№35, 12.03.08-ж.
  Азил - чыны аралаш

Саат сайт www.kg.
1 саат. Математика
Топуктуу президент + топуктуу премьер-министр = экономикалык өнүгүү.
Топуктуу президент + алкы чоң премьер-министр = мамлекеттик төңкөрүш.
Алкы чоң президент + топуктуу премьер-министр = өкмөт отставкасы.
Алкы чоң президент + алкы чоң премьер-министр = коррупция.

Эзме президент + эзме парламент = мыйзамсыз мыйзамдар
Эзме президент + ээрчиме парламент = аскердик регламент
Ээрчиме президент + эзме парламент = импичмент
Ээрчиме президент + ээрчиме парламент = МЧС бийлиги

Жүрөктүү президент + жүрөктүү оппозиция = демократия
Жүрөктүү президент + суу жүрөк оппозиция = камак
Суу жүрөк президент + жүрөктүү оппозиция = митинг
Суу жүрөк президент + суу жүрөк оппозиция = мөөнөтсүз шайлоо

Күчтүү президент + күчтүү конституция = АКШ
Күчтүү президент + чоркок конституция = референдум
Чоркок президент + күчтүү конституция = 1993-жылдагы конституция
Чоркок президент + чоркок конституция = 2007-жылдагы конституция

Акылдуу президент + акылдуу каржы министри = айлык акы көбөйөт
Акылдуу президент + дөдөй каржы министри = карыздар көбөйөт
Дөдөй президент + акылдуу каржы министри = ХИПК
Дөдөй президент + дөдөй каржы министри = инфляция

Намыстуу президент + намыстуу "криминал" = тартип
Намыстуу президент + чогоол "криминал" = түрмө
Чогоол президент + намыстуу "криминал" = шайлоодо жеңиш
Чогоол президент + чогоол "криминал" = кан төгүлүү

Чыйрак президент + чыйрак администрация жетекчиси = чоркок премьер-министр
Чыйрак президент + жан бакты администрация жетекчиси = кадрдык өзгөрүүлөр
Жанбакты президент + чыйрак администрация жетекчиси = куугунтуктоо
Жанбакты президент + жанбакты администрация жетекчиси = "семьякратия".




Танапис "тарс" этмелеринен:
Парламенттин мүчөсү мейманканадан шаша-буша чыгып кетип баратат, экинчи кабаттын терезеси шарт ачылып сулуу бийкечтин башы көрүнүп:
- Акча, акчаны…-деп ал ачуу кыйкырат.
- Сенаторлор сойкулардан акча алышпайт - деп парламент мүчөсү менменсине басып кетиптир.

2 саат. Информатика:
Орун алмашуудан сумма өзгөрөбү?

2005-жыл.
Такырбаш - А.Акаев
Жылмаюу. 2005-жыл шайлоонун бирин-
чи туру.
Узакка жылмаюу. 2005-жыл шайлоонун
экинчи туру.
Осмонакун Ибраимов жылмаюуда.
Медет Садыркулов жылмаюуда
Абдыганы Эркебаев жылмаюуда
Майрам Акаева жылмаюуда
Бермет Акаева жылмаюуда
Болот Жанузаков жылмаюуда
Адил Тойгонбаев күлүп жатат
Фемидага баары бир
Оппозиция ишенген жок
ОБСЕ оозун ачты
Дүйнө таң калууда
Өтпөй калгандар "шок" болду

4-март
Кайгы. А.Акаев учуп кетип баратат
Майрам Акаева ачууланууда
Бермет Акаеванын көз жашы
Айдар Акаев эстеп атат
Адил Тойгонбаев уктап атат
Кубанычбек Жумалиев эмне кыларын
билбей турат
Медет Садыркулов эмне кыларын
билбей турат
Оппозиция тилин сунду
Болот Жанузаков тумшукка жеди
Осмонакун Ибраимовдун көзү көгөрдү
Мародерлор

2008-жыл
доллар, К.Бакиев
Жылмаюу. Референдумдан соң
Узакка жылмаюу. Парламенттик
шайлоодон соң
Медет Садыркулов жылмаюуда
Чудинов жылмаюуда
Чолпон Баекова жылмаюуда
Адахан Мадумаров күлүп жатат
Данияр Үсөнов жылмаюуда
Айгүл Рыскулова жылмаюуда
Эрнис Кыязов жылмаюуда
Фемидага баары бир
Оппозиция ишенген жок
ОБСЕ оозун ачты
Дүйнө таң калды
Өтпөй калгандар "шок" болду
Убакыт көрсөтөт




Танапис "тарс" этмелеринен:
Адахан Мадумаров Мамдумага барып, спикери Борис Грызловдон кеңеш сурап калат:
- Өкмөт башчысын кантип тандаса болот?
- Акылына карап,-деп кеңеш берген Грызлов өтүп бара жаткан Зубковду чакырып,-Сиздин атаңыздын баласы, бирок сиздин бир тууганыңыз эмес, бул ким?-деп суроо берет.
-Менмин,-деп Зубков такалбай жооп кайтарат.
Кубанып кеткен Мадумаров өтүп бара жаткан Чудиновду чакырат.
-Сиздин атаңыздын баласы, бирок сиздин бир тууганыңыз эмес, бул ким?
Чудинов ойлонуп келейин деп, ары кетип баратса алдынан Медведев чыга калат.
- Дима, айтып берсеңиз, сиздин атаңыздын баласы, бирок сиздин бир тууганыңыз эмес,бул ким?
- Ал мен,-дейт Медведев.
Сүйүнүп кеткен Чудинов Мадумаровко чуркап келет.
- Таптым! - дейт кубана.
- Ии, ким экен?
- Ал Медведев экен.
- Ай Чудинов, - деп башын чайкайт спикер мырза, - мээни бир аз иштетиш керек, ал деген Зубков эмеспи.




3 саат. Тамсил: "Балык" парламент
Күйүп "жашыл" жарыктар
Күйгүлтүккө салып шар.
Парламентке келишти
Партиялуу "балыктар".
Үгүттөшүп тердеди
Үмтөттүрүп "эл" деди.
Арстан, жолборс, аюуга
Бир аз орун бербеди.
Колдоп ака, "аталар"
Кетти далай каталар.
Жерде-сууда жашоочу
Кошулушту "бакалар".
"Бакаларды" түртүшүп
"Музоо кезде сүзүшүп".
"Мент" сыяктуу парламент
Регламент түзүшүп.
Сөөмөй кезеп "кит" келди
Сөз сүйлөтпөй "жиктеди"
Балыкта бар эмне сөз
Оозун ачып, тиктеди.

* * * * * * * *
Парламентте "балыктар"
Тарых болуп калышты.
Биротоло сүйлөбөй
Балык болуп калышты.




Танапис "тарс" этмелеринен:
Парламентти жалпы эл башкара аларын Төрөбай Кулатов далилдеди.
Парламентти чабан деле башкара аларын Таштанбек Акматов далилдеди.
Парламентти партия башкара аларын Апсамат Масалиев далилдеди.
Парламентти депутаттар башкара аларын Медеткан Шеримкулов далилдеди.
Парламентти канайым башкара аларын андан кийинки спикерлер далилдеди.
Парламентти оппозиция башкара аларын Өмүрбек Текебаев далилдеди.
Парламентти эч ким деле башкарбай койсо болорун Марат Султанов далилдеди.
Адахан Мадумаров эми эмнени далилдемекчи?

Келдибек уулу Азизбек.