№34, 05.03.08-ж.
  Кууш жолдор:

Таксырды аксылыктар такалайбы?
Аксы окуясы азыркы бийликтин арылбай турган жарасына айланды.
Мурунку бийликтин мурдуна чыккан бул жара, азыркы бийликтин алкымына жармашты. Аксы окуясы боюнча акыйкат чечим чыгарам деген Акаев, ал иштин этегинен эмес, өз ишинин этегинен чыкты.
"Бийликке келсем эле бул иштин этегине чыгам" деген кишибиз, үч жылдан бери үйүлгөн үмүттөрдүн үстүнөн чыкпай, башка жерден чыгып калды. Ажобуздун "Аксы окуясы" боюнча акыркы жылдарда берген убадалары, аксылыктарды убара гана кылды. Азыркы расмий бийлик канчалык аракет кылбасын, канчалык калп айтып какшанбасын, баарыбир бул иштин бетин ача алмак эмес. Ачам дегендердин артында, ачылып калчу жерлери бар болчу. Аксы окуясы убагында ажобуз өкмөт башчысы болуп турса, кантип эле анын эч кандай күнөөсү жок болуп калсын? Аксы окуясы боюнча күнөөлөрү бар делингендердин көпчүлүгү азыркы бийликтин ар кайсы бутактарында отурушпайбы?. Мындайда, алардан адилеттикти күтүүнүн өзү, акылсыздык болуп жатпайбы? Аксы окуясын ачам деген адам, кызматтан качам деген эле эмес, Кыргызстандан качам деген адам болуш керек. Алты жылдан бери ачылбай келе жаткан бул иштин аркасында аябагандай чоң күч бар экени, эч кимге жашыруун эмес.
Өткөн жума этегинде, ошол "кандуу жекшембиден" каза болгондордун туугандары Момунбек Четинбаев, Анарбай Үмөталиев, Айжигит Бейшебаевдер кыргыз коомчулугуна кайрылуу жолдошкон.
Кайрылууда: "Аксы окуясынын түздөн-түз күнөөлүүлөрү азыркы бийлик тарабынан жаап-жашырылып, алардын ордуна экинчи катардагы адамдар айыпталып, аксылыктарга карата алдоо саясаты жүрүп жатат. Ошондуктан биз, 2008 жылдын 17 мартында, кыргыз элинин салтына ылайык, Аксы окуясын териштирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Д.Садырбаев жетектеген парламенттик комиссиясынын корутундусуна ылайык, Аксы окуясына айыптуу кылмыш жообуна тартылыш керек деп көрсөтүлгөн А.Акаев, К.Бакиев баш болгон 42 адамдардын айыбын элдик сот аркылуу тактоону суранабыз" дейт,-акыйкат издеген аксылыктар.
Акыйкаттын айынан, алты уулунан ажыраган аксылыктардын койгон мындай талабы, азыркы бийликтин Аксы окуясы боюнча алсыз экендигин гана эскертпестен, бийликтин элге болгон ишениминен ажырагандыгынан дагы кабар берет. Эмне үчүн, аксылык алты баланы аткандар азыркы күнгө чейин такталган эмес? Эмне үчүн аларга буйрук бергендер алты жылдан бери такталбай келет? Демек, бүгүнкү бийлик Аксы окуясы боюнча акыркы чекитти койгонго кызыкдар эмес!
Акаев бийлиги "аксы окуясын" туп-туура үч жыл убада менен узартып келген, Бакиев бийлигинин берген убадасына дагы үч жыл толуп калды. Алты жылдан бери, алты баланын арбактары Акүйдөн акыйкаттыкты таппай келет. Ким күнөөлүү? Чыркыраган чындыкты чынжырлаган кимдер? Жок дегенде бирөөсү айтса кана, "мени арбактар уктатпай жатат, мен аттым эле, мага буйрукту бул берди эле" деп. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" дегендей эле, акыры барып отуруп ошого такалат. Арбактар акыры бул ишти жасаган кишини жарга такап болсо да айттырат. Эгерде ал адамдар арабызда аман жүрүшсө?
Аксы окуясынын ак-карасын териштирген Д.Садырбаев жетектеген парламенттик комиссиянын корутундусу боюнча, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аталган фактылар, аталган адамдар боюнча иш аракеттерди көрүүсү зарыл болсо да, азырынча алгылыктуу жооп бере албай келет. Ушул комиссиянын корутундусун камтыган "Абийир соту" деген китепче, бүгүнкү күндө бүткүл кыргызстандын булуң-бурчуна таркап кеткен. Андагы камтылган материалдардын негизинде, азыркы ажобуз К.Бакиевдин дагы күнөөлөрү бар экени далилденип жүрөт. Каргашалуу окуянын чыгышына, "Тайфун"(массалык башаламандыкты жөнгө салуу) жана "Буран"(административдик имараттарды коргоо) атайын пландарынын аракеттери себеп болгон. "Тайфун" жана "Буран" операцияларын ишке киргизүү үчүн токтомго ошол кездеги премьер-министр К.Бакиев кол койгон. "Абийир соту" китебинде келтирилген фактылардын бирөөсүн дагы азыркы бийлик төгүнгө чыгарууга аракет жасабаганын эске алсак, анда, аксылыктар туура чечим кабыл алганын моюндашыбыз керек.
Аксы окуясы боюнча алгылыктуу иш алып бара албагандыгы үчүн А.Бекназаров кызматынан айдалса, аягына чыгара албагандыгы үчүн К.Конгантиев кызматы менен коштошсо, азыркы Башкы прокурорубуз Э.Сатыбалдиевдин иш аракетине ажобуз кандай баа берет болду экен?
Алты жылдан бери ачылбаган "аксы синдромун", азыркы бийлик ачып берет дегенге болбойт. Анткени, азыркы бийлик ачканга эмес, андай балакеттен качканга кадам таштоодо. "Чубактын кунундай чубалжыган" бул ишти ачуу үчүн өтө деле акылман юристин кереги жок, болгону саясий эрк керек. Боспиектин боз талаасында өткөрүлө турган элдик сот, аксы окуясынын ачылышына чоң түрткү берет.
Коомдук парламент, элдик сот, элдик курултай, эмки кезек кимдики?




  Жүрөгүм ооруп турат бүгүн менин

Таң атты. Демейки эле кызмат күнүм,
Негедир жүрөк тушум муздак бүгүн.
Жаз келип, март жаңырган күндөн бери,
Жан дүйнөм боздоп-ыйлап, сыздап жүрүм.

Кирбестир мындай шумдук түшкө деле,
Кашайып октун жолу ичке беле.
Кубалап атмак түгүл адамдарды,
Оңойбу ок чыгаруу итке деле.

Жаз эле, жалбырактар бүчүр жарган,
Момун эл чындык угуу үчүн барган.
Опаасыз ошол кандуу жекшембиде,
Ок атты бийлик элге утулгандан.

Жумушка колум барбай турат бүгүн,
Көроокат жөнүндө ойлоо уят бүгүн.
Жыл өттү, бирок кана, айткылачы,
Кылмышка ким күнөөлүү, ким актыгын?

Кайран эл чындык издеп тебелендиң,
Ырыскы, мээнетиңди жебеген ким?
Алдыңан алтын тагың берсең дагы,
Көз жашы кургамакпы энелердин.

Ээлетип мерестикке сезимдерди,
Кайрымды кан-жанынан өчүргөнбү?
Ааламды алаканга салсаң дагы,
Аталуу кыла албайсың жетимдерди.

Жыл өттү. Чындык кана? Кечирген ким?
Чеги да бар эмеспи эсиргендин.
Кудайга курдаш болуп алсаң дагы,
Тирилип келбейт жары жесирлердин.

Же бийлик убадага тура алсачы,
Жөн эле калыстыгын кыла алсачы.
Өткөрүп жүрөгүнөн жүлүнүнө,
Калкынын арыз-муңун уга алсачы.

Досу ким? Калысы ким? Душманы ким?
"Калкым" деп чындап күйүп-бышканы ким?
Ээрчиме ылдый баштар жүрүшпөйбү,
Чалынып ычкырына ыштанынын.

Баюудан башка барбы тилектери?
Сатылып, сатуу менен күн өткөнү.
Эл эмес энесине пайдасы жок,
Эртелеп өлгөн экен жүрөктөрү.

Бийликтен түңүл, мейли түңүлбөгүн,
Жалганга колтук ачып жүгүнбө элим.
Жыл бою чындык издеп таппаганга,
Жүрөгүм ооруп турат бүгүн менин.

Аксыда бейпил турмуш бүлүнгөнүн,
Акыйкат тизе бүгүп ийилгенин.
Эстеген сайын көздөн жаш куюлуп,
Жүрөгүм ооруп турат бүгүн менин.
Жүрөгүм ооруп турат бүгүн менин…

17 март, 2003 жыл.
Т.Бекболотов, эл аралык
Байдылда сыйлыгынын ээси.




  Алибинин айлампасы

Мари Иованович
Улуу Америка мамлекетинин биздеги элчисине, бийлик тарабынан эч кандай сын пикирлер айтылбай келе жатканынын өзү, ал өз ишин ак жана так аткарып келе жатканынан кабар берет. Чындыгында Мари айымга сын таккандан көрө, анын биздин бийликке берген сын пикирлерин эске алганыбыз оң. Кыргыз демократиясынын көрүн казып, көмгөнгө даяр турган азыркы бийлик, американын элчи айымы болбогондо, мурун эле муунтуп коюшкан ээн баш демократиянын денесин жерлеп коюшмак. Өткөн жылы өткөрүлгөн парламенттик шайлоолорду "өтө таза өттү" дегендерге, элчи айым андай эмес экенин эскертип өткөн. Бүгүнү күндө, тепсендиде калган кыргыз демократиясына дем берген да, жем берген да ушул айым.
Жем жегендерге кем берип жатабы, айтор Ала-Тоонун демократиясы алсырагандан алсырап эле баратат. Мари айым болобу, март айым болобу, майрамы менен куттуктап коелу

Токон Шайлиева
Шайлоонун шайтан оюндарышаңкылдап шар жүргөн Шайлиева эжекебиздин, шайын оодарып салса керек. Адилетсиз өткөн шайлоолордон кийин ал эжекебиздин үнүн укканга зар болуп калдык.
Аялдардан чыккан алгачкы губернатор болгонун кантип жашырабыз?
Оппозиция жээгине өткөнгө жаланып турабы же өткөн шайлоолордо чачкан акчаларынан чайналып турабы, азырынча Асан акенин кызынын кылыгы байкалбайт. Токон эженин, "көңүлү ток, ичинде түтөгөн чогу жок" - деп айтыш кыйын. Саясий кырдаал күчөп кетсе, айкырып бир жерден чыгаары толук мүмкүн. Өткөндө кайсы бир гезиттин бузук телефонуна кабылып, "өкмөткө барсам министрликке гана барам, орун басарлык жумуштар менин деңгеелим эмес" дегенине караганда, бийлик кумарынын кучагынан, азыркыга чейин бошоно албай жүрсө керек. Аялдардын "генералын" кайсы жээктен көрөөр экенбиз?

Саламат Садыкова
Сахнадан ири ийгиликтерге жеткен Саламат эжекебиз саясаттан деле салмактуу ийгиликтерге жетмек. "Ата-Мекендин" арабасынан түшүп калганына караганда саясаттын ыплас оюндары жага бербеди окшойт. Бирок, калыстык үчүн айтып коюшубуз керек, Саламат эженин саясат жөнүндө сүйлөгөнүндөй кылып азыркы "Акжолдун" айымдары сүйлөй албайт. Аксылык аялдарга эркектигин далилдеп берчү Адахандын Алматага болгон сапарын айыптап чыккан дагы ушул айым. Сахнадан жолдуу болуп, саясаттан жолу болбосо да, помаданы жакшы көргөн эжекебиз, тамадалык кесипти тандап кетиптир. Элдин көңүлүн көтөрүш деле оңой иш эмес. Саясаттан көңүлүңүз калса да, сахнаны сагындырбай саламатта болуңуз.

Айчүрөк Иманалиева
"Ак жол" үчүн үнүңүздү аябай баптадыңыз эле, ал жактан жарытылуу жардам алсаңыз да, жакшы сыйлык албай калдыңыз.
Орто жолдо орустардын парламентинен орден алдыңыз. Ырчылардын ырын, шайлоочулардын чырын чымын чаккандай да көрүшкөн жок. Элчи менен ырчылардын эмгегин баалаган мурунку заман жок. Азыркы заманда Эл артистин эмгек сиңиргендер эмес, эптеп илингендер алып калган. Атактуулардын заманы эмес, акчалуулардын заманы болуп калбадыбы? Орустар орден беришсе, казактар деле карап отурбайт чыгар, ал үчүн Роза Рымбаева менен болгон достук мамилеңизди дагы бекемдеңиз, Айчүрөк айым. "Ак жолго" ырдагандар акча алышса, "Ата-Мекенге" ырдагандар атак алышса, айрым бир ырчылар мандат алышты. Балык депутат болгуча, бакырып ырдаган ырчы болгон жакшы эмеспи…

Жылдыз Жолдошева
БШКнын мүчөсү болуп шайлоолордун алдында келди эле, шайлоолор бүткөндөн кийин эч кимге кереги жок болуп калды. Кайрадан "Курманжан датка" фондусуна барды. Ушундай фондду жетектеген айым, эң биринчи кезекте акыйкат адам болсо жарашмак.
Жылдыз эжекебиз, тилекке каршы, андай боло алган жок. "Шайлоолордо ажобузга туура эмес маалыматтар берилип туруптур" деп, эми айтканын кантебиз? Ошол кезде орун алып жаткан опурталдуу оюндардын сырын элге айтып койсо болмок эле да? Катылып жаткан калыстыкты айта албаган айымды, калыстыгы как жарган, кадимки каныша Курманжанга кантип теңейбиз? Күнүгө "Мир" телеканалынан "Курманжан датка" фондусунун "Оштогу кырсыкка жардам бергиле" деген жарнамасын көрүп, көңүлүбүздүн айныганын кимден жашырабыз.

Бетти даярдаган: Р.Момбеков