№35, 12.03.08-ж.
  Эстрада

М.Атабеков: "Канат байке менен иштешүү- сыймык"
Канат Култаев: продюсер
- Саламатсыздарбы!
Биринчи сурообузга, Канат байке сиз жооп берсеңиз. Сиздердин ортоңуздарда түзүлгөн келишим март айынын аягында бүтөт экен. "Биз отчеттук концерт берип, келишимди улантпайбыз. Ар кимибиз өзүбүзчө ич ара иштейбиз"- деген массалык маалымат каражаттарына тараган маалыматка таянсак бул сиздердин акыркы концерт экен да?
Биринчи апрелде Мирбек экөөбүздүн ортобузда түзүлгөн келишимдин мөөнөтү бүтөт. Ошондуктан, биз 28-29-30- мартта концерт берип, 1-апрелде досторду чакырып, чоң банкет берип, Мирбекти узатып коелу деп ойлогонбуз. Мирбек кыргыз эстрадасынын "кухнясын" билип калды, өзү иштегенге даяр десем болот. Эми, продюсер бул мектеп сыяктуу келген, окуучуларды жакшы денгээлде окутуп чыгаргандай эле нерсе. Мирбек Кыргызстанда иштейби же Казакстанга кетеби өзү чечет. Бирок, Казакстандан жакшы сунуштар болуп жатат. Ал эми келишимди улантуу, улантпоо жөнүндө биз али ойлоно элекпиз. Аны убакыт көргөзөт, кудай буйругандай болот да. Чынында бул тема мен үчүн өтө оор, көңүлүмдү түшүргөн нерсе.
- Сиздин жетекчилигиңиз алдында Алихан, Даниель сыяктуу жаш ырчылар бар. Алар Мирбектин денгээлине жете алат деп ойлойсузбу?
- Ар кимдин деңгээли ар кандай. Мирбектей ырчылар Кыргызстанда саналуу гана болсо керек. Алихан менен Даниелдин да өздөрүнүн ар кандай өзгөчөлүктөрү, күйөрмандары бар. Мен балдарымды бири- бирине салыштырбайм, алар кандайдыр бир чекке жетиш керек деген план жок. Алар деле аракет кылып жатышат, менин ишеничимди актайт деген ойдомун.
- Сиздин КТРде иштегениңизге бир топ жыл болду. Жаш ырчылар менен мурунку муундагы ырчылардын айырмасы эмнеде?
- Жакшы, жаман айырмачылыктары көп. Өзүңүздөр билесиздер мурунку муундагы ырчылар менен азыркы жаш ырчылардын ортосунда бир чоң "кризис" болду. Жаш ырчылар чыкпай калды эле, эми минтип өзгөчөлөнүп чыга башташты. Аябагандай аракетчил, изденүү менен иш алып барып жатышат. Анан жаман жактары бат эле "жылдыз оорусу" менен оорушат да, саламга жарабай калышат.
- Маданият министрлигинин чечими боюнча жакын арада фонограмма менен ырдаганга макулдук берилбейт экен. Сиздин оюңузча бул кадам эмнеге алып келет? Ырчылар иргелип , арасында эң мыктылары калабы?
- Бул суроону Маданият министрлиги эки жыл мурда эле көтөргөн. Эгер бул кадам ишке ашып кетсе, анда кыргыз эстрадасында чоң өзгөрүү башталат деп ойлойм. Ага, Маданият министрлиги шарт түзүп бериши зарыл, аппаратураларды коюп берсе, ар бир ырчы "живой" ырдагандан ырахат алары шексиз. Эл өзү тараза эмеспи, элди алдаш мүмкүн эмес. Кайсы ырчы кандай деңгээлде экенин өздөрү тандап алышат.
Мирбек Атабеков: ырчы
- Келишим тууралуу эмнелерди айта аласыз?
- Концерт менен алектенип жүрүп, келишим жөнүндө ойлогон да жокмун. Кудай айткандай болот. Өзүм жалгыз иштейм деп айтуудан алысмын, турмушта ар кандай нерселер болот да, эгер иштей албай калсамчы?
- Сиз "Таласым" деген ырды жаңы стиль менен ырдап чыкканда эл тарабынан кандай сын-пикирлер айтылды?
- Албетте, баары эле жакшы сөз айта бербейт. Көрөалбастык бар дегендей, "ырды бузуп салдың" -деп да айтышты. Эми, ар ким өз пикирин айтат да, мен ага макулмун. Бирок, көпчүлүк элге, анын ичинде улгайган кишилерге жакты деп ойлойм, мен ырдаганда кошулуп ырдашат.
- Канат байкеден башка продюсер менен иштешкенде ушул жетишкендиктерге жетет белеңиз?
- Өзүм иштесем бул жетишкендиктерге жетпейт болчумун. Бир гана ырдаш эмес, ырчы болуу үчүн да көп нерселерди билүү керек. Эгер мен башка продюсер менен иштегенде, кудай билет, кандай ырчы болмокмун? Азыркыдай эмес, мүмкүн башка стилде, башка образдагы ырчы болмокмун. Мен ыраазычылык менен айтам: Канат байке менен иштешүү-сыймык.
- Жаш ырчылардан "таланты күчтүү" деп кимди эсептейсиз?
- Таланттуулар көп, анын ичинде Ралия, Ислам Ахматов деген жигиттин үнү мага абдан жагат, анан дагы Омар, Ома. Булардын үндөрүн баалайм. Алмаз Адамалиев деген жигиттин техникасы күчтүү.
- Сиз ырды тандаганда текстке карайсызбы же обонуна көп басым жасайсызбы?
- Мен ырдаган ырлардын музыкасына да, текстине да көңүл бурам. Бирок, биринчи иретте музыкасы көбүрөөк роль ойнойт. Музыка уккулуктуу болсо, сөз бат эле жазылып кетет.
- Юрмалага барып, биринчи тандоодон өтүп келдиңиз. Биз Сизди биринчи ийгилигиңиз менен куттуктайбыз. Кандай даярдык менен бардыңыз, эмненин негизинде бул ырларды тандап алдыңыз?
- Чындыгында, мен барам деп ойлогон эмесмин. Канат байке, "сен барбасаң болбойт. Казакстандан улам телефон чалып жатышат" дегенинен бардым. Убакыт аз болуп, анчалык деле даярданган эмес элем, бирок, өтүп кеттим. Бул кудайдын буйругу. Эми Москвада өтө турган экинчи турга даярданып жатам. Кандай болгон күндө да кыргыз элине иштеп жүрө беребиз.
- "Казакстанга кетет экен" деген сөздөр чыгууда. Алардын канчалык чындыгы бар?
- Менин кетейин деген оюм бар болчу, бирок, кыргыз элине жеткире турган талантымды, фантазиямды, идеяларымды али жеткире элекмин. Өз жериңде эркин иштеген жакшы деп ойлойм. Мен башка өлкөгө иштесем да, ар дайым Кыргызстандын атынан гана чыгып ырдайм. Мен өзүмдү патриотмун деп айта алам.

Маектешкендер:
Назгүл Эсеналиева
Бүбүсара Алдакулова