Парламенттик

Он эки саны жаңы парламентти ороп алды. Он эки партия парламентке ат салышкан. Он эки күн иштей элек жатып, инфляия 12%болмокчу, он эки комитет шайлап, он эки күн каникулга эс алып келишти. Чыгышта чычкан баштаган он эки жыл эсеби бар комитеттер менен коошор бекен?

Чычкан.
Комитет: конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укугу.
Азыктанат: конституциялык сот, омбудсмен аппараты, адам укугун коргоо уюмдарынан.
Зодиак белгиси: Суу куйду ("Ак жол").
Негизги девизи: "Мышыкка-мыйзам, чычканга-оюн".
Жек көргөн макалы : "Мышыкка-оюн, чычканга-өлүм".
Мүнөздөмө: Чычкан - башка бийлик бутактары сыяктуу эле бюджет кемирүүчүлөрдүн катарына кирет. Башкалар сыяктуу "оптом" сугуна албайт, себеби өздөрү мыйзамды көзөмөлдөп, "мыйзам буйлалуу төө экенин" билишет. Бир күнү капканга түшүп калаарын да түшүнүшөт. Ошондуктан, мыйзам четинде билгизбей чычкан сымал ташый беришет. Кокусунан башка бирөө ташып атканын билсе атасын парламенттен окутушат.
Мышыктар менен компромиссте жашашат. "Мышыкка - оюн, чычканга - өлүм"дегенди жек көрүшкөндүктөн мышыктарга каршы мыйзамдарды көбүрөөк кабыл алууга умтулушат.

Коен.
Комитет: экономика, бюджет жана каржы.
Азыктанат: капчыгы калың министрлигинде.
Зодиак белгиси: Суукуйду ("Ак жол").
Негизги девизи: "Ашыкпаган Минфин араба менен инфляция коенду кубалап жетет".
Жек көргөн макалы: "Коркок коен, качан тоем?"
Мүнөздөмө: Инфляция коен сымал колу-бутуна тийбей сызып бара жаткан заманда араба менен калдырап кууп бара жаткандай элес туулат. Эх чиркин, эптеп коенду абгондоп өтүп алсак, кулагынан басып кармап "колго түшкөн коенду, кое берсе оңобу?" - деп терисин тескери сыйрып, чарык кылып кийип алмак белек? А бирок, коен териси бир күндүк чарыкка чыдайбы? Андан кийин кантип оокат кылабыз? Деги ашыкпай жүрсөк араба менен инфляция коенго жетер күнүбүз болобу?

Уй
Комитет: коргоо, коопсуздук тартибин көзөмөлдөөчү, сот.
Азыктанат: коргоо министрлиги, ИИМ, прокуратура, сот.
Зодиак белгиси: Суукуйду ("Ак жол").
Негизги девизи: "Зоот урдаган тамакка, тоок урдаган камакка".
Жек көргөн макалы: "Кунаажын көзүн сүзбөсө, кылмышкер жибин үзбөйт".
Мүнөздөмө: "Жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт" - дейт, ал эми жакшы уйлар тартипти сакташып, өз жайытын көздүн карегиндей күнү-түнү коргошот. "Музоо кезде сүздүрүп" койбосо наам алып, торпокко көтөрүлүшөт. Баданын башкы букасы менен тааныштыгы бар торпоктор "бука жокто - торпок бий" дешип өзүнөн наамы жогору ноопаз, букачар, өгүздөргө баш көз боло берет. Өзүнө ишенген букалары бөрүлөрдү кабыштыра сүзөт, карышкырлар менен ынак мамиле түзгөн букалар деле кездешет.


Балык.
Комитет: өнөр жайды өнүктүрүү, соода, туризм ж.б.
Азыктанат: Экономика өнүктүрүү жана сода министрлигинде, туризм, курулуш комитетинде.
Зодиак белгиси: Суукуйду ("Ак жол").
Негизги девизи: "Балык башынан сасыйт, а бирок аягынан тазалаш керек".
Жек көргөн макалы: "Балыкта сүт болбойт, баласын деңиз асырайт".
Мүнөздөмө: Океан, деңизде саякат кылууну сүйөт. Акула, киттерди көргөндө балык сымал үн катпайт. Азыркы күндө конгуроо кагып балыктар салыктар менен иштебесе, бизнестин битин сыккандарды жыйырма жактан текшерип, чөнтөгүн сыгып аткандар азайбай, көбөйө берет. "Уурунун күнү чуу менен, балыктын күнү суу менен", дегендей балыктар өз фаунасында күчтүү аракет кылышса экономикабыз көрдү эмес, өрдү көздөй жылаарына шек жок. "Качан алтын балык кармап алабыз" - деп үмтөтпөй, жөнөкөй балыктар менен бакубат турмушта "шагом марш" кете берсек болот.

Жолборс.
Комитет: чет мамлекеттер менен парламент аралык иштер.
Азыктанат: тышкы иштер министрлиги.
Зодиак белгиси: Суукуйду ("Ак жол").
Негизги девизи: "Арстан - Акүйдө, жолборс - ар үйдө".
Жек көргөн китеби: "Жолборс терисин жамынган баатыр".
Мүнөздөмө: Жону жаман катуу, Заман жолборсторду да жоошуткан. Жогору жактагылар "ойт" десе, "айт" дешип жолборстор жорго сымал желип-жортуп жөнөшөт. Ит сыяктуу илгиртпей куйруктарын чамгарактаганды үйрөнүшкөн. "Жолборстуку жолдо" дешип алыска аттанышып, аңын чалып келишет. Комдонуп жатып конок болгондун сырын үйрөнүшкөн.

Жылан.
Комитет: жылуулук, энергетика, жер алдындагы кендер.
Азыктанат: Энергетика министрлиги.
Зодиак белгиси: Суукуйду ("Ак жол").
Негизги девизи: "Кошунаңа тоок берсең, казын сура, ашынаңа ток берсең, газын сура".
Жек көргөн макалы: "Жылаан тоюп ийнине кирди".
Мүнөздөмө: "Жылуу сүйлөсө, жылан ийнинен чыгат" дейт эмеспи, ашыналар менен жылуу сүйлөшсөк үйүбүз жылуу болоорун жыландар билишет. Албетте, жер алдындагы кендин, казынанын ээлери да жыландар. Парламентте кен маселелер жыландарга тиешелүү, "жылан чакпай, жылкы теппей" кол ийрисине тарткан мыйзамдарга көңүлү ооп кетпесе, биздин өлкөбүз кендерге кенен эмеспи. Ошондуктан, элдин жыргалчылыгы жыландардын колунда.