогору жакта кимдир бирөө бул иштин ачылышына кызыкдар болгон эмес. Бүгүнкү күндө Листьевдин өлүмүнө заказ берген адамды табуу реалдуу эмес. 13 жыл арадан өттү. Ушул мезгилдин ичинде тергөө тобунун курамы беш ирет өзгөрүлдү, Березовский Еленинге айланып Англияда жашайт. Лесовский реклама бизнесинен башка жакка ооп кеткен, Ельциндин үй-бүлөсүнүн таасири жок, Ельциндин өзү жок. Тергөө иштери узака созулуп, кылмыш иши боюнча томдор жүздөн эбак ашып кеткен. Күбө катары бир нече миңдеген кишилер суракка алынган. Ушул мезгилдин ичинде Листьевди өлтүргөндүгү тууралуу он чакты адам мойнуна алган, бирок тергөө тарабынан тастыкталган эмес. Дагы жылдар өтөт, бул иш анахронизмге айланат.
Чындыгында, бул ишти тергөө учурунда плюстар да болду, Листьевдин өлүмүнө байланыштуу тергөө учурунда бир топ башка маанилүү кылмыштардын бети ачылган. Листьевдин иши боюнча Башкы прокуратура болжолдуу фигурант да жок экенин мойнуна алган. Балким өтө жашыруун болгондуктанбы, же жогору жактан колдоо жок бул иштин бетин ачуу кыйындыгынанбы? Россиянын жаңы тарыхында атагы таш жарган журналисти заказ менен өлтүргөн бул иш узакка созулуп баратат. Ал эми Саиповдун иши качан ачылаар экен?

Даярдаган Келдибек уулу Азизбек.