MEGAжылдыз

"Сагынам"
Динара Акулова:
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти.
- Көптөн бери көрүнбөй кеттиңиз, эмне менен алектенип жүрөсүз? Же чет өлкөгө кетип калдыңызбы?
- Мен эч жакка кеткен жокмун Кыргызстанда эле жүрөм. Ден-соолугума байланыштуу, анан да неберелүү болуп, аны менен алектенип, көптөн бери концерт бере албай, көрүнбөй кеттим.
- Азыркы жаңы чыгып келе жаткан жаш ырчылар сиздин көңүлүңүзгө толобу?
- Кыргыз эли эзелтен ырчыларга бай болуп келген. Баарын айта албайм, бирок жаш ырчылардын арасында жакшы ырларды ырдап, элге талантын тартуулап жаткан кыз-жигиттерге ийгилик каалайт элем. Билим алышсын, ырчылык денгээлин көтөрүшсүн.
- Элдик, эски ырларга жаңыдан аранжировка жасап ырдап жатышат, ошолорго көз карашыңыз?
- Чынында, элдик ырларга эч кандай ыр жетпейт. Ал ырларды жөн эле ырдабай жаңылык киргизип, мурдагыдан да жакшы, элге жеткиликтүү кылып ырдаса мен колдойм. Эгер ырдай алышпаса "анда жөн эле ырдабай коюшсун, ырды бузбай" дейт элем.
- Кайсы чет өлкөлөргө гастролдоп бардыңыз?
- Турция, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Корея, Россиянын бир топ шаарларына барып концерт койгонбуз жана коңшулаш өлкөлөрдүн баарын кыдырып чыктык.
- Келе жаткан 8-март эл аралык аялдар күнүнө карата кыргыз аял затына эмне тилек айтасыз?
- Негизи аял заты аябай сүйүктүү эмеспи. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бардык апаларга, эже - сиңдилерге жана жалпы аял затына ден-соолук, үй-бүлөлүк чексиз бакыт каалайт элем. Жылына ушул майрамга карата концерт берчү элем, быйыл спорт ордосунда чемпионат өтүп бош болбой калып, концертим кичине кечирээк өтө турган болуп калды. "Жакшылыктын эрте кечи жок" дегендей, кичине кечиксем да 25,26,27 мартта болуучу концертке чакырмакчымын.
- Концерт берүү бул жеңил иш эмес. Сизге кимдер жардам берип жатат?
- Продюсер жана башка жардам берген кишилер жок болсо, жалгыз бир киши концерт берүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан, ырларымды жазып жаткан Жаныш Момунов, Мырзалы Жеенбаевге, композиторлорго, продюсерге, кийимимди жана стил боюнча жардам берип жаткан Жыргалбек Шакировко, жардамчым Кундуз деген кызга жана эл үчүн кызмат кылган кыз-жигиттерге ыраазычылыгымды билдирет элем. Мен "Алиби" гезитине биринчи жолу чыгып жатам, Силерге кааларым ийгилик, арышыңар далайга жетсин.
Кыргыз элиме: "концерттен жолугушканча" демекчимин.

Элла Акулова:
продюсер
Өзбек, казак ырчыларынын продюсери болуп иштеп келген Элла Акулова акыркы күндөрү кыргыз жылдыздары менен да иштеше баштады. Биринчилерден болуп, Бактыгүл Бадыеванын жеке концертин элге тартуулады эле, мына эми Динара Акулованын чоң программадагы концертин 13,14,15-мартта Ош шаарында, 16-мартта Жалалабатта, 19,20,21-мартта Каракол шаарында, 22-мартта Балыкчыда, анан 25,26,27-мартта Бишкек шаарында уюштурганга даярданып жатат.
- Элла эже, эл жакшы билет Сиз Өзбекстандын, Казакстандын эң кыйын деген артисттерине продюсер болуп келдиңиз. Айтсаңыз, кыргыз жылдыздары менен иштешкен оңойбу же чет өлкөлүк жылдыздар мененби? Эмне айырмачылыктары бар?
- Мен үчүн чет өлкөлүк артистер менен иштешкен оңой. Мисалы Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Россия жана Турция. Себеби, биринчиден продюсердик борборума он жылдан ашык болду, ушул мөөнөттүн ичинде мен аларга көнүп калдым. Алар да менин бүт талаптарымды аткарышат. Кыргыз жылдыздарынан айырмасы-аларда чыгармачылык денгээл жогору. Искусствого болгон көз караштары, стилдери, имидждери бат-баттан өзгөртүп турап, ошондуктан мага алар менен иштеш кызыктуу.
- Кайсы кыргыз жылдыздары менен иштешесиз?
- Акыркы ирет Бактыгүл Бадыева менен биргелешип жеке концерт бердик 2007-жылы. Бактыгүл менен иштешүү мен үчүн сыймык.. Жаштыгына карабай таланты күчтүү. Бактыгуль чет өлкөлүк ырчылар менен тең таймашып келе жатат. Мен ушул кыздын чыгармачылыгы күчтүү деп эсептейм.
Азыр болсо, Акуловалар акылдашып, кыргыз элине чоң концерт тартуулоону чечтик.
- Динара эже жөнүндө эмнелерди айта аласыз?
- Динара Кыргызстандагы жалгыз "Мега жылдыз", "Примадонна" десек болот. Динаранын муунунда ырдаган ырчылардын арасынан ал эч кимге теңегис талантуу ырчы. Менин кыргыз жылдыздарынын арасындагы бул экинчи проектим.
Маектешкендер:
Бүбүсара Алдакулова,
Назгүл Эсеналиева

Урматтуу окурман!

Көптөн бери күткөн Мега жылдыз Динара Акулованын концертине баргыңыз келсе, анда телефон чалып, төмөндөгү суроолорго туура жооп бериңиз. Сизге 25,26,27-мартта боло турган концертке чакыруу баракчасы ыйгарылат.
Биринчилерден болуп
62-44-35, 21-66-28 телефондоруна чалыңыз.
- Динара Акуловага популярдуулукту алып келген алгачкы ыры?
- Динара Акулова "Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген артист" наамын качан алган?