№35, 12.03.08-ж.
  Мыйзам туу

Жегичтерден кантип кутулабыз?
Алгач Кыргыз мамлекетинин азыркы абалына көз жүгүртүп көрөлүчү. Ал үчүн дүйнөлүк тажрыйбага кайрылуубуз абзел. Сократ, Платон, Аристотель жана башка мамлекеттүүлүк жөнүндө баш ооруткан үлкөндөрдүн ичинен Аристотелдин түшүндүрмөсү мага жакты. Ал мамлекетти башкаруу ыкмасына карап алты айрымачылыкты жана алардын бири-бирине өтүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн талдап, аларды: Демократия, Олигархия, Монархия, Аристократия, Полития, Тирания деп бөлүптүр. Алардын бири демос -эл, б.а. элдик бийлик деген түшүнүк. Артыкчылыгы -элдин ой тилегин, адилеттикти, калыстыкты ишке ашыруу болуп саналат жана алардын негизинде мамлекетти башкаруу жүргүзүлөт. Зыяндуу жагы-тарыхка таянсак, эл деген менмин деген ээн ооздор көбөйүп, Турсунбек Акун, Мотуев, аксакал башы менен Апас мырзага окшогондор байкуш демократияны -ашынган , жиниккен түрүнө (крайная демократия) айландырышып, башкарууга ээ-жаа бербеген анархияга алып келүүсү мүмкүн экен. (Болбосо эмне үчүн Совет доорунда, тоталдык бийлик учурунда, улуттук басынуу мезгилинде жогорку баатырлардын бири да көрүнгөн эмес?). "Демократия- не самая правильная форма правления "- деп Аристотель өзү айтып жатпайбы жарыктык .Анда биз так ошол Аристе аксакал айткан ахыбалда окшойбуз. Коомубуздун азыркы абалын эле карагыла Акаев азыркы ахыбалга алып келди, анда талаш жок, бирок ал 2005 жылга чейин эле да. Акаевдин үй-бүлөсү жана анын жан жөкөрлөрүнүн кылган иштери ачылганда эл бир күрсүнүп алды эле. Анан эмне болду? Иш козголду дешти . "141 ишканага тиешеси бар экен мурунку президенттин үй-бүлөсүнүн"- деп Данияр Үсөнов, Азимбек Бекназаровдор ооздору кыйшайбай эле теледен жумурай журтка жар салышты. Атурсун Жайсаңбаев, Акматбаев, Эдуард Пак, Адил Тойгонбаев, Тойчубек Касымов, ж.б. жүздөгөн күркүл шылуундарга, азыркы өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен алтоосуна иш козголгондугун айтышты эле. "Колго түшкөн коенду кое берген оңорбу? дегендей, алар Генералдык прокуратурага кирип-чыгып жүрүп эле, анан коендордун ийни калып, өздөрү жок болуп кетишти. Же ал ийиндердин ичинен тай туяк алтын чыгып, издеп- тергегендер ошого алаксып калыштыбы?.. Баягы жумурай журтка жарыя болгон 141 ишкана элгеби же кайрадан ээлерине кайтарылып берилдиби? Козголгон иштердин саны 90- жылдардан бери миңден ашты. Орчундуу иштер боюнча бир дагы чоң ууру камалган жок. Болбогон иштер менен б.а. майда-чүйдө кылмыш менен колго түшкөн момун кыргыздардын саны эсепсиз. Өрдөк уурдагандар өзгөчө жазага кириптер болушууда.. Элге айтылып кеткендердин ичинен, 2 миллиард доллар карыздын канчасын кимдер кымыргандыгы, мыйзамсыз приватташтыруу, "Кумтөр" кени алтын эмей эле, кумча пайдасы жок болуп, 13%ы да толук тийбей калгандыгынын себеби эмнеде? Тамеки тармагы талкаланып, азыр анда Кыргызстандын 0,3% эле үлүшү калып отурат. "Песак", "Финсак", "Манас миң" деген долбоорлордон эл эмне пайда тапты? Көп иш козголду - а ким соттолду?
Ушулардын иштеринен бирөөсүнөн дагы көзгө көрүнөөрлүк эл ыраазы болоорлук жыйынтык чыккан жок. "Тай туяктар" алгач мамлекеттик чиновниктерге "шапке"болуп кийилип, анан калганы Генералдык прокуратурада же соттордун сол чөнтөгүнө түштү го дешип, эл ичинде күбүр-шыбыр. Коррупция менен күрөшүү кызматкерлеринин айтканын уксак, жакында түшпөйм деп жатып, зорго кеткен Жогорку соттун төрагасынын тогуз "жип" автомашинеси, дагы толгон -токой үй-жайлары жөнүндө аңыз кеп бекер айтылбаса керек. Соттор демекчи, пенде болгондон кийин мен да бир ишкана кура коем деп, анан аны иштетпей койгондор, алып коюуга аракет кылгандар менен соттошуп? өз көзүм менен көрүп, өз кулагым менен уккандарым бар. Ырасын айтуу керек, соттордун арасында да анда санда ак дилдеги адамдарды жолуктурууга болот экен. Алардын атын атай кетейин .Ош район аралык сотунун судьясы Алибаев А.И, Бишкек шаардык сотунан Борончиева Г.И.Жогорку соттун судьялары Давлетов А.А., Момбеков К.А. Ушул соттор пара сурабай эле, ишти калыс чечип беришкендиктерине күбө болдум. Ал эми кээ бир соттордун кылык жоругун көрүп туруп, жакаңды карманасың. Ишти окубай туруп, сиздики кайсы тарап, кай жагына оойбуз" - дейт. "Биринчи ишти окуп көрсөң, мыйзам чегинде эле чечпейсиңерби. Юридикалык окуу китептердин баягы биз окугандагы авторлору деле өзгөргөн жок го дейм кыйытып, тамашалай. "Жок, сиз кайсы тарап, анан канча, ошону айтпайсызбы"-дейт кебелбей туруп...Уккан кулагыма ишенбей туруп калдым. Ошол процесс тескери чечилди. Анткени мен принципиалдуу түрдө пара бергеним жок, бере койсом эле оң иш оң бойдон чечилмек. Соттун чечими боюнча менин ишканама көз артып, алып коюуга аракет жасаган адамдын Жогорку соттон(ишканага тиешеси жок деп) утулганына карабай анын өз ыктыяры менен кетирген чыгымын төлөмөй болдук. Мына ушул процессти жүргүзгөн Бишкек район аралык сотунун судьясы Байтикова Э, Ош областынын Ноокат райондук сотунун судьясы Ташбаевдин судьялык мантия кийип жүрүүгө акысы барбы? Чечимдери өтө шектүү жана бир жактуу болуп калды.
Деги соттор өзү кимдер, алардын нравалык тазалыгы кандай? Алардын акыл, билими башкалардыкынан артык же алар эч качан пара алышпайт деп ким айта алат?

Антип айтууга менин оозум барбайт.
Ушул жерден урматтуу кыргызстандыктар, Улуттук Университеттин юрфагына өтүү мурда кандай эле?- деген суроого жооп издеп көргүлөчү. Ошол окууга өтүүнүн азап-тозогу кандай эле? Көрсө, ошол эң бийик параны -кийин кайра пара алуу үчүн беришкен тура.(Өзүм болсо ошол парадан, качып Орусиянын Москва шаарына барып окууга өтүп, кийин гана Кыргызстанга которулуп келгем) Мына ошол жалаң кызылдай акча менен окууга өткөн уул- кыздарыбыз, кыргызды кызылдай пул менен тирүүлөй шылып жатыры же жалганбы окурман? Алар каталарга кыргыйдай тие албайт, себеби алардын бийлиги ,байлыгы бар. Ортозаар менен ахыбалы оорлорго мыйзамды буйгаланган төөдөй пайдаланып, ор казышат. Жөнөкөй элди жалдыратып, айлап-жылдап сүйрөшөт да, кыйын кезеңде чөнтөгү калыңдын сөзүн сүйлөшөт.
Дагы бир орчундуу маселе тили буруулардан, чет өлкөлүктөрдөн темир торго түшкөндөрдүн салыштырмалуу саны аз, анткени алар чил боор келип, тез эле кызыл пулду чогулта салышат экен.
Ош областындагы айрым соттордун юридикалык окуу жайдын ректор, декандарынын "особняктары",президенттин түштүк резиденциясынан өйдөлүк кылат. Бир судья айым көл жээгиндеги бардарлардын бараандуу коттеджинен сатып алууга барып, тандап жүргөнүнө капыстан күбө болгондордун аңгемесине көңүл бурсак, ал айым Бишкек район аралык сотто иштеген, мен тааныган айым болуп сыкты. Шаар прокуратурасынын капталындагы хан сарайды кайсы судья сатты деп жүрүштү эле? Эгерде, булардан жалпы жарандык декларация талап кылынса эмне болоор эле. Же мыйзамды жыйыштырып туруп, "закон Джунгли" деп жарыялаш керекпи?
Официалдуу айлыктары аз, анан кандайча алар тартынышпайт? Демек, бизде сотторго сурак жок -алар эң акылдуу, эң таза, эч кимге сурак бербөөчү -орустар айтмакчы" каста неприкасаемых" экен да .Мурда Жогорку соттун президиуму деген болчу эле, нааразы болгон жарандар коллегиялуу органга арызданганга мүмкүнчүлүк алчу. Дагы даттанып олтурушпасын дегенби, Осмонову алганбы кимиси алган, алып салышыптыр. Чынында башты оорутуп жүрүшмөк беле, ары-бери чече коюп, алган нерсеңди доолап жүрбөсүн, кыргыздарга -"обжалование не подлежить"- деп орусча чечимди кармата койсоң эле кайран кыргызың кайтып келбейт.
Соттор деле биздей эле адамдар да жаңылып калса эмне болот деген ой дегеле кыргыздын үч уктаса түшүнө кирбейт. Анткени, соттор деген айдан түшкөн, а биз кыбырап жерде жүрөбүз. Жакында Америкалык Корпус Милосердия деген уюм коммерциялык мекеме эмеспиз деп каттоодон өтүп,70-80 кишини үйсүз калтырып, айына 5% дегени- жылдыгы 60% болорлугун билбей калган кыргыздардын жүзгө жакыны карызын төлөй албай үйлөрүн алдырып жатса, берген залогуна карабай, Мырзалиева Гүлайданы беш баласы менен үйүнөн чыгарып жатса, өз үйүн өзүнө алып берем деп Жогорку соттон бир эне - судья 700 долларын көз көрүнөө алып коюп жатпайбы. Болгондо да эне-аял судья ал бечаралардын шартын көрүп-билип туруп...
Ал эми Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын козголгон иштеринин канчасы сотко жетпей калды, же сотко кум дубалдай куюлуп калгыдай болуп барды. Мына, бүт Кыргызстан билген Мамат Орозбаев, Тажиниса Абдрасулова дегендерге козголгон иштер бүтпөй жатат? Аларга мүлкүн тарттырган алдырган потребсоюздун миңдеген пайшиктери алигүнчө адилеттикке жетпей жүрүшөт. Көрсө областтык прокуратурада тергелип анан жоопкерлер тескерисинче арыз ээлерине байланып, иш сотко ашкан болуп сотко ашып кеткен учурлар бар экен. Өзгөчө, Ош областык прокуратурасында бармак басты, көз кыстылык көптүгүнө өзүм күбө болдум. Койкоюп тойлордо жүргөн Абдрасулованы "жашаган жери аныкталбагандыктан кыскартылды"- деп Ноокаттын мурунку прокурору Кожошев Т менен Усеновдор уялбай этпей эле ишти бир жылдай кармап жатышты. Областтын прокурорунун орун басарлары Абдрасуловага тийишкенден коркушаарын ачык эле айтып отурушса жакаңды карманасың. Шерипбаев деген шектүү иштерге аралашкан деп эл айтып жүргөн жигитти кайра-кайра эле Ошко облпрокурор кылып жатышат. Ал жигитти ал түгүл прокуратуранын эски имаратын да сатып жиберген деп прокуратуранын өзүндө эле айтып жүрүшөт.
Мен, кесиби боюнча юристтин байкагандары ушулар. Дагы канча толгон токой адилетсиздик бар аны бир кудай билет. Айтарым Генералдык прокурор же сот адилеттиги боюнча улуттук комиссия кызыкса менде болгон далил материалдарды берүүгө даярмын. Ал эми мамлекетик чоң-кичине чиновниктердин бюджеттик ысырап кылуулары, жеп-ичүүлөрү токтоду деп ким кепил боло алат. Эски бийлик түзүп кеткен финансылык схемалар, махинациялар токтоп калдыбы? Мына ушуларды элдин өзүнөн сурамжылабайлыбы. Эл эмне дээр экен?.
Карап отурсак, жеп-ичкендер деле, жабыр тарткандар деле кара көз кыргыздар. Аларды мыйзам алдындагы жоопкерчиликке, аеосуз тартпасак эзели ишибиз оңолбойт. Ошол кадамдар башталган күндөн адамдарда азыркы бийликке болгон ишеним пайда боло баштайт. Мыйзамдар иштеп, иш илгерилейт. Андан ары баарыбыз мыйзам жолуна түштүк деген ишеним жаралат. Азыр элди адилеттик гана ишендире алат. Узак жылдар бою алданган адамдарды ушул айтылган иш аракеттер гана артынан ээрчите алат. Андай кадамдар жок эмес-бар. Жакында Кыргыз Республикасынын Финансы полициясына Муйдиллаев Акимжан деген бир жаш жигит башкы мүдүр болуп келди. Аз убакыттагы ишинен алгылыктуу башталыштарды көрдүм, кадр тандоодо калыстыгы, жөнөкөйлүгү, адамкерчилиги, эң негизгиси кылмышка болгон мамилеси принципиалдуу экени байкалып калды. Ички иштер министрлигине кайраттуу эки жигит келди .Менин байкашымча ушулардан элдин үмүтү чоң. Таза ойлуу, кайраттуу Мелис, Молдомуса деген инилерим азыркы абалды туура түшүнүп, мамлекетте тартипти орнотууга киришет деп ойлойм. Сүйлөшүп отурсак Мелис Турганбаев айтып жатпайбы. "Ушул кирдеген турмушту көргөн адамдар, баарыбыз алмашып кетсек жакшы болот эле. Мындай ахыбалды көрбөгөндөр гана таза коомду түзө алышат". Бул сөздөргө эмнени кошууга болот

Кошоев Ахунбай юрист.




  Каракол камагындагы бунт

"Теңчилик дегенибиз чындап эле укуктур, бирок жер үстүндөгү бир дагы күч аны иш жүзүнө ашыра албайт" Оноре де Бальзак, француз жазуучусу (1799-1850)
Каракол шаарынын СИЗО-3 мекемесинде 3-мартта түштөн кийин 20 адам ооздорун тигип алып ачкачылык жарыялаган жана тийиштүү деңгээлде тамак-аш менен камсыз кылууну, медициналык жардам берүүнү жана камералардын эшиктеринде "кормушкаларды" ачууну талап кылышкан.
Бул тууралуу ал жабык мекемеде отурган атуулдар Н.Адырбеков жана Б.Корголдоев Акыйкатчынын Ысыккөл областындагы өкүлү Тойгонбай Жаанбаевге атайын арыз менен кайрылгандыгын укук коргоочулар Камил Рузиев менен Элла Матвеева билдирди.
"Атуулдардын талабына ылайык жүргүзүлгөн текшерүүдөн кийин биз алардын жогорку деңгээлде тамактанып, дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз болуп жатышкандыгына күбө болдук. Ал эми "кормушкаларды" ачуу- бул мыйзамдын чегинен чыккан талап. Камактагы адамдар менен биз жолугуп сүйлөшкөндөн кийин айрымдары каршылык акцияларын токтотуп, ачкачылыкты уланткандардан 11 адам калды. Алар Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акун менен жолугушууну талап кылып жатышат" деген билдирүүсүн Ыссыккөл областтык прокуратурасынын адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Төлөн Самаков укук коргоочу Камил Рузиевге билдирген. Караколдо жайгашкан СИЗО-3 начальнигинин орун басары майор Кубанычбек Шекербеков 5-март күнү эртең менен укук коргоочулар менен болгон жолугушууда укук корогоо органдарынын өкүлдөрү түнү бою протест жарыялаган абак адамдары менен иштешип, натыйжада ачкачылык жарыялоо токтотулуп, мекемедеги күчөтүлгөн режим аяктагандыгын кабарлаган. Ошол эле учурда, жогорудагы маалыматка каршы келген маалыматты СИЗО-3 кызматкерлеринин бири билдирип бул ачкачылыкты болгону үч гана адам жарыялагандыгын жана алардын бирөөсүнүн жашы жете элек экендигин жарыя кылган. Мындай кадамга барышкандыгын алар соттун өкүмүнө жана тергөө амалдарынын туура эмес жүрүшүнө каршы болгондугу менен түшүндүрүшкөн.
Ыссыккөл областы боюнча укук коргоочу Камил Рузиев Кыргызстандын БУУнун кыйноолорго каршы конвенциясынын Факультативдик протоколуна мүчө болгондугун эске салып өттү.Укук коргоо жана прокуратура органдары менен болгон көпкө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин абактагы адамдар ачкачылыкты токтотушкан. Абак адамдарынын мындай кадамга барышына Каракол шаардык СИЗО-3 жаңы жетекчисинин дайындалышы жана анын жабык мекеменин аймагында тартип орнотушу себеп болгондугу белгилүү болуп отурат. "7-8 жылдан бери абак адамдары өзүлөрү каалагандай абалды түзүп алышкан. Кайсы бир көрүнүш "общактын" же "блатнойлордун" талабына жооп бербей турган болсо эле ачкачылык жарыялап, бунт уюштуруп келишкен. Менин бул кызматка келишим менен территориянын ичинде зектерди соткаларды көтөрүп ээн эркин жүрүшү, алкоголдук ичимдиктер менен коштолгон тойлор, жабык мекемеге кумарга батуу үчүн аягы суюк аялдардын алынып келишине эч бир мүмкүн болбой калган"-дейт СИЗО-3 жетекчиси Эркин Шералиев.
БУУнун кыйноолорго каршы конвенциясынын Факультативдик протоколуна кошулгандыгыбызды жана ага ылайык укук коргоочулардын жабык мекемелерге кенен-кесир кирип-чыгып турушун камсыз кылууну эске салган укук коргоочулардын арызына Эркин Шералиев "жабык мекемелерге укук коргоочулардын бат-бат кирип турушу абак адамдарына дем берип алардын дагы жаңы кылмышка баруусуна түрткү болууда"-деп жооп берди.
"Биздин тергөө изоляторундагы абак адамдарына түзүлгөндөй шарттарды бүткүл Кыргызстан боюнча издеп табуу кыйын" -деген Эркин Шералиев "20 адам ооздорун жамап алып 3-март күнү бунт чыгарды"- деген укук коргоочулардын маалыматын жокко чыгарып, болгону айрым бир адамдар гана өзүлөрүнүн жаза өкүмдөрү менен макул эместиги белгилүү болгондугун жана алар мыйзамдын чегинен чыккан талаптарды коюп жатышкандыктарын айтып отурат. "Мисалы, камераларга муздаткычтарды киргизүүнү жана абактын режимин өзгөртүүнү талап кылышууда. Бул мыйзамда каралган эмес. Ал эми биздин изолятордо баардык шарттар түзүлгөн. Бизде гана абак адамдарына күндө эки маал эт менен тамак берилет"-деп кошумчалады. Эске сала кетсек, бул шарттардын бардыгы жергиликтүү областтык жетекчиликтин колдоосу менен ишке ашкан жетишкендиктер болуп саналат.
2007-жылы май айындагы Каракол шаардык СИЗО-3 мекемесинде төрт адам ооздорун жамап, ачкачылык жарыялап, жабык мекеменин кызматкерлери тарабынан абак адамдарына карата болгон зордук-зомбулук, күч колдонуп кыйноо аракеттерине каршы акциясын уюштурушкан. Айрым маалыматтар боюнча мындай акциялар 2007-жылдын декабрь айында жана 2008-жылы январында да кайталанаган. Бирок Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Жаза аткаруу башкы башкармалыгы бул фактыларды "чындыкка коошпойт"- деген маалымат тараткан.
Урмат Иманалиев