№35, 12.03.08-ж.
  Көлүбүзгө көз арткандар кимдер?

"Ысык-Көл - кыргыздын жан дүйнөсү жана күзгүсү. Ал күзгүдөн адамдар өздөрүндө эмне болуп жатканын көрсө болот" - деген экен, дүйнөнү дүңгүрөткөн кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматов. Дүйнөдө теңдеши жок мындай көлүбүзгө, мамлекет тарабынан маанилүү көңүл бурулбай жатканын канча жазсак да, канча айтсак да, баары бир уга турган адамдын табылбагандыгы катардагы калп сөздөрүн бири эмес.
"Колдо бар алтындын баркы жок" - деген ушул экен. Акыркы жылдары курорттук аймагыбызга келип эс алгандардын саны көбөйгөндөн көбөйүүдө. Демек, мамлекеттин казынасына түшүп жаткан каражаттардын көлөмү дагы өсүүдө десек болот. Кошуна мамлекеттерден эс алуучулардын көп келе баштаганы, мамлекетибиздин жакшы шарт түзүп койгонунан эмес, акыркы жылдардагы күндүн катуу ысыкгынан. Туризм менен алектенген агенттиктер төштөрүн какпай эле коюшсун. Ушундай кереметтүү көлүбүзгө жеткиликтүү көңүл бурулбай жатканына кыргыздар эмес, келип эс алып жүрүшкөндөр кейишүүдө. Чар тарабы келишкен, чалкыган көлүбүзгө келип, чардап эс алгандардын 70 % кошуна казактар. Эми Ысык-Көл менен кыргыздар эле эмес, казактар да сыймыктана башташты. Алар көлүбүздү өздөрүнүкү сыяктуу эле элестетип калышыптыр. Казак президенти Н.Назарбаев жылына эки жума көлдөгү резиденциясында эс алаарын кимдер билбейт? Ал киши жөн гана эс албастан, "Ысык-Көлгө баргыла, ал жактан жалаң жакшы нерселерге ээ болосуңар" - дейт экен.

Мына, ажосунун андай сөзүнөн кийин казак туугандар көлүбүзгө өзгөчө көңүл бөлө баштады. Жергиликтүү патриоттордун "улуттук сыймыгыбыз болгон Ысык-Көлдү эч кимге бербейбиз", "биздин эгемендигибизге шек келтирбегиле" - деген кыйкырыктары кумга сиңген суудай эле жок болуп кетти. Ушу тапта казак боорлорубуз Ысык-Көлдүн жээгинен 250 гектар жер алышыптыр. Мындан башка алардын иштеп жаткан 4 пансионаты бар.
Такталбаган маалыматтарга караганда, көл жээгинде жайгашкан азыркы пансионаттардын 50%нын кожоюндары казактар экен. Акыркы жылдары Алматы-Чолпон-Ата жолу курулат деген сөздөр дагы тегин жерденчыккан жок. Казакстандын транспорт жана коммуникация министри Серик Ахметовдун айтымында, ал долбоор казак өкмөтү тарабынан жактырылып, жакында ишке киргизилет экен. Узундугу 88 чакырымды түзгөн бул жол менен, күнүнө 25 миң машина өткөргөнгө болот экен. Алардын ар бир машинасы 500 сомдон төлөгөндө эле, Кыргызстан күнүнө 12 миллион 500 миң сом акчага ээ болот дейт. Казактардын кура турган жолу Кыргызстан үчүн пайдалуу болгону менен, анын залакасы да бар. 2006-жылы Ысык-Көлгө келип эс алгандардын саны 1 миллиондон ашса, былтыркы жылы 1,5 миллионго чейин жетиптир. Эми ушул тарыхый жол бүткөрүлүп калса, эс алуучулардын саны 2-3 миллион адамга чейин жетээри күтүлүүдө. Ошол келген 2 миллион адам орто эсеп менен бир бөтөлкөдөн пиво ичкенде, элестетип көрүңүз, канча мусор бизге калаарын. Эс алуучулардын көп болгону жергиликтүү эл үчүн дагы пайдалуу, анткени, алардын өстүргөн алма, өрүк, карагат ж.б. у.с. жемиштери үчүн кардар издеп кереги жок.
Экономикабыздын эбин тапканыбыз менен менен экология маселесин кантип чечебиз? Казак туугандардан калган калдыктарды каякка алып барабыз?
Казакстандын инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Бахытбек Желдибаевдин айтымында, жакынкы аралыкта казак инвесторлору Кыргызстандын экономикасы үчүн 2,5 миллиард доллар акча каражатын жумшоого даяр. Баракелде, баурларга! Бирок, казактын бай адамдары азырынча ал каражатты жумшоого шашылышпайт. Анткени, Кыргызстан биринчи кезекте өздөрүнүн эки маселесин чечиш керек. Биринчиси, - көл жээгиндеги жайгашкан бардык жайларды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, экинчиси, - мусор калдыктарын кайра иштетүүчү ишкананы куруу. Биздин көлдүн экологиясына биз эмес эле, казактар күйө баштаптыр.
Азыркы күндө көл жээгиндеги тамдардын кымбатташына дагы казактар себепкер. 2005-жылы Чолпон-Атадагы болбогон жер үйлөрдүн басы 20 миң доллар болсо, азыр 40 миңге чейин көтөрүлүп кеткен. Сатып алгандардын көпчүлүгү казактар экени жашыруун эмес. казактар эс алганды гана билбестен, эсептегенди дагы бизден жакшы билишет. Мисалы, бир пансионаттан бир орун үчүн 700-800 сом төлөсөң, менчик үйлөргө 150-200 сом гана төлөйсүң. Ошондуктан, казак туугандар менчик үйлөрдү сатып ала баштады. Бизге билинбегени менен, көл жээгиндеги казактар сатып алышкан үйлөрдүн саны жыл сайын өсүүнүн үстүндө.
Көлүбүзгө көзү түшкөндөр жалаң эле казактар эле эмес. Орусиянын мурдагы өкмөт башчысы, азыркы Эсеп палатасынын төрөгасы Сергей Степашин көгүлтүр көлүбүзгө үй-бүлөсү менен келип, эс алып кеткен. Биздин көлүбүз жөнүндө журналисттердин суроосуна мындай деп, жооп бериптир: - "Керемет жер! Мен дүйнөнүн баарын кыдырдым, бирок, бейиштин мындай бурчун эч жерден кезиктире алган жокмун. Казакстан гана эмес, Россия дагы ушул жерден өзүнүн төрт-беш эс алуу жайын табыш керек" Мына, атактуу кишинин айткан асыл сөзү, Акаевдин учурунда Россиянын президенти, маркум Б.Ельцин жылына келип эс алып кетчү. Азыркы бийлик В.Путинди алып келе алган жок! Болгону, былтыркы жылы Москванын мэри Ю.Лужков келип кетти. Бир эле күнгө келген Ю.Лужков Тамчы айылында курулуп жаткан аэропортту гана сураптыр. Ал эми, Ысык-Көлгө инвестиция тууралуу ооз ачпаптыр. Айрым маалыматтарга караганда, Юрий мырза кыргыз бийликтерине таарынып кетиптир. Жүздөшкөнү үчүн жүз грамм ичпей койгону да ошондон дешет.
Бирок, Лужковдун көл жээгинен ичпеген арагын ЛДПРдин башчысы кадимки В.Жириновский толтуруп кетти. Владимир Вольфовичти эс алуу убагында кыргыз депутаттары кожосундай коштоп жүрдү. Кыргыздын чапан, калпагын кийгизишип, аябай кадырлашты. Кубанган В.Жириновский Кыргызстанга чоң көлөмдөгү инвестиция алып келем деп убада гана бербестен, "Сочиге эмес, быяка келгиле, Кара деңиздин суусу суу эмес, заара" - деп, көлүбүздү көкөлөтө рекламалап берди.
Кыргыз бийлиги көгүлтүр көлүбүзгө көңүл бурбагандан кийин, башкалар көздөрүн арта баштады. "Колубуздан келбейт" - деп кимди алдайбыз? Ысык-Көлдүн өзүнөн түшкөн кирешеси өз маселесин чечкенге толук жетмек. Жогоруда жазып кетпедимби, былтыркы жылы 1,5 миллион адам эс алган деп. Ошол эс алгандардын ар бири 100 АКШ долларынан жок кылганда эле, 1,5 миллиард АКШ доллары Кыргызстанда калып жатпайбы. Эмне үчүн кыргыз бийлиги көлдүн көйгөй маселесин көтөрбөйт? Кудайдын берген суусу менен абасы, канчалаган каражат таап жатса да, кудайга жагарлык иш кылышпайт? "Чамабыз жок" - деп, чалкалап жата беребизби? Курорттук аймагыбызды өнүктүрүү үчүн, Ысык-Көлдү убактылуу ижарага берип салышыбыз керекпи? Же, тымызын берип жибердик беле? Чолпон-Ата шаарындагы улуттук-маданий "Рух Ордо" комплексиндеги Н.Назарбаевдин айкелин көрүп, ошондой ойго кетесиң! Ал эми ошол комплекстин ээси Ташкул Керексизов Н.Назарбаевдин айкели боюнча мындай дейт: "Это бедствие Кыргызстана, что наши деятели думают лишь о собственном кармане. И что со страной и народом будет завтра? Скульптура Назарбаева - это дань тому огромному, не побоюсь сказать - великому делу, которое он затеял для развития и расцвета своей страны, это искреннее восхищение широтой его натуры… И еще - ориентир для всех тех, кто является патриотом Кыргызстана и Иссык-Куля".
Талашы жок, таамай айтылган сөз. Кыргызда байлар жокпу? Бар! Бирок, алар өз акчаларын Кыргызстанга жумшагандан коркушат. Кокус бийлик өзгөрүп кетсе, "тартып алат" дешип. Туура. Бийликтин жүргүзгөн саясаты бир калыпта, бир нукта болмоюнча, ири инвестицияларды күтпөй эле койсок болот. Демек, көлдү өнүктүрүү үчүн бийликтин дарамети гана жетпестен, саясаттагы аракеттери дагы жетпей жатат. Мурунку бийлик Үзөңгү-Куушту сатса, азыркы бийлик андан дагы чоң Каркыраны карматканы жатат. Эми бийлик Ысык-Көлдү сатабы деп коркосуң. Камбарата ГЭСтери, Бишкектеплосеть, Кыргызтелеком сатылаары ачык эле болуп калбадыбы. Атактуу, дүйнөлүк исламиттердин лидери Агахан - IV көлгө кызыкканын жашырбай келет. Кыргызстандан чыккан миллиардер А.Машкевичтин көлгө өзгөчө кызыгып жүргөнүн кантип жашырабыз? Олигархтардын олигархы Б.Березовский көлгө эмнеге келип кетүүдө? Банк тармагын башка өлкөлүктөр басып калышты, эми туризм тармагын басып калбайт деп, ким кепилдик бере алат? Каркыраны карматканда унчукпаган момун кыргызым, көлдү көтөрүп кетсе деле унчукпай отура береби?

Р. Момбеков.