Дүрбүдөгү дүйнө

Курддарга каршы түрк операциясы.
Sky News телеканалы Түркиянын генштабынын маалыматына таянуу менен Ирактын түндүгүндө түрк аскерлери тарабынан 79 козголоңчул курд жана 2 түрк жоокери каза болгондугун маалымдады.
Эскерте кетсек, өткөн жуманын бейшембисинде он миң аскерден турган түрк армиясы Ирактын түндүгүндөгү Курдистан Жумушчу Партиясынын (КЖП) боевиктерин жок кылуу максатында согуштук операция уюштурган эле. Бул окуядан кийин түрктөрдүн борбору Стамбул шаарында курддарды жактаган "Демократиялык Коомдук партиясы" тарабынан курддарга каршы мындай операцияларды токтотууну талап кылган 700 адамдын митинги болуп өткөн. Түркиянын тышкы иштер министри Али Бабажан: бул аскердик операциянын негизги максаты Курд жумушчу партиясынын гана боевиктерин жок кылуу болуп эсептелет, демек Ирактын, Батыш өлкөлөрүнүн кооптонуулары негизсиз,- деп маалымат таратты.




Ирандын ядердик козголоңу.
Өзүнүн тайманбастыгы менен эл аралык коомчулукта кадыр-барк топтоого жетишкен Иран президенти Махмуд Ахмадинеджад МАГАТЭнин Иран ядердик программасы боюнча кезектеги докладынан кийин АКШдан жана анын европалык өнөктөштөрүнөн негизсиз күнөөлөрү үчүн кечирим суроосун жана компенсация төлөп берүүсүн катуу талап кылды.
Бирок МАГАТЭнин берген маалыматтарында: Иран ядердик иштери жөнүндө жаңы маалыматтарды алганыбыз менен бул маселе боюнча бир топ суроолор жоопсуз калды. Официалдуу Тегеран уранды байытууну токтотпосун баса белгиледи,-деп айтылат. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Кандолиза Райс Иран президентинин бул доклады Иранга киргизилүүчү кезектеги санкциянын себепкери болушу мүмкүн деген ойду кыйытты. Өз кезегинде Иран президенти Махмуд Ахмадиненджад ООН баштаган дүйнөлүк коомчулук Иранга кааласа жүз жыл бою каалаган санкциясын киргизсин, бирок Иран өз жолунан эч качан кайтпай тургандыгын баса белгилөөдө.




Косовонун көз карандысыздыгына карата сербдердин жообу.
Евросоюзда төрөгалык кылып турган Словения баштаган ЕСтин бир катар өлкөлөрү,босниялык сербдердин косоварлар сыяктуу эле Босния мамлекетинен тышкары өз алдынча өлкө болууга укугубуз бар деген билдирүүсүн четке кагышты.
Серб Республикасынын парламенти (Босния жана Герцоговиния өлкөсүндөгү мамлекеттик түзүлүш) 2008-жылдын 22-февралында көз карандысыз Серб мамлекетин түзүү үчүн референдум өткөрүү жөнүндөгү Резолюция кабыл алышкан эле. Бул документте АКШ баштаган ЕСтин бир катар өлкөлөрү Косовонун көз карандысыздыгын таанышты жана Серб Республикасы да Босния жана Герцоговиния мамлекетинин составынан чыгууга ушундай эле укугу бар экендиги айтылат.




16 жаштагы баатыр эне.
Аргентинанын Кордоба провинциясында жашаган 16 жаштагы өспүрүм кыз үч эгиз төрөдү. Эскерте кетсек,мындан эки жыл мурун уулду болгон бул жаш эне 15 жашында биринчи үч эгизин төрөгөн эле. Үч жылда жетини төрөөгө жетишкен Памела атту бул баатыр эненин балдарынын баары тең жарык дүйнөгө өз мөөнөтүнөн мурда ара төрөлүшкөн, ошентсе да врачтардын айтуусунда эне, балдардын ден-соолуктары дурус.
Статистика боюнча үч эгиз төрөлүү фактысы сегиз миң учурда бир жолу кайталанса, үч эгизди кайталап төрөө 64 миллиондон бир гана жолу кездешет.




Николя Саркозинин уулу депутаттыкка аттанат.
Француз президенти Николя Саркозинин уулу Жан Саркози 20-февральда О-де-Сен департаментинин жергиликтүү кеңешине депутаттыкка талапкерлигин коерун жар салды. Ал 20 жыл мурун атасы Н.Саркози карьерасын баштаган дал ушул жол менен саясаттын узун жолуна сапар тартаарын кабарлады. Юридикалык факультеттин 21 жаштагы бул студенти депутаттык мандатка "Элдик Кыймыл үчүн Уюму" партиясы менен бирге бармакчы.
Кичүү Саркози февраль айынын башында Ней шаарынын мэрлигине аттанмакчы болгон атасынын досу Давид Мартинондун бул кызматка татыксыз экендигин көптөгөн фактылар менен далилдеп, анын мэрликтен баш тартуусуна жетишкен эле.Ошол окуядан кийин француз саясат серепчилеринин көңүлүн өзүнө бура алган Жан Саркози март айында өтүүчү бул шайлоолорго кызуу даярдык көрүүдө.




Аравия бийлиги тентек балдарга чара көрдү.
Сауд Аравиясынын атактуу ыйык Мекке шаарында 57 жаш улан көчөдөгү коомго жат жүрүш-турушу үчүн тартип сакчылары тарабынан камакка алынды.
Жергиликтүү "The Saudi Gazette" басылмасы маалымдагандай музыканы катуу коюп, бийлеп, көчөдөгү кыздардын көңүлүн буруп жаткан бул уландар "Ыйманды жайылтуу жана күнөөнү алдын алуу" деп аталган атайын комиссиянын талабы менен камакка алынышкан жана тергөө иштери жүргүзүлүп бүткөн соң, күнөөлүүлөрү сот алдында жооп беришмекчи.
"Муттава" деп аталган бул комиссиянын мүчөлөрү Сауд Аравиясынын шаарларындагы көчөлөрдө шариат мыйзамдарынын сакталышын текшерип, ар дайым көзөмөл жүргүзүп турушат. Ошол эле "Муттава" комиссиясы сүйүшкөндөрдүн күнү эсептелген 14-февралда көзөмөлдү өзгөчө күчөтүү менен гүл сатуучуларга Ыйык Валентиндин символу эсептелген кызыл роза гүлүн сатууга катуу тыюуу салган.




Армениянын президенти опозициялык маанайдагы чиновниктерин жумуштан айдоодо.
"Интерфакс" агенттиги кабарлагандай Армениянын президенти Роберт Кочерян опозицияны колдогондугу үчүн Тышкы иштер министиринин орун басары Армен Байбурдянды жана аны менен кошо Армениянын Италиядагы, Испаниядагы,Португалиядагы элчиси Рубен Шугарянды, Кыргызстан жана Казахстандагы элчиси Левон Хачатрянды, Молдова, Украинадагы элчиси Размик Хумарянды кызматтарынан бошотуп, алардын дипломатиялык наамдарын алып койгон эле.
Ошондой эле, буга чейин да Армениянын генералдык прокурорунун орун басары Гагик Жангарян да президенттик шайлоодо утулган оппозициялык талапкер Левон Тер-Петросянды ачык колдоп чыккандыгы үчүн ээлеген кызматынан айдалып, ал дагы "юстициянын биринчи класстагы кеңешчиси" деген наамынан кол жууган.




Түштүк Кореяда жаңы президент
Ушул жуманын дүйшөмбүсүндө Түштүк Кореянын жаңы президенти Ли Мен Бак корей элинин алдында салтанаттуу түрдө ант берди.
Түштүк Корея мамлекетинин борбор калаасы Сеул шаарында өткөн бул инаугурация аземине Россия Федерациясынын премьер-министри Виктор Зубков, АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жана Япониянын премьери Ясуо Фукудо ардактуу конок катары чакырылышкан.




Кытай-Түркмөн газ түтүгү курула баштады.
Кытай Эл Республикасы "Чыгыш-Батыш" долбоорунун негизинде түркмөн газын өз өлкөсүнө жеткирүү үчүн 22-февраль күнү Кытай-түркмөн газ түтүгүнүн курулушун баштады,-деп кабарлайт Associated Press.
Жергиликтүү "Жэньминь жибао" басылмасы тактап өткөндөй бул газ түтүктүн жалпы узундугу 9100 км ден ашуу менен Синьцзянь-Уйгур автономдуу району менен Шанхайды бириктирип, ал эми түштүк бутагы Гуандун провинциясына чейин уланат жана жумшалган жалпы инвестициянын көлөмү 142 миллиард юаньды (20 миллион доллар) түзмөкчү.
Түркмөнистан-Кытай газ түтүгүнүн курулушу жөнүндөгү келишим 2006-жылдын апрель айында эле туркмөндөрдүн ыраматылык президенти Сапармурат Ниязов менен КЭРдин төрөгасы Ху Цзиньтаонун ортосунда түзүлүп, газ түтүктү ишке киргизүү 2009-жыдын 1-январына пландаштырылган.

Бетти даярдаган: Э. Балбаков