Коомдук-саясый гезит
№33, 27.02.08-ж.
п»ї

Меймансап
Форум

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ali/08/0227_13.htm on line 12

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ali/08/0227_13.htm on line 12

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ali/08/0227_13.htm on line 12



◄◄◄
 "Кыргыз санжырасы"

Сапарбек Закиров
Долон бийге чейинки санжырадан
Редакциядан:
Урматтуу окурман!
Д.Сарыгуловдун изилдөөлөрү менен катар "Кыргыз санжырасы" китебинен үзүндүлөрдү бекеринен берип баштаган жокпуз. С.Закиров жазгандай "илимий фактылар менен санжырадагы уламыштардын бирдей келишин" өзүң салыштырып көр. Ойлонсун, ата-тегин билсин деген аруу тилек менен алдыңа тарттык.
Сандан-санга берүлүүчү "Кыргыз санжырасы" ар мезгилде "Ала-Тоо" журналына жарыяланган, ар кандай авторлордун чыгармаларынан турат. Алардын башын бириктирип, жазуучулар К.Кушубеков менен М.Апышев 1994-жылы бирдиктүү китеп кылып чыгарышкан. Китепти толугу менен силерге жеткирүүнү моюндап отурабыз.

Кыргыздын эзелтеден эле Орто Азияны жердеп турганы "Манас" эпосунда да баяндалат. Эпос боюнча кыргыздар Алтайга жоодон сүрүлүп барат:

Атасы Ороз өлгөндө,
Кайра келбес чын жайды,
Кайран киши көргөндө
Калың жаткан кыргыздын,
Кереге-уугун кыйратып,
Келин, кызын ыйлатып,
Алооке деген хан чыгып
Айбатынан жан чыгып.
………………………………
Бирөө тентип Алтайга,
Бирөө тентип Канкайга
Бирөө тентип Эренге,
Бирөө түшүп кетти тереңге.
………………………………
Кайран Балта, Жакыпты
Айылы менен көчүрүп.
Алтайды көздөй айдады.

Бул жерде кыргыздардын Орто Азиядан Алтайга күч менен сүрүлүп жатканы өзүнөн өзү түшүнүктүү болсо керек. Бирок кыргыздардын Алтайга сүрүлүшү да кокусунан эмес. Анткени кыргыздар сүрүлгөн мезгилде болжл менен VIII-кылымдарда) Алтайда түрк урууларынан наймандар, дөөлөстөр, алтайлыктар жашап турган. Алар мурда Угуз мамлекетинин карамагында, андан кийин Оторкан хандыгынын үлүшүндө болуп, Алтай-Найман хандыгы деп аталып турган. Ошондуктан, согуш мезгилинде батыштагы түрк уруулары чыгыш жагына ооп, эгер согуш чыгыш жагынан башталып калса батыш жагына сүрүлүп турган. Элдин мындай жылышы - миграциясы бардык эле согуштарда боло турган закон ченемдүүлүк. Ал эми качан тынчтык болгондо киндик каны тамган Ата-журт конушуна кайткан. Ошондуктан кытай, калмак, арап кандарынын чабуулдарына туруштук бере албай калган кыргыздар алыстагы кандаш уруулары турган Алтай, Энесай жакка сүрүлгөн. Кийин Эл - жер тынчып калганда эзелки жери Ала-Тоого кайра көчүп жөнөшкөн. "Манас" эпосунда бул Манастын элге кайрылып айтып турган сөзүндө абдан ачык айтылган.

Арбагы бийик Ала-Тоо,
Барбай кантип коеюн.
Атамдан калган жеримди,
Албай кантип коеюн,
…………………………
Алтымыш уруу журтумдун,
Азганы болсо жыяйын,
Арбак урган калмакка,
Азапты мындай кылайын,
Ала-Тоо менен Алайдыр,
Арка жагы Самаркан,
Ата конуш анда экен,
Абалтан журтум самаган.
Жердин кени Илени,
Жети өзөндө суусу бар,
Жер соорусу ушулар,
Жердебесе билеби?
Ат-Башы, Нарын ортону.
Эсиңе алгын ошону,
Ысык-Көл менен Соң-Көлдү,
Сүргөн экен бул калмак,
Ошондогу көп элди,
Азыр турган жериңер,
Алтай тоонун арасы,
Ала-Тоого жетпесек,
Элиңдин кетер чамасы.

Ошентип кыргыз элинин байыртадан берки тарыхын чагылдырган "Манас" эпосунда кыргыздардын негизги жери Ала-Тоо, Алай, Самаркан, Иле, Ат-Башы, Нарын, Ысык-Көл, Соң-Көл экенинде талаш жок.
Биз жогору жакта кытайдагы кыргыздардын санжырасында Баймырзанын санжырасы, (аны Укаев Аруун көчүрүп алган кыргыздардын байыркы мезгилде эле Асман-Тоо Тянь-Шань, Туздуу-Көл Ысык-Көл, Сары өзөндө Чүйдө) жашаганын айтып өткөнбүз. Анда Улустун хан болушунан тартып кыргыздардын атагы чыга баштаганы айтылат. Ал эми алардын жайлаган жерлери азыркы кыргыздардын отурукташкан жери экенинде талаш жок. Ошол Улусхан бийликке келгенден кийин "Улустун улуу күнүнөн" кийин түрк урууларынын жаңы жыл саноосу башталат. Бул эски ай саноо боюнча алганда жалган курандын он бирине туура келет. Азыркыча февраль айынын он бири. Дал ушул күндөрү жети даамдан тамак жасап, чоң көжө кылып Улустун бала күнкүдөн берки чежиреси тарыхы айтылган. Ал кезде эл отко табынган. Ошондуктан жыл айрылышында чоң от жагып "Алас-алас" ырын ырдашкан.


Алас - алас
Ар балээден калас.
Эски жыл кетти,
Жаманчылык кетти.
Жаңы жыл келди,
Жакшылык келди,
Алас - алас
Айдан аман,
Жылдан эсен бололук !

Байыркы кыргыздардын отко табынган мезгили, арча түтөтүп аластаганы, жаңы келинди отко киргизгенинен да көрүнүп турат. Келин башка жактан келгендиктен аны отко кийиргенден кийин гана өз киши болуп калат дешкен. От андагы жаман ойду, жабышкан нерсени жоготот деп түшүнүшкөн.
Улустун тушунда санжыра айткан адамга "чечен" деген наам берген. Алар урматка бөлөнүп, элдин сыймыгына ээ болгон. Өткөн тарыхты болгонундай сактап, эл жомогуна айландырууга аракет кылган акылман адамдар Улуска чейин болгон жок деп айта албайбыз. Анткени Адам өткөнүн унутпай, улам жаңы менен байытып отурганы үчүн адам. Алардын бай тажрыйбасы жаңыны ачууга жол ачат.
Элдик санжырада Улус карапайым малчынын баласы катары сүрөттөлөт. Ал аюу, жолборсту тирүү кармап алган баатырдыгы менен, ар нерсенин ажаатын ача билген акылмандыгы менен элге алынып "сак" элин башкарууга жетишет. Сактар болсо В. В. Бартольд, А. Н. Бернштамдын изилдөөлөрүнө караганда, Орто Азиядагы, Жети-Суудагы эң байыркы элдерден болгон. Дал ошол сактар менен усундар кыргыздардын байыркы ата-теги катары каралат. Ушул эле санжырада усундар жөнүндө да айтылат. Улусхандын тушунда көп уруу көп эл болду, тынч жашап өмүр сүрүштү. "Биз Улустун кумга ойногон куландарыбыз" деп чырдап жүрүштү. Улустун акылмандуулугу жөнүндө көп ырлар чыгарышты, жомок айтышты. Бирок, Улус карылыкка моюн суна баштагандан тартып ойчул боло баштады. Куюшкан жыйнап эл кылганын ойлоду. Кулаалы таптап куш кылганын ойлоду. Менин кумга ойногон куландарым көзүн өткөндөн кийин эмне болот деп ойлоду. Ал уйку-соо арасында сүйлөп да жиберчи болду. Күнгүрөрүп басып, ойго чөгүп элден качып калды. Аны жин ооруга чалдыкты деген аялы үч баласын, жалгыз кызын чакыртты. Улуу баласы энесинин сөзүнө ишенип атасына келип: "жандуу оору болуп калыпсың, бакшы чакыртайынбы?" - деди. Анда Улус: "Акылдуу болуп, ой ойлонуп карыганда жинди атка конгуча өз жанын баккан өгүздөй кем акыл болуш абзел экен го. Акыл картайганда ала чымын болуп асманга учат. Ачыккан ала чымын жерге жакындап келип, өкүрүп мурдун сасыткан буканын мурдуна конот, тое жеп, тое чычкан жоон курсактын богуна конот. Ошолорду көрүп тынчым кетет. Кумга ойногон куландарымдын алы-жайы кандай болот деп, кыска түндө тогуз ойонуп тогуз толгоном. Мен арык болбогондо ким арык болот, мен жинди болбогондо ким жинди болот" - дейт. Улус баласынын толук түшүнбөй калганын ичинен сезип бир нече сап өлөң айтат: Аласкан Кең-Сары өзөн, кенен чөлүм, Азоо бермет, Асман-Тоо, Туздуу көлүм. Суусаган кара курттай черүү келсе, Кан менен сугардым да каздым көрүн. Куландар кумга ойногон кантээр экен.
Мага да жакын калды чиркин өлүм,
Араңдап чыгып калса бир даанышман
Уяңдын бузбас беле, билсе жөнүн.
Улустун бул сөзү үч баласын, кызын ойго салды. Биз ушул жерден кичине тыныгуу жасап, жогорку ырдагы жер аттарына көңүл бөлүп көрөлүк. Мында дагы баягы Сары-өзөн Чүй), Асман-Тоо Тянь-Шань), Туздуу Көл Ысык-Көл) айтылды. Тарых боюнча алганда сактар биздин заманга чейинки IV-II кылымдарда ырда көрсөтүлгөн жерлерде жашаган эң күчтүү элдердин бири болгон. Кийин сактардын аттары унутулуп усундардын аты атала баштаган. Мүмкүн азыркы учурларда кыргыз карыялары атасын таба албай жаткан саяк уруулары ошол сактардан калып жүрбөсүн?!
Кыргыздардын ата-бабасы жайлаган жерлерди такташ үчүн санжырадагы легенда мүнөзүндөгү аңгемеге дагы көңүл бөлөлүк. Улустун сөзүнө муюган эл-журту чогулуп, акылын өзүң тап деп сөздү өзүнө беришти. Ошондо Улус ары ойлонуп, бери ойлонуп туруп: "жети табышмак айтам, ким ошону тапса хандыгымды берем, кырк күн мөөнөт" деп элге жар салдырды.

Ал табышмактар мындай эле:
1. Дүйнөдө ким күчтүү?
2. Дүйнөдө учкул кайсы?
3. Баатыр деген эмне?
4. Коркок деген эмне?
5. Жакшы деген эмне?
6. Жаман деген эмне?
7. Жаманга дабаа кайсы?
Бул суроолорго ар ким миң ойлонуп, миң толгонот. Эч ким ылайыктуу, ишенимдүү жооп таба албайт. Акыры Улустун өз кызы Салыйман чечет.
1. Дүйнөдө даанышман падыша күчтүү, падышага кол астындагы эл баш иет. Элге жандуу сансыз баары багынат.
2. Дүйнөдө учкул даанышмандын касиеттүү сөзү. Даанышмандын сөзү өлбөйт. Эл арасында учуп жүрө берет.
3. Баатыр деген даанышмандын оң колу жана элдин таалайы.
4. Коркок деген эки көзү бар сокур, кулагы бар дүлөй, тили бар дудук, элге - журтка пайдасыз адам.
5. Жакшы деген даанышмандын булагынан суу ичкендер.
6. Жаман дегендер өпкөсүн колуна кармап көккө ыргыткан мактанчаак, көйрөңдөр.
7. Жаманга даба - алдап катарга кошуу же коркутуу, андан башка дабаа жок.
Улус табышмакты тапканына ыраазы болду. Бирок анын улуу баласы: "атам табышмактын жандырмагын кызына айтып койгон" - деп ишенбегенин билдирет. Улустун ортончу баласы тура калып улуу агасынын сөзүн кубаттап: "Салыйман тапкыч болсо мен төрт табышмак айтам, чечип берсин" - деди.
1. Он сегиз миң ааламдын энеси ким?
2. Эмчеги кайсы?
3. Он сегиз миң ааламдын атасы ким?
4. Ардагы кайсы?

(Уландысы эмки санда)









а ­е¦Є.НҐй«