№34, 05.03.08-ж.
  Кыргызтаануу

Кыргыз качан жана кайдан чыккан?
Редакциядан:
Кыргыздар өз тарыхыбызды билебизби? Күнү кечээ экс-мамкатчы О.Ибраимов кытай архивдеринен көтөрүп чыгып, кыргыз улутунун жаралыш тарыхын 2500 жыл экен деп, бир дуулдап барып басылдык эле.
Бүгүн дагы бир экс-мамкатчыбыз Д.Сарыгулов "Кемтилген китеп, кемиген кыргыз" аттуу китебин жазып, жарыкка чыгарды. Тарыхий-публицистикалык ыкма менен жазылган бул китептен автордун бүгүнкү бийликке, бүгүнкү заманга болгон инсандык ачык позициясынан тышкары кыргыз улутунун, кыргыз мамлекетинин түптөлүшүн 4миң жылдан (бүгүнкү тарыхыбызга 2008-жыл болгондугун эске алып койгула) ашуун мезгилге жеткирип, жеткиргенде да илимий булактардан алынган далилдер менен бекемдеп берүүсүнүн өзү эле китептин ат көтөргүс жүктү көтөрүп тургандыгынын ачык-айкын далили деп эсептесек болот.
Кыргыздын түпкү теги сактардан, арийлерден башталабы? Түрк атабыз Кыргыздын бир бутагы болуп калабы? Манас атабыз эпостук каарман эмей эле, чыныгы турмушта жашап өткөн адамбы? Биздин заманга чейинки миң жылдыкта азыркы Өзбекстандын аймагында Манас каналы болгонбу? Мына ушул жана башка көптөгөн суроолорго жоопторду "Алиби" гезитинин сандан-санга жарыялануучу Д.Сарыгуловдун китебинен тапсаңыздар болот.

( Башы өткөн санда )
Тогузунчу белги - Алтай, Тува, Хакасияда жер, суулардын бүгүнкү күндө аталышы: дарыялар - үчтерек, Каражыгач, Кичису, Карасу, Таштык, Каракол, Чуйка, Элечек, Балыкту, Арча, Корумду, Узункарасу, Тургень, Тузакту, Караоюк, Толмоксу, Теректүү, Арзуум, Бөлтүрүк, Тыткескен. Аксу, Куш, Карагер (дагы 32 аты кыргыздын сөздөрү), көлдөр - Тереңкөл, Байкөл, Тузкөл, Жылуукөл, Жалгызкөл, Куттуукөл (дагы 18 көлдүн аталышы кыргызча), тоо-ашуулар - Карлукыр, Чоңкыр, Таштукыр, Учаркар, Тульку, Карабел, Корумду, Арча, Күркүрөө, Караташ, Жамбаш, Аккыя, Байгара, Бельсу, Белкарагай, Кууташ, Колбала, Аталык, Кызылташ, Коргонкыр, Мөндүрсоккон, Талдыбулак, Туюк, Куруткан, Карасагызган (дагы 70 өзөн, кокту, ашуулардын аты кыргыздын тилинде аталган)"1.
Кыргыздар Сибирден кеткенине төрт жүз жыл өткөнүнө карабай, жер-суулардын аттары бүгүн да кыргыздыкы болуп жатпайбы!!

* * *
Кыргыз эң байыркы элдеринин бири, улуу тарыхка ээ болгон үчүн белгилүү окумуштуу Абрамзон С.М. өзүнүн "Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер" аттуу китебинде (Бишкек, 1999-жыл, "Кыргызстан-Сорос" фонду) пайдаланып, аларга шилтеме кылган илимий булактардын саны 1738 болуп, китептин 87 бетин ээлеген (806-893 беттер).
Бирок, өйдөдө келтирилген тарыхый талашсыз маалыматтарды бүгүн сабаттуу, билимдүү (атүгүл даражалуу - депутат, министр, губернатор болгон) кыргыздардын 99,9% билбейт!
Коммунисттер доорунда тарых боюнча жазылган окуу китептердин биринде да кыргыздын тарыхы айтылган эмес, тескерисинче - жаап-жашырылган.
Өткөндүн баарын жамандап, жаңы саясат жүргөн жаңы доорду гана мактап, даңкташ керек эле. Мындай саясатка кайчы пикир айтып, чындыкты талашкандардын баары айдалып (манап, болуш, бай, кулак, молдо, пантүркист ж.б. саясий жарлыктар тагылып), же НКВД сурак, тергөө жүргүзбөй, сотто карабай эле атып салышкан.
Улуттун улуу рух, дөөлөт, наркын, салтын, тарыхын билген адамдар улам жок кылынып турган (бай-манап, феодал доорун мактап, жактаган эскичил, большевиктерге каршы, басмачы, контреволюциячыл күчтөр деп, аёсуз кырылган).
Динге каршы күрөш жүргүзүлгөндө (элүү-алтымыш жыл бою) араб тамгасы менен жазылган китептердин көбү өрттөлгөн (арасында кыргыз тарыхы жазылган кандай гана табылгыс китептер бар эле!). Ушундай саясаттын кесепетинен, төрт муун кыргыз өз тарыхын, маданиятын, өнөрүн, рухун, наркын, салтын, тилин, дилин унутуп (эскинин кимге кереги бар деген ишенимге кирип), бүгүн Мекенибиз улутсуз чөлгө айланып, руху-эрки-намысы (демек-тамыры, өзөгү) жок жаран-пенделер жашаган (Мекен, Улут, келечек менен иши жок, курсагын гана ойлоп, денесинин кулу болгон) жөн эле жер аянты болуп калды.
Элин, жерин коргоп, баатырлардын аккан канын, бабалар жаратып, мурас кылып калтырган тилин, маданиятын, дилин, наркын, салтын, тарыхын ыйык тутуп, аздектеген эл гана жер аянтын улуу Мекенге айлантып, ыйык асаба катары тутуп, алдына баш ийип, ынтымак, биримдигин аска-зоодой бекем сактай алат.
Кыргыздын көкүрөгүнөн чыгып, аздектелбей калган Мекен өзү да жетим болуп, томсоруп турганын таштай катып калган жүрөгүбүз сезбей жатпайбы…
Кыргызстанды бүгүн "общий домго" (демек жалпы жатаканага) айланткан үчүн кийинки эле жүз жылда сырттан келген элдердин баарысынын турмушу тың, жалгыз гана кыргыз өз өлкөсүндө жакыр, жетим, жүдөө.
Өз Мекени менен сыймыктанып ага ишенбеген (ишенбеген үчүн аны таштап кетип жатышпайбы), өзүн тааныбаган, сыйлабаган, намысын жоготкон кыргызды бүгүн ким сыйлайт? Ага ким ишенип, сырттан акча-каражатын алып келип ишкерлик жүргүзөм дейт??
Келсе, өз эли ээ боло албаган өлкөнү талап, үзүп, жулуп, байып алайын деген шылуундар гана келет да!?
Кыргыздын улуу, байыркы тарыхын билген аалымдар болгон. Белгилүү санжырачы үмөт молдо (1883-1943жж.) өз санжырасында: "… Кыргыз уругу Мухамбеталейсаламдан үч миң жыл мурун калк болгон"-деп жазат 1.
Үмөт молдо 1941-жылы репрессияланып, 1943-жылы түрмөдө каза болгон.
Мухамбет пайгамбар 570-жылы жарык дүйнөгө келген. Демек, андан үч миң жыл (тактап айтканда б.з.ч. эки жарым миң жыл) мурун кыргыз калыптанган мезгил Афанас маданиятына дал келип турбайбы! Санжыра менен тарых шайкеш болуп, бир жерден чыкканы - бул маалымат чындык экенин белгилеп жатпайбы!!
Улуттук эс-тутумду өчүрүп, жок кылуу саясатты КПСС 70 жыл бою мамлекеттин бүт болгон күч-кубаты менен жүргүзүп келген (НКВД, МВД, пионер, комсомол, партия, профсоюз, чыгармачыл бирикме ж.б. баары бул ишке жигердүү катыштырылган).
Натыйжада, КПСС кыйраганына 17 жыл өткөнү менен, бүгүн да кыргыз "улут" деген сөздү оозуна алгандан коркот.
Бул - кыргыз төрт миң жыл тарыхынан, баатыр Бабаларынын арбагынан, мурасынан, улуу дөөлөтүнөн кечип, баарынан баш тартып, көрүнгөн элдин көчүрмөсү болгонго көнүп, намысын жоготуп, рухий кулга айлануу жолуна түшкөнүн билдирет.
Бул жолдун бир эле келечеги бар - бөлөк элдерге сиңип, жок болуп, балдарыбызды, неберелерибизди кул кылып, Мекенибизден айрылуу.
Демек, улут алдында кыйраткыч, жырткыч муун деп аталып, кыргыздын тарыхында өчпөс, каргышка калган кара тамга менен жазылуу.
Бүгүн көпчүлүгүбүз ушул тагдырды тандап алгандайбыз. Бул - көзүбүз көр, көкүрөгүбүз - сокур, акылыбыз тайкы, бир күн менен гана жашап жатканыбыздын даана белгиси.
Дүнүйө жыйнап, байлык топтоого бүткүл күчүн, акылын, өмүрүн арнап, мен кыйынмын деп бой көтөрүп, чиренип жүргөн миллионерлер (20-40 миллион доллары бар адамдар аз эмес), депутат, министрлер, генерал ж.б. төбөлдөр кыргыз Улуту үчүн бир күнүн арнап, эмгек кылыптырбы?
"Жер-эненин карызынан денеңди берип кутулсаң, Улут алдында карызыңдан жаныңды берсең да кутула албайсың" деген сөздү унутуп, Улут алдында карызын алар кайрып бербей, тиги дүйнөгө кошо алып кетишеби?
Ушул ачуу чындыкты ачык айталбаганыбыз - тагдырыбызга чабылган балта болуп, "мен кыргызмын, кыргызга күйөм" дегендин баары келечек алдында күнөөлүү экенин түшүнүүгө мезгил бышып жеткенин ырастайт.

III. Байыркы кыргыз уруулары жөнүндө илимий маалыматтар1
Сөз далилдүү болуш үчүн ХIХ к. (СССР-ан 50-70 жыл мурун) жазылган тарыхый эмгектерге кайрылабыз.
Григорьев В.В. (1816-1881жж.) - орус тарыхчысы, чыгыш изилдөөчүсү "О скифском народе саках"2 аттуу китебинде минтип жазган:
"… Саки у Персов было таким же собирательным именем для малоизвестных им народов Средней Азии, каким, для тех же народов, было у Греков имя Скифы" - 3 бет.
Демек, Сактар - көп уруулар бирикмеси болгон. Аларды гректер "скиф" деп тааныса, перстер - "сак" деп атаган.
"… Саки эти имели на головах высокие и острые кверху калпаки, носили штаны, вооружены были луками, кинжалами и особого рода топорами…" - 3 бет.
Демек, сактардын баш кийими - кыргыздын ак калпагы болгон.
2006-жылы, Мекка шаарында өткөн бир жумалык 56 ислам өлкөлөрүнүн (ОИК уюмунун) жыйынында Ак калпак кийген жалгыз кыргыздар болду.
Жыйындын катышуучулары биздин баш кийимге суктанып, бирге сүрөткө түшүп, колуна алып, таңгалып, айрымдары Ак калпактан биз кыргыз экенибизди тааныганда байыркы бабаларыбыздын даанышмандыгына, дүйнө жүзүндө кездешсиз баш кийим ойлоп тапкан касиетине таңгалдым.
Эки жыл мурун кытайга ак калпак кийип барганыма ыраазы болгон улуу манасчы Жусуп Мамай аксакал минтип айтты эле:
"Каныкей энебиз Манаска ак калпак кийгизгенде минтип айткан экен: ак калпактын үстү - ак мөңгүлүү Ала-Тоонун белгиси, кыры - Ала-Тоону мекендеген кыргыз элинин элеси. Эки ыйыктыкты камтыган ак калпак башыңан түшпөсүн… Кырк чорого ак калпак кийгизип жатып кошумчалаган экен: эки ыйык белги башыңардан түшпөсүн, түшсө - башыңар менен кошо түшсүн" - деп.
Ошол үчүн кыргыз баш кийимден аттабайт, аны дайыма өйдө коет, башынан албайт, бирөөгө бербейт, себеби - ал Мекен менен элинин ыйык белгиси.
Манас бабабыздын баш кийимин, Мекен жана элибиздин ыйык белгисин, дүйнө элдеринин биринде да жок Ак калпакты кийгенден бүгүн арданганыбыз - бир чети, Манастын арбагын сыйлабаганыбыздын, бир чети - рухубуз өлүп, кул болгонубуздун белгиси.
Кайра Григорьев В.В. жазган китепке кайрылалык:
"… в сражении при Платеях первое место по оказанной храбрости отводит Геродот (б.з.ч. Vк. жашаган грек тарыхчысы) сакской коннице", - 4 бет.
"… сообщает об этих народах и сам Страбон (б.з.ч. I кылым). Большая часть Скифов за Каспием именуется Даями, те, которые дальше от них на восток - Массагетами и Саками … хотя каждый из тех народов имеет своё собственное имя" - 20 бет, сак элине кирген уруулардын ар биринин өз аты болгону айтылат.

"В "Географии" Птоломея (I-II вв.н.э.) Сакам посвящена целая 13-я глава VI книги" - 24 бет.
"Из греческих писателей после Р.Х. (биздин замандан бери) встречаются известия о Саках у Арриана, Дионисия, Периегета, Птоломея, Климента Александрийского и Элина" -23бет.
"Имя Саков было весьма известно в древней Индии. По разным случаям упоминается оно в самых ранних памятниках Санскритской литературы, в Магабарате, законах Ману…" - 28 бет.
"Отзывы о Саках, встречающиеся в Рамаяне и Магабарате, как о народе весьма храбром и трудно победимом…" - 30 бет.
1 Республика Алтай, Атлас, Новосибирск, ФРУП "ПО инжгеодезия", 2005г., масштаб 1:200000, Республика Хакасия, Роскартография, Москва, 2005г. Масштаб 1:500000.
1 Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын Манас таануу Улуттук борбору, инвентарь № 191, 421-437 беттери.
1 Бул китепче тарых адистерге арналбаган соң, илимий маалыматтардын айрымдары гана келтирилди (1-2 пайызы эле).
2 Григорьев В.В. "О скифском народе саках" Алматы, "Хант" 1998г.