Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешине,
Коомдук Парламентке,

Кыргыз Эл баатырлары:
Ч. Айтматов, С. Эралиев,
Т. Касымбеков, С. Жусуев
аксакалдарга
Ачык кат
Кыргыз Республикасын Бириккен Улуттар Уюму жана дүйнө коомчулугу эгемендүү деп тааныган үчүн гана анын расмий бийлиги: Президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш да таанылып, өлкө жарандары Кыргыз Республикасынын атынан бөлөк өлкөлөргө барып, ишкерлик жүргүзүп, саясый партияларды, Коомдук Парламент жана башка коомдук уюмдарды түзүүгө укуктуу болуп, мүмкүнчүлүккө жетип турушат.
Кыргызстан элинин кийинки үч-төрт мууну өлкөбүз көзкарандысыз, эгемендүү болушуна өмүрүн арнап, күрөшүп, зор эмгек кылган деле жок.
Тескерисинче, Союз урагандан кийинки он беш жыл бою Акаевдин доорунда Мекен, Улут үчүн күйбөгөн, Эл үчүн кам көрбөгөн, кыргыз эмес "киргиз" болуп, кыргыздын тарыхын, рухун, салтын, маданиятын, тилин, дөөлөтүн тереңинен билбеген, сыйлабаган көптөгөн манкурт башчыларга, төбөлдөргө мамлекет байлыгын талап, тоногонго референдумдар, шайлоолор аркылуу кеңири жол ачып берди.
Чынында, Кыргыз Республикасын эгемендүү деп дүйнө коомчулугу тааныганга улуу бабаларыбыз басып өткөн кыргыздын алты миң жыл тарыхы, Кыргыз жараткан Афанас, Андрон, Карасук, Тоогар, Таштык маданияттары, Улуу Кыргыз кандыгы (IX к.), теңдешсиз Манасы, алты миң жыл мезгилде ири кандыктарга сиңип, жок болуп кетпей XXI кылымга аман жеткизген кыргыздын улуу касиети негиз болгонун баса белгилеп айтышыбыз абзел.
Бурмаланган, башка мамлекеттердин, баскынчыл саясатынын таламына ыкташтырылган тарых ондогон жылдар бою окуу жайларында окутулду. Элибиз тарыхий негизде басмырлоого алынды. Тарыхий эстутумун жок кылуу саясаты жүргүзүлдү. Жер-суу аталыштарынын кыргызчасы жок кылынды. Эне тилибиз жетимсиреген абалга жеткирилди. Элибиздин улуттук намыс демине суу себилди. Байыркы бабаларыбыздын заманындагыдай алоолобой дымып калды. Улуттук намыс улуу күч жана анын азыркы кыргыздарга канчалык зарыл экендигин, бүгүнкү дүйнөлөшүү заманында бар же жок болуу дегенчелик абалга кабылганыбызда, толугу менен туюп билип арыбызга келип атпайбызбы.
Эне тилибиздин "өнөр алды - кызыл тилдин" күчүн, сөз кудуретин курутуп алсак элибиздин өңү калаар, а бирок өзөгү соолуйт. Өзөгү соолуса өзүнүн жок болгону ошол.
Ошого карабай, мамлекет жүргүзгөн саясатта кыргыз тилине, кыргыз тарыхына, кыргыз маданиятына, кыргыз руху-дөөлөтүнө, кыргыз салтына, кыргызга гана таандык коом түзүү жана башкаруу тарыхый тажрыйбасына кош көңүл, демек, сыйлабоо же кемсинтүү мамиле дагы да уланууда.
Атүгүл, айрым учурда кыргызды ачык эле мазактоо, шылдыңдоо мамилеси орун алууда. Маселен, эгемендүү Кыргыз Республикасынын өкмөт башчылыгына кыргыз тилин билбеген, түшүнбөгөн кишини дайындоо - бүткүл кыргыз элин эл катары эсепке албагандын ачык далили эмес беле?
Россия, Кытай, Жапон, Германия, Англия, Израиль, Иран ж. б. өлкөлөрдүн өкмөт башчылыгына орус, кытай, жапон, немис, англичан, жөөт, иран тилдерин түшүнбөгөн, билбеген адамдардын дайындалышын элестетүү мүмкүнбү? Албетте, жок.
Себеби, андай чечим кабыл алгандар бир айга жетпей кызматтарынан айрылмак эле!
Өлкөбүздө мындай ишке баргандардын кыргыздан алалбай жаткан өчү барбы? - деген аргасыздан ой туулат экен. Алардын баарын бийликке шайлагандан башка кыргыздын кайсы күнөөсү бар эле?
Же кыргыздын улуу тарыхынан, көркөм тилинен, алп Манасынан өзүн өйдө койгон алар өзүн пайгамбар сезеби?
Кыргызды басынтып, кемсинтүүнүн чеги болобу же болбойбу? Же кыргыздын тарыхы 1936 жылы башталган деген пикирди колдоп жүрө беребизби?
Баш мыйзамдын башкы беренесинде "Кыргыз Республикасынын эли - эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден бир туткасы" деп жазылганы жалпыга жакшы маалым.
Демек, республика элинин 70 пайызын түзгөн кыргыз элин "эгемендиктин ээси, мамлекеттик бийликтин бирден бир туткасы" деп тааныбаган саясатчылар, төбөлдөр кыргыз үчүн күйөбү, кыргызга эмгек кылып, өмүрүн арнайбы??
Урматтуу мыйзам чыгаруу бийлигинин Эл өкүлдөрү, Коомдук парламенттегилер баарыңыздар көздөгөнгө ала турган улуу маселе - улут тагдыры, улут таламы экендиги, талашсыз го! Ал көп жагынан сиздердин колуңуздарда. Бул ачык кат Сиздерге арналды. Кыргыздын алты миң жыл тарыхы, эне тили, улуттук улуу дөөлөттөрү мамлекеттик саясатта өз ордун алабы же жокпу?, - деген суроого өз чечимиңиздерди, оюңуздарды жалпы Эл журтка ачык билдирип коюңуздарды өтүнөбүз жана мунун өзү өтө зарыл деп эсептейбиз.
Урматтуу кыргыз Эл баатырлары! Сиздердин чыгармачылык өмүр сапарыңыздарда кыргыз тарыхы, кыргыз дүйнөсү даңазаланып келет. Сиздердеги терең ой, таамай сөз кудурети - элибизге дем! Бул ачык катта кыскачалап айтылган маселелердин жүйөсүнө, жөн-жайына, элибиздин элдиги, улутубуздун улуттугу учтан түпкө улантылышына Сиздерде, албетте кайдыгерлик жок. Сиздер Эл менен, Эл Сиздер менен! Сиздердин Эл журтка айтаар сөзүңүздөргө учур, мезгил, коом муктаж.

"Кыргыз Эл" 2008 жыл
Кайра Жаралуу Тилектештиги Жалган куран айы.

Кат 75 мүчө катышкан жалпы жыйында кабыл алынды.




Кайыповко каяша
Көптөн күткөн коомдук парламент түптөлдү, атургай, алгачкы жыйынын өткөргөнгө да жетишти. Коомдук парламенттин түзүлүшүнө коомчулукта ар кандай пикирлер жаралууда. Бирөөлөр мындай парламенттин түзүлүшүн мыйзамсыз дешсе, экинчилери эч кандай мыйзам бузулбагандыгын айтышууда. Ушул элдик парламентке депутат болуп катталышкан, милициянын ардагерлери полковник Туратбек Мадылбеков менен полковник Касымбек Райымкул уулун маектешүүгө чакырганбыз. Төмөндө алар менен болгон маекти окурмандардын ортосуна салабыз.
Р.М.: Коомдук парламенттин түзүлүшү боюнча коомчулукта кош пикирлер жаралууда. Адилет министри М.Кайыпов сиздердин парламентти мыйзамсыз деп айыптап өттү. Буга сиздердин пикириңиздер кандай?
Т.М.: Министр Кайыповду дагы, юрист Кайыповду дагы жакшы билем. Акыркы кездерде ал адам бир топ билдирүүлөрдү жасап атканы менен,аягында анын билдирүүлөрү мыйзамсыз болуп калып жатпайбы. Ал эми биздин коомдук парламент боюнча айткан пикирине макул эмесмин. Анткени, "ӨЭУ жөнүндөгү мыйзамда" көргөзүлгөн, "өкмөттүн эмес уюмдар адилет министрлигинен каттоодон өтсө да болот, өтпөсө да болот" - деп. Муну Кайыпов мырза окуган эмеспи? Окуган. Мында талаш болуусу мүмкүн эмес. Эгер Марат мырза ушул маселе боюнча талашка чыкса, мен бетме-бет чыккандан качпайм, кайсы жерге чакырса да барам. Юрист катары өзүмдүн позициямды коргогонго күчүм жетет.
К.Р. уулу: Тукем айтып кетпедиби маселенин маңызын. Мен дагы юрист катары тактап берейин. 1993-жылдын 15-октябрында Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө "мыйзам чыккан". Анын биринчи эле беренесинде укуктук негиздер камтылган. Биздин түзгөн коомдук парламентибиз коммерциялык эмес уюмдардын катарына кирет. Ушул мыйзамдын 6-беренесинин 4 абзацында бадырайып жазылып турат, "коммерциялык уюмдар юридикалык статус алыш үчүн катталса да болот, катталбаса да болот"- деп. Бул мыйзамдын талабы. Ал эми мыйзамдуулук боюнча сүйлөшө турган болсок, мен ошо Кайыповдун өзүнө суроо берет элем "биз кайсы конституциянын негизинде жашап жатабыз?" - деп. Анткени, азыркы жашап жаткан конституциябыздын кабыл алынышынынын өзү мыйзамсыздыка жатат.
Р.М.: Сиздер өкмөттүк эмес, коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө айтып жатасыздар. Ал эми Марат Таштанович коомдук саясий уюмдар тууралуу айтып жаткансыйт?
К.Р.: Коомдук саясий уюмдар жөнүндө мыйзам жок. Ошол эле Кайыпов айтып жаткан коомдук саясий уюмдар коммерциялык эмес уюмдарга кирет. Муну Кайыпов билбей жатканына ишене албай турам.
Р.М.: Жогорку Кеңештин айрым депутаттары сиздердин коомдук парламенттин түзүлүшүнө каршы пикирлерин билдирип жатышканына кандай карайсыз?
К.Р.: Азыркы иштеп жаткан ЖКнын өзүн биз легитимсиз деп биринчи отурумубузда чечкенбиз. Алардын "биздин парламенттин атын пайдаланганга акысы жок" - дегендеринин өзү акылсыздык. Биз Жогорку Кеңеш деп атаган жокпузда, коомдук парламент деп атадык. Биздин чыгарган чечимдерибиз аткаруу бийликтери аркылуу аткарыла турган чечимдерден эмес. Биздин чечимдер сунуштама иретинде гана берилет.
Т.М.: Биз Касымбек экөөбүз тең ИИМдин ардагерибиз. Бизде деле эки уюм бар. Бири ИИМдин алдындагы ардагерлер кеңеши, экинчиси мен жетектеген "Кылым жолу" ардагерлер уюму. Ардагерлер деген ат эки уюмда тең катталып жүрбөйбү "Шыйрактан бөйрөк чыгаруунун кереги жок" - дегендей эле, атыбызды жамынды дегенди түшүнбөй турам. Анчалык эле принциптерге таяна турган болсок, анда "парламент" деген атка конгондордун баарысын жок кылышыбыз керек. Тилекке каршы, бул депутаттардын айта турган сөзү эмес болчу.
Р.М.: Коомдук парламенттин мүчөлөрүн кандайча бекиттиңиздер?
К.Р.: Коомдук парламентке 15 саясий партия, бир нече коомдук бирикмелер кирген. Мына ошо кирген уюмдардын ар биринен экиден ашык эмес адам сунушталган. Коомдук парламенттин курамы 50 адам менен гана чектелип калбайт, дагы көбөйтүлүшү мүмкүн.
Т.М.: Коомдук парламентке киребиз дегендер көп. Бирок, бизге кириш үчүн алгач өзүлөрүнүн партиясынан сунуштама алыш керек. Ар бир партия өздөрүнүн жыйынында карап токтом менен бекитип, мөөрүн басып, анан бизге жөнөтөт.
Р.М.: "Ата мекен" саясий партиясынын лидерлеринин бири, "Лица" гезитинин башкы редактору Б.Букашева сиздердин парламентти "кыргыз оппозициясынын дүйнөдөн кайтышы" катары баалаптыр. Буга эмне айтар элеңиздер?
К.Р.: Бермет Букашеванын өзүнүн "Лица" гезитине берген макаласын окуп, мен дагы таңкалдым. Коомдук парламентке "Ата мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаев, Д.Чотоновдор киргенден кийин, Бермет андай сөзүн айтпай деле койсо болмок. Мен өзүм ал партиядан чыгып кеткенден кийин мурунку партиялаштарымдын айткандарына комментария бергеним туура эмес болуп калат. Менин байкоомдо, "Ата мекен" партиясынын ичиндеги абал деле жакшы эмес болсо керек.
Т.М.: Мен дагы "Ата мекен" партиясынын Чүй облустук бөлүмүн жетектейм. Партиялашымдын андай айткан сөзүн, демократиянын үлгүсү катары кабыл алам. Биздин партиянын ар бир мүчөсүнүн өзүнүн оюн ачык айтканга акысы бар. Партиянын ичинде демократия болбосо, демократия жөнүндө ооз ачып кереги жок. Бермет айымдын берген макаласына "Ата мекен" партиясын байлаштыруунун кереги жок. Ал өзүнүн атынан айтып жатат. Бул бир адамдын атуулдук позициясы. Биз "Ак жол" партиясынан айырмаланганыбыздын далили ушул эмеспи. Ал жакта "мен эмнени айтсам, сен ошону айтасың" - деген саясат болуп жатпайбы.
Р.М.: Коомдук парламент менен Жогорку Кеңештин ортосундагы тирешүүлөрдөн коомчулукта кандайдыр бир саясий оюндар, же саясий окуялар башталып, саясий стабилдүүлүккө доо кетиши мүмкүнбү?
К.Р.: Толук мүмкүн, муну ачык эле айтып коюшум керек. Коомдук парламентке чейин эле "Акыйкат үчүн" коому түзүлгөн. Мына ошо күндөн бүгүнкү күнгө чейин бизге жер-жерлерден телефон чалуулар аябай эле көп болууда. Өткөн шайлоолордо болгон адилетсиздиктерди айтуу үчүн саясий акцияларга чыгабыз дегендердин баарысы, күндүн жылышын эле күтүп жатышат. Алардын уга турган азырынча орган жок. Жогорку Кеңешпи? Акүйбү? Аларың угушпайт. Мына ошондуктан алар бизге кайрылып жатышат.
Р.М.: Өткөн парламенттик шайлоолордон кийин кыргыз оппозициясы эмне үчүн саясий акцияларды уюштура алган жок? Алыс кетпей эле, Армения менен Грузиядагы шайлоолордун жыйынтыгынан кийинки абалды алсак, чынында эле, кыргыз оппозициясынын алсыздыгын байкасак болобу?
К.Р.: Чындыгында бул өкүнүчтүү нерсе. Шайлоолордо утушка ээ болгон "Ата мекен" партиясы андай кадамдарга барса болмок. Анткени, алардын мындай акциялары негиздүү болмок. Менимче, "Ата мекен" партиясы акча каражаты жагынан аксап калды көрүнөт. Грузиянын оппозициясынын артында миллиардер турганын көрбөдүкбү. Дагы айта кетчү нерсе, бул-кыргыз элинин менталитетине жараша болду.
Т.М.: Муну моюнга алышыбыз керек. Бирок, биз шайлоолордун ушунчалык ыплас өткөрүлөөрүн күткөн эмеспиз. Адамдардын добуш берген бюллетендерин ажатканага бара турган кагаз катары колдонулаарын кайдан билиппиз? Экинчиден, оппозициячыл партиялар чет өлкөлөрдөн акча алат деген сөзгө жооп табылды. Биз өзүбүздүн акчалардын негизинде шайлоолорго барганыбызды коомчулук билишти. Каражат таап, элди алып чыксак деле болмок, бирок, бизге биринчи кезекте алардын коопсуздугу керек болду. Бул жерден биз өзүбүздүн сабырдуулугубузду, чыдамдуулугубузду жана көрөгөчтүгүбүздү көргөздүк.

Маектешкен Рыскелди Момбеков.