№36, 19.03.08-ж.
  Улуттук кызыкчылык

Энергетиканы сатуу, эгемендикти сатуу менен барабар
Эгемендүү мамлекетибиздин экономикалык саясаты элибизге бир дагы пайдасын тийгизе элек. Эгемендик алган күндөн бери, элибиздин турмуш шарты өзгөрбөгөндүгү мунун далили боло алат. 17 жылдан бери экономикабызды оңдогондун ордуна, алардын негизин түзгөн ири ишканаларыбызды менчиктештирүү менен гана алектенип калабыз. Кумтөр, КЦШК, Кайыңды Кант, Жерүй, Андаш баарын карматтык. Эми, экономикабыздын эң кирешелүү бөлүгү болгон энергетика тармактарын жеке менчикке бергени жатабыз. Деги эле, ушул тармакты колго алууга мамлекеттин күчү жетпейт дегендерге кошула албайм. Аккан суудан акча таап жаткан тармак, кантип эле "банкрот" болуп калсын? Мамлекетибиздин келечегине кызмат кыла турган энергетика тармагын менчиктештиргенден ким пайда табат? Кумтөрдү канадалыктарга карматып жатканда айтпадык беле, "баланча млрд доллар пайда көрөбүз" - деп. кана ошол акчалар? Энергетика түйүндөрүн менчиктештирүү боюнча, өкмөтүбүз үч этаптан турган программаны иштеп чыгыптыр. Биринчи этаптын негизинде, "Кыргызэнергоремонт", "Кыргызэнергоспецремонт", "АО Аламедин ГЭСи", "АО Чакан ГЭСтери", "Кыргызэнергонун" курамынан чыгарылат экен. Экинчи этап менен, ОАО "Северэлектро", ОАО "Востокэлектро", ОАО "Ошэлектро", ОАО "Джалалабадэлектро", ОАО "Бишкектеплосеть" менчикке берүү үчүн "Кыргызэнергонун" курамынан чыгарышат. Ал эми, үчүнчү этаптын негизинде, кыргыз экономикасынын динозаврлары болгон ОАО "Электрические станции", ОАО "Кыргызэнерго", ОАО "НЭСК", Атбашы, Токтогул, Камбарата - 1 жана Камбарата - 2 ГЭСтери, Бишкек жана Оштун ТЭЦтери жеке адамдын алаканына өтмөй болду. Демек, Кыргызстандын болгон энергетика тармактарынын баарысы, белгисиз адамдын колуна өтөт дей берсек болот. анткени, ала турган адамдардын аты жөнү азырынча тактала элек.
Өткөн жумада ушул менчиктештирүү саясаты боюнча аялдардын дискуссия клубу тегерек стол өткөрдү. Тегерек стол жыйынына катышу үчүн "Ата Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаев, "Акыйкат үчүн" уюмунун лидерлери А.Жекшенкулов, Т.Сариев, "Эркиндик" партиясынын лидери Т.Турсуналиев, коомдук парламенттин мүчөлөрү М.Ниязов, Райымкул уулу Касымкул, "Интербилим" уюмунун лидери А.Сасыкбаева, "Адилет" клиникалык юристтер уюмунун жетекчиси Ч.Жакупова, "СДПК" фракциясынын депутаттары Б.Бешимов, Р.Отунбаева, "Ак жол" фракциясынын депутаты А.Кабаевдер барышкан. Ошондой эле, бул жыйынга доклад жасоо үчүн экс-депутаттар, энергетиктер Ж.Түлөбердиев менен К.Алымкуловдор чакырылган. Тегерек столго чакырылган өкмөт мүчөлөрү Б.Сартказиев, С.Балкыбеков жана Т.Турдумамбетовдор ар кайсы шылтоолор менен барышкандан баш тартышып, өздөрүнүн өкүлдөрүн жиберишкен. Энергетика тармактарын менчиктештирүү боюнча өкмөттүн багытын колдошкон Мамлекеттик мүлк фондусунун өкүлү А.Муканбетов менен соода жана отун, энергетика министрлигинин өкүлү А.Султанкуловалар жыйындын катышуучуларынын жамгырдай жааган суроолоруна жооп бере албай, ар бир сүйлөгөн адамдын сөзүнө аргасыздан макул болуп отурушту. Алгач сөз алган депутат Б.Бешимов: "Эмне үчүн өкмөттүн мүчөлөрү өздөрү келишкен жок. Бул жерге келишкен алардын өкүлдөрү эч нерсени чече алышпайт. Министрлер жоопкерчиликтен качып жатышат. Элибиздин тагдырын ойлобогон мындай өкмөттүн кимге кереги бар" - деп, өкмөттүн өкүлдөрү жарга такады. Өкмөт өкүлдөрүн даярдап келген кургак докладдары көпчүлүккө жага берген жок. Докладчы А.Муканбетов жыйын катышуучуларынын бир дагы суроосуна жеткиликтүү жооп бере алган жок. Коопсуздук Кеңештин экс-катчысы М.Ниязов өз сөзүндө, "Кечээ жакында эле кошуналарыбыз Россия, Түркмөнстан жана Казакстандар өздөрүндө өндүрүлүп жаткан нефть менен газ байлыктарын 2 эсе көбөйтүп, Европалык баа бирдигине теңейбиз деген чечим кабыл алышты. Биздин эң негизги байлыгыбыз болгон электр энергиясынын баасы дагы кошуна өлкөлөр үчүн көбөйтүлүшү керек. Биз дагы кошуна Тажикстан менен бирдикте бул маселени карап чыгышыбыз керек. Бул маселени аялдардын дискуссия клубу көтөргөнү, биз эркектер үчүн уят иш. Биздин өкмөттө эркектер калбай калганбы?"- деп, отургандарды бир күлдүрүп кетти.
Мирослав Жумабековичтин айтканына кошулбай коюга мүмкүн эмес. орто Азияда суу менен андан арзан өндүрүлгөн электр энергиясы ушул эки гана өлкөдө. Эмне үчүн кошуна Өзбекстан өзүнүн көгүлтүр отунун баасын көтөрсө биз да көтөрсөк болбойт? Быйылкы жылы өзбек туугандар электр энергиясынын запкысын аябай тартышты. Атургай, Анжияндыктар каардуу Каримовдун бийлигинен коркушпастан саясий акцияга да чыгышты. "Эркиндик" партиясынын лидери Т.Тургуналиев: "15 жылдан бери менчиктештирүү саясатын жүргүзүп келебиз, жыйынтыгы жок. 2005-жылдын жайында мен К.Бакиевдин кабыл алуусунда болуп, энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу жөнүндө маселе козгогом. Ошол жерден Ү.Сыдыковго мен, "Кыргызстандагы №1 коррупционерди көргүң келеби?" - дегем, ал ооба дегенде, мен ошол жерде отурган С.Балкыбековду көргөзгөм. Айдар Акаевдин жардамчылары болгон Ширшов, Калиев, Балкыбеков, Чудиновдор бүгүн, түрмөгө отургандын ордуна, Акүйдүн төрүнө барып отуруп алышты. Мамлекеттик мүлк комитети бүгүнкү күндө мамлекеттик мүлктөрдү кайтарууга эмес, сатууга жөндөмдүү болуп калган. Токтогул суу сактагычында 19 млрд суу сакталса, азыр 6 млрд гана суу калган. Азыркы "Ак жол" партиясынан толк жок" - деп, аябай ачуу сүйлөдү.
Тургуналиев туура сүйлөгөн. "Северэлектрону" ошол кездерде С.Балкыбеков, Ширшов, Калиевдер жетектеп турушкан. 2005-жылдагы парламенттик шайлоолордо ушул адамдардын колу менен бир топ шайлоо участкаларына, бийликтин талапкерлери үчүн, акчалай жардамдар таркатылган. Акаевдин убагында кутургандар азыр деле кутуруп жатса, абака отургандын ордуна, Акүйдүн төрүнө отуруп алышса, кайдагы калыстыкты айтабыз? "Кыргызэнергохолдингдин" бир кездеги жетекчиси Ж.Түлөбердиев жасаган баяндамасына кулак салып көрөлү. Анын айтымына караганда, Энергетика тармагы мамлекетке киреше бербей калды деген сөз, бул жөн эле жомок экен. Биздеги өндүрүлүп жаткан электр энергиясы эң арзан баада өндүрүлөт экен. Башкача айтканда, болгону 3 тыйындан гана жеринен чыгат. Өндүрүлгөн электр энергиясын жер-жерлерге жеткирүү үчүн, дагы кошумча 20 тыйын коротулат экен. Мамлекетибиз бул иштелип чыккан товарды өз элине 68тыйын менен сатып жатат. Демек, ортодо 40 тыйындын тегерегинде пайда көрүүдө. Жылына 13 млрд электр энергиясын өндүрүп, сатып жатсак, кантип мамлекетибизге киреше кирбей койсун?
Ж.Түлөбердиев айтып жатпайбы, "мен иштеп турган мезгилде электр энергиясы 17 тыйындан элге сатылып, мамлекетке жылына 250 млн сомдон ашык акча которчубуз" - деп. андан бери электр энергиясына болгон тарифтер канча эсе жогорулады, демек, түшкөн пайданын өлчөмү да жогорулады десек болот. Бизде 3 тыйындан өндүрүлгөн электр энергиясы кошуна Казакстанда 28 тыйындан, Өзбекстанда 32 тыйындан өндүрүлөт экен.
Ушул жерден суроо туулат. Эмне үчүн Өзбекстан бизден электр энергиясын өздөрүндө өндүрүлгөн баада сатып алышат да, бизге газды өздөрүндө өндүрүлгөн баадан эки эссе кымбат сатышат? Мейли, биздин өкмөт дүйнөлүк банк менен, эл аралык валюта фонду менен тең ата сүйлөшө албасын, бирок, кошуна мамлекеттер менен теңата сүйлөшсө болот да?!
"Ата Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаев өз сөзүндө, "Кумтөрдүн 67% колдо турганда көзөмөлдөй албаган өкмөт, азыркы энергетиканын 97% колдо турса да көзөмөлдөй албай жатат. Анткени, ал тармакта коррупция аябай өсүп-өнүккөнүнөн кабар берет" - деди.
Энергетика тармагында коррупция укмуштуудай күч алганын бардыгы көрүп турса да, эч чара көрүшпөйт. Демек, бийлик коррупция менен эмес, коррупция бийлик менен күрөшүп жатат десек болот. бүгүнкү күндө бийлик коррупциянын курчоосунда калганын, далилдеп деле кереги жок. И.Чудиновдун өкмөт башына, С.Балкыбековдун эң бай министрликтин башына келгенин айтсак жетиштүү болот. Энергетиканы менчикке берүү, бул эгемендикти менчикке берүү менен айырмасы жок. Эң негизги байлыгыбызды колуна алган адам, каалаган саясатын жасайт. Казакстан "Алмата энергону" 14,5 млн долларга менчикке берип, кайра 100 млн долларга сатып алганын баарыбыз билебиз.
Камбарата-2 ГЭСин Орусияга, Камбарата-1 ГЭСин Казакстанга карматсак, анда ишибиздин бүткөнү ошол. Камбарата-2 ГЭСин кура баштадык дешип алдоодо, чынында анын 40% жумушу мурун эле бүткөрүлүп калган. Өзүбүздүн күчүбүз менен деле курсак болмок. Ушул жыйынга келген бир аял айтып чыкты, "эгер мамлекеттин күчү жетпесе, биз жардам берели, мамлекет баалуу кагазын чыгарсын биз сатып алабыз, керек болсо алтын шакек, сөйкөлөрүбүзгө чейин беребиз. ХИПИКтен деле ушинтип куткарбадык беле" - деп. "Лидия Фомова" атындагы уюмдун аялдары жакын арада бош кострюлкалар менен шаарды кыдырып, акцияларды баштаарын дагы, ачык айтышты. Өкмөт менчиктештирүү маселесин оңой өткөрө албасы белгилүү болуп калды. Ушул жыйында отурган "Ак жолдун" депутаты Акбаралы Кабаев азаматтык кылды. Чыгып сүйлөгөндөрдүн, чымчылап сүйлөгөндөрүнө чычалап кеттиби, же чын сөзүн айттыбы, айтор "Ак жолдун" баары эле менчиктештирүү саясатына макул эмес, мен өзүм ошол ГЭСтердин курулушуна салым кошуп иштегем, мен дагы силер сыяктуу энергетиканын менчиктештирилишине каршымын - деп, элдин дүркүрөгөн кол чабуусуна арзыды. Башка маселелерде баатырдыкка жарабаса да, ушул маселе козголгондо, "Ак жолдун" айрым азаматтарынын намысы козголуп, каршы чыгат деп, үмүттөнүп туралы. Эл тагдыры, мамлекет тагдыры, "Ак жолдун" колунда…

Р. Момбеков