Спорт

Таңгалдырган таластык кыз
Айтбек кызы Жаңыл Талас областынын Карабуура районуна караштуу Көксай айылында 1991-жылдын 1-январында төрөлгөн. Атасы Айтбек чабан болуп иштегендиктен Жаңыл жашынан эле тирикарак өстү. Үй бүлөдө жети бир туугандын төртүнчүсү. Алты кыз катар төрөлгөндүктөн Жаңыл улуу эжелерине караганда атасына жакын өсүп, ат минип, далай жолу кой кайтарган күндөрү болду. Атасы Айтбек Окоев да жаш кезинде оор атлетика менен машыгып, СССР спортунун мастери нормативин толтурган. Кыргызстандын биринчилигинде 52 кг. салмак ченинде эки жолу чемпиондук наамды жеңип алган. Атасынын таасириненби же дээринде барбы, айтор Жаңыл жаштайынан эле спортко жакын өстү. Алгач мектепте чуркоого катышып, райондор аралык мелдеште 1-орун, областын биринчилигинде 3-орунду камсыз кылып, баалуу белектер, диплом менен сыйланган. Жогорку класста окуп жүргөндө капысынан мектептин штанга залына кыздар менен кирип калышып, өзүнүн салмагынан көп оордукту көтөрүп коет. Оор атлетикадан спорт чебери, республикалык деңгээлдеги машыктыруучу Эркебай Боромбаев көрүп, оор атлетика менен машыгып көрүүсүн сунуштап, кеп-кеңешин айтат. Бир аз штанга залга барып жүрүп эле борборубуз Бишкек шаарында Кыргызстандын чемпионатына катышып, 1-орунду жеңип алат. Атасы кызын кубаттап, апасы Акия алгач "кызбала да темир көтөрмөк беле", - деп каршы болуп, акыры макул болот. Ошол 8-класста окуп жатканында чемпион болуп, Бишкек шаарында №2-мектепте окуп калат. Улуттук университеттин оор атлетика залында дене тарбия кафедрасынын ага окутуучусу, Казак республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, оор атлетикадан спорт чебери Шаршен Абдыкеримовдун кол астында машыгуусун уланта баштайт. Жаңыл азыр 10-класста окуп, чоюн темирлерди көтөрүп жатканына эки жарым жыл болду. Буюрса ийгиликтер жаман эмес. Өткөн жылдын декабрь айында дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку жана Москва олимпиадасынын чемпиону, эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Осмоналиевдин салтка айланган турниринде биринчи орунду жеңип алып, Кыргыз республикасынын спорт чебери деген наамга татыктуу болду. Аталган мелдешке улай жаңы жыл алдында Алматы шаарында казакстандык штангист, дүйнөнүн беш жолку жана олимпиаданын чемпиону Анатолий Храпатыйдын байгесине арналган турнирден алтын медаль тагынып кайтты. Ал эл аралык мелдешке дүйнөнүн, Азиянын, КМШнын күчтүү штангисттери катышканы маалым. Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, рекордсмен Илья Ильиндин катышуусу эле мунун айкын далили. Ал эми Жаңылдын устаты Шаршенбек Абдыкеримов да Кыргызстандын жетти жолку, Орто Азиянын эки жолку чемпиону болгон. Казань шаарында өткөн СССРдин жаштар арасындагы чоң мелдеште алтын медаль тагынып, Кыргыз туусун желбиреткен. Казак республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу наамын алган. Себеби, Азиянын бир нече жолку чемпиону, Сеул, Афина олипиадалык оюндарынын катышуучусу, эл аралык класстагы спорт чебери, Бакыт Ахмедов учурда Алматы шаарында жашап, Казак республикасынын намысын коргоп жүрөт. Шаршен Абдыкеримов спортсмен, устат катары эки спорттун мастерин жана ондон ашуун мастерликке кандидаттарды даярдап чыгарды. Алардын арасында жалгыз кыз Жаңыл келечегинен көптү үмүттөндүрүп турат. Бош убактысында гүлдөрдү өстүрүп, эстрадалык ырларды укканды жакшы көрөт. Спорт менен дагы беш жыл, тактап айтканда 22 жашка чейин машыксам деп тилек кылат. Учурда спорттук көрсөткүчү түртүп көтөрүүдө 60 кг, булкуп көтөрүүдө 50 кг., өзүнүн салмагы болсо 40 килодон араң ашат. Анда эмесе темир балбан кызыбыз Жаңыл мырзага кыргыз элинин намысын коргоп, чоң спортто зор ийгиликтерди жарата берүүсүн каалап кетели.

Эрмек Кошчу.




Англия Кубогундагы финалдык беттеш.
Англиянын борборундагы "Уэмбли" стадионунда Лондондук дерби:Челси менен Тоттенхэм футбол боюнча Англия Кубогу үчүн болгон финалдык беттеште кез келишти. Эки жердеш командалардын беттешүүсү өтө курч мүнөздө өтүү менен оюндун алгачкы кубанычын "Челсинин" Кот-Дивуарлык чабуулчусу Дидье Дрогба 39-мүнөттө тартуулап, "аристократтарды" алдыга чыгарды. Ал эми оюндун 69-мүнөтүндө "Тоттенхэмдин" болгариялык чабуулчусу Димитар Бербатов "Челсилик" Уэйн Бридждин эреже бузуусуна берилген айып тобун мыкты аткарып эсеп тактасын теңөөгө жетишет.
Ошентип, чемпиондук үчүн болгон бул кызыктуу оюндун тагдыры кошумча убакытта, тагыраак айтканда 94-мүнөттө "Тоттенхэмдин" коргоочусу Джонатан Вудгейттин киргизген голу менен чечилип, 2:1 эсебинде жеңишке жетишкен Хуанде Рамостун командасы атактуу "Челсини" чөгөлөтүү менен, 1999-жылдагы ийгилигин кайталай алды.




Кличконун ыкчамдыгы, Ибрагимовдун жеңилиши.
23-февраль ишемби күнү Нью-Йорктун атактуу "Медиссон сквер Гарден" аренасында IBF (Эл аралык Бокс Федерациясы) жана IBO (Эл аралык Бокс Уюму) версиясы боюнча дүйнө чемпиону белгилүү украин Владимир Кличко менен WBO (Дүйнөлүк Бокс Уюму) версиясы боюнча чемпион оруссиялык мушкер Султан Ибрагимовдор кездешти.
Супер оор салмактагы бул эки боксчунун статистикасына токтолсок В.Кличко баардыгы болуп 49 уруш өткөрүп,44 түн накаутка кетирсе, үч жолкусунда жеңилүү ызасын тарткан.
Ал эми орус мушкери Султан Ибрагимов бокстук карьерасында 22 жолу урушка чыгып, 17 накаут, 1 тең чыгуу жана бир да жолу утулган эмес.
Ошентип миңдеген бокс күйөрмандарынын кызыгуусун арттырган бул таймаш украиналык мушкердин жеңиши менен аяктап, көпчүлүк күткөн эки боксчунун айыгышкан урушун көрө алышкан жок.
Раунддар бири-биринен айырмаланбай,чечкинсиз чабуулдар менен гана чектелишкен мушкерлерге нааразы болгон арена алтынчы раунда аларды ышкырыкка алууга да үлгүрүштү.
Ошентип, 119-110, 117-111, 118-110 деп баалаган калыстардын чечими менен украиналык мушкер Владимир Кличко бул таймаштын жеңүүчүсү деп табылып, професионалдык бокстун үч версиясы боюнча (WBO,IBF,IBO) чемпиондук титулдарды жыйноого жетишкен.
Буга чейин жеңилүү эмне экенин билбей келген Султан Ибрагимов утулуунун алгачкы даамын татса, Владимир Кличко профессионалдык карьерасындагы элүүнчү мааракелик жеңишин майрамдап отурат.




Мария Шарапованын кезектеги жеңиши.
Катардын борбору Доха шаарында болуп өткөн, байге фонду 2.5 миллион долларды түзгөн Qatar Total Open теннис турниринин финалдык бөлүгүндө Оруссиялык теннисчи кыз Мария Шарапова, мекендеши Вера Звонарева менен бет келип, 6:1, 2:6, 6:0 эсебинде утуу менен өзүнүн "жеңиштер" коллекциясына он сегизинчи байгесин кошо алды.
Мария менен Вера буга чейин да ар кандай турнирлерде жети жолу кездешип, төрт жолкусунда Мариянын жеңиши менен аяктаган эле.
Акыркы жолу бул эки спортсмен кыздар Америкадагы Индиан Уэлссте болуп өткөн турнирде беттешип, анда Вера Звонарева жеңишти майрамдаган эле.




Чемпионат курч өттү.
Өткөн жумада,21-февральда борборубуз Бишкек шаарынын көптөгөн жылдардан бери өтүп келеаткан ачык биринчилиги болуп өттү. Шаардык чемпионатка Бишкек шаарынын,олимпиадалык резервдин республикалык мектебинин, КУУнун, КТУнун жана Токмок шаарынын командалары катышып, күч сынашты.Ачык атаандашууда сегиз салмак категориясы менен 46 чоюн балбандар булкуп жана түртүп көтөрүү боюнча өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүп жатышты. Бука булчуң, буура сан жигиттердин улам бири секиге чыгып, салынган штангаларды багынткан сайын көрүүчү, күйөрмандар тарабынан дүркүрөөгөн кол чабуулар менен коштолуп турду. Республиканын оор атлетика боюнча курама командасы Казахстандын Чимкент шаарында машыгуу жыйынын өткөрүп, жүргөнүнө карабай таймаш курч мүнөздө өтүп жатты. Жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Э. Шатманов, өспүрүмдөр арасында Азия чемпионатынын күмүш медалын жеңип алган Кенжебек Тажибаев ж.б болуп ондогон спорттун мастерлери катышышты. Аларга оор атлетика боюнча СССРдин спортунун машыктыруучулары Ш.Абдыкеримов, Б. Асаналиев, Б. Сыдыков, Ш.Яргаевдер калыстык кылышты.
Э. Балбаков