№35, 12.03.08-ж.
  Эркек эле, эрки бек
Эрте кетти, Эркинбек

1. Эркек деген ким?
Илгерки кыргыздарда адамдын сырттандарын "жакшы" деп койчу экен. Кылым агымы тилди да бурат турбайбы. Азыр адамга "жакшы" деп баа берүү архаизмге айланып бараткансыйт. Андан көрө күнүмдүк жашоодо "эркексиңби" деген улуу орус элинен жуккан сөз сиңип баратат. "Эркек" деген - адамдын жынысын көрсөтчү мааниси бар. Бул жагынан падышадан кайырчыга чейин бардыгыбыз эркекбиз, аны эч ким танбайт. Арийне, кээ бир падышаларга салыштырмалуу эки бутунан ажыраган кайырчы байкушту, анын жасаган мыкты сапатына жараша "эркек экен" - деп койсо болот.Падышалардын ичинде деле "эркек" деген атка татыктуулары жок эмес. Ельцин тактан түшпөй отура берсе мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок, Россияга Путиндей "эркек" керек деп туюп, кете берди. Путин бизге окшогон кичинекей мамлекеттердин башчысы эмес, башына күн түшсө Россияга кире качкандай. Анын үстүнө, Россиянын байлыгын бүт соруп алган олигархтар менен ачык күрөшүп эмнени билдирет. Бул да эч нерсе эмес, дүйнөнүн байлыгын бүт бөлүп алып, глобалдаштыруу максатында алы жеткендерди аңга тыгып жаткан, католиктик - протестанттык Батышка моюн толгоп турганында.
Путиндин президенттике жанталашпаганы чыныгы эркектик касиетин көрсөтүп отурат. Эркинбек жөнүндө жазылгандарды окуп алып, аттиң деп бармагымды тиштедим. Путиндей болгон кыргыз эркеги тууруна конбой калган экен!

2. Эрте кетти…
Атаганат дүнүйө, не деген кыргыздын жигиттерин жипке тизилген козулардай кылып, жигин билгизбей жок кылышты. Сталиндин репрессиясынан жаштайынан жайраган Б.Исакеев, Т.Айтматов, К.Тыныстанов, Ж.Абдрахманов жана башка элибиз үчүн күйгөн азаматтарыбызды тарых унутабы?
Кыр-кырлардан айдап барып кыргынга салып берген Улуу Ата мекендик согушта канча кыргыз кырылып кете берди. Эч ким эч качан унутулбайт!
Акыркы жылдары эл оозуна алынып калган жигиттерибиз биринин артынан бири киши колдуу болуп кете беришти. Армандуу жашоодо Ж.Сурабалдиевди, Б.Эркинбаевди, Т.Акматбаевди, Р.Акматбаевди эл журту жоктоп кала берди. "Кыңыр иш кырк жылда" - дейт, аларга кол салган адамдар табылып жазасын алар. Аларды эл журт унутпас.
"Кырсык деген каш кабактын ортосунда" эмеспи. Ажал бет маңдай келсе, тике карап, өз жанынан мурда жанындагыларды коргоп калууга аракет кылуу бул чыныгы эрдик. Чолпонбай ДЗОТко төшүн тоскондой эле Эркинбек өз жанын ала качпай, кырсыкка учурап бараткан жолдошторуна жардам берем деп, бул дүйнө менен коштошуп атпайбы… Балким, көз ачып жумчу убакыттын ичинде өз жанын коргоп секирип кетсе, аны эч ким туура эмес деп айтмак да эмес. Ал кырсыктан аман калса ага кайсы киши кол салмак эле? Кыргыздын көп баатырлары ажалга тике карап, жанындагы жолдошторун сактап мерт болушкан. Баатыр аталардын салтын улап, кыргыздын да бир жигити бу дүйнөдөн эрте өтүп кетти.

3. Эрки бек Эркинбек
Эрки бекем адам гана өз максатына жетет. Эрки бекемдигинен Алматы шаарындагы медициналык жогорку окуу жайды артыкчылык диплому менен бүтпөгөндүр. Эрки бекемдигинен 25 жашында илимдин кандидаты, 31 жашында илимдин доктору болбогондур. Кыргыз фармациясын анын негиздөөчүсү жана президенти Эркинбек Матыев эрки күчтүүлүгүнөн, жан үрөгөн тынымсыз аракетинен дүркүрөп өстүрүүгө жетишкен.
Кыргыз тилинен тышкары орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөгөн Эркинбек дүйнө жүзүндөгү илимпоз окумуштулар арасында чоң кадыр-баркка ээ болуп, ошол кадыры менен Кыргызстанды чет өлкөлөргө тааныткан. Коомдук илимдер академиясынын академиги Матыев Эркинбек эки ирет Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Эми аны мактай берсек сөз көп. Эң негизгиси ал жөнүндө көптөгөн китептер жазылган, көптөгөн китептер жазылууда жана көптөгөн китептер келечекте да жазылат. Эрки бекем Эркинбек ошого татыктуу.

4. Кыйын замандын Кыдыр атасы
Эл депутаты катары өз шайлоочууларынын арыз, дооматтарын адилет карап, таза иш жүргүзгөн. Ошол убакта Нарынга баргандыгы жөнүндө бир окуя: Нарынга барганча ойго чөмүлүп көз алдына эл турмушу, саламаттыгы, генофонду, келечектеги жаш муундардын жашоо турмушу жөнүндө көпкө жан кейите кеп салып барган. Бийлик барган сайын журттан ажырап, өз арбайын согуп калды, элди кароого күчү жетпей баратат деп.
Үстү ылай менен жабылган жепирейген кичинекей тамдарды көрүп айдоочусун токтотуп, сумкасын ала түшүп үйгө кирчү да, үй ээси менен учурашып, ал-ахыбалын сурайт. Төрт баласы бар экен. "Бизге жумуш жок" - дейт үй ээси. Балдарынын ден-соолугун бир сыйра текшерип, сумкасынан визитка менен акчасын алып берет. "Балдарга витамин жетпейт экен, шаарга баргыла, жардам берейин" - деп жөнөп кетет. Артынан узата чыккан үй ээлери кайра үйүнө кирип, берген акчасын санаса 15 миң сом экен. Өз көздөрүнө өздөрү ишенбей: "Бул келген адам Кыдыр ата эмеспи?" - дешип берген визиткасынан атын окуп, көздөрүнө жаш ала: "Кудай ишиңди оңдосун, жолуң болсун" - дешип бата тилешип калат.
Мындай окуя бир гана жолу болгон эместир. Эркинбектин марттыгы ченемсиз болгондуктан кыйналган үй бүлө болобу, чыгармачыл адамбы, же болбосо көчөдө жүргөн бир пендеби, токтоп ал-ахыбалын сурап, ар бир кыргыз үчүн күйчү экен. Эркинбек сыяктуу кыйын замандын Кыдыр аталары барбы кыргызда?

5. Эркинбек
Эркинбек Матыев тууралуу көптөгөн инсандар жазышкан. Алардын ичинде 1961-жылдан ушул күнгө чейин кыргыз элин жетектеп келген инсандар эмне деп айтты экен?

Турдакун Усубалиев.
1961-жылдан 1985-жылга чейин Кыргызстанды жетектеп келген даанышман инсан. Кыргыз эл баатыры:
- Сыртынан ага көз таштап, кызыкдар болуп жүрдүм. Көңүлдү өзүнө бурган жигит эмес беле. Мыкты интеллект экенин көп баамдадым. Сылык-сыпаа, оргу-баргы сүйлөбөгөн, оозунан орой сөз чыкпаган, жүрөктү жылыткан жагымдуу сапаттарын жактыргамын. Ойлорунан, сөздөрүнөн билимдер дүйнөсүнө көзү каныккандыгы таасын байкалып турчу. Мамлекеттик ишмер иретинде канаты жайылып келаткан.
ЖКнын эл өкүлдөр жыйынында беш жылы үзөңгүлөш болдук. "Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңшайт" эмеспи. Эркинбек сөздү ыксыз чачпай, азыраак сүйлөчү. Бирок, сөздөрү дал бутага тийчү. Кандай гана мыйзам долбоору талкууланбасын, ал жүндөн уйгак алгандай, камырдан кыл сууругандай талдап, чечмелей алгандыгын баалагам.
Тилекке каршы, дүйнөдөн эрте кетти. Бөксөргөн орду толгус кайгыга кириптер болдук. Бу жоготуу анын үй бүлөсүн жана туугандарын гана эмес, эл-журтту, бардыгыбызды кайгыртты. Эркинбек Матыевдин жаркын элеси унутулбайт!

Апсамат Масалиев.
Жүрөгү таза, дили аппак инсан катары Кыргызстанды 1985-жылдан 1990-жылга чейин жетектеген. Кыргыз эл батыры:
- Өзүбүздүн уулубуздай, карачечекей күйөө балабыздан ажырадык! Эмне дейин? Жүрөгүм сыздайт. Уулум катары бир сыздайт. Анан, "келечекте Эркинбек Кыргызстандагы Чоң Адам болот, эл-журттун таянган Тоосу, жылынган Оту болот!" - деген илгери үмүт көкүрөгүмдө жашачу. Береги, жокчулуктан жону жооруп, чайналып-кыйналган элди ушундай жигиттер калкалап, бооруна тартып, мамлекетти саясий жана экономикалык жактан апааттан сууруп чыкмак. Ушу ойлорум, үмүтүм өчкөнүн ойлоп, жүрөгүм да бир сыздайт.
Ал көптүн арасында бир аз оокатын тескеп жашап жүргөн жайпенде болсо, балким, мынчалык мүңкүрөмөк эмес белем… "Жазмышың ушу турбайбы эми, жаткан жериң жайлуу болсун!" - деп күңгүрөнүп Тим болмокмун. Эркинбек Кыргызстанга төбөсү көрүнүп, элдин уулу болуп калбады беле? Ушуга сай-сөөгүм зыркырайт. Эми эмне дейин? Кантейин? Эркинбектин тирүү элеси, адамдык ажары жүрөгүмдөн эзели кетпейт!
Курманбек Бакиев.
Кыргызстанды учурда жетектеп турган инсан:
- Эркинбек Матыев кыргыз элинин таянган тоосу болчу. Ал кыргыз деген улуу жана ыйык сөздү чет элдерге угузуп, Калкагар Ала Тоону, кут жааган Ысыккөлдү чет жерге тааныткан элибиздин чыныгы уулу эле.
Эркинбек Матыев бу жашоодо көз мелжиген бийиктиктерди көздөп жашаган. Сөзү жана иши чоң максаттарды багындырууга багытталган. Ал жаш курагында эле ошол көз мелжиген бийиктиктерге чыгып, чоң максаттарды багындырган азамат уул эле. Элге жана мамлекетке бараанду эмгегин тартуулаган кыргыз элинин жаркын кулуну болчу.
Эркинбек Матыевдин көзү өтүп кеткени менен анын артында калган жакшы иштери жалпы эли-журтубуз менен, биз менен дайыма бирге жашай берет!

P.S. Эркинбек Матыев өмүрүнүн эң мыкты доорун арнаган жылдары, Кыргызстанды жетектеген А.Акаевдин Эркинбек тууралуу пикири, автор чогулткан материалдардын арасында жок болгондуктан, жазылбай калды.
Кантип эле бирге иштешкен адамына пикирин жазбасын? Кеп анда деле эмес, кеп Эркинбектин элеси эл-журтунун жүрөгүндө калганында. Э.Матыев жөнүндө материалдарды карап отуруп ал жөнүндө кимдер гана жазбаганына күбө болдум: А.Мадумаров, А.Эркебаев, М.Эшимканов, Н.Касиев, М.Бегалиев, Э.Өскөналы уулу, Д.Сарыгулов, К.Байболов, С.Раев, Б.Чотуров, М.Осмонов, М.Тентимишов... ж.б.д.у.с.
2000-жылдын 15-мартынан баштап Эркинбек Матыевдин экинчи өмүрү башталган. Эркинбектин экинчи өмүрү түбөлүк улана бермекчи!

Келдибек уулу Азизбек