№35, 12.03.08-ж.
  Каркыра казактаргабы?

Кылымдарды карыткан кыргыз элинин сыймыгы болгон кадимки Каркыра жайлоосун кимдер гана билбейт? "Чыгыштын бермети" аталган, Ысыккөлдүн түндүк-чыгышынан орун алган Каркыра капчыгайы жакынкы күндөрдө кыргыз саясат майданынын төрүнөн орун алмак болду.
"Көкөтайдын ашы эле
Чыр-чатактын башы эле" - дегендей, эми ошол Көкөтайдын ашы өткөн Каркыра жайлоосу чоң чатактын башында турат. Кыргыз элинин Күнгөй жана Тескей Ала-Тоолорунун ортосунда жайгашкан ажайып кооз бул жайлоону эзелтен эле кыргыздар жерлеп келишкенин азыркы бийликтегилер билбесе да, атактуу Манас эпосу айгинелеп турат.
Атабыз Манас баалап, калың кыргыз эли каалап, Көкөтайдын ашын берип, көп кыргыздын башын терип чогулткан, касиеттүү Каркыра жайлоосун анын урпактары Айдаркандын Көкчөсүнүн урпактарына так ушу биздин доордо карматып жиберерин кабылан Манас кайдан билсин??? Каркыраны сактап калуу үчүн, канча адамдын каны акканын кимден жашырабыз? Эми ушул касиеттүү жерибизди казак туугандар алмай болду. Анткени, 2001-жылы агездеги ажобуз А.Акаев менен казак президенти Н.Назарбаев казак-кыргыз чек аралары боюнча макулдашууларга кол коюп жиберишкен экен. Коңшулаш эки элдин башчыларынын мындай макулдашууларын казак парламенти 2003-жылы эле бекемдеп беришиптир. Бирок, кыргыз парламентинин мурдагы эки чакырылышынын депутаттары мындай келишимди жактырмак турсун, жакын жолотушкан эмес. мына, эл өкүлдөрү деп ушуларды айт! А.Акаев эмне үчүн ошол кездеги депутаттардын кайра келишине каршы болгонун, К.Бакиев эмне үчүн өзүн төргө өткөзгөн парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатып жибергенин ушундан билсек болот.
Азыркы "ак жолчулардан" куралган кыргыз парламенти жети жылдан бери жылбай жаткан келишимди жактырып берсе, Каркыраны казактарга карматтык дей бер. Же бул атактуу жайлообузду каалаганга кармата бергидей, ал ажонун же "ак жолчулардын" атасынан калган мурасы болсочу...
Каркыра кыргыз элине кудайдан буйруган мурас. Эгерде, кудайдын кутунан ажыратам деген кудурет күч болсо, тагдырга айла жок. Бирок, бүткүл элдин каргышы менен ал жер үчүн канын төккөн Манас баштаган бабаларыбыздын арбактары, бизди кечирээр бекен?
Каркыра боюнча, кыргыз өкмөтүнүн алдындагы чегараларды делиматациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын башчысы Саламат Аламановдун "Де-факто" гезитине берген маеги комчулукту козутту . Азыркы күндө дүйнөлүк маалымат түйүнү болгон интернет каналына кирсеңиз, "Бакиев собирается подарить Назарбаеву шестьсот гектаров кыргызской земли" - деген маалыматтардан баш адашат.
Ушу, күндөрү Казакстандын интернет сайттары Каркыра боюнча кыргыз тараптын иш аракеттерине өзгөчө көңүл бурууда. 6-март күнү Казакстандын "Казакстан тодай" маалымат агенттиги мындай маалымат таркатты:
- "Парламентская комиссия Кыргызстана изучит возможность передачи под юрисдикцию Казакстана местности Каркыра, передает корреспондент агентства со ссылкой на пресс-службу Жогорку Кеңеша.
По информации пресс-службы, о создании такой комиссии сообщил сегодня на заседании Жогорку Кеңеша КР спикер палаты Адахан Мадумаров. По его словам, комиссия будет включать в себя не только парламентариев, но и представителей правительства и направится в Каркыру во второй половине марта. Ей предстоит изучить вопрос об обмене территориями на севере-восточной границе Кыргызстана, определить правомочность и необходимость такого обмена."
"Проблема возможной передачи урочица Каркыра Казакстану была поднята рядом депутатов, которые заявили о возможности такого шага в преддверии визита Курманбека Бакиева в Казакстан. Однако, А.Мадумаров и ряд других парламентариев призывали не взаимоувязывать оба этих вопроса," - сообщили в пресс-службе Жогорку Кеңеша.
Казак элинин күйөө баласы, спикер А.Мадумаров бул эки маселени бири-бирине байлабагыла дептир. Болуптур байланыштырбай эле коелу. Анда, эмне үчүн түзүлгөн комиссияны К.Бакиевдин Астанага болчу расмий сапарынын алдында жөнөтүп жатат? Эмне үчүн комиссиянын курамына коомдук уюмдар менен жергиликтүү элдердин өкүлдөрү киргизилген эмес? Каркыра аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин менчиги эмес да?! Же "Ак жолчу" парламентарийлер менен В.Чудиновдун өкмөтү өздөрүн чындан эле элдин өкүлдөрү деп эсептешеби? Мен маселен, мындай ойдон оолакмын.
Эмне үчүн Үзөңгү Кууштун Кытай тарапка өтүшүнө каршы болгон депутат А.Мадумаров, Каркыранын казак тарапка өтүшүнө каршы болгон жок? С.Аламановдун айтымы боюнча, казактардын колунда 1930-жылы жарык көргөн Бүткүл россиялык борбордук аткаруу комитетинин президиумунун токтому бар. Ал боюнча "казак-кыргыз чегарасы Каркыра суусуна келип такалат". Ошондой эле, бул токтомдо "Каркыра, Челек, Көкойрок, Суусамыр жайлоолору Казак жана Кыргыз АССРнын жалпы пайдалануучу жайлоолору болуп саналат" дегени бар экен. Болсун. Бирок, токтомдо кыргыздардын 620 гектар өлчөмүндөгү Каркыра жайлоосу казактардын 1100 гектар жерине алмашылсын деген жери жок да! Анда неге казактар Көкойрок менен Суусамырды талашпайт? Казактардын "Байкоңур" космодромун СССР элдеринин баары эле пайдаланып келбеди беле? Эмне үчүн алар талашпайт аны?
С.Аламановдун айтымы боюнча, казак парламенти бул келишимди ратификациялагандан кийин, боордоштор биздин чегарага 8 чакырым жылып киришиптир. Биздин парламент карай электе эле, алардын жылганы кандай? Эгер "жылып келип", отурукташып калганы чын болсо, анда ал маселеге кайрылып эмне кылабыз? А.Мадумаровдун кайын-журту Каркырага кирип алган болсо, анда комиссия түзүп эмне кылат? С.Аламановдун ою боюнча, мындай алмашуудан биз уттупуз. Анткени, аларга кеткен Каркыра жерин пайдалануу биз үчүн, алыс болуп калат имиш. Бизге дейт. Кимге? Кыргыз эли Каркырадай асыл жерин Аламановдун алаканына салып берип, отура береби?
Каркыра жайлоосун илгертен жайлап келген Түп жана Аксуу районунун элдери деле Каркыра жайлоосуна ээлик кыла албайт. Саламат мырза айтып жатпайбы, "Санташ айыл өкмөтү пайдаланып келген казактардын 1100 гектар жерин, райондун өкүлү алып калууну суранган" деп. Ал адам ким? Же, анын колунда 620 гектар Каркыра жерин менчиктештирген Кызыл китепчеси бар бекен?
Эртең Таластын акими Жерүйдү казактардын кумуна алмаштырып бергиле десе, берип жиберелиби?
Казак туугандар Каркыра менен эле чектелбестен, ушул келишимдин негизинде, Бишкек-Балыкчы жолунун сол капталындагы жерге, Таласттын Манас районундагы алтындын запасы бар делинген "Кайыңды" гранит карьерине да ээлик кылып калат экен.
Ошентип, Көкөтайдын ашы өткөн жер, көп чырдын башына алып келди. Өткөн парламент бул маселеге кайрылганда, ошол кездеги депутаттардын сүйлөгөн сөздөрүн казак интернет сайттары жаздырып алыптыр. "Фабрика Новостей" каналынан чыккан "Граница не дорисована …" - деген маалыматты өзгөртүүсүз берели:
Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты:
- "Все 93 пункта договора составлены прежней властью. А новая власть еще не внесла в него никаких изменений. Я считаю, что в отношении братьев-казахов прежняя власть занималась подхалимством".
Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаты:
- "Вы говорите, что все горы и скалы остаются у нас, а равнины достаются казахам. 4 тысячи гектаров, которые могут отойти Казакстану именно то место, где они недавно установили свой таможенный пост. Это равнина, пастбище, луга, наши чабаны могли бы там заготовливать корма".
Мурат Джураев, Жогорку Кеңештин депутаты:
- "У вас неправильная арифметика! Вы уступаете Казакстану стратегические точки! Чумышскую плотину, дорогу, карьер - все отдаете! А взамен взяли ледники на высоте 4 тысячи метров".
Карганбек Самаков, Жогорку Кеңештин депутаты:
- "Давайте не будем валить все на старую власть. При старой власти было и хорошее и плохое. История все рассудит. Мы вот до сих пор не утвердили соглашение … а они, казахи, говорят, -"что вы за народ такой, кыргызы! Сами составили договор о союзнических отношениях, а теперь не хотите его ратифицировать!"".
Өткөн парламенттин өмүрү кыска болсо да, бул келишимди өткөргөн эмес. Андагы айкырган депутаттар, бүгүн ажонун колтугунда. К.Ташиев министр, С.Жапаров ажонун кеңешчиси. Бүгүн экөө тең тунжурап унчугушпайт. Каркыранын тагдырын азыркы парламент чечет. Алардын тагдырынчы? Айкөл Манастын, бабаларыбыздын арбагыбы? Бүгүн түшүнүп - түшүнө албай козголуп - козголо албай турган кыргыздардын эртеңки каргышыбы? Кана кыргыз элинин патриоттору? Каркыра кетип жатканда, калыс сөзүн айта албаган акылмандарыбыз аман эле болгула.
Р. Момбеков